Айпери Кубик кызы: «БАЛАМДЫН ИДЕАЛ ТУТКАН КУМИРИ БОЛГУМ КЕЛЕТ»

№690 22-январь-28-январь, 2016-ж

Айпери Кубик кызы үй-бүлөлүк очогун түптөп алып чыгармачылыкка жаӊы дем менен киришип, «эми сексуалдуу образ менен чыгам» деп турат. Бизге маек куруп, жеӊилдеп калганын айткан ырчыны үй-бүлөлүк жашоо кыйла өзгөртүптүр. Мурда далдаӊдаган ачык-айрым кыз эми тилин тишине катканды, сабырдуу болгонду үйрөнгөнүн айтып отурду.

«СҮЙҮҮНҮ ЭМИ БАШЫМДАН ӨТКӨРҮП ЖАТАМ»

«Күйөөгө тийдим, төрөдүм, эне болдум» деп шалбыраган көйнөктөрдү кийип чоӊ аял болгум келбейт. Жашмын, эми сахнага сексуалдуу образ менен чыгам. Мурда эле ошондой болчумун деӊизчи. Бирок күйөөмдүн алдында гана сексуалдуу болушум керек деген принцип менен жашап, көп эркектин көзүнө түшкүм келчү эмес. Мындай образ менен чыгууну жолдошум сунуштап жатат. Себеби ал чыгармачылыгымды, сулуулугумду колдойт. «Өзүӊө ишен, артыкчылыгыӊды элден жашырбай көрсөт» дейт.
Эми репертуарымды сүйүү ырлары толуктайт. Буга чейин атам «сен азыр сүйө элексиӊ, жүрөгүӊдө сүйүү жок. Аны сезбегенден кийин ырды маӊызына жеткире ырдай албайсыӊ» дечү. Эми болсо сүйүү келип, башымдан өткөрүп жатам.
Фантазиям күчтүү, идеяга баймын. Бирок аларды ишке ашырууга бардык учурда шарт боло бербейт. Турмушка чыккандан баштап жоопкерчилик артты. Келиндик кызматты аткарууну, бала багууну эптештирип келе жатам, эми күйөрмандарымды сүйүнтөм деген план бар.
Азыр эптеп ырчы болоюн, бир ырым элге тараса той-топурга чакырат, акча табуу оӊой болот деп ойлоп ырчы болгондор көбөйдү. Ырчынын көп болгону деле жакшы. Анткени салыштырганга атаандаштык керек, иргелип отуруп мыктылары калат.

«ЭРКЕКТИН ЭРКЕКТЕЙ БОЛГОНУ ЖАКШЫ»
– «Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» деген макалга «эркектин эркектей болгону жакшы» деген сөздү кошот элем (күлүп). Азыр жигиттер кыздарды сыйлап, назик мамиле жасап сыпаа сүйлөсө, аны «подкаблучник», коркок, жагынайын деп жатат деп ойлошот. Бул пас эркектердин түшүнүгү. Көп эркектер жеӊил оокатты ойлошот. Максатына жетүү үчүн аракет кылышпайт, шашып, кылган иши дароо жыйынтык бербесе, орто жолго таштап коюшат.

«КӨРӨ АЛБАСТЫККА КӨП КАБЫЛДЫМ»
– Бизде көрө албастык аябай өнүккөн. Ага мен да кабылгам, кабылып келе жатам. Атактуулукка эрте жетишкендиктенби, көрө албастык мектептен эле башталган. Көп жерге киргизбей, кылган ишимди көрө албай, атаандаш болот дегенсип басып койгондор чыккан. Ошол көрө албаган адамдардын арасында мен жеткен ийгиликке 5-6 жылдан кийин жеткендери да бар. Сөз ээсин табат, айткандарымды окуп жаткандар ким экенин билишет, өздөрүн таанышат.

«МАМИЛЕНИН БЕКЕМДИГИ ЭРКЕКТЕН КӨЗ КАРАНДЫ»
– Наруландын чечкиндүүлүгү, сөзүндө туруп аткаргандыгы, кыскасы, чыныгы эркектик сапаттары жаккандыктан аны менен сүйлөшкөм. Кызганып, жиндилик кылбай, акылы менен башкарчу. Жадакалса анын мага жасаган сый мамилеси үчүн досторум менен сүйлөшкүм келбей калган.
Үй-бүлөдө мамилени сактоо үчүн ишенич, сый, бири-бирин түшүнүүчүлүк керек. Ал адамдын көӊүлүн карап, керектүү учурда колдоп турсаӊ, кыз-жигиттин мамилеси тойго жетет. Үй-бүлө кургандан кийин башка жашоо башталат. Кээ бирлер «биз азыр да кыз-жигиттейбиз» дешет. Алар алдап жатышат деп ойлойм. Мамиленин бекемдиги эркектен да көз каранды. Эгер ага баары жакпай, муздап калса, аны жибитүү кыйын.

«ЧЫДАСАӉ, ЖҮНҮӉ ЖАЛТЫРАК БОЛОТ»
– Турмушка чыккандан кийин жашоо шартка ыӊгайлашып жашаганга үйрөндүм. Атам айтмакчы, «чыда, кызым, жүнүӊ жалтырак» болот дегендей, чыдамкай болууга көндүм. Азыркы заманда баарынын тили узун, баары сүйлөп калгысы келет. Мурда атырылган, далдаӊдаган, ачык мүнөз, оюма келгенди сүйлөп салган кыз элем. Азыр керектүү жерде гана сүйлөп, көпчүлүк учурда тилимди тишиме катып акылдуураак болгонго аракет кылам.
Үй-бүлө жаатында балага ата-эне үлгү болушу керек. Анткени ал сени көрүп чоӊоёт. Өзүӊ жаман жолдо жүрүп, билимдүү болбой туруп балаӊа «мындай бол, тигиндей бол» деп жакшы тарбия бере албайсыӊ. Ошондуктан өзүм түз жашап, баламдын идеал туткан кумири болгум келет. Маегимди окугандар «көптү төрөгөн энедей сүйлөптүр, өзүн чоӊ аял сезип алыптыр» деши мүмкүн. Төрөгөнүм үчүн чоӊ аялдардай сүйлөбөй эле бул менин дээримде бар нерсе. Жашоом алмашкангабы, берилген суроого маани-маӊызы менен жооп бергенге аракет кылам.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(106)
27.01.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оой эмне дейт?Аял кишинин кайсыл жери элге корунуп ачык журсо,тозокто куйот дейт эмес беле?Атан абройлуу инсан жузун жерге каратпа!Бирок тооба кылдым,чын журоктон барыбир.Кааласан кийим кийбей ырда озундун ишин ал.
27.01.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери ишине ийгилик сени дайыма колдойбуз
27.01.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсын, Айпери!!! Жаны образын озуно сонун жара
шыптыр. Баары алдыда. А сага сын-пикир айтылгандарды да туура кабыл алып, эч майтарылбастан алдыга умтула бер. Уй-булон сени дайым колдосун, чыгармачылыгына ийгилик. Куйормандарын кобойсун!♡
27.01.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи таланты болсо анан сулуу болуп жарашыктуу кийинсе
Saikal88 түзөттү 2016-01-27 17:06:28
27.01.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башта абдан сыйлачумун.азыр жакбай калдын.
27.01.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айперинин талантына баа берем.Бирок... эми куйоосу бар,кайын журт,баласы бар туруп сахнага кантип сексуалдуу журо алат. кайн атасы энеси коруп бул биздин келинибиз деп башкаларга сыймыктанып айта албай сексуалдуу жузун сахнадан коргондо баштарын катышат го. билбейм,ото эле заманбап кайн журт болбосо.Биз кайда кетип баратабыз! кыргызча кийинип жургондон уялсан европаны туураганча арабдарды туурасанар уяттуу жерибиз жабылып журот беле.
27.01.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айпери материал жетпей калдыбыы койногуно,эрин кантип сахнага сексуалду болуп чык деди сени кызганбайвы же ХХХ ыя
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-28 15:39:36
28.01.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
malywKG,
Эскертүү! Коомдук этиканы сактаңыз!
28.01.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куйосу кайын атасынан деле уялса болмок, аялына сахнага сексуалдуу болуп чык дегенден
28.01.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоосуну "элден артыкчылыгынды корсот" деген созу менен "мындан ары сексуалдуу чыгып баштайм" деген созу биринчиден шариатка туура келбейт, экинчиден мындай тушунук элибиздин ой жугуртуу рамкасынан сырткары! Бир жакшынакай эле кыз эле, эмне болгон буга?! И так эле сексуалдуу чыкпаса деле колдоочулары жетиштуу эле болчу го?? Аттин мен учун рейтинги тушту эми..
28.01.2016. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiperi jak6ynakai ele interwiu bergen. Suluu, suilogon sozu dele ordunda,kiiinse kiiinsin men ech kandai dele jazalmasyn koro algan jokmun.
28.01.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olivia, Айпери окшойсун да. ))
28.01.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сексуальность должна исходить изнутри,красивая,симпатичная-это не значит сексуальная.ХХХ ХХХ чыкса эле сексуальный болуп калдым деп ойлосон ХХХ жанылышасын.Кыйраган деле уну жок,канчалык майын чыгарып жасаба,талант болбогондон кийин,куру бекер убара го дейм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-28 15:56:32
28.01.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksb,
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
28.01.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ ХХХ корсотсо эле сексуальная болуп калам деп ойлойт окшойт.Сен катуу жанылышасын.Сен деген келинсин,жарсын,кайын журт деген бар,айткан созу менен кебетеси дал келбей калыптыр.Уулуна улгу боло турган кебетен ушубу??? Жумушумдун майын чыгарып жасайм дейт,талант жок болгондон кийин,чыгармачылыкты жон коюп эле,башка иштин,уй булого тиешелуу иштердин майын чыгара бер
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-28 15:57:01
28.01.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
турмушка чыкканы Айгерим экоо алмашып калыптыр го,мурда Айпери ыйман жонундо коп суйлочу эле а Айгерим саксандап журчу эле эми Айгерим токтолуп ыймандуу келин болду го а Айпери чечине баштаптыр,куйоосу жудогондор ушинтип оздорун озу билип сый урмат уят сыйтты унутуп башташат, кайн журт ата энени унутуп коюп интервю берсе керек
28.01.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бала менен уйдо отурган кандай экенин билебиз го, тем более эл адамы болсо... Просто оз оюн ачык айткандагысы да)))
Не болсо да ийгилик))))
28.01.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайра мурун жонокой болчуго.Таласга тийди беле,мактанчаак болуп калыптыр.Мен жеткен ийгиликтерге,сулуулугумду,мурда эле сексуалдуу болчумун денизчи,тилиме тишиме басып,акылдуурак болуп,это слишком )
28.01.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Койногунун жакасына жетбей калыптыр кызыл материал.Государство толоп бермек жетбегенин.
28.01.2016. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2014-жылы ХХХ берген маегинде "Төшү ачылган, же арты ачылган кийимдерди такыр
кийбейм" деген экен го. Азыр бул кийген кийими кандай болуп калат!?
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-29 15:19:07
28.01.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Asyl.jazi,ооба айткан менда уккам
28.01.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кетсин!
28.01.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ииии мурункудай эле скромный болуп журсо болмок. Наоборот ак жоолук салынып алса
29.01.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурун ушу кызды ыймандуу Сайкал,Айгеримдерге окшобойт деп сыйлайт элем. ХХХ ХХХ Ийгиликке жеттим деп тимле,кайсы ийгиликти айтып атат.Бир норм ыры жок.Уят!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-01-29 15:20:03
29.01.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Geran,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынат!
3 күн БАНга!
29.01.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайната кайненесин сыйлабаса жок дегенде оз атасын сыйлап койсо болмок уят куйосу кызык экен куйосу бош окшойт ээ
30.01.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айпери маладец дайыма алдыга жур мен сени жакшы кором,сен аябай таланттуусун.
30.01.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айпери таланттуу, суйкумдуу кыз, кинодо ойногон рольдорун да мыкты аткарган, бирок азыркы суйлогон создору, кийген кийимдери кишини ирээнжитти.
30.01.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым туура жолго салсын! Шайтандын жолуна тушуп алган корунот.
30.01.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым ыйман берсин деген создон башка эч нерсе айта албайм
31.01.2016. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кызга башынын маани бербейм.
Мага лично ысык-суугу жок.
31.01.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыда Айпери чыда жунун жалтырак болот)))
01.02.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айпери аябай эле аша чаап кетиптирсин мен сени атан менен гастолдо жургондо коруп аябай тан калгам сексуалдуулугунду коргозбой туруп кулинарияда озунду корсот! Боюнда болсо деле атана эркелеп жаттын эле тороп эле стресс болуп стрессин жазыла электе суйлоп салдынго дейм.
Атан экоондун насаат ырынар барго ошондогу образ менен жашасан жакшы болмок.
05.02.2016. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери жаман тантыпсын чынын айтсам
22.05.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба кылдым эмне депле комм.жазат десе эле жаза берипсинерго,силерди биринчи окуп анан аны угайынчы десем жалан жамандоолор уят деп эле,озу билетда сексуальная болсо айтыптыр ошондоймун деп,озунор жудомуш болсонор анан коралбайтасынарбы,силерда ага жетип алгылачы жудобой!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо