Турдакун Ниязалиев: «ЖУБАЙЫМА» ДЕГЕН ЫРЫМ БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮ САКТАП КАЛДЫ»

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

Учурда «Чарчап келсем кубатым сен, Жылмайып тосконуӊ ай-күнгө теӊ. Очокту жандырган мээнеттериӊ, Мелтиреп чалкыган көлдөй тереӊ...» деген саптары бар «Жубайыма» аттуу ыр хит болуп жатат. Ушул ырдын автору жана аткаруучусу Турдакун Ниязалиев менен тааныштырабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 9-июнь
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Көк-Таш айылы
Билими – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетин бүтүргөн.
Учурда – Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы

– Турдакун, кепти чыгармачылыкка кантип келгениӊден баштасаӊ.
– Мен бала кезден эле мектепте баян ойноп, ырдап жүргөм. Чымыным бар окшойт, кийин обон жазып калдым. Эсимде, 10-класста окуп жүргөндө Ынак Осмоналиев ырдап жүргөн «Айлуу кеч» деген ырымды жазгам. Бирок ырчы болом деп деле аракет кылбаптырмын, анткени ырчы болуш өтө кыйын деп ойлочумун. Көрсө, талантыӊ болсо ырчы болуу оӊой эле экен. Болгону өзүм университетке тапшыргандан кийин чыгармачылыкты таптакыр таштап салдым, себеби араб тили аркылуу ислам дүйнөсүнө аралашып баштадым. Шариятта ырдоого тыюу салат эмеспи.
– Анан кайра эмнеге ырдайын деп чечтиӊ?
– Эгер ыр адамды адеп-ахлакка, Ата Мекенди сүйүүгө чакырса ырдаса болот дегенди уккандан кийин кайра чыгармачылыкка кириштим. «Жубайыма» деген ырды деле сүйүү жөнүндө ырдадыӊ» деп сындагандар болду. Бул ырда никедеги сүйүү жөнүндө айтылып жатат. Башкача айтканда, жубайлардын бири-бирин урматтоого, сыйлоого чакырык десем болот.
– Бул ыр менен түгөйлөрдү ынтымакка чакыра алдым деп айта аласыӊбы?
– Менин чыгармачылыктагы максатым – популярдуу болуп, анын артынан акча табуу эмес. Тарбия берүүдө музыканын таасири күчтүү, ошондуктан музыка аркылуу ыйманды жеткирсем дейм. Эӊ эле жөнөкөй маселе – азыр жаштар күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды билишпейт. Айрым мырзалар болсо келинчегин «кечке үйдө эмне кылып отурдуӊ» деп жемелешет. Мына ушул сыяктуу түшүнбөстүктөрдөн улам Кыргызстанда айына 800 үй-бүлө ажырашат экен. Дарыны койсоӊ жарага тийгендей эле, бул ыр элге алынып кетти. Ыр аркылуу жок дегенде бир үй-бүлөнү сактап кала алдым деп мактанып айта алам.
– Үй-бүлөнү сактап кала алдым деп жатасыӊ, толугураак токтоло кетсеӊ.
– Жылдын жыйынтыктоочу концерттеринин биринде сахнанын артына бир киши келип: «Бул ыр менин үй-бүлөмдү сактап калды, болбосо эки балам көчөдө калмак, рахмат»,- деп көзүн жашылдантып ыраазычылыгын билдирди. Ал киши телеканалдардын биринде оператор болуп иштеген, 40 жашты чамалап калган байке экен. Жубайы экөө кызганычтан улам уруша кетип, ажырашалы деген чечимге келип, аялы менен оокаттарын жүктөгөнү үйүнө бара жатышса машинадан «Жубайыма» жаӊырып калыптыр. Ырды угуп келинчеги кечирим сурап, экөө жарашыптыр. Азыр байке менен сүйлөшүп турам, телефонунун чакырыгына да, коӊгуроосуна да ушул ырды коюп алган.
– Обон жаратуу да оӊой эмес, сурайын дегеним, музыкалык билимиӊ барбы?
– Атайын музыкалык билимим жок, болгону туура ырдоо үчүн Улукмырза Полотовдон сабак алам. Чыгармачылык мен үчүн кесип эмес, жөн гана хобби. Көбүнчө обондор басып баратканда жаралат. Мисалы, «Жубайыма» ырымдын обонун деле мурун кыӊылдап баратып эле жаратып койгом. Сөзүн жазууда бир аз кыйналдык, бирок жыйынтыгы жаман болгон жок.
– Маегибиздин соӊунда үй-бүлөӊ жөнүндө айта кетсеӊ.
– Келинчегимдин аты Жибек, менден 6 жашка кичүү. Кесиби араб тилчи, учурда балдар менен үйдө. Ал эми уулум Хамза 3 жашта, кызым Ясмина 8 айлык болуп калды. Өзүм 4 бир туугандын улуусумун, 3 карындашым бар. Атамдын көзү өтүп кеткен, апам Нуржамал карындаштарым менен Таласта турат. Бишкекке үй салып жатам, бүтсөм апамды көчүрүп келсем деген оюм бар.
– Маегиӊе чоӊ рахмат, тилегиӊ орундалсын!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Жубайыма" деген ырым эки баланын ата-энесин жараштырды" дейт Турдакун Ниязалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(87)
25.01.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен жигитим мн урушуп кетип ага таарынып журсом жигитим ватцапптан ушу ырды жиберип калды. Угуп бутуп жан дуйном жыргап жигитиме чалгам. Азыр жигитим ушу ырды гудоко,звоноко,будильнике коюп алган. АЯбай соонун ыр!!!
25.01.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун ыр мага да ото жагат
25.01.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эӊ эле жөнөкөй маселе – азыр жаштар
күйөөсү жумуштан чарчап келсе жылмайып тосуп алганды
билишпейт. Айрым мырзалар болсо келинчегин «кечке үйдө
эмне кылып отурдуӊ» деп жемелешет.

ушул жери абдан жакты көп үй-бүлөө ушул нерсенин айынан урушат азаматсың Турдуакун ийгилик.

кийинкиде жолдошума деген ыр күтүп калабыз..
28.01.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
warsaw.,сен туура жазыпсын )))
25.01.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кечиресиңер Турдакун
25.01.2016. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп ырчылар Улукмырза Полотовтон сабак алгам дешет,Улукмырза Полотов жонундо маалымат берип койунуздарчы.
26.01.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ailin.akarsu92,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
25.01.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик ыры аябай жакшы мындан да көп ырларды жарата берсин .
25.01.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ырды суйуп угуучулардын катарын биз дагы толуктайбыз, абдан сонун чыгарма уккандан тажабайм, бир аз конулум тушуп калса эле ушул ырды угам кадимкидей конулум ордуна келип калат.
25.01.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыныз чындыгында ото таасирдуу. Ишинизге ийгилик.
Медиа-портал
25.01.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында сонун маек болуптур,ынтызаар менен кунт коюп угуп жатсам бутуп калды.азамат бар бол,ийгилик!
SUPER.KG видео
25.01.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек.чыгармачылыгынызга ийгилик,уйбулонузго тынчтык каалайбыз!
26.01.2016. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ыраазы болсун
SUPER.KG видео
26.01.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таасирдуу маек берипсиз , азаматсыз !
26.01.2016. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун. Сиздей тушунуктуу эркектер кобойо берсин. Уй-булонузго ынтымак иштеринизге ийгилик каалайм. Кыргыздын улгулуу мырзаларынан болуп журунуз. Жаштарды жакшы жолго тарбиялоодо салымыныз чон болсун.
26.01.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун ырдаптыр. Өзү да абдан жөнөкөй кичи пейил жигит. Менин тоюмда да ырдап берген эле Пайгамбарыбыз тууралуу ырларынан. Аллах ыраазы болсун
26.01.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана ошо ырды мага дагы жонотуп койгулачы
Медиа-портал
26.01.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул ырды Айжамал м.н Азаматка да угузуп койгулачы жарашып калышсын).
SUPER.KG видео
26.01.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ма ША Аллах!
26.01.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээн мыкты чыгарма сизге дагы коптогон ийгиликтерди каалайбыз!
26.01.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да бул ыры абдан жаккан. Клиби да соонун да. Турдакун байке ыйман жолунда жургон жакшы мырзалардан экен.
27.01.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жолдошума да анча мынча ырлар жага берчу эмес. Ушул ырды жакшы коруп угат. Даже кичинекей кыздарым да жакшы корушот.
27.01.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурун узун болсун!
Медиа-портал
27.01.2016. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-курста таанып баштагам, эн соонун ырлары бар ыйманга чакырган
27.01.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде,сиздин клиптериниздин да тарбиялык мааниси кучтуу,ырларыныз абдан маанилуу.Дагы да жакшы ырларды кутобуз
SUPER.KG видео
27.01.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах таала чыгармачылыгынызга куч-кубат берсин Турдакун байке! Ийгилик!
28.01.2016. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой, ыймандуу экени корунуп турат. Жубайыма ыры да сонун чыккан.
28.01.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат.
SUPER.KG видео
28.01.2016. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага абдан жжагат ыр
SUPER.KG видео
29.01.2016. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, Турдакун! Аябай маанилуу маек болуптур. Ички дунуйон бай экени корунуп турат. Чыгармачылыгына ийгилик каалаймын!
30.01.2016. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырдын казакчасын уктум эле бир жарым жыл мурун,ошондо какендер которуп алганбы же...бул ырдын чыкканына канча болду?негизи жакшы ыр.
Медиа-портал
12.02.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да абдан жагат, клипти ар бир уй- булоо ушундай болсо деп элестетип отуруп уккандан тажабайм. чыгармачылык ийгилик каалайм
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо