Эрмек Таалайбеков, тамашоучу: «ТАМАШОУ» МЕНИ БУЗДУ»

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

«Ак-Өргө city» командасында сары жигит бар, аты Эрмек. Аны биз «неге мынча сулуумун?» деген фишка сөзү менен жакшы тааныйбыз. «Тамашоудон» таанылган «красавчик» жигит азыр тасмаларда роль аткарып, өзүнүн актёрлук дареметин сынап жүргөн чагы. Анда бүгүн Эрмек өзү жөнүндө кенен айтып берет.

ЛАКАП АТЫМ – КРАСАВЧИК

Толук аты-жөнүм – Таалайбеков Эрмек Владимирович
Туулган жылым – 1992-жыл
Туулган жерим – Нарын облусу, Казарман айылы (мен төрөлгөндө Казарман Нарынга карачу)
Максатым – «Государство төлөп берет» деп отура бербей, оокатымды кылуу
Билимим – Политехтин кыргыз-герман техникалык факультетинин бүтүрүүчүсүмүн
Тартылган тасмаларым – «До+Фа 1, 2», «Султан Сулайман», «Гонщик таксист», «Браво», «Пентхаус», «Курут» жана алдыда тартылчу толтура тасмалар

– Салам, Эрмек, алгач өзүӊдү окурмандар менен тааныштырып өтсөӊ?
– Саламатсыздарбы, менин атым Эрмек. Үй-бүлөм менен 1 жашымда Нарындан Бишкектин Ак-Өргөөсүнө көчүп келип, жашап калганбыз. Тукумубузда чыгармачылыкка шыктуу адам болбоптур. Менин «Тамашоудо» ойнойм» деген каалоомо атам каршы болуп, «сенден эч нерсе чыкпайт» дей берчү. Өжөрлөнүп жатып эле ынандырдым окшойт. Ошентип «Ак-Өргө city» командасын түздүм. «Тамашоуго» башында мен, ди-джей Улик жана Талант деген бала болуп үчөөбүз эле барганбыз. Калган балдар кийинчерээк кошулду. «Команда түзөм, кыргызча КВНде ойнойбуз» дегенимде көп балдар көӊүлдөнбөй коюшкан эле. Кийин биринчи оюнубузду көрүп, анан кошула башташты. Ошол маалда немис тилинен ийримге барчумун, аны да таштап койдум. Жакшы окуган, тартиптүү, китеп десе жата калган бала элем, «Тамашоу» мени бузду. Жакшы жагына бузду деп сөзүмдү түзөй кетейинчи.
– «Ак-Өргө city» командасын түзсөӊ, алгачкы капитаны болсоӊ, лидерликти кантип Эмил Эсеналиевге өткөрүп бердиӊ?
– Капитандык милдетти тапшырган деле эмесмин. Куба, Самат, Рүстөм өзүнчө жүрүшүп эле Эмилди капитан кылып шайлап алышыптыр, «ии» деп койгом. Ортобузда келишпестик болгон жок. Жөн гана өзүнчө иштеп азыр команда менен эки жакка чыкканга убакыт жок. Бирок командадагы балдар менен мамилем түз.
– Сенин «мынча сулуумун?» деген тамашалуу фишка сөзүӊ кантип жаралып калган?
– Кичинемден эле күзгүгө карап «неге мынча сулуумун?» деп өзүмө өзүм ашык боло берчү экенмин. Бир жолу атамдан «биздин тукумда мендей сулуулар болгонбу?» деп сурасам, «жок, балам, сулуулар болгон эмес, бирок мактанчаактар бар болчу» деген эле. Ал эми сахнада бул сөздү ушундай кебетем менен сулуумун десем күлкүлүү болобу деген максатта эле айткам. Өзүмдү «красавчикмин» деп эсептебейм. Кыздар айтышат «сүйкүмдүүсүң» деп, ошондой болушум керек.
– Акыркы күндөрү сени кинодон көп көрүп жүрөбүз. Ал чөйрөдөн өзүӊдү таптыӊбы?
– Кино – бул мен басып өтчү дагы бир бийиктик десем жаӊылышпайм. Алгач мектепте үлгүлүү окуучу, андан соӊ «Тамашоу», андан кийин кино. Учурда кинодон өзүмдү тапканга аракет кылып жүргөн кезим. Мен аткарган ар бир каарманымда туура жүргөн кишинин мүнөзү бар. Мактанбайын, бирок ар бир каарманымда Эрмектен үзүндү жашайт, ошол эле «До+Фа» тасмасында Дооронду уруша берген ботаниктин образында да өзүмдү тапсам болот. Анткени мектепте жакшы окуп президент болгонго жетишкем. Ал эми университетте окуп жүргөндө бир долбоорду утуп алып, Германияда 3 ай жашап келдим. Терс каармандын образы мага жарашпагандай туюлат.
– «Султан Сулайман», «Курут» тасмаларында модель кыздар менен өнөктөш болуп ойноптурсуӊ, алардын айрым «каприздерине» да чыдасаӊ керек?
– Бирөөнүн «каприздерин» көтөрө берген адам эмесмин, болгондо да жумуш талаасында. Керек болсо өзүм көрсөтүп коём «каприздеримди». Көбү айтышат «бой көтөргөндөй көрүнөсүӊ, ошон үчүн «капризныйсыӊ» деп. Жок, мен өзүм «капризныймын», ошон үчүн бой көтөргөндөй көрүнөт болушум керек. Кечиккенди, айтып туруп аткарбай койгонду жаман көрөм. Кайталап айта берген жакпайт, андан көрө өзүм барып кылып койгонум жакшы. Ашыкча чынчылдыгымды жактырбайм, эгер саясатчы болсом үйүмдөгү оокаттан бери өлкөнүн казынасына ташып кууратсам керек. Айтор, менден жакшы саясатчы чыкпайт.
– Үй-бүлөӊ тууралуу да айта кетерсиӊ?
– Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын, 2 эжем бар. Экөө теӊ турмушка чыгып, азыр үйдөгү жумуштарды мен кылам. Апам медайым, атам ТЭЦте кароолчу болуп иштейт. Көбү мени байдын баласы деп ойлошот экен, андай эмес, карапайым эле үй-бүлөдөнмүн. Эки эжем мени «жентльмен» кылып тарбиялашыптыр, кыздардын көзүнчө сөгүнбөйм. Сүйүктүү кызым бар, сүйлөшкөнүбүзгө бир ай боло элек. Калган карталарды ачпай турайын, анткени аны өзүм да жакшы биле элекмин. «Аман-эсен үйлөнүп ал» деп тост айткандар көп, ошолордун тилеги орундалса экен деп жатам.
– Орусияда күлкү жаратуучулар жакшы табышат, бизде юмористтерде каржы маселеси кандай?
– Жан бакканга жетет. Негизи, кыздардан беш бетер акча тапсам эле кийим ала берем. Көбүрөөк таап калсам машинама тетик алам, калганы кыздарга кетет. Үйдөгүлөр менин акчама муктаждыгын айтыша элек, сураса, албетте берем. Бирок ойлосом, тапканым машинам менен кыздардан ашпайт экен.

"Куба, Самат, Рүстөм өзүнчө жүрүшүп эле Эмилди "Ак-Єргү city" командасына капитан кылып шайлап алышыптыр".

Лунара Бекиева
star@super.kg


Эрмек Таалайбеков: "Тамашоуго" келишиме "Супер-Инфодогу" жарыя себеп болгон"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(52)
25.01.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо атасы орус(же башка улут иши кылса) болуп калабы? Билгендер айта кетсенер? Мен "туура эмес окуп алдымбы?" деп дагы отчествосун окудум.
25.01.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик эле каалайм!!!
Коро албастыктын эмне кереги бар, туурабы???
25.01.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тамашалап айтып койгон окшойт атасынын атын
25.01.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чон атасы кыргыз,атасы орус окшойт.;)Эрмек жагат,бирок,"жооштон" жоон чыгат" дегендей...
25.01.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
чон атасы туура айткан экен мактанчаак деп
25.01.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Суйлошкон кызын коргом,анча жага бербеди.Чоюлган,бой которгон кызбы деп койдум
25.01.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гламурный го озунчо. ийгилик
25.01.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат онорун оркундой берсин
25.01.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алга. Кинодогу образдары аябай жагат да)
25.01.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмилге жарашат капитан болгон.Эмил татыктуу
25.01.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага бул актердун голосу,суйлоо речи,стили,озун алып журуусу жагат .
26.01.2016. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атасы сулуу болбосо. Значить кошунасы сулуу экен да. Тушундунорбу
26.01.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат )Ар бир Адам кемчилдиги менен болоттда Ким эле тогорогу топ келип торолупптур.Азаматсыз алгаа) кинодода ,тамашоудода эн сонун!
Sm.nargiz00 түзөттү 2016-01-26 13:05:09
26.01.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жагат да жагат))
26.01.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Джентельмен мага жагат, азаматсын! Ийгилик кудай жолунду берсин, тайманбай ар дайым алга гана умтула бер.
26.01.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы жигит. Мага жагат. Особенно "Султан Сулайман" деген кинодогу ролу абдан жагат. Жаль, что девушкасы бар
26.01.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге отчествосу Владимирович?
Медиа-портал
26.01.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
онорунуз оркундой берсин
26.01.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тыкан жургон учун абдан жагат.
26.01.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мага жагат жакшы ойнот кинодо
27.01.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ar bir adamdyn munozu ar kandai bolot, Bul Ermektin munozugo deim bul nerselerdi maktandy dep aituuga bolboit
27.01.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Suylogon sozu toktoo munozdugu ozuno jarawyp ele turat.
27.01.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Курут тасмасында ролу жакты,аябай кулдук
Медиа-портал
28.01.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сопсонун эле интервью болуптур эч кандай фальши жок. Жазат десе эле жаза бересинер да
28.01.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акоргонун капитаны Самат экен деп журсо... Эрмек анан кийин Эмиль тура...
28.01.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курут тасмасын коро элекмин, бирок Санжар Мыкыевдин ушул кино жонундо бир интервьюсун угуп мааниси жакшы тасма бирок башкы ролдо Эрмек экенине кейип койдум эле, кап башка эле актер чакырса болмок экен деп... анткени буга чейинки аткарган ролдорунан каарманды жакшы чагылдыра албаганын байкагам... тамашоудагы образы кетпейт дагы деле...
28.01.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
"Султан Сулайманда" жараткан ролу жагат... "Курут" тасмасын коргон жокмун
28.01.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик !!!
28.01.2016. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо бул баланын отчествосу чындап эле Владимириовичпи неге суроо бербединер тактап жооп жазып койгулачы мага да кызык болуп жатат
Медиа-портал
03.02.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек азаматсын. Бизге жагасын, онорун оссун, ийгилик сага. Анча мынча жаман создорго конулуно алба. Эл болгонду коро албайт, оздору ошондой боло албайт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо