КЫЗ БООЗУП ЭНЕСИН КОРКУТАТ...

№378 29-январь - 4-февраль, 2010-ж.

Чындыктын даамы ачуу

Кыргызда «кыз боозуп энесин коркутат» деген кеп бар. Акыркы күндөрү шоу-бизнесте болуп жаткан окуялар ушул макалды эске салат.

Аптанын башында Жанета Бобкова, КРнын Эл артисти Юрий Бобков жана өзүн “медиа-экспертмин” деп тааныштырган Назира Раимкулова аттуу айым журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү.
Сөздү баштаган Назира Раимкулова: “Музыкалык жактан билимдүү кызматкери жок болуп туруп “Супер-Инфо” гезити Жанетанын Испанияга барып, абройлуу эл аралык сынактан биринчи (!) орунду алып келгендигинен шектенүүгө, интернет маалымат булактары аркылуу текшерүүгө кантип дити барды? Бул шектенүү, биринчиден, менин аброюма шек келтирет. Анткени сынакка катышууну ырчыга мен сунуштап, уюштуруп, жөнөткөм. Экинчиден, а балким, эң негизгиси, бул күмөн президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин аброюна шек келтирет. Себеби ал өзү каржылаган!”- деп билдирди. Жанетанын эл аралык сынактан биринчи (!) орунду алып келгенин Юрий Бобков да баса белгилеп, Жанета айымга дипломду шаар башчысы бергендигин айтты. Бирок ушул учурда зал толо журналисттердин бири дагы “аныктама кагазды, дипломду колго алып көрсөк болобу?” деп сурашкан жок. Анткени алар маалымат жыйынын берип жаткандардын сөзүнө ишеништи.
Урматтуу окурман, биз ырчы айым жакшылап ойлонуп, таразалап көрөр деп бир топ убакыт күттүк. Маалымат жыйынын берет дегенде да “аа, элге ачыгын, чынын айтайын деп чечкен экен” дегенбиз. Тилекке каршы, биз күткөндөй болгон жок. Сиздердин көңүлүңүздөрдү төмөнкү нерсеге бурабыз.
Биринчи орунду алдым, мына дипломум” деп ырчы айым сентябрь айында бизге Испаниядан берилген сыйлыгын алып келип көрсөтүп кеткен. Биз Кыргызстанда бир нече жылдан бери котормочулук багытында ийгиликтүү иштеп келе жаткан “GMC” котормо борборуна кайрылганбыз. Алар диплом каталон тилинде жазылгандыгын билдирип, төмөнкүчө котормону колубузга беришти: “Ллорет де Мар. Ллорет туризм. Жанете Бобковой, Кыргызстан. В знак признания её деятельности в нашем городе. Ллорет де Мар, сентябрь 2009”.
Кайда ырчыбыздын биринчи орунду алгандыгын тастыктаган сөздөр? Ушул жерден “Бон Вояж” өзү эмне болгон сынак?” деген суроо туулат. “Бон Вояж” – таланттуу балдар жана өспүрүмдөрдүн эл аралык фестивалы. Сынак эмес, фестиваль. Анын Испанияда өткөрүлүп келе жаткандыгы чындык. Аны Испаниянын “VIAJES GARBI STAR” агенттиги, Литвадагы “BONA FAMILIA” үй-бүлөлүк эстетикалык тарбия борбору, Орусиядагы “Солнечный круг” фестивалдык борбору Ллорет де Мар шаарынын мэриясы жана Туризм боюнча кеңсеси биргеликте жыл сайын өткөрөт. Маалыматтарды тактоо үчүн биз фестивалдын уюштуруучуларынын бири, “Солнечный круг” фестивалдык борбордун башкы директору Милана Марковага байланышка чыктык. Бул айым 2009-жылы аталган фестивалга Кыргызстандын атынан бир ырчы конок катары катышкандыгын тастыктады. Ал ушул эле уюштуруучулар фестивалдан тышкары жаш таланттардын сынагын Ллорет де Мар шаарында өткөрүшөрүн, ал сынак жыл сайын июнь айында болорун айтып өттү. 2009-жылы Кыргызстандын атынан “Дизайн моды” моделдик агенттиги катышкандыгын да кошумчалады. “Сентябрь айында сынак эмес, фестиваль өткөрүлөт. Анда жеңүүчү, биринчи, экинчи орун дегендер болбойт”,- деп билдирди Милана айым.
Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе бар. “Бон Вояж” фестивалынын негизги шарттарынын бири – катышуучулардын жаш курагы. Аталган фестивалга 25 жашка чейинки таланттар катыша алышат. 25 жаштан өйдө курактагылар катышуучу эмес, конок катары кабыл алынат. Ошентип, биздин Жанета айым Испаниянын Ллорет де Мар шаарында 2009-жылы сентябрь айында өткөрүлгөн “Бон Вояж” эл аралык таланттуу балдар жана өспүрүм­дөрдүн фестивалына конок катары катышып, диплом алып келген. Аны Жанета көрсөтүп жаткан дипломундагы жазуу да далилдеп турат.


Бир нерсени баса белгилеп өтүүгө аргасыз болуп турабыз. Жалгыз эле “Супер-Инфо” гезити эмес, Улуттук телерадиокомпаниясы баш, олуттуу деп саналган “АКИpress”, “Кабар” агенттиктери төш болуп, жалпы Кыргызстан эли алданып отургандыгыбыз. Анткени маалымат булактары ырчынын кебине ишенип, “Жанета Бобкова эл аралык сынактан 1-орунду алып келди” деген маалымат таратышкан эле.
Ушундан улам акыркы күндөрү шоу-бизнесте болуп жаткан окуялар тууралуу Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев менен баарлашканым эсиме түштү. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор, Москва жана Мюнхен Эл аралык чыгармачылык жана музыка академияларынын академиги болгон бул инсандан өтөр музыкалык жактан сабаттуу адамды азырынча сахна чөйрөсүнөн таппасак керек. Аталган окуяларды угуп отуруп, Муратбек агай: “Мен бир гана нерсени айта алам. Чыныгы талант эч качан мындай авантюрага барбайт”,- деди.

Мына окурман, жогоруда баяндалган окуядан улам мындай ойго келдик. Жалпы Кыргызстан элин алдаган иштерде өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин атын колдонууга моралдык укугубуз барбы?.. Калган жыйынтыкты өзүңүз чыгарарсыз.

ЧЫНЫГЫ БАЙГЕГЕ ЭЭ БОЛГОН
ЖАШ ТАЛАНТТАР

“Дизайн моды” моделдик агенттиги өткөн жылдын июнь айында Испаниянын Ллорет де Мар курорттук шаарында өткөн жаш таланттардын эл аралык сынагына катышып, Мода театры наамы боюнча биринчи орунду алып кайткан.
Биздин балдар Франциядагы орус сезондорунун 100 жылдык долбооруна катышышкан эле. Ошол жерде аларды көргөн “Солнечный круг” фестивалдык борборунун өкүлдөрү июнь айында Испанияда өтүүчү жаш таланттардын сынагына катышууга чакыруу беришкен. Испаниядагы сынакка 7 жаштан 12 жашка чейинки 6 талантыбызды алып бардык. Алар модельер Татьяна Воротникованын кийимдер коллекциясын көрсөтүшүп 1-орунду алышты”,- деп билдирет моделдик агенттиктин менеджери Жылдыз Абыке кызы.

КАТАЛОН ТИЛИ
Каталон (валенсия) тили Испаниядагы 3 расмий тилдин (испан, аран, каталон) бири. Бул тилде Испанияда 11 миллион адам сүйлөйт. Болжолдорго караганда, азыркы Каталониянын ордунда байыркы гот жана алан уруулары жашап, ал аймак Гот-Алания, Готланд (кийин Каталония) деп аталган. Каталония тили дал ошол эки уруунун тилинен келип чыккан.

Айбек Нурадилов
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ӨЗҮҢҮЗДҮ ТААНЫТУУ ҮЧҮН АВАНТЮРАГА БАРАТ БЕЛЕҢИЗ?

Курмангазы Азыкбаев,
музыкант:
– Атымды чыгарайын деп эч качан аракет кылган эмесмин, кылбайм дагы. Музыкант болуу кичинемден берки тилегим болчу. Ошол тилегим көп жылдык кажыбас эмгегимдин аркасында ишке ашты.

Ырыскелди Осмонкулов,
ырчы:
– Музыка чөйрөсүнө көз карашым абдан терең. Аны экинчи турмушум десем болот. Анан кантип мен бул чөйрөдө авантюрага барам? Ал көбүнчө шоу-бизнесте болот. Элге таанылып калган таланттар авантюраны деле терең ойлонуп жасашы керек, менимче.

Алексей Филатов,
телеалпаруучу:
– М-мм, кандай десем? Авантюра деген бул тобокел кадам да, туурабы? Эгерде мага ушунчалык зарыл болсо, бармакмын. Мен дайыма жаңылык кылып турууну жактырам. Албетте, ал жаңылык мага пайда алып келеби, эч ким зыян тартпайбы, ал жагын дагы изилдеп чыгам.

Гулзинат Суранчиева,
ырчы:
– Андайга муктаж эмесмин. Анын үстүнө биздин өлкө кичинекей, авантюра менталитетибизге да туура келбейт. Эмнеге Кыргызстан кичинекей деп жатам? Анткени бүгүн андай кадамга барсаң, эртең эле билинип калышы мүмкүн. АКШдай чоң өлкө болсок бир жөн.

KG Элмурат,
ырчы:
– Анчалык шектүү кадамга бармак эмесмин. Андан көрө жамандыр-жакшыдыр өз эмгегиң менен атактуулукка жеткен жакшы эмеспи? “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, баары бир бетиң ачылып, элге уят болосуң. Андан көрө акырын өзүңдүн арабаңды өзүң тартып жүрө бер.

Бактыгүл Бадыева,
ырчы:
– Жок, мен андай кадамга барбайм. Таанылыш үчүн элди алдоо түшүмө да кирбейт. Авантюрага барган адам элди эмес, биринчиден, өзүн алдайт. Мен эмгекти сүйгөн адаммын. Атымды эмгектин негизинде эле таанытам. Иштей берсең эл деле эмгегиңди баалайт да, туурабы?

Добр,
ырчы:
– Мен авантюрага барган эмесмин жана барбайм дагы. Анткени калп айта албайм. Майда-чүйдө күнүмдүк иштер болот го, кээде ошондо тамашалап калп айтып алып деле кыжалат болуп, ичимден кыйнала берем. Мен Добр деген атымдын эмес, ырларымдын белгилүү болушун каалайм.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
01.02.2010. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуяга айтылчу кыргыздын дагы бир макалы бар "Уурусу куч болсо, ээсин доого жыгат" деген. Бирок бул нерсеге Юра байкенин да аралашып жатканы кейиштуу.
01.02.2010. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле эл таанып жактырып эле калды эле го, ал аз болуп озунчо бир "белгилуу" боломун деп аябай уят болуптур..............
01.02.2010. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо, бардык калп суйлогон ырчыларды ушинтип ачкыла
01.02.2010. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра кайра эле уят болуп атат ушул эжекебиз. Кызык эмнеге ушундай жолго барды болду экен...
01.02.2010. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят!!!Башка создун деле кереги жок го буга!
01.02.2010. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kays bir gazetaga Janeta men super infonu sotko berem 2000000 ayp tlt dep cazptr ele go kzk emi emne bolot??????????????????
01.02.2010. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ooooo, super info, molodetz. Ushintip ishtesenger, chynygy jurnalistter ushundai ishteit: silerchilep bir imaratta oturup ele dayar materialdardy kochurup, kotorup akcha jasabai. Jakshy Janeta silerdi ElTrden jamandap koyuptur; emi kattuu ishtep kalypsyngar. SIerge jakshy opyt.
Emi bashka yrchylar ozdorun "belyi, pushistyi" kylgandary kulkunu keltiret. Bular emes duinoluk primadonna yrchylar, eldin oyuna kebegen nerseni jasashchu, anan talanty azayip ketken emes. Janbyzdagy ele Pugacheva
01.02.2010. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
je Yu.Usmanova,alardyn avantyura,PR, intrigasyn esteseng ishenchudoi emes;anda,basa,Janeta kyrgyzdyn primadnnasy bolup jurbosun,silerdin jardamyngar menen.M.Bealievke koshulbaim,jalgyz korifei bolso dagy,al okuyyany superinfonun oozunan ugup,tuura emes jyiyntyk chygardy.
01.02.2010. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Good job, superinfonun kyzmatkerleri, good job! (ozum ele kotorup bereyin, GMCge baryp silerdi kyinabai, diplomdu dagy kotorup bermekmin- HOROSHAYA RABOTA)Emi Bobkovdordun versiyasyn kutup turaly,alar dagy jon kalbasa kerek.
02.02.2010. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adam balasy negizi echnersege toiboit, bolgon saiyn bolsoken dep.Baryp katyshyp,konok bolgonun aitsale syiluu aiym bolmok.Kyrgyz eli emne bilip koiuptur degensip mamile kyldyby== nachar :( :(
02.02.2010. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Atyn 4ykpasa jer ortto" - degen u6ul go...
02.02.2010. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonik: Сага эмне болгон? Эмнеге анча нааразыф болуп атасын?

1чи оорунду алды деп деле эл аны суйуп аклган жок, жонокой болуп журушсо эле болот баардык нерсе акырындык менен
02.02.2010. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kilmish kirk kun icinde bilinet..!
02.02.2010. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meili........janeta kapa bolboi tursun oshondoi ui da bolup kalaar................. kalp suiloim dep srikte tushup ketiptyr go.........baikush....
02.02.2010. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртең Бобковдор дагы бир нерсе дейт окшойт :)

Пресс-конференции на 3 февраля в пресс-центре АКИпресс
12.00. Информационный прессинг на известную певицу Ж.Бобкову.
последствия:психологический дискомфорт, стресс, ухудшение
физического и морального состояния).
Участники: Семья Бобковых.
03.02.2010. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол мен башында эле ойлогом кантип эле 18-жаш деген ыры менен 1-орунду алып калды деп.
03.02.2010. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким башка биринчиликтери дагы калп болуп журбосун? Биринчиликти кой, башка диплом, грамоталары,
биринчиликти алдым деп коргозгон диплому "иш-аракети учун ыраазычылык" болсо, экинчилик, учунчу орундардын грамоталары кандай болду экен?, ошого кызыктармын.
03.02.2010. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бобковдор бир дерсе дегиси келбей калган окшойт. Пресс-конференциясын ОТМЕНА кылышыптыр: (

Бишкек (АКИpress) - Пресс-конференции на 3 февраля в пресс-центре АКИpress:
12.00. Информационный прессинг на известную певицу Ж.Бобкову. Последствия: психологический дискомфорт, стресс, ухудшение физического и морального состояния.
Участники: Семья Бобковых, родители Ж.Бобковой. - пресс-конференция отменена.
04.02.2010. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хотя бы чыгып элдин алдынан кечирим сурап койсо болмок.
04.02.2010. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле бириндин артын бирин чукуйсунар
Барса баргандыр, барбаса калгандыр,
04.02.2010. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sara:
"Эмне эле бириндин артын бирин чукуйсунар
Барса баргандыр, барбаса калгандыр"...

Ошону айтпайсыңбы, Sara, жөн эле жүрө бербейбизби э баарыбыз? Жесе жегендир, өлсө өлгөндүр, өлтүрсө өлтүргөндүр, алдаса алдагандыр деп э? :)
04.02.2010. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super,
jakynda siler aitkandy ele jash kerek bolup kalat oskhoit, anchalyk emne
"Konstruktivny dialog tuzo alabyz" dep koyupsungar, anngar kana? Menni but komentterim je tuzolu je takyr alynyp kalat.Men Janetaga tuzmo-tuz ech kandai tieshem jok, birok men bilimduuluk uchunmun.Men show-businessti, jurnalistikany abdan jakshy bilem,oshonun birimin dep koisom bolot.Ozungorgo jarasha keede komenter kattu jazylat,keede "konstruktivno".
05.02.2010. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа... Жакшы болуш аста аста, жаман болуш бир паста , деген ушул да. Москва.
09.02.2010. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul yrchy emne uchun ar daym jalgan suyloyt,1 jalgan kiinki jalgandardy ketiret arkasynan,belgiluu adam bolgondon kiin ar dayim eldin ishenichinen chykpash kerek dep oyloym. Uyat degen sozdon bashka soz kelbey jatat emnegedir akylyma...
06.03.2010. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vse nikak ne mogu uspokoitsya.
Super-info, v llitze Shaisty degi ongoldungarby? Kyrgyzstandyn aimagynda bolbogonduktan, emne bolup jatkanyn bilbei jatam.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо