№690 22-январь-28-январь, 2016-ж
Өткөн аптада мандатынан кол жууп калган Жогорку Кеӊештин депутаттары Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова 15-январь күнү депутаттык ыйгарым укуктарын сот аркылуу кайтарып алышты. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту БШКнын аталган эки эл өкүлүнүн мандаттан ажыратуу чечимин жокко чыгарды. Сот өз чечимин Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын талапкер кезинде жазган арыздарынын юридикалык күчү жоктугуна таянып чыгарды. Бирок БШК Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы чыгып, Жогорку Сотко кайрылды. Жогорку Сот бул ишти 21-январда карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Башкача айтканда, аларга мандаттар кайтарылып берилбей турган болду. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Тообо-тообо, ушундай кантип болсун, 6 айдан бери депутаттар ордун табалек...
Мектепте стол,орун талашчу элек...1-сентябрда барып алып...