Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

КҮНҮМДҮК ТУРМУШТА
Пума
(Когуар) – деп өзүнөн жок дегенде 7 жаш кичүү эркектерге көз артып, алар менен мамиле курууга умтулган, жашы 35тен жогору аялдар аталат. Алгач бул сөздү канадалыктар гана колдонушчу (канадалыктар пуманы когуар дешет). Убакыт өтүп азыр пума-айым деген түшүнүк дүйнө жүзүнө тарады. Мындай атка конуу башында аялдар үчүн өтө жаман көрүнүш эле. Себеби пума-айымдар деп канадалыктар 35-50 жаштагы, бирок өз курагынан жаш көрүнгүсү келип, жаш кыздардын кийимдерин кийип алган аялдарды айтышчу. Азыр, тескерисинче, бул түшүнүк жокко чыгарылып, пума-айымдар деп колунда бар, сулуулук салондоруна дайыма баш баккан, акча жактан эч кимден көз карандысыз аялзаты айтылып калды. Атактуулардан бул тизмеге Деми Мур, Женнифер Энистон, Алла Пугачёваны киргизүүгө болот.

ИНТЕРНЕТТЕ
ИМХО
(IMHO) – кириллица тамгалары менен жазылган англисче сөздөрдүн баш тамгалары. Чечмелениши «In my humble opinion», англис тилинен которгондо «менин оюм боюнча» деген түшүнүктү берет. Көбүнчө интернет колдонуучулары кайсы бир окуяга, жаӊылыкка карай өз оюн жазардын алдында ушул сөздү жазып, анан оюн улап кетишет. Мисалы, «ИМХО, сенин мурунку уюлдук телефонуӊ азыркыӊа караганда жакшы болчу».

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Бронзатор
– курамына диоксиацетон заты кошулган косметикалык каражаттар. Ал теринин өӊүн күнгө күйгөндөгүдөй кылып турат. Бронзатор алгач 1960-жылы АКШда пайдаланыла баштаган. Ага чейин диоксиацетон тамак-ашка биологиялык активдүү кошулма катары колдонулчу. Окумуштуулар ал адам терисине тийген кезде күнгө күйгөндөгүдөй түскө айланарын байкашып, кийинчерээк косметикалык каражаттарга кошо башташкан. Бронзатор экиге бөлүнөт: 1) Автобронзатор – териге сиӊип, тери күнгө күйгөндөгүдөй түскө ээ болуп, бир нече сутка кармалат.
2) Ал эми бронзер-упа убактылуу теринин түсүн өзгөртүү үчүн колдонулат. Ал териге сиӊбейт жана каалаган убакта суу менен жууп салууга болот.

Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
19.01.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Серьёзно- кыргызча которомсу эмне болот
22.01.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elish87,ИМХО,"олуттуу" болуш керек))..мисалы:серьёзная проблема-олуттуу маселе,бирок мааниге карай озгорушу мумкун,мисалы:серьёзно говорю-чын айтам..дегендей.
20.01.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имхо
Жакшы☺
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо