Рахат Аксултанова, актриса: «ТҮНДҮКТҮК КЕЛИНГЕ» ТАРТЫЛЫП, ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИНЕ БОЛГОН ОЮМ ӨЗГӨРДҮ»

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

«Мурда актрисалык кесипти убактылуу гана элестетип, өмүрүмдүн аягына чейин тасмага тартылам деп ойлочу эмесмин. «Түндүктүк келин» тасмасына тартылгандан кийин оюм өзгөрүлдү»,- деген Рахат Аксултанова менен чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу маектештик.

Каарман тууралуу

Туулган жылы, күнү –1985-жыл, 25-июнь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Билими – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Тартылган тасмалары – «Аят», «Талас-Бишкек», «Азап», «Братандар», «Сүйүү жазы», «Түндүктүк келин» жана башкалар.

– Саламатсызбы, Рахат? Аябай жаш көрүнөт экенсиз...
– Саламатчылык! Биринчи көргөн адам «жаш көрүнөсүӊ» деп айтат. Социалдык тармактардан менден кичүү жигиттер тийишип калышат. Жашымды уккан соӊ жок болуп кетишет (күлүп).
– Кесибиӊиз журналист болсо, тасма талаасына кандайча аралашып калдыӊыз?
– 2009-жылы «Аят» тасмасына сынак жарыяланып жатканын угуп, курбу кызым «чогуу барып келбейлиби» деп сунуштап калды. Сынактан 300дөй кыздын арасынан тандалып, аталган тасмага тартылгам. Бирок фильмди көргөндө көӊүлүм чөктү. Анткени монтаждагандан кийин тасмадан дээрлик көрүнбөй калыптырмын. Аз убакыт өтпөй режиссёр Нурлан Раззакулов телефон чалып «сени тасмадан көрдүм, дагы киного тартылбайсыӊбы» деп калды. Мен «ал жактан көрүнбөй калгам, кандайча мени тандап жатасыз?» деп сурадым. Ал режиссёр үчүн актрисанын камеранын алдынан жакшы басып өткөнү да чоӊ роль экенин түшүндүрдү. Ошентип бир тасманын артынан экинчисине тартыла баштадым.
– Берген маектериӊиздин биринде «кино мен үчүн убактылуу эле» деп айткан экенсиз...
– Мурун бул тармак менен узакка кете албайм го деп ойлочумун. Кайдигерликке салып чакырса барып, чакырбаса өзүм тартылайын деп чыгынчу эмесмин. Кээде чакырып жатса да уйкунун, жалкоолуктун айынан барбай койчумун. Азыр ал оюмдан кайттым. Тактап айтканда, чыгармачылыкка болгон табитим ачылды. Журналисттик кесибим боюнча иштеп, актрисалык жөндөмүмдү да арттырайын деп жатам.
– Буга чейин кесибиӊиз менен иштеп көрдүӊүз беле?
– 2011-жылы телеканалдардын бирине барып 1 ай иштегем. Ал учурда тасмага да түшүп жаткам. Жетекчиге кирип «киного тартылып жатам, жумушка белгилүү бир убакытта келсем болобу?» деп иш графигимди айтсам, ал «кинону же телевидениени танда» деди. Мен кинону тандадым. Телеканалда жүргөнүмдө кесиптештеримдин бири «сенден журналист чыкпайт, куулук-шумдугуӊ жок экен» деп айткан болчу. Тасма тартынчаактыгымды калтырды, көпчүлүктүн алдында сүйлөй алчу эмесмин, ага да көндүм.
– «Түндүктүк келин» тасмасында салтка баш ийбеген өз ою бар келиндин образын ачып бердиӊиз. Жашоодо да ошондойсузбу?
– Аталган тасмадан кийин түштүк аймагына болгон оюм өзгөрдү. Мурун бөлүнчүмүн дебейм, бирок түштүк жергеси жөнүндө жакшы билчү эмесмин. Эли аябай меймандос, сылык-сыпаа келишет экен. Тасма бүткүчөктү жашоом кинодогудай эле өттү. Көп сөздөрдү биринчи жолу угуп, айрым нерселерди алгачкы ирет көрдүм. Өзүм «буюрганын көрөбүз, башка салганы ушул экен» дегендерден эмесмин. Кандай кырдаал болсо да жол таап чыгууну көздөйм.
Фильм тартылардан мурун Рысбек байке (ред. Жабиров) «велосипед тепкенди үйрөн» деди. Кичинемде велосипедден кулап коркуп калган болчумун. Андан «дублёр болбойбу?» деп сурасам, «Рахат, маймыл деле велосипед тепкенди үйрөнүп жатпайбы» деп намыстантып койду. Тасмага тормозу иштебеген велосипед менен тартылдым. Алдыма өӊөргөн баланы кулатып албайын деп корксом дагы камеранын алдынан жылмайып өтүп кетчүмүн. Алдымдан сүрөтчү байке тосуп токтотуп калчу.
– Сизди акыркы учурда кинолордон көрбөй калдык. Сунуш түшпөй жатабы?
– Өткөн жылы «Мал доктур» аттуу тасмага тартылгам. Кудайга шүгүр, сунуштар түшүп жатат. Ачык сценадагы ролдорду аткарууга макул болгон жокмун. Роль тандабайм дегендерден эмесмин. Андай ролдорго макулдугумду берсем, тасмаларымдын саны мындан эки эсе көп болмок.
– Актёр Болотбек Тилек менен алгач «Түндүктүк келин» тасмасына, анан Турдакун Ниязалиевдин «Жубайыма» аттуу ырынын клибине жубайлар катары тартылдыӊар. Жакында телеканалдардын биринен жаӊы жылдык берүүнү бирге алып бардыӊар. Ортодо жакындык пайда болгон жокпу?
– Болот менен «Түндүктүк келин» тасмасына тартылуу учурунда таанышкам. Кесиптеш катары сый эле мамиледебиз.
– Эми жеке жашоо тууралуу сүйлөшсөк. 5 жыл мурун «сүйүүгө мерезмин» деп айткан экенсиз. Азырчы?
– Сүйүүнү башымдан өткөрө элекмин. Бир адамды жакшы көрдүм. Бирок оюбуз бир болбой, эки башка жолго түшкөнбүз.
– Үй-бүлөӊүздө таланттуулар барбы? Өнөр көрөӊгөсү кимден өткөн?
– Үч бир туугандын ортончусумун. Агам, сиӊдим бар. Апам чыгармачылыкка жакын адам. Жакшы ырдайт. Мага «тасмага тартыл, берүүлөргө катыш, аракет кыл» деп айтып алга сүрөп турат.
– Атаӊыз тууралуу кеп козгободуӊуз да?
– Ата-энем ажырашып кетишкен. Атам менен катташып турам. Мен катышкан кинолордун бет ачарына келет. Кичине кезимде витамин алып келип «күнүнө бир эле даана же, мурдуӊ чоӊоюп кетет» дечү. Үйдө эч ким жок болсо витаминдин баарын жеп алып, мурдум качан чоӊоёт деп күзгүнү карап отура берчүмүн.
– Маегиӊизге рахмат!

"Атымды билбегендер "Түндүктүк келин" деп чакырышат".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Актриса Рахат Аксултанова: “Турмушка чыгуудан корком"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(92)
SUPER.KG видео
19.01.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары эле мактап жазышыптыр чындыгында эле жакшы кыз экенсин озуно окшогон жакшы жигит жолуксун бактылуу бол.
Медиа-портал
19.01.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alparuushu kyz tatynakai kyz eken,iigilik ishine,
19.01.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A tuzuk
SUPER.KG видео
19.01.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актриса жагат да!
19.01.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Голосун аябай жагымдуу экен озуно окшогон, кече да коруп бугунда кайталап кордум)))
19.01.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот экоосу жакшы эле пара болмок экен,,менимче азыр жандаган жигити ото деле серьёзный мамиледе эмес окшойт. Болот жонундо суроо берсе конулу бардай жооп берди го.
19.01.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин Ак-Куудай болгон Көлдук эжем.Чыгармачылык албан-албан ийгиликтерди каалайм!Ушул жылы оюңуздагыдай жигитке турмушка чыгып, бактылуу жар жана эне болуңуз!
19.01.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен да жакшы кыз экен деп ойлодум эле, Балыкчылыктардан уккан создор ваше оозумду ачырды .... Тоообоооо ...
21.01.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Deniza88,корбогондон кийин суйлобо айланайын.
21.01.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
amanatym,сиздики туура бирок сиздей чынчыл эмес экем ананайын)))))
21.01.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deniza88,Укканыныз чын эле.
22.01.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Deniza88,ай сестренка,соперничать этпей эмгек кылсан аракет сен да киного тартылып калышын мумкун,а эгерде Алла Таалам жакшы он-келбет же талант бербесе ага таарынбай билген иште иштеп,жашасан деле бактылуу болосун,а жанагы кептеринди айтпай эле кой,бул кыздын кандай экенин коп киши жакшы жагынан билишет,далбаса болбо ананайын.
25.01.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dubai,Озунду аябай мактадынго Рахат!Сен кинодо эле эмес мындай деле жакшы артиссин да,жасалмалуугунда кеп жок.
28.01.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai,омей да не анча чычаладыныз)))) мен жаман бир нерсе деп жаздымбы же кандай??? Сиз ойлогондой бул коралбастык сезим эмес)) кудайга шугур он келбет, сиз айткан нерсенин баарынан кем эмесмин)))) и вообще- "соперничать" этчу бул кызга мен эмес или бул мага эмес )))))
19.01.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SALAMATSYZBY sizge ch-m iigilik.......men sizdi abdan baalaim!!!!!!!!!!!!!!!!!
19.01.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
20.01.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Допарас жонундо жазгылачы
20.01.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
baiastan2001,http://www.super.kg/article/show/33137 ушу ссылка менен кирсен доопарас жонундо жазылган
20.01.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дөөпарас жонундо жазгылачы.
20.01.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тундук туштук деген тушунук бар да туштук андай да тундук тигиндей да деп соз салган адамдарды эн томон даражадагы сабатсыз адам катары кором. бизде тундук туштук деген болуну болбошу керек биз бир бутун кыргыз улутубуз деп суйлойбуз да кайра еле тундук туштук деген созду суйлойбуз тамаша чынга салабыз. Мындай тундук туштук деп озунун бутундой болгон мекенин екеге болуп карагандар алар эн томон сабатсыз маданиятсыз адам. Биз бир бутун елбиз Кыргы, калганы маанилуу емес!!!!
21.01.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
salamalik93,
Томонку создордун туура жазылышы:
еле-эле, екеге-экиге, елбиз-элбиз, емес-эмес.
20.01.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дуйнодо таарыхы узун 5 6 гана улут бар алардын бири биз кыргыздар,таарыхта биздин заманга чейинки 2 чи кылымдыкта кыргыздар жонунда айтылган. Ошондон бери болунбой чачылбай бир болуп улутун тилин сактап келген ата- бабаларыбыздын алдындагы биздин ыйык милдет мындан ары да улутубузду тилибизди салтыбызды бекем сактоо. Тундук туштук деп суйлогондун ордуна таарыхыты суйлошуп билип орусча суйлогондун ордуна кыргызча суйлоп кыргыз улутун сактап кучтуу улут кылганга ар биринер салымынарды кошкула!!!
21.01.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да аябай жагат Рахат эже. Ийгилик!
21.01.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик
21.01.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актриса аял жагат сонун .
21.01.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болотбек тилек сизди суйом
22.01.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун эле кыз экен. Эми бактысын таап, башкалардай эле бактылуу эне болсун! Ишине ийгилик.
22.01.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик. Оз бактыны таап бактылуу бол !
23.01.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кыз жагат да
23.01.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bopos, так далилин жок болгондон кийин бул жака антип бироонун адамдык абийирине шек келтирип ар кайсыны жазбай эле кой.
23.01.2016. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88,озун коруп билбегенден кийин ар кимдин айтуусу мн бироонун аркасынан антип терс коментарий калтырыш болбойт,кээ бири балким коро албай ар кандай ушак чыгарып коюшу мумкун,андыктан антип адамдык намысына шек келтириш болбой калат.
23.01.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндүк түштүк дегенди колдонбойлу десенер, өзбекче, орусча аралаштырып айырмаланып сүйлөбөй адабий тилде сүйлөгүлө, ошондо ким кайдан экени маанисиз болот.
Медиа-портал
23.01.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында Болот экоо сонун пара...уйлонуп деле алышса болмок...албетте конулдору жарашса
SUPER.KG видео
24.01.2016. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат Болотбек кызы туура суроолорду берет! Ишине ийгилик! Жакшынакай болуп кундон-кунго ачылып келе жатасын)
24.01.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сураныч ,айфон 8дин дизайнын ойлоп тапкан баланын интервьюсуна шилтем берип коюнуздарчы.Кайдан окуганым эсимде жок 2саатан бери таба албай убарамын.Алдын Ала рахмат!
24.01.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwynakay kyz! Suylogonuda oorunduu. Baktyluu bolunuz!!!
25.01.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокойлугу жакты , бактылуу болсун!Аябай жаш корунот экен.
04.02.2018. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ушул кыз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо