№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж
Акыркы кезде айрым ырчылардын клиптерин карап отуруп «мурун кайдан көрдүм эле?» деген ой көп келчү болду. Минтип айтканыбыздын да жөнү бар. Бул ирет биз өзбек аткаруучуларды элестеткен ырчылардын клиптерине токтолууну чечтик. Бул жөн эле окшоштукпу же «уурулукпу», аны өзүӊүздөр баамдап көрүӊүздөр.
«АТАЖАНГА» ОКШОГОН «АТА ТИЛЕГИ»
Бысмылда дегенде эле ырчы Мирлан Баековдун «Ата тилеги» ырынын клиби менен Өзбекстандын Дилсуз аттуу ырчысынын «Атажан»
клибинин окшоштугу көзгө урунду. Чын эле дал келүүбү же идея уурдалганбы, айтор, эки клипте теӊ кызын турмушка узатып кайгылуу турган атага басым жасалган. Аны менен катар экөөндө теӊ кызынын кичинекей кезинде атасынын эркелеткени көрсөтүлөт. Клип кыздын үлпөт көйнөгүн кийип отурганы менен башталганы, кыскасы, баштан-аяк эле окшоштуктар коштолгон. Айырмасы: Дилсуздуку 2012-жылы тартылса, Мирландыкы былтыр чыкты. «Кызды тойго узатканда ушундай эле болот да» дешиӊиздер мүмкүн. Бирок жакшылап ойлонуп көрсөк, башка жаӊычылдык деле чыкмак беле? А балким, ал окшоштуктарды клипмейкер Эрнист Сыдыков байкабай калган чыгар...
ӨЗБЕК ЫРЧЫСЫ ЛОЛАДАН БИЗДИН БЕГИМАЙ ЖАКШЫ ЫЙЛАЙТ ЭКЕН
Нурсултан Кубатов тарткан Бегимай Бекбоеванын «Кантем, ай?» клибиндеги чач кескен кадрды, жигитинин чыккынчылыгына ыйлаган жерлерин мурун бир клиптен көргөндөй болгом. Көрсө, чын эле дал ушундай кадрлар Өзбекстандын ырчысы Лола Юлдашеванын «Жок эми» аттуу клибинде бар экен. Лоланыкында бар экен дегенибиздин себеби, ал клип Бегимайдыкына караганда эрте, 2012-жылы тартылган. Эки ырчынын эшикке жөлөнүп ыйлаганы, терезеде көл-шал болуп турганы, чачын кесип, боёнуп жатканы аябай дал келген. Болгону биздин ырчы образга берилип кеткенби, жерге жатып алып сыздап ыйлап убакытты көп алып койгон окшойт, клип Бегимайдын эшикке чыгышы менен бүтүп калган. Ал эми Лола лимитти ыйлаганга кетирбей, жакшы пайдаланганы үчүн клубга барганга жетишип калыптыр.
ДАЙЫР КИМДИ ТУУРАП МАСКАРАПОЗ БОЛДУ?
Дайыр Исмадияровдун жакында жарык көргөн «Маскарапоз» деген чыгармасы өзбекстандык «Radio» тобунун «Маскарапоз» деген ырына да, клибине да окшош болуп чыкты. Идеяны алар бизден көчүрүп алган болуп жүрбөсүн десек, жок, жыл жагынан «Radio» тобу алдыга озуп, 2 жыл мурун клипти чыгарышкан экен. Эки тамчы суудай окшошкон клиптин кыргызчасында ырчы Гүлнур Асанова менен Амантур Мусаев тартылган.
Болгондо да так өзбек клибин көрүп жаткандай сезим калтырат. Дайырдыкында бир өзгөчөлүк, маскарапоз жок, өзү кооз имаратта ырдайт. Бул бир болсо клипмейкер Эрнист Сыдыков өзбек клиптерин көп көрүп, катуу таасирленгенден жаралган эмгек окшойт же чын эле окшоштукпу деп оюбуздун аягына чыга албай койдук.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Нонейм командасы дагы озбектерди туурап чыгышат
Башка эмне кылышат Айга же Марска барып тартышсынбы.
Мындай кетиште жакын арада "өтүктүн түгөйүндөй" ("два сапога пара") деген "фразеологизмдерди" да окуп калышыбыз толук мүмкүн. Кыскасы, "боёкчу сакалын кошо боёптур" :)
Эскертүү! Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга тыюу салынат!
бирок туура эле айтасынар уурдаган клиптер коп эле;
мен бир нерсени айтып койоюн дегем Эрнист иниме;
Ата тилеги деген клипте атасынын ролун башка эле атага бербейт белен чачы узун кишиге берипсин
кыргыздын эркеги качан чачын байлап калпак кийген эле аны да билгизбей койом деп калпак кийип алыптыр
(чачын байлаган актер тарынбаныз талантынызга таазим)
обу жок деп койобу ошондойлорду