№689 15-январь-21-январь, 2016-ж
Өлкөдө 7-февралдан тарта автоунааны жана турак жайды сөзсүз камсыздандыруу боюнча мыйзам ишке кирет. Автоунааны камсыздандыруу ишин 10го чукул менчик компаниялар жүргүзөрү күтүлүүдө. Унааны камсыздандырууга унаанын түрүнө, айдоочулук тажрыйбага жараша жылына 2 миӊ сомдон 3 миӊ сомго чейинки сумма алынат. Айдоочунун тажрыйбасы канчалык жогору болсо, ал камсыздандыруу полисин ошончолук арзан алат. Камсыздандырылган унаа жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруучу компания келтирилген чыгымды төлөп берет. Эӊ көп болгондо камсыздандыруучу компания 550 миӊ сом төлөйт, анын 200 миӊ сому жол кырсыгынан каза болгондорго, 200 миӊи жаракат алгандарга жана 150 миӊи унааны калыбына келтирүүгө берилет. Ошондой эле камсыздандыруучулардын ассоциациясы атайын фонд түзүп, ал фондго камсыздандырууга чогултулган акчанын 1 пайызы түшүп турат. Эгер камсыздандыруучу компания банкрот болсо же жол кырсыгына күнөөлүү адам качып кетсе, чыгымдар ошол фонд тарабынан берилмекчи. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Камсыздандыруу мажбур турундо кирсе анда авто менен жер салыгын жокко чыгарыш керек. Эл кантип толойт,иш жок,баары кымбат. Онуккон мамлекеттерде антикризисттик программалар иштелип жатат,элге кантип женилдик кылабыз деп. Бизде антикризистик программа чондорду кантип байытыш керек деп иштейт.Копчулук каршы страховкага.
Бакиев кеткенде ким ойлоптур свет 2.16сом болорун!!!