№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж
Адам баласынын өнүгүүсү, жаш курагынын бөлүнүшү тууралуу бир нече вариант бар. Психолог Кеӊешбек Усенов жаштыктын экинчи мезгили катары 25-35 жашты, 36-60 жашты орто курак, ал эми 60тан жогору улгайган курак деп эсептейт. Бүгүн биз орто куракка токтолууну чечтик. Окумуштуулардын айтымында, бул куракка кадам таштаган учурду аялдарга караганда эркектер оор көтөрүшөт.
ОРТО КУРАКТАГЫ КРИЗИС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Адамдардын турмуш жолу ар башка, бирок алардын жашоосунда психологиялык кырдаалдын жалпы окшоштугу байкалат. Орто жаштагы адамдын көз карашы калыптанып, жашоонун мазмунун аныктап, турмушка чечкиндүү кадам таштап жаткан учуру. Мисалы, жаш кезде кетирген жаӊылыштыгын кайталабайт. Ошого карабай орто курак мезгилинде ажырашуу, араздашуу, таарынышуу өӊдүү жагымсыз иштер орун алып, кризис башталат.
«36 жашка чыктыӊбы, сенде кризис, эркектердин баары кыйналат» деп аныктама коюу да туура эмес. Бирөө бул кырдаалга эрте, кээ бирлер кеч тушугат (3-5 жыл аралыгында өтүп кетет). Ар ким генине, мүнөзүнө, жашоону кабыл алуусуна, үй-бүлөсүнө, жумушуна байланыштуу ар түрдүү кабыл алат.
Орто куракка келген эркектер эки кризисти башынан өткөрүшөт.
Биологиялык кризис. Эркектердин организминде жыныстык гормондордун бөлүнүшү азаят. Гормоналдык өзгөрүүдөн улам иш жөндөмдүүлүгү жайлап, эс-тутуму начарлап, өнөкөт оорулар күч алып, кыскасы, жашоонун сапаты начарлап, эркек өзүн жаман сезе баштайт. Айрымдары бул куракта аялдарын чанып, жаш кыздарга ыктап, жашаргысы келет. Бул өзүмчүлдүк, жаштыгын кармап калуу үчүн жан далбастоо. Жашы өйдөлөп калган эркектердин «жаш кыздар менен болуу башкача жыргал» деген
сыяктуу сөздөрү жөн гана жомок. Чындыгында канча жаштагы аял менен болбосун окшош эле ырахат алышат.
Социалдык кризис. Психологдор менен социологдор эркектин 50 жашка чейинки жетишкендигин өзүнүн кесибиндеги, аракетиндеги чоку деп эсептеп келишет. Бул курактан өтүп социалдык акыбалын жакшырткандар бар, бирок аз. Анткени жаш кездегидей энергия жок, ой жеткен жерге кол жетпей калган учур болот. «Буга чейин мен эмне кылдым, кандай иштерди жасадым, кайсы максатыма жетпей калдым?» деп өзүнө-өзү отчёт берип, жашоосун териштирип жаткан мезгил. «Менин чама-чаркым ушуга эле жеттиби, мындан ары өсө албаймбы?» деген суроо да түйшөлтөт.
КРИЗИСТИН БЕЛГИЛЕРИ
КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Бул кризисти кай бирлер ушундай болуу мыйзам ченемдүү көрүнүш деп кабыл алса, айрымдар «эмнеге мындай болуп жатат?» деп себептерин изилдей баштайт. Себептерин изилдегендер бетине крем сүйкөп, спорт менен машыгууну туура жол деп табат. Мындай алектенүү депрессиядан алыстатат. АЯЛДАРГА КЕӉЕШ
Күйөөсүнүн өзгөргөнүнөн улам өзүн алаксытуу үчүн ар кандай көӊүл ачуулар, компьютердеги оюндар менен достошуу, курбулары менен жөнү жок эле тез-тезден жолуга берүү, ар кимге күйөөсүн жамандай берүү отко май куюу менен барабар.Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |