Гүлжигит Сатыбеков: «УУЛУМДУ ӨЗҮМ ТАРБИЯЛАЙЫН ДЕП ЖАТАМ»

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Салмактуу кадам таштап, орду менен сүйлөгөн Гүлжигит Сатыбеков «Коштошуу», «Көз жаш» аттуу муӊдуу ырларды кабак түйүп аткарып белгилүү болгон. Айрымдар «бул ырчы жүрөк оорутуп, эзилип ырдай берет экен» деп чыгышканда «Лейлектик кызга», «Тико» өӊдүү чыгармаларды жаратып «жеӊил-желпи ырларды жараттыӊ» деген сынга да кабылды. Бирок ырчы кандай гана ыр чыгарбасын ал угармандарга жагып, чыгармачылыктагы аудиториясын таба алды.

– Гүлжигит мырза, саламатсызбы? 5 күн концерт бергени турасыз. Башка ырчылар менен атаандаштыктан улам ушунча күн концерт коюп жатасызбы?
– Мен эч убакта бирөө менен атаандашкан эмесмин. Кесиптештериме ич күйдүлүк кылып, жамандык каалоо жан дүйнөмө жат көрүнүш. Биз бала кезде Чубак Сатаев баш болгон ырчылар 10-15 күн концерт беришчү. Мен дагы ошол жөрөлгөнү улап, күйөрмандарым келип жыргап эс алып кетчү концерт берейин деп чечтим. Жөн эле 5 күн коюп койбостон, дыкат даярдык көрдүм. Концертте өзүм түзгөн жаӊы музыкалык топ коштоп, ырчылардан конок катары Гүлнара Кахарова ырдайт. Мындан тышкары концертимде «Жакшы адамдар доско бай» аттуу альбомумдун бет ачары болот.
– Ырчылар бир күндүк концертинин чыгымын эсептеп «баланча миӊ долларды чапчыды» деп калышчу. Беш күндүк ижара акыны, жарнамага кеткен чыгымдарды каржылап берген демөөрчүӊүз барбы?
– Концертимди жеке бир адам каржылаган жок. Менин демөөрчүм – эл. Калкымдан тапкан пайдамды катып албай, чыгармачылыгыма жумшайм. Концертти акча табыш үчүн койгон жокмун. Элдин жан дүйнөсүн жыргатып, руханий азык тартуулайын деген максатта берип жатам.
– Буга чейинки концерттериӊизде сизди пайдаланып кеткендер болгон экен. Акыӊызды жедирбегенге үйрөндүӊүзбү?
– Өткөн күндөрүмдүн жакшы гана көз ирмемдерин эстегим келет. Мени пайдаланып, акымды жегендер болсо, аш болсун.
– «Тойдогу «ставкамды» мындан да көтөрөм» деп айткан элеӊиз, жаӊы «ставкага» той ээлери көнүп жатышабы?
– Чакырган жакшылыкка убактым болсо барып, ырдап берем. Мынча бер деп баалашпайм, бергенин алып жатам.
– Репертуарыӊыздын басымдуу бөлүгү кайгылуу ырлар. Жан дүйнөӊүздө мындай кайрыктар жашаганынын себеби барбы? Сахнада ойлуу көрүнөсүз, сахнадан тышкаркы Гүлжигит кандай адам?
– Чыгармаларымдын өзүмө такыр байланышы жок. Аталган кайрыктар күйөрмандарымдын суранычы менен жаралат. Алар мага жоопкерчилик артып, салмактуу, турмуштан алынган, жан дүйнөнү толгото турган ырларды чыгарышымды өтүнүшөт. Сахнада ойлуу көрүнсөм керек. Досторумдун арасында шайыр, ачык адаммын.
– Сахнадагы жүрүшүӊүздөн уламбы, айрымдар сизди «бой көтөрүп, манчыркап кетти» деп айтып калышат...
– «Бой көтөрүп кеттиӊ, биз менен жолукканга убактыӊ болбой жатабы?» деп досторумдун айрымдары капа болушат. Мен аларга актанып отурбай, көздөрү менен көрсүн деп эки досумду жаныма ээрчитип алдым. Эки күн бирге жүрүшкөндөн кийин түшүнүштү. Азыр телефон чалып, акыл-кеӊештерин айтып турушат.
Артымдан түрдүү имиштер, ушактар айтылат. Мурун мындай кептерди териштирип, урушкан күндөрүм болгон. Азыр жаман сөз уксам дагы капа болбойм, мага убакыт бөлүп кеп кылып жатышкан адамдарга ыраазы болуп коём.
– Сөзүӊүзгө караганда өзүӊүздү издеп, чындыкты тапкыӊыз келгендей. Бойдок жүргөнүӊүздүн себеби ушунда эмеспи?
– Жеке жашоомду даӊазалабайм. Буюрса, бир башты эки кылчу мезгил да келет. Азыр мен чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен убагым.
– Бала чоӊойгон сайын атасы менен олуттуу сүйлөшүүгө өтөт эмеспи. Уулуӊуз сизди апасы менен бир болууӊузду каалабайбы?
– Уулум менен телефондон сүйлөшүп турам. Айылга барган сайын жолугабыз. Жакында эле мектебине барып классташтары менен таанышып, сүрөткө түшүп, ырдап берип келдим. Канткен күндө да ал бала, мен атамын. Ата-баланын деӊгээлинде сүйлөшөбүз. Апасы экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүздү ал кийин түшүнүп алат.
– Бала үчүн атанын тарбиясы маанилүү да. Өзүӊүз тарбиялагыӊыз келбейби?
– Өзүмдүн жаныма алып келейин деген оюм бар. Бирок баламдын азырынча бир жактуу тарбия алышын каалайм. Чоӊоё берсе, баарын убакыт көрсөтөт.
– Бала кездеги кыялыӊызга жеттиӊизби, азыр эмнени кыялданасыз?
– Бала кезде ырчы болууну кыялданып, сабактан келгенден кийин бир бөлмөгө кирип, сумкамды аккордеон кылып асынып, китептеримди барабан кылып сызгыч менен койгулап, бөлмөнү жаӊыртып ырдачумун. «Биз» тобунун ырларын угуп, ошолордон таасирленип чоӊойсом, азыр ал ырчылар менен бир сахнада ырдап жүрөм. Бала кездеги кыялдарымдын баары орундалды. Эми кыргыз элим үчүн, маданияттын өсүп-өнүгүшү үчүн кызмат кылууну ойлоп, болгон аракетимди жумшап жатам.

"Уулум таенесинин колунда. Айылга барган сайын жолугуп турам".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Ырдаган күнөө эмес. Кудай берген өнөрдү кантип таштайм?" дейт Гүлжигит Сатыбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(51)
01.02.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ата-эне го турмушта оз жолун эптеп таап кетет. Ал эми балдар оз жолун тапкычакты бир топ эле кыйынчылыктарды басып отот. Жок дегенде балалуу уй-було бузулбаса экен.
01.02.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик
01.02.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларын озу чыгарат,жакшы ырдайт.
01.02.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгармачылыгын сыйлайм! Ырлары уккулуктуу! Азаматсыз демекмин!
01.02.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азатсыз Гүлжигит ака.Дагыдагы жаңы ырларыңызды күтөбүз.
01.02.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Башынан көптү өткөргөн мырза экендиги ырларынан, өзүн алып жүргөндүгүнөн байкалып турат. Жубанга үйлөнөбү же кызгабы эң негизгиси экинчи ирет жаңылып, жашоосун уратып албагыдай болуш керек. Мүнөзү бир аз катаал, өжөр өңдөнөт, өзүнө ылайыктуу кыз табуу да оңойго турбайт мындайда.

Бирок аябай аракетчил, жөнөкөй, чыныгы чыгармачыл адам. Экинчи "Бек Борбиев" деп койсок да болчудай. Ырлары дал Бек агасынын ырларындай болуп, эл оозунда көпкө ырдалып жүрө турган ырлар.
Mediziner түзөттү 2016-02-01 17:49:12
01.02.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгармачылык ийгилик,баардык ыры жагат.
01.02.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздин ырларыныз дайыма менин жан дуйномдон орун алып келет. Ийгилик сизге
01.02.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жолдошумда аябай кызыгуу менен угат ырларын.ош шаарынада концерт койот бекен?билгендер барбы.билет алып берип суйунтойун жолдошумду
01.02.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик чыгармачылыгына . Ырчы катары ото баалаймын, ырлары салмакту. Алга дагыда жакшы ырларды кутуп каламын.
01.02.2016. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун тарбиялабасан сага бироо озундой тарбиялап бермек беле
01.02.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркек брат.
02.02.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге,ушунуздан жазбаныз!Ырларынызды эл суйуп угат!
02.02.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кооп кетиртир, корунуп эле турат, менин куйоом да копкон, точно ушундай, баласын аялын таштап, мен элдик кишимин деп, озу тушунот, кыз алам деп, эркектердин кээ бири эле мындай доолотту которбосо, кобунчосу ушундай болуп калат, озунуку эле туура, калганы былжырашат типа, коробуз ошол алган кызынызды, жубанды жубан кылган сизге окшогондор даа..
02.02.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андай - мындай деп ооз коптуруп суйлой бербегиле достор , эч кимибиз билбейбиз , эртенки кунубузду жада калса 1 муноттон кийин эмне болоорун ...
Турмуш - тагдыр ар кимде ар кандай болот да , тим эле бактылуу болсонор болушкуло бактынарды , сындап эмне таптынар , муратка жеттинерби , же байып кеттинерби ? Ар ким алынча жашайт , ырчыбы карапайымбы , анын жеке жашоосу силердин дастарконунарга нан болуп бермек беле ? Ыры жакса ырын уккула , жакпаса жакканын уккула да !
02.02.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардык ырлары сонун,маанилуу,уккулуктуу,элдин журогуно жаккан,эл оозунда каерде болбосун ырдалып журот.Озу да оор салмактуу,созун таап суйлогон адам десек болот,мен Гулжигитти аябай сыйлайм жана суйом,2-Бек десек жанылышпайбыз туура,иштерине дагы дагы ийгиликтер боло берсин!Гулнур Сатылганованы аябай сыйлачумун,Гулжигттти коралбастык кылып жамандагандан кийин жаман коруп калдым.
02.02.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигиттин таланттуу деп эсептейм
02.02.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сенден кетейинчи деген ыры жагат аялы ушунчалык тажаткан окшойт ээ
02.02.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай адам экенинизди билбейм бирок ырларынызды адамдын журогуно жете тургандай ырдаганыныз мага жагат ийгилик каалайм сизге
02.02.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн мыктылардан!
02.02.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, бир интервьюсунда мен жубан албайм, кыз алам дегени бар ошодон кийин эле жакпай калган мага. бирок ырлары жакшы эле.
02.02.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озун сезип калган го
02.02.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец.канча ставка менен барганын айтпай ырас кылат.кымбат дегендер чакырбай койгула.озу билет да бойун которобу жокбу.ийгилик
02.02.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык аброй адамды бардык өзгөртөт ставкасын дайыма жогору коюп келет. Бергенин алам дегеничи ха ха
03.02.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм. Мага баардык ырлары жагат, уй булобуз мн ырларын кууп угабыз.
Жанылбаган адам болбойт,эртерээк бактынызга жолугушунузга тилектешпиз
03.02.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жубан алабы кыз алабы биздин ишибис канча,мага мисалы ырлары жагат
04.02.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит аканин ар бир ыры обону да озуно дал келген. Ар бир ырын уй-булообуз менен калтырбай угабыз.Чыгармачылыгы мындан да оркундой берсин. Таланты ташкындай берсин.
05.02.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
алдыгы суроту окшошпой калган го гул которуп чуркап келе жатканы
06.02.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары абдан жагат. Анча мынча ырчыларга караганда жакшы ырдайт. Уккулуктуу да. Жеке турмушуна келсек ар бир пенде бактылуу болсун. Чымчыктын да уясы бузулбасын демекчимин.
14.03.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин жергебизге келип аябай кызыктуу концерт койду рахмат сизге ийгилик!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо