№690 22-январь-28-январь, 2016-ж
Учурда уурулуктун түрү жана катталуу саны көп болуп жатат. 2015-жылы башка кылмыштарга салыштырмалуу уурулук басымдуулук кылган. Сиз да мүлкүӊүзгө сак болуп, шылуундардын кайырмагына илинип калбаӊыз.
«УУРУЛУКТУН ЗАМАНБАП ТҮРҮ» ДЕГЕН АТАЛЫШ ПАЙДА БОЛДУ»
Тема боюнча Чүй ОИИББинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сардарбек Садыровго кайрылып, маалымат жана окурмандар үчүн кеӊеш алдык:
– Барган сайын уурулук жасоонун башкача, жаӊы жолдору чыгып, шылуундар укмуштуу нерселерди ойлоп чыгышууда. Ошого жараша биздин тилде дагы «уурулуктун заманбап түрү» деген аталыш пайда болду. Мисалы, 2015-жылдын ноябрь айында Жайыл районунун аймагында Чанкислян аттуу Грузиянын жараны Лексус 470 үлгүсүндөгү унаанын ичинен акча уурдаган. Кожоюну пульт менен алыстан туруп унаасын бекитип кете берген. Ууру атайын аппараттын жардамы менен пульттан унаага келген толкунду кармап калып, ошол аппарат менен унааны ачып, ичинен
10 миӊ доллар жана 150 миӊ сомду уурдап кеткен. Андай аппарат дасыккан ууруларда гана болот жана Кыргызстанда буга чейин болгон эмес. Шектүү колго түшүп, аппараты алынып, кылмышты моюнуна алды.
Айдап качууга ылайыктуу унаалар көбүнчө Ауди, Хонда жана Субару үлгүсүндөгүлөр. Ал эми баалуу унааларды айдай качуу фактысы дээрлик жокко эсе. Алардын эшиктерин ачуу оор жана унааны учтуу нерсенин жардамы менен от алдырууга мүмкүн эмес. Унааларды айдап качуу кылмышынан сырткары анын ичинен акча, магнитола, сумка, поликтер көп уурдалат. Сигнализациясы жок унаалардын терезелерин үн чыкпаш үчүн унаа тетиги болуп саналган свечалар менен талкалашат. Ошол себептен узак мөөнөткө кожоюндар унааларын кароосуз калтырбашы керек.
«УУРУЛАРДЫН КУРАГЫ ЖАШАРЫП БАРАТАТ»
– Уурулукка баргандар оӊой оокат менен тез аранын ичинде пайда табууну көздөгөн адамдар. Тилекке каршы, ууру кылган жарандардын жаш өзгөчөлүгү барган сайын жашарып баратат. Башкача айтканда, жаштар көп тартылууда. Анын башкы себептери – тартипсиздик, ата-энеден тарбия албагандык, жумушсуздук, ички миграция жана Орусиядан депортация болуп келген агымдын басымдуу толкуну. Анан албетте, мүлк ээлеринин кенебестиги да уурулардын ишмердүүлүгүнө жем болуп берүүдө. Уурулук кылган адам оор кылмышка барбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Майда-чүйдө тоноочулук, уурулук кылган адам кийин курал колдонуп каракчылык кылат. Коркутуп коём деген ой менен адам өмүрүнө зыян келтирип же аны өлтүрүп койгон фактылар да жок эмес.
Милициядан 10 кеӊеш










ИИМдин маалыматы боюнча 2015-жылдагы өлкөдө катталган кылмыштар:





Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |