№689 15-январь-21-январь, 2016-ж
«Тамашоудо» «Юристтер» командасында ойноп, кийинчерээк «Большие люди» долбоорунда Беманын ролун жараткан куудул кыз Жибек Нурманбетова эсиӊизде болсо керек? Бул бийкеч «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын супер күлкү жаратуучусу» наамына татыган Саламат Алиевге турмушка чыгып, АКШда жашап жатышкан эле. Жибек бир нече жыл мурун гезитибизге берген маегинде Голливудда жашап, тасмаларга тартылуу кыялы бар экенин айткан. «Жаштын тилегин берет» дегендей, анын бул кыялдары акырындап орундала баштагандай. Бийлегенди жактырган мекендешибиз учурда Америкадагы эл аралык бий академиялардын биринде бийчи болуп жүрөт. Ал интернеттеги жеке баракчасына байма-бай машыгуу учурун, америкалык Рэйвон аттуу ырчынын клибине тартылган видеосун, атактуу ырчылар менен түшкөн сүрөттөрүн жүктөп келет. Сыягы, Жибек бийчи катары АКШны багындыра баштаган окшойт."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |