Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Айбек, чыгып кет үйдөн!- Айгерим өктөм сүйлөдү.
– Хе... Мунусу да бир паста периште боло калат,- Айбек кытмыр жылмайып койду. Дагы деле соолуга электей. Там-туӊ басып сыртка чыгып кетти.
– Сойку! Мен билгем!- өзүн жоготуп, көзүнөн он талаа жаш кеткен Аруукеге Элиза кыйкырды. Арууке эч нерсе деген жок. Ызасына муунуп, тагдырына наалат айтып жатты.

***

Кеч кирип бараткан. Жанар дагы деле ордунан козголбой керебетинде жатат. Арыктап, жаак эттери шылына түшкөн. «Уф!» оор дем алды. Туруп барып терезеден сыртка тигилди. Жамгыр жаап жатат. «Жамгыр киши... Бактысыз жамгыр киши» өзүнчө сүйлөнүп, болор-болбос жылмайып койду. Күрмөсүн алды да, сыртка чыгып көктү тиктеди. Майда тамчылар ичиркентип жиберди. Көпкө ошентип турду. «Эх!» Аруукесин эстеп, көкүрөгү өйүгөндө чыгуучу бул үшкүрүк Жанарга көндүм болуп калган. Улутунуп алды да жолго чыгып, автобус менен шаардын чок ортосундагы сейил бакка келди. Жай гана өйдө-ылдый басып жүрө берди.
«Бул оору канчага созулат? Ушинтип эсимден чыгара албай, жүрөгүм ооруп жүрө беремби? Бул отургуч биздики болчу. Дайыма ушунда отурчубуз». Жигит отургучка келип
отурду.
«Ооба, ал келген жок» ичинен сейил бактагы отургуч менен сүйлөшө баштады. «Анын жакшы көргөн адамы бар экен. Мага да ошондой сезилчү. Мен аны сүйөт го деп ойлогом. Керек болсо анын көздөрүнөн мага болгон күчтүү сезимдери бар экенин көргөндөй болгом. Бирок мен эӊ начар психолог экенмин. Анын сезимдерин туура окуй албаптырмын. Жөн гана өзүм ишенгим келген нерсеге ишене бериптирмин. Бирок, айтсаӊ, сүйүүгө ишенгендин эмнеси жаман? Карачы, мен жалгызмын. Жадакалса жыгач отургуч менен сүйлөшүп жатам. Мейли, жансыз болсоӊ да угуп койчу. Мени жөн гана угуп коё турчу жанга зар болуп турам. Билесиӊби, бүгүн деле эч жакка чыкпайт болчумун. Көзүмдү ачып жамгырдын дыбырап жаап жатканын уктум. Ал мени жамгыр киши дечү». Жанарды кайра кусалык каптады. Бир чекитти тиктеп туруп калды. Көкүрөгү дале ооруп жатат.
– Жанар? Сенби?
Жигит маӊдайына келген адамды байкабаптыр. Назик кыздын үнү гана аны эсине келтирди. Наргиза деген айылдашы экен. Андан эки жаш кичүү.
– Кандайсыӊ?- жигит дендароо абалда жооп берди.
– Жакшы. Сен эмне жалгыз отурасыӊ? Бирөөнү күтүп жатасыӊбы?
– Жок. Жөн эле.
– Аа...- кыз сөзүн улай албай калды.
– Кел, отур! Эмне жаӊылык? Сен бул жактасыӊбы?- жигит Наргизага суроо берип жатып аны баштан ылдый карап алды. «Жакшынакай болуп калыптыр» деп ойлоду. Наргиза отуруп алып сүйлөй баштады. Ал кызыктуу маектеш болчу. Анын үстүнө Жанарга карата түшүнүксүз жылуу сезими бар эле. Балким, ушунданбы, Жанарга жага турган маанайда сүйлөп, аз да болсо аны алаксыта алды. «Демек, сен мени алаксыта алат экенсиӊ. Башкалардын колунан келген эмес эле. Жолугуп турушубуз керек». Жанар ичинен ушундай жыйынтыкка келди. Дартына даба тапкандай болду. Ал дары Наргиза аттуу ойноок кыз болчу. Албетте, ал жүрөктөгү махабат оорусун толук айыктыра албайт, бирок аз да болсо ооруну басаӊдата алчудай. Капыстан болгон жолугушуу жаӊы жолугушууларга жол ачты. Жолуккандардын бири жактырган адамынын сүйүүсүнө татыганга аракет кылса, экинчиси бул жолугушууларда жүрөк дартын эстен чыгарууну максат кылып койду.

***

Айбек жапайы аракети үчүн өзүн жемелеген да жок. Андай жорук анын акыл-сезиминде пастык катары эсептелбейт. Көздөгөн максатына жетүүнүн эле куралы болчу. Анын көӊүлүнө катуу тийгени – бөлмөдөн куулуп чыгып калганы болду. Бул үчүн арданып жатты. «Шашпагыла, мен силерге көрсөтөм!» деп кекенип жүрдү.
Арууке эч ким менен сүйлөшкүс болду. Кээде гана ата-энесине жаркылдап күлүп-жайнап телефон чалып, бактылуу экендигин көрсөтүүчү ролун ойнойт да, андан соӊ чыныгы бактысыз кейпин киет. Жумушуна барат-келет. Бир ирет жумушунан келсе, коӊшу бөлмөдөгү төрт баланын бири коридордо туруптур. Кыязы, аны күтүп жаткандай.
– Сенин атыӊ Аруукеби?
– Ооба.
– Мен коӊшуӊ болом. Билсеӊ керек. Атым Аман. Бир нерсе айтып коёюн деген элем.
– Угуп жатам.
– Сен Москвада бөлөк улуттагы жигиттер менен жакын мамиледе болуп жүргөн жоксуӊбу?
– Жок.
– Мен да ишенген жокмун. Өткөндө силердикине келген жигит бизге ушинтип айтып кетти. Билсеӊ керек, Москвада башка улуттагылар менен жүргөн кыздарды жаман
көрүшөт. А тиги жигит болсо сени бир балдардын колуна салып берем деп жаткан. Абайлап жүр деп эскертип коёюн дегем. Жакшы эле кыздай көрүнөсүӊ.
– Ал сени атайын ушуну айт деп жөнөткөн го. Айтып кой, мен коркпойм. Керек болсо түрмөнүн түбүндө чиритем.
– Кызык экенсиӊ. Мен тескерисинче сага жакшылык кылып жатам. Келесоо, айбан чалыш немелер бар. Кылсаӊ да, кылбасаӊ да абийириӊди төгүп, зордуктап коюулары мүмкүн. Ал айбандар мурдатан ошентип көнүшкөн. Сени да ошолордун колуна түшүп калбасын деп жатам. Тиги жигит аябай ыза болуп калыптыр. Жамандыкты ойлонбой кылчу жигит экени көрүнүп турат. Сен жөнүндө ар кайсыны айтып койсо, кээ бир айбандар өлтүрүп коюудан да кайра тартышпайт. Адам катары сага эскертип коёюн дедим.
Арууке бул сүйлөшүү тууралуу эч кимге айтпады. Коркуп да койгон жок. «Мага ажал келе жатат. А мени капкайдагы дөөдүр адамдар коркутушат» деп койду ичинен. Бирок Айбек чынында эле Аруукеден өч алууга даярданып жүргөн. Кыз тууралуу ойго келбеген окуяларды ойлоп таап, өзүнө окшош айбан мүнөздүүлөрдүн кулагын бышырып жүргөн болчу. Өткөндө бөлмөдөн куулуп чыкканда жумушунан кеч келген Аруукелердин коӊшусу Аманга тигинтип Аруукенин абийирин айрандай төгөрүн айтып кекенгени да чын. Кудай жалгап Элиза да жардамга келди. Ал Айбектен көӊүлү калгандын ордуна бардык күнөөнү Аруукеден издеп, жигитинин жаман оюна кошулуп алды. Бир ирет күн кечтеп калганда Арууке сыртка чыгып келмекчи болду. Кээде ошентип сейилдеп калчу. Күрмөсүн кийип сыртка чыгары менен Элиза Айбекке телефон чалды.
– Ал жалгыз биздин үйдүн жанындагы сейил бакка кетти.
– Рахмат!- Айбектин үнү орой чыкты.

***

Кыз сейил бакта жайбаракат басып жүрдү. Мындай учурда Жанары менен өткөргөн бактылуу күндөрү тасмадагы кадрлар сымал көз алдына тартылат. Ушундан ырахат алат.
– Арууке деген сенби?- капыстан кыздын алдына шапкелерин көзүнө түшүрө кийген эки жигит пайда болду.
– Мен. Эмне керек?- Арууке түшүнө албай калды.
– Басчы!- жигиттердин бири аны колунан тартып сүйрөп жөнөдү.
– Коё бер!
– Жап жаагыӊды!- экинчи жигит Аруукени бет талаштыра чаап жиберди. Эркек кишинин катуу соккусуна эӊги-деӊги боло түшкөн кызды жигиттердин бири көтөрдү да, жакын турган унаага салып, шаша-буша рулга отурду.
– Эч ким көргөн жокпу?
– Жок! Айда!- унаа ордунан козголуп жылып кетти.

***

Арууке белгисиз бир үйдө эсине келди. Башы салаӊдап ооруп жатты.
– Бул ойгонду!- кимдир бирөө кубанган түр менен сүйлөдү.
– Арамзаланып жатат. Эй, сойку, тур ордуӊдан!- бейтааныш бир жигит жакасынан кармап өйдө тургузду. Арууке анын колдорун тытып алды. Бирок ал баары бир алсыз болчу. Бөлмөдө кеминде 7-8 жигит жүрөт.
– Кана, иштет видеокамераӊды! Муну суракка алабыз. Иштеттиӊби?- олбурлуу, көзүнүн нуру качкан кара жигит жанындагысына кайрылды. Бир убакта Аруукеге:
– Атыӊ ким?- деди орой түрдө. Арууке коркуп да койгон жок. Өзүнүн алсыз экенин унутуп койгондой. Ачуусу келип тиштенип жатты.
– Айбан! Намысы жоктор! Силер эркек эмессиӊер! Малсыӊар!
– Ким эркек анда? Сени тебелеп жүргөн башка улуттарбы? Ошолор эркекпи?- жигит Аруукени 2-3 ирет чаап жиберди. Күп этип кулап түшкөн кыз чөнтөгүндө калем бар экенин эстеп кетти. Оозу-мурдунан кан кетип жатып жылмайып койду. Баары бир ажал жанымды алат деген ой кызга кубат берип койгондой. «Баары бир эч нерсе жоготпойм. Жок дегенде бир жакшы иш жасап коюшум керек» деди ал ичинен.
– Кечирип коюӊузчу, байке!- Арууке корккон киши болуп арамзаланды. Алсыз кызды коркутуп алдым деп өзүнө маашырланган кара жигит Аруукени жакасынан өйдө көтөрө бергенде анын бир көзү катуу оорутуп жиберди. Эмне болгонун түшүнбөй калды. Оору жан чыдагыс болуп, бакырган бойдон көзүн басып жыгылды. Калгандары түшүнбөй калышты. Арууке анын көзүнө болгон күчү менен калемди батырып, кайра тездик менен тартып алган эле. Кара жигиттин көзү агып түшүп калды.
– Энеӊди! Бул сойку Калыстын көзүн чукуп салды!- бирөө кыйкырды. Баары дендароо боло түшүштү. Мындайды эч ким күтпөсө керек...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(23)
25.01.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тан калыштуу, жакында эле жазылганго..
25.01.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кызыгы Эми башталдыго
25.01.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арукеее бош келбе УШУЛ сценарийди кино кылып тартса соонун чыгат сериал кылып
25.01.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп окуп канбай калдым
25.01.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аиии эми эмне болот экен?
25.01.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми нак олтурушсо керек.
25.01.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Патриот болгон жигит соройлор го
25.01.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Патриот болбой олсун андайлар эмнесине патриотмун дейт иттен айырмасы жок немелер
28.01.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulya21, озулору эле патриотмун дебесе башка эч ким аларды патриот дебейт аларды.
25.01.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Обу жоктонбой,Жанардын жанында журо бербейт беле
25.01.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jaka1978,Айла жоктон кетти оруусунун айынын болбосом зарылбы жанын кыйнап кетип
25.01.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Автор; Аруукенин аруулугуна тийбей эле койчу.
25.01.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызыктуу экен узаакраак жазса болбойбу
25.01.2016. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Патриот адам кыздарды уруп сокпойт сыйлаш керек Буларын патриот эмес айбандар ошон учун ушул ишти кылышат Андан коро ал ошол кызды Оздору алдап согуп зордуктап кетишет арам ойлору менен айбандар Кыздарыбызка кыйын болду ошол айбандардын айынан Кече эле келген жаш айбандарда ошо мурунку айбандардын ишин улантышып жатышат Аллах кубо жазасын алышат харам иш кылгандарына Айбандар жакшына журнале Силер Патриотко татыктуу эмессинер Мен Патриотмун
25.01.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аз болуп атат ко? Тойбой калотам.
25.01.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
koburok jazsa jakwy bolot ele
25.01.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кызыгына келди эле.дааа
26.01.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай кызык болтатго кийинкисин кутобуз
26.01.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын бир жакшна кыздарын видеого чыгарып жатышат мына эн тубундо озубуздун эле жигиттердин чыгарган ойу максатына жетпей калып эле ар кимге ушактаса аларда доодуроп оздорунчо патриот болушат ИИ анан башка улут Мн журот дешип Ошо озубуздун эле кыргыз жигиттердин кылган иши.кыздарды уруп оздорун патриот сезишет алар эн алсыз эркек экенин билишпейт.
27.01.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Патриот эмес алар, бир чечен же дагестан жолугуп калсынчы, туруп эле беришет, беш алтоо болуп бир кызды кордошуп. Коросунор ушулардын башына келет кайрылып бул кылгандары уч эсе болуп.
29.01.2016. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канчалык кобураак жазыныздарчы деп суранган сайын аз жазып атасыздар бир жума кутуп журок ээзилдиго не болду экен деп
30.01.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии жигиттер мына кыздарыбыз ушинтип башка улуттун жигиттери менен журот деп айтасынар точна тактап туруп анан айтсанар.Байкуш кыздарды куноолобой арсыз манкурттар десе
02.02.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой коркунучтуу болуп кетти го Эми бул зоокурлордон кантип бошонуп чыгат ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо