Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Кыздын жанына даап бара алышкан жок. Өкүрүп-бакырып оонап жаткан кара жигитти эки-үчөө сүйрөп жуунуучу бөлмөгө алып кирип кетишти./
– Кармагыла!- жигиттердин арасынан бирөө өктөм сүйлөдү. Кыз алсыз болчу. 5-6 олбурлуу жигитке баары бир алы жетмек эмес. Арууке алсыз экенине, кыз болуп төрөлгөнүнө өкүнүп кетти. Адамдык сапаттан айрылган акмактардын тобу назик кызды зордуктап, кордой башташты. «Апа-а!» кыз кыйкыргандан башка арга таба албады. Бир убакта эсин жоготуп койду.
– Эй, бул эсин жоготуп койду окшойт.
– Өлбөйт. Эч нерсе болбойт!
– Эй! Мунуӊар өлүп калды,- кыздын эки колун бекем кармап турганы чебелектеди. Ушул убакта бир көзүн таӊып алган тиги кара жигит бөлмөгө баш бакты. Жинденип алган.
– Эмне эле болуп жатасыӊар?!
– Бул эсин жоготуп койду окшойт.
– Арамзаланып жатат. Энеӊди!- жигит болгон күчү менен эсине келе албай жаткан Аруукени эки-үч ирет башка тээп жиберди. Бирок ал чынында эле эсин жоготуп койгон эле. Кара жигиттин соккусун сезген жок. Тиги ачуусун токтото албай, Аруукени чачынан өйдө көтөрүп дубал сүздүрө баштады.
– Калыс, өлтүрүп аласыӊ, токтот!- балдардын ичинен бирөө аны токтотконго аракет кылды.
– Турчу, энеӊ!- арачаламакчы болгон жигитти түртүп жиберип, ары жакта турган отургучту алды да, аны менен кызды башка чапкылап жатты.
– Болду! Өлтүрүп салдыӊ!- жигиттердин эки-үчөө ачуусуна муунуп, өзүн токтото албай жаткан Калысты басып жыгылышты.
– Дем албай калыптыр. Жүрөгүнүн соккону да угулбайт,- бирөө Аруукенин демин тыӊшап жатты.
– Эми эмне кылабыз?- көзү алайып коркуп алган бирөөсү ыйлап жиберейин деди.
– Энеӊди! Эмне эле жаныӊар чыгып жатат?!- Калыс кыйкырды. – Өлсө талаага алып барып көмүп салабыз. Бул сойку мени сокур кылды. Баары бир өлтүрмөкмүн.
– Өлүптүр! Моюну да сыныптыр!
Жана эле «баатыр» болуп алсыз кызды кордоп жатканына маашырланып жаткандардын өӊдөрү бозоруп, алактап калышты.
– Тиги килемге ороп туруп машинага жүктөгүлө!- кара жигит буйрук берди. Килемге оролгон Аруукенин денесин шаардын сыртына алып чыгып өрттөмөк болушту. Бирок арасынан бирөө шаардан чыкканча МАИ тосуп калышы мүмкүн экенин эскертти. Анда булардын абийири ачылмак. Бирөөсү акыл айтты: «Таштанды таштаган челекке таӊ эрте таштайлы. Эртеӊ менен унаа өзү эле челектин ичиндеги таштандынын баарын жүктөп дароо майдалап салат го. Билинбей калат». Дагы бири үн катты: «Болбосо өз ажалы менен өлгөндөй кылып коёлу. Канын тазалап туруп таштап койсок, суукка тоӊуп өлгөн селсаяк деп ойлоп калышат».

***

Арууке сейилдеп кеткен боюнча кайтпай калганына санаа тарткан Айгерим адегенде өздөрү жашаган аймактан курбулары менен кызды издеп көрдү. «Адашып кетсе керек» деген ой болгон. Бирок 2 күн бою Арууке жок болуп жатканынан милицияга кайрылды. «Аман болсо экен. Бир нерсе болсо, баарына мен күнөөлүү болом. Мен чакыргам. Кудай, аман кыла көр». Айгерим эртели-кеч тиленип жатты. Арыз жазганына эки күн өткөндөн кийин ага чалып калышты. Милициядан экен. Орой үн сүйлөп жатты:
– Сиз Арууке Кадырбекова жоголду деп арыз жазгансыз. Аны тааный аласызбы?
– Ооба, мен милицияга анын сүрөтүн бердим эле го.
– Сиз таанып беришиӊиз керек болуп жатат. Өлүкканага келиӊизчи.
– Өлүкканага?!- Айгеримдин жаактары титиреп өзүнө ээ боло албай калды. Көзүнөн жаш кетип, буркурап ыйлай баштады.
– Сизде Кадырбекованын кандайдыр бир документтери болсо ала келиӊиз. Та-ак, ыйлабай, даректи жазып алыӊыз,- телефондун аркы учундагы орой үн өлүккананын дарегин кайталап жатты. Бөлмөдө Айгеримдин жанында отурган кыздар ыйлап жиберишти. Алар баарын түшүнүшкөн эле.

***

Жанар Наргиза менен күнүгө жолукчу болду. Бетке айткан мүнөзү бар ашыкча чынчыл Наргиза Аруукени таптакыр унуткартып, анын ордун баса албайт, бирок ал андан калган жараатты айыктыра алчудай. Жигит ушинтип ойлоп, Наргизаны сүйүп калууга аракет кылып жатты. Ооба, ал: «Мен Наргизаны сүйүп калышым керек» деп максат койгон. Бул, албетте, жигиттин өзүмчүлдүгү эле. Ал Аруукени унутуу үчүн Наргизанын сезимдери менен ойноп жаткан. Бирок башка арга жок болчу.
– Сен сүйүүгө ишенесиӊби?- Наргиза Бишкектин чок ортосундагы кафелердин биринде тамактанып отуруп Жанарга суроо берди.
– Хе... Эмне болду анча?
– Негизи айтсаӊ?
– Негизи айтканда сен жаш баланыкындай суроо берип жатасыӊ. Ойгон, чоӊ кыз! Сен жыйырмадасыӊ!
– Демек, ишенбейсиӊ?
– Жок!
– Менимче, сен сүйүүдөн азап тартып калган окшойсуӊ. Экөөбүз шаардан биринчи жолукканда эле ушинтип ойлоп койгом. Антип суроолуу карабай эле кой. Мен көрүп турам. Кыязы, сенин сүйүүӊдү баалабай коюшкан окшойт. Балким, сүйүктүүӊ таштап кеткен. Сени башкага алмаштырып сезимдериӊди тебелеп салган.
– Эмнеге бул сөздү козгоп жатасыӊ, Наргиз?
– Себеби мен сени тээ окуучу кезимден бери жакшы көрөм. А сен мага мектептен кичине кыз дегендей мамиле кылчусуӊ. Азыр болсо өзүӊдү кыйнап мени менен жолугуп
жатасыӊ.
– Андай эмес.
– Калп айтпачы! Алдабачы! Андан көрө болгонун болгондой айтып кой, мен таарынбайм. Сенин көздөрүӊдөн баары көрүнүп жатпайбы.
Жанар жылмайып койду. «Акылдуу экенсиӊ» деди ичинен.
– Наргиз, мага таарынбайсыӊ. Өзүӊ айттыӊ. Ооба, чын эле бир адамдан көӊүлүм калган.  Ушунчалык көӊүлүм калган экен, ооруп калдым. Айыга албай жаткам. Анан сага жолуктум. Ишенсеӊ, сен мени жашоого кайтарып жатасыӊ. Ошол...
– Демек, катуу сүйгөн экенсиӊ. Өткөндө бир тасмадан «ар биринин жетпей калган сүйгөнү бар» деген сөздү уккам. Андыктан ыйлай бериштин кажети жок. Сен антип азап тарткан жалгыз киши эмессиӊ. Жигит болуш керек,- Наргиза тамашалап Жанарды далысынан таптап койду. Жигит ыӊгайсыз болуп кетти.
– Демек, сенин да жетпей калганыӊ бар экен да?
– Жок, мен жетсемби деп жатам,- Наргиза көзүн кысып жылмайып койду.
– Мен сенин жыйырмада экениӊе ишенбейм. Өтө эле акылдуу экенсиӊ.
– Анткени жыйырма бирдемин,- Наргиза каткырып күлүп койду. «Аруукеге окшош жактары бар экен» капысынан Жанарга ушул ой келип, бул үчүн уялып кетти. «Аруукеге салыштыра бергенди токтотуу керек» деди ичинен.

***

Айгерим кылар айласын таппай калды. Аны сөөктү тааныганга алып киришкен. Дароо эле тааныды. Курбусунун кырдач мурдуна, сулуу жүзүнө дайыма суктанып жүрөр эле. Арууке муздак бөлмөдө адаттагысындай супсулуу болуп көздөрүн жумуп жаткан экен.
– Курбуӊуз баӊгизатын ашыкча колдонуудан каза тапкан болушу мүмкүн же алы келбей көчөдө жыгылган, ошол бойдон тоӊуп калган,- орус улутундагы милиция кызматкери сүйлөп жатты.
– Кандайча? Ал баӊгизат колдончу эмес.
– Ким билет? Балким, колдончу. Кээде сизден оолактап дааратканага же дагы башка жакка чыгып көпкө жок болуп кетчү беле?
– Ооба.
– Демек, колдонуп жүрчү.
– Аруукени билем да, ал жакшы кыз болчу. Андайга бармак эмес. Балким, бирөө өлтүрүп койду.
– Ким өлтүрүшү мүмкүн? Душмандары бар беле?
– Жок.
– Чоӊ кыз, биз аныктап чыктык. Ал баӊгизатын ашыкча колдонуп, көчөдөн эс-учун жоготкон да, тоӊуп өлүп калган.
– Бирок эшикте апрель бүтүп калды го.
– Бул Москванын апрели, Бишкектики эмес. Кыскасы, кылмыш ишин ачууга негиз жок.

***

Калия менен Кадыр ашканада отурушкан. Дем алыш күн эле. Бош убакыт табылып, ар кайсыны сүйлөшүп жатышкан. Капысынан коӊшулары, Кадырдын иниси аялы менен топурап кирип келишти. Калиянын жүрөгү оозуна кептеле түштү.
– Деги эмне болуп кетти? Атамбы?- Кадыр инисинин үрпөйгөн түрүн көрүп картайып калган атасын эстеп кетти.
– Жок, байке, Аруукеден айрылып калдык.
Саамга Кадыр да, Калия да дендароо болуп туруп калышты. «Жок, жок! Арууке эмес. Арууке эмес». Калия акырындан добуш чыгарды. Бара-бара анын сүйлөнгөнү ачуу кыйкырыкка айланып, жер тытмалап ыйлай баштады. Кадыр да кыйкырып жиберди. Мындайда көкүрөктөн ач айкырыктан, ыйдан бөлөк эч нерсе чыкпай калат экен.
«Жок. Кызым, кызым... Аруутайым! Арушум! Жок! Жок! Аруутай...» Кызынын ысымын кайталап, ыйдан алсырап калган Калияны бир топ адам жөлөп-таяп тургузуп жатышты. «Байкуш кызым! Байкуш кызым! Аруукем! Аа-а...» Кадыр өксүп ыйлады, бирок ыйы, кыйкырыгы анын кайгысынын тырмактай бөлүгүн да көкүрөгүнөн чыгара алган жок. Ый кайгыны толук чыгара албайт экен. Ый аргасыз иш экен. Заматта бир кезде күлкү жаӊырып туруучу, Арууке аттуу баарын тамашалай берген боорукер кыздын үйү арманга толуп калды...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(45)
01.02.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башка эле кыз болуп калса экен
01.02.2016. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай окунучтуу Жанар экоо чогуу калышса болмок аягында.
01.02.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
башка эле кыз. Аны деген сабап уруп салышканго баштары жарылды беттери дегендей.
01.02.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
арууке аман калат болуш керек башка бирөө менен алмаштырып алышат окшойт. чыгарманын башталышында жанар метродон көрүп калды деп башталат эмеспи?
01.02.2016. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой боой индийский кино болуп кеттиго.кудай света сын жашоодо мындай болбосун
01.02.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aruuke bolboso kerek bangizat koldongon deytko
01.02.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким болсо дагы кийинки санын күтүш керек.
01.02.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Индийский кино болотго бул жагы
01.02.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо мындай окуялардан Аллах сактасын.таасирленип кеттим
01.02.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Min chygarma bolgon kundo dele, myndai akmaktardyn bar ekenin ugup ele jurobuz!
01.02.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арууке олбойт башка кызга алмаштырып алышат Арууке тируу калат озунчо жашоону баштайт Жанар экообу Москвада метродон жолугушат
Svoboda83 түзөттү 2016-02-01 13:50:55
01.02.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан не болду?Кооптон эле жазып салгылачы!!!((
01.02.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aruke menen ayselim 27 kun ichindegi tozok okwow eken ne deybiz akyry jakwy butso ele
01.02.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аруукеге чала!!! Жон эле журо бербейби.... талаада суутуп коюптурбу...
01.02.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа коп каталар бар экен.
01.02.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкаачы болуп баратышат. Оздорунун карындаштарын ойлошпойбу, :(((((
01.02.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу админ бул сериалдын башын кайсыл жактан окусам болот шилтеме берип коюнуздарчы метродо жолукканын окуй албай жатам
02.02.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Angelina15,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз.
http://www.super.kg/article/show/33771/
01.02.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээх эми качан бир жума отот туугандар менимче кыз тируу болум J тамгасынан тааныйтго дейм каатту башына сокку жеген сон перезагрузка болуп кеткенго айыгып )))
04.02.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Angelina15,сен туура айттың сенин оюңа кошулам
01.02.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окунучтуу болуп кеттиго
01.02.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми мындан аркысы не болот кызык эми башталдыго ушундай зоокурлордун чачын алыш керек просто жалка кызга
01.02.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанар эми баарынан оч алат
02.02.2016. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адам олгондон кийинда татынакай болуп калат дешетго сулуу болуп,Мумкун башка кыз болуп чыгаттыр себеби биз аныктадык бангизаттын коп колдонгонун деп жатбайбы.
02.02.2016. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп коптон жазгыла окуп тойбой калтам
02.02.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы метрону айтып жатасынар.экоо кочодон жолукса
02.02.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыгы эми башталды,балдар колго түшүп ызы чуусу эми чыгат
02.02.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башын таап окудум
03.02.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ олтурбогуло байкушту
03.02.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арууке олсо кызыгы кететго башка кызда ал китебин эле алып окуп чыгыш керек болтат журок сыгылып бутту бир жума кутуп же ошончо кутконго жараша кобуроок жазылса кана.
04.02.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп кетти((
06.02.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер ден дароо болбогула Арууке тируу больница да жатат азыр. Тиги моргтогу башка кыз болот. Метродон жолуккан призрак болот. Кыскасы Жанардын крышасы таят.
06.02.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толугу менен кантип окуйм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо