Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮРП - ҮЙ ДАРЫГЕРИ

№689 15-январь-21-январь, 2016-ж

Түрптү гректер «Кудай жөнөткөн белек» деп баалап, алгачкылардан болуп өстүрүп пайдаланып келишкен. Бүгүнкү күндө анын жашыл, кара өӊдөгүлөрү жана дайкон, лобо түрлөрү дүйнө элдеринде кеӊири пайдаланылып, мындан ар кандай салаттар, ысык тамактар жасалып келет. Анда бул жашылча менен жакындан таанышып алалы.

Түрлөрү:


Пайдасы:

  • Түрптүн курамында кишинин организмине керектүү элементтердин топтому бар. Башка жашылчаларга салыштырмалуу мында минералдык туздар, йод, кальций, темир, калий жана фосфор көп. Бул элементтер кан басымды түшүрүп, жүрөк булчуӊдарын бекемдейт, кандагы канттын өлчөмүн нормалдаштырат.
    Курамындагы фитоциддер мээни кычкылтек менен камсыздоого жардам берсе, каротин көздүн көрүүсүн жакшыртат.
  • Дарыгерлер түрптү жеӊил антибиотик катары баалашып, сасык тумоодо, бронхит, пневмонияда менюга кошууну сунушташат.
  • Курамында эфир майы болгондуктан шилекейди көбүрөөк бөлүп чыгарып, тамактын бат сиӊишине өбөлгө болот, табитти ачат.
  • Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан дарыгерлер боорду тазалоодо жана өнөкөт гепатитте түрптөн жасалган салаттарды сунушташат.
  • Түрптүн 88 пайызы суудан тургандыктан калориясы аз. Андыктан арыктайм деп максат кылгандар түрп менен достошкону туура болот.
  • Түрптүн курамында С, РР, В, В6, В2 витаминдери бар.

Эскертүү!

  • Ашказан жарасы, ичеги ооруларында, гастрит, жүрөк ооруларында жана кош бойлуулар чени менен пайдаланганы дурус.
  • Түрптү көп өлчөмдө жеп алганда айрымдарда ич көптүрүүнү жаратат.

ОШ САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Түрп – 400 грамм
Пияз – 1 баш
Эт – 300-400 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сыр – 100 грамм
Уксус 9% — 1 аш кашык
Майонез – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз, ашкөк

Даярдоо ыкмасы:

1. Түрп менен пиязды аарчып, ичке туурап, туздуу сууга 30 мүнөттөй чылап коёбуз.
2. Эми алдын ала сууга бышырылган этти жана жумуртканы ичке, узун-узун туурайбыз. Эттин ордуна сууга бышырылган малдын боорун, жүрөгүн колдонууга да болот.
3. 1 аш кашык уксуска 1 аш кашык өсүмдүк майын, майонезди кошуп аралаштырып соус даярдайбыз.
4. Түрп менен пияздын суусун сарыктырып, ага тууралган эт, жумуртканы жана соусту кошуп аралаштырабыз. Салатты сыр, түрптүн кесимдери жана ашкөк менен кооздоп дасторконго койсок болот.

МАРИНАДДАЛГАН ТҮРП

Керектелүүчү азыктар:
Түрп – 2 даана
Пияз – 1 баш
Уксус 9% – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
Укроп жана татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Түрп менен пиязды ичке-ичке туурап, ачуусу чыгышы үчүн сууга 30 мүнөттөй чылап коёбуз.
2. Эми булардын суусун сарыктырып, уксус, өсүмдүк майын, кара мурч кошуп аралаштырабыз. Бул татым палоого жана шишкебекке мыкты гарнир болуп бере алат. Бул даамды шакекче түрүндө тууралган пияз же анардын ашы менен кооздоп койсоңуз болот.

ВИТАМИНДҮҮ ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:
Эт – 500-600 грамм
Нокот – 1 стакан
Түрп – 2 даана
Картошка – 5-6 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 5-6 тишче
Помидор – 2 даана
Болгар калемпири – 2 даана
Сабиз – 2 даана
Татымына жараша туз, кара мурч, ашкөк

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач нокотту жууп, муздак сууга жибитип коёбуз. Мүмкүн болсо 1 күн мурун эле жибитип койгонуӊуз оӊ. Жибиген нокотту өзүнчө бышырып аласыз.
2. Этти бөлүктөргө бөлүп муздак сууга салып, жай отто 1,5-2 сааттай кайнатабыз. Шорпонун чий көбүгүн алып, туздан салып, улам-улам сапырып турууну унутпаӊыз.
3. Эт бышкан кезде чоӊ-чоӊ тууралган жашылчаларды жана нокотту салабыз.
4. Жашылча бышкан кезде шорпону кеселерге куюп, бетине ашкөктөн себелеп коёбуз. Витаминдүү шорпобуз даяр.

Кара түрп элдик медицинада жөтөлгө каршы колдонулуп келет. Ал үчүн чоӊ түрптүн ичин оюп, ортосуна балдан куюп коюу зарыл. Эртеӊ мененкиге чейин түрптүн ширеси чыгып, бал менен аралашып калат. Мындан 1 аш кашыктан бир күндө 5-6 маал ичүү кажет. Бул ыкманы балга аллергиясы барлар колдонууга болбойт!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(8)
18.01.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы кенештер экен рахмат сиздерге суппппппппер★★
18.01.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага маринаддалган редька менен пияз аябай жагат пловго кошуп жесең өлөт да калат
19.01.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да турп жагат. Тамакка кошсон даамдуу. Кенешинерге рахмат.
19.01.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош салаты сонун болот экен жасап көрдүм. Рахмат, Супер!
19.01.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турпту майда туурап ( же кыргычтан откоруп) тамакка колдонуучу приправанын кайсыл туру болсо да аралаштырып жей берсе болот. Озгочо аш менен
22.01.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нокот деген фасолбу? Айтып койгулачы
22.01.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara turptu suyuk tamaktarga da mayda tuurap koshso bolot birok kop koshbosh kerek achuu bolup ketet,bir suyuk tamakka biroo jetet
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо