КАРА ТЕРИЛҮҮ АКТЁРЛОР «ОСКАРГА» БОЙКОТ ЖАРЫЯЛАШУУДА

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

8-февралда 88-жолку «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи өтмөкчү. Бирок киноакадемия 14-январда талапкерлердин тизмесин жарыялаары менен чыр башталды. Режиссёр жана актёр Спайк Ли кара терилүү актёрлордун тизмеде жок экенине нааразычылыгын билдирип, «Оскар» сыйлыгына бойкот жарыялады. «Ушундай кантип болсун? Экинчи жыл катары менен 20 талапкердин баары ак терилүү актёрлор. Биз эмне, жакшы ойной албайбызбы?
Менден «Оскар» сыйлыгына кара терилүү актёрлор эмнеге талапкерликке коюлган жок?» деп сурашууда. Мен деле ошол суроону киноакадемиянын өкүлдөрүнө бергим келет»,- деп интернеттеги жеке баракчасына жазып чыккан. Актёрдон тышкары Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смит да аземге барбай турганын билдирген. Андан сырткары аземге алпаруучулукка дайындалган кара терилүү актёр Крис Рокту да бойкот жарыялагандар «Оскарга» каршы үндөп жатышат.
Эске салсак, акыркы жолу 2013-жылы Люпита Нионго «12 жыл кулчулукта» тасмасы үчүн «Оскар» сыйлыгын алган. Ал эми кол чогултуп жаткан Спайк Ли 1989-жылы «Кандай керек болсо, ошондой кыл» («Делай как надо») тасмасына мыкты сценарий үчүн «Оскар» алганы маалым.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
25.01.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмнеге Кыргыздардан жоок ))))))
25.01.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
azyr dele rassaga karap jatyshbaiby
25.01.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tuuraby
26.01.2016. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында кра терилуу актерлор мыкты ойношот.Мейли комедия мейли боевик! Туурабы достор?
15.04.2016. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan.kg,туптура брат алар мыкты аткарышат бирок Лео да Жон Адам емес кинолору жагат айрыкча отступники деген киносунда зынк аткарган ал татыктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо