БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

 (Башталышы өткөн сандарда)

Саня туура айткан экен, «Казакстанда деле кенен жүрө албайсыӊ» деп, минтип коркуп-үркүп жашаш мүмкүн эмес эле, Элиза менен кеӊештим да, алыс кете турган болдук. Күнү-түнү интернетте отуруп ар кайсы мамлекеттерди карап көрдүм. Эӊ эле ылайыктуусу Түштүк Чыгыш Азиядагы бир мамлекет экен. Туристтер жылдап жашай берет, акчаӊ болсо болду. Жергиликтүү бийлик ашыкча суроо бербейт, жайы-кышы ысык, туристтер көп барган, тынч мамлекет экен. Эртеси эле туристтик агенттикке барып, 5 айга жолдомо алдык да, учуп кеттик. Самолётубуз Кытайдын бир шаарына барып, башка самолётко отуруп Инд океанынын жээгиндеги бир шаарга кондук. Бизди 5 жылдыздуу мейманканага жайгаштырышты. Туризм аябай өнүккөн шаар экен. Биз жашап жатабыз деп жүрө берет экенбиз, эгер бейиш чынында эле бар болсо, шарттары ушундай болсо керек. Баалар Кыргызстанга салыштырмалуу 2-3 эсе арзан, бизге салыштырмалуу болбогон эле акчага үй сатып алсаӊ да болот. Туристтер негизинен америкалыктар менен немистер, көбүнчө пенсияга чыккандар, ошолор жылдап жашашат экен. Себеби алардын пенсиясы 3-4 миӊ доллар болсо, бул жакта бир айлык мейманканада жашашы, тамак-ашы майда-чүйдөсү менен ашып кетсе 7 жүз долларга барат. Жүрүшөт жыргап жашап коюп, күндө дискотека, швед столу деп коёт экен, кирип каалаган тамагыӊды алып жейсиӊ, баары бекер, бир айлык төлөгөн акчанын ичинде. Ээ, айта берсеӊ өзүнчө эле жомок.
Биз жашаган мейманканада иштеген мен курактуу бала менен таанышып алдым, аты Акбар экен, орусчаны жакшы билчү.
Күн аябай эле ысык экен, Элиза тез эле көнүп кетти, мен түндө көпкө чейин уктай албай жатам, түнкү саат экилерде туруп душка түшөм, ошентип жүрүп араӊ көндүм. Ак саргыл Элизама бул жактын аба ырайы жакты окшойт, күнгө күйүп өӊү кызылбы айталбайм, бир башкача болуп, ого бетер сулуулугу артып, кичине толуп да калды. Кээде мага карап алып күлүп калат, «өӊүӊүз өзгөрүп кетти» деп. Азыр бизди тааныштарыбыз көрсө тааныбай да калышы мүмкүн эле.
Келгенибизге бир ай болгондо Элизаны ошол шаардагы эӊ кымбат деген ресторанга алып бардым да, колун сурадым. Башын жерге салып, кызарып-татарып жатып макулдугун берди. Анда да аябай акырын айткандыктан биринчи укпай да калдым. Ошол жакта мечит бар эле, эртеси барып молдого нике кыйдырып келдик да, бир үй-бүлө болуп чогуу жашап калдык.
Майда-чүйдө аралдар толтура экен, көбү бир фирмага караштуу, ал мамлекеттен сатып алып, үйлөрдү, катерлер токтой турган жайларды куруп, күндөн ток ала турган аппараттарды орнотуп, кыскасы, жашоого бүт шартын түзүп сатат экен. Аралдар деле аянтына, материкке алыс-жакынына карап бааланат, жакын болсо кымбатыраак, алыс болсо арзаныраак, бирок кичирээгин алсаӊ болот, ушунчалык эле асмандын баасы турбайт. Бизде таксилер тургандай атайын катерлер турчу, акчасын төлөсөӊ каалаган жагыӊа алып барып келет. Кааласаӊ арендага алсаӊ болот, бирок катерди өз алдынча айдаш үчүн 3 күн окуш керек. Орусча билген окутуучулар бар эле, окуп бизче айтканда айдоочулук күбөлүк алдым. Элиза экөөбүз аралдарды кыдырабыз, бош сатыла турган аралдардын эӊ бийик жерине көрүнө турган кылып желек илип коёт, барып кыдырып көрсөӊ болот. Телевизордон көргөн аралдарды минтип өз көзүбүз менен көрүп, кыдырып жүрдүк.
Мен ушул мамлекетте калам деп чечтим. Бирок документсиз өмүр бою эле жүрө албайсыӊ да. Кантип калыштын жолун издей баштадым. ө
Скутерлер аябай акча тапчу, байлар скутерлерди 20-30дан алып келип арендага берип коюшат. Бирок көбүнчө Кытайдан чыккан скутерлер, тез эле бузулуп калат, эки жыл сайын жаӊы алып турушат. Бузулгандарын кытайлар болбогон акчага сатып алып, кайра Кытайга алып кетишет. Япония, Кореянын скутерлери бар, бирок өтө эле кымбат. Мен бир күнү Акбар менен «скутер курап саталы, иштин баарын мен кылам, сен документ жагын карайсыӊ» деп сүйлөштүм, «пайданы теӊ бөлүшөбүз» десем, дароо эле макул болду. Бир жер үйдү арендага алдым да, алдындагы сарайына устакана ачтым. Себеби кээ бир жергиликтүү жашоочулар өзүлөрүнүн менчик Кытайдан чыккан скутерлерине Япониянын, Кореянын скутерлеринин запчасттарын салып алып он жылдап айдап жүрүшөт. Бир чоӊ шаарына барып керектүү инструменттерди алып келдим. Кытайдын скутеринин тез бузулган жерлерин алып салып, Кореянын, Япониянын скутерлерин саткан адамдарга заказ кылып алдырып, Кытайдын скутерине орноттум. Кичине эле жерлери туура келбесе, кытайлар деле япон, корейлердикиндей эле чыгарышат экен, запчасттары бири-бирине түшө берет, анчалык деле кымбатка түшкөн жок. Көп заказ кылсаӊ, арзан түшө тургандай, Кытайдан рамаларын, корпустарын алып келгенден көрө ушул эле жерде жасаса арзан болчудай. Үчөөнү жасап, краскаларын башка түскө боёп даярдадым. Сынап көрөлү деп бир ай тындырбай айдадык, Акбар туристтерге бекер эле берип койду, «бензинин куюп алып айдай бергиле» деп, алар күнү-түнү аны менен жүрүшөт. Скутерибиз жакшы эле чыгыптыр, сапаты корейлердикинен кем калган жок.
Акбар каякка барсам да тилмечим болуп жүрөт.
Ошол жерде бир депутат жашайт экен, бир чоӊ арал ошого караштуу болчу, Акбар ошого барып көрсөтпөйлүбү деп калды. Депутат эс алганы жума сайын келип турчу, кичине самолёту бар, учуп өтсө эле келгенин билишет. Бир күнү Акбар экөөбүз эки скутерди минип алып аралына бардык. Жан сакчылары менен жүрсө керек, аралына бизди киргизбей койсочу деп ойлодум эле, барсак катерлер токтой турган жеринде бир эле киши турат, скутерлерибизди байлап коюп, ал жакта турган жеӊил машиналардын биринин акчасын төлөп, арендага алдык да, үйүнө бардык. Бизге машина берген киши айтып койгонбу, билбейм, өзү чыгып тосуп алды.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 676-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 677-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 678-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 679-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 680-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 681-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 682-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 683-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 684-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 685-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 686-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 687-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 688-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 689-сан
БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 691-сан
Комментарийлер(20)
25.01.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен биринчи
25.01.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен биринчи
25.01.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи болсон азаматсын
25.01.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Рассакам кызыктуу жерине келдиго чиркин калганын бир еле жазып койсонор жакшы болмок
25.01.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мурдагы комменттерде олуп калат экен,анан МАИлер сактайм деп атып алат экен дегендер кана?Билбей эле токуй бергендер жаман да ушундай
25.01.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
олуп калат экен анан маилер сактайм деп атып алат экен
25.01.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
abdislam,Бул окуяны ким айтып жатат анан,тиги дуйнодон кат жоноттубу анда)))
25.01.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
көп көптөн чыгаргылачы
25.01.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул каармандын акчасы тугонбойбу не? Миллиардер болсо да не болуптур.
25.01.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олбойт.Ошол аралда жашап калат.Оштун тамактарын энсеп Кыргызстанды сагынып.Сагындым сени туулган жер,свгындым сени Ала-Тоо деп.
25.01.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсы арал экен ?арзан арал?
25.01.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пфффффф кызыгып окуп жургон элем бул санындагысы болбогон жомок. Арзан арал имиш.700$ доллардай эле коротот имиш дагы аралдар сатылат дейт тобоо. Гавай жак десем ал жак кымбат жалан эле миллионерлер эс алышат.Индонезия жак десем ал жер асмандын башы .кымбат да. Инд океандын жээгинде дейт бирок. Чындыка окшоштуруп жазбайбы десен....
25.01.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pakissstanka,Ал деген озунун аты жонун жашырып жатбайбы туурабы значить таджикистандын памиринде же ооганстанда журот арзан арал деп айтпаса билинип палат тамаша
26.01.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pakissstanka, Египетте анча эле арзан экен, бул бала барган жак кымбатырак ко. Айына 700 доллар кетсе.
25.01.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашбаланын жатып алып кыял сургону го
25.01.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kinogo
26.01.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ООба жакшы эле болуп келе жатты эле бул жагы жомок болуп кеттии
27.01.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asdef, коккууууй
27.01.2016. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага аябай жакты. Кыргызча детектив да. А то бут эле суйуу ж.б. жонундо. Китеби болсо алат элем. Болуп окуш жакпады
27.01.2016. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен акыркыыыыыы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо