Гүлзинат Суранчиева: «ЭГИЗ БАЛДАРЫБЫЗДАН АЙРЫЛГАНЫБЫЗДЫ ЭЧ КИМ БИЛБЕСИН ДЕГЕМ»

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

«Шантелл» тобунун жалгыз сулуусу, кийин жеке ырчы катары таанылып, эл аралык сынактарда бир топ жеӊиштерге ээ болгон ырчы Гүлзинат Суранчиева «бүгүнкү күнгө чейин жетишкен ийгиликтерим менен өмүр бою сыймыктанып жашасам болот» дейт.

– Кандайсыз, Гүлзинат? Акыркы кезде сизди экран бетинен көп көрбөй калдык...
– Кандайсыӊар? Чыгармачылыкта тынымсыз эле иштеп жатам. Былтыр жеке концертимди бердим, 2 клип тарттырып, 5тей ыр жаздырдым. Мамлекеттик, майрамдык иш-чаралардын бирин калтырбай катыштым. Экран бетинен көп көрүнбөй калганымдын себеби – мурункудай ким чакырса бара бермей адатым калды. Мурун чакырган жерден калчу эмесмин, балким, ал убакта пиарга муктаж болсом керек. Азыр дүйнөгө болгон көз карашым өзгөрүп, тандаганды үйрөндүм. Учурда өзүмө жаккан, көӊүлүмө төп келген берүүлөргө гана барам.
– Бир жылдары сынактарга байма-бай катышып чет өлкөгө көп чыкчу элеӊиз, азыр ал каалоолор сууп баратабы?
– Негизи, көпчүлүк сынактарда катышуучунун жаш курагы чектелүү болот. Сынак өзүн көрсөткүсү келген жаш, таланттуу аткаруучулар үчүн. Биздин өлкөдө популярдуу
болгон «Жаӊы толкун» сынагында эӊ улуу катышуучу 25-26 жаштарда болушу керек. Сынактарга катышуу жагынан арманым жок. Көптөгөн сынактарга катышып ийгилик жаратып, өлкөмдүн байрагын желбиреттим. Эл аралык сынактардын 7 жолку лауреатымын, катышкан сынактарымдын баарында байгелүү орундарга илингем. Андыктан мындай жетишкендик менен өмүр бою сыймыктанып жашасам болот. Азыр сынакка катышсам жарашпай калат деп ойлойм, эгер барсам, ысымы таанылып калган ырчылардын сынагына бармакмын. Акыркы жолу 2011-жылы Астанада өткөн «Шабыт» эл аралык сынагына катышып 2-орунду алып келгем, ошондо эӊ улуу катышуучу мен болчумун.
– Көпчүлүк музыкалык билими бар ырчылар өздөрүн профессионал деп эсептешет. Сиздин оюӊуз кандай?
– Ар бир өлкөнүн өзүнүн элдик жана профессионал ырчылары болот. Эки жаатка бөлүнгөн аткаруучуларды музыканы жакшы түшүнгөн адамдар эле айырмалап билишпесе, карапайым эл аралаштырып уга берет. Кээде радиодон элдик ырларды берип калса, аягына чейин уга албай которуп салам. Бирок аны эл сүйүп, кошулуп ырдап жүрсө эмне демек элек? 
Өзүмдү профессионал ырчылардын катарына кошом, анткени музыкалык билимим бар. Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында вокал, фортепиано боюнча сабак
берем. Ал жакта 15 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келем.
– Профессионал ырчылар «сапаттуу музыкага ыктайбыз» деп элдин табитин таба албай жаткан жокпу? Мисалы, азыр көпчүлүк хит ырларды элдик ырчылар аткарып, ошон үчүн эл сүймөнчүгүнө арзып жаткандыр?
– Ар бир аткаруучунун жөнөкөй да, хит да чыгармалары болот. Анан ар бир угуучу өз интеллектине жараша музыка тандайт. Эгер сапатсыз ырдаган ырчылар бааланып жатса, демек, деӊгээл ошондой. Биз болгону ошол деӊгээлди өстүргөнгө жардам беришибиз керек. Эгер бизде профессионал ырчылар жок болсо, бул кыргыз искусствосунун чоӊ кемчилиги болмок.
– Кеп нугун жеке жашооӊузга бурсак. Кызыӊыз чоӊоюп калыптыр. Кимдин жолун жолдочудай?
– Кызыбыз Рузана 12 жашта, 6-класста окуйт. Музыкага шыктуу болгонунан бир нерсе чыгат окшойт деп кичинесинен эле Улуттук консерваториянын скрипка классына берип койгом. Бирок 4-классында «музыкант болбойм» деп окуусун таштап койду. Азыркы балдар заманбап, мобилдүү, өз оюн ачык айта билишет эмеспи. Кызым музыкант болбойм дегенде аябай ичим ачышкан. Учурда баскетбол менен машыгат.
– Көп жылдан бери кызыӊызга иничек төрөп берем деп жүргөнүӊүздү билебиз. Максатты ишке ашырууга шарт болбой жатабы же башка себеппи?
– Бул менин жана үй-бүлөмдүн эӊ талуу маселеси. Элдер деле «качан төрөйсүӊ?» деп сурап жатып чарчады окшойт. 2 жыл мурун боюмда болгон эле, бул жаӊылыгымды баарынан жашырып, тойлорго да барбай, эки жакка көп чыкпай, өзүмчө үй-бүлөлүк сыр болсун деп сактап жүргөм. Тилекке каршы, 4 айлык болуп калганда боюмдан түшүп калды. Кейиткени – балдарыбыз эгиз эркектер экен. Аны билгенде ого бетер жаман болдум. Эгиз балдарыбыздан айрылганыбызды эч ким билбесин дегем, бирок эл көзүндөгү адам болгондон кийин билинип калат турбайбы. Эми 40 жашка чыккычакты балалуу болсом деп тиленип жатам.
– Эл көзүндөгү айым эмессизби, үй-бүлөлүү экениӊизди билип деле сүйүүсүн билдирген эркектер болсо керек, мындайга жолдошуӊуз кандай карайт?
– Андай эркектер көп эле. Бирок аша чаап кеткенин жолуктура элекмин. Жолдошум милиция кызматкери болгондуктан, жөнү жок эмоциясын сыртка чыгара бербейт. Ал менден шектениш үчүн далил, факт, кылмыш ишинин үстүнөн чыгышы керек, болбосо оӊою менен ишенбейт (күлүп).
– Жолдошуӊуздун туруктуулугунан шек санабаш үчүн сиз да далил, факт, кылмыш ишинин үстүнөн чыгышыӊыз керекпи?
– Жаш убакта, сүйүү ысык болуп турган кезде өлгүчө сүйүп өтөм деп айта берет экенсиӊ. Турмушта баары башкача тура. Түрдүү окуяларды угасыӊ, көрөсүӊ, ошон үчүн жөн эле күйөөӊдүн сөзүнө ишенип коюу туура эмес деп ойлойм. Аял коломтосун сактайм десе, үй-бүлөсүнүн тазалыгын ойлосо дайыма кыраакы, сергек болуп жүрүшү керек. Жашоодо кызганыч, таарыныч болот. Жашырганда эмне, жолдошум келишимдүү, сылык, жумшак, айымдарга сый мамиле жасаган мырза. Күйөөм башка аялдарга «жентльмендик» сапаттарын көрсөтүп, күлүп тамашалашып калганда ичимден кызганам. Ошол жакшы сапаттарын мага гана көрсөтсө деп өзүмчүл да болуп кетем.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат! Үй-бүлөӊүздө дайыма ишеним оту өчпөсүн!

"Кызым Рузана музыкант болбосо да, эл адамы болот деген ишеничтемин".

"2008-жылы Сочиде өткөн "Беш жылдыз" сынагында Кыргызстанды татыктуу көрсөтүп келгем".

Лунара Бекиева
 
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(71)
01.02.2016. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ун жокго,каягына профессионал
01.02.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жетишкендиктерин айтса эмне болуптур?
Ошол ийгиликтерге жетүү үчүн да канча эмгек, канча убакыт кеткен! Ушул убакка чейин ,башка ырчыларга окшоп өзү оозунуп журналисттерге чалып айтпай, качан гана сөз келген учурда баарын айтып отурат, мунун эмнеси мактангандык?
Жолдошу жөнүндө ачык айтыптыр, бул көрүнүш дээрлик бардык үй-бүлөдө эле кездешет.

Бирок элдик ырларга сөз тийгизбей эле койсо болмок экен, өздөрүн "профессионал" атап алышат дагы, эл жарытып угаар бир түзүк ырлары жок.
01.02.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жон эле ийгилик каалайм деп койсонор бир нерсе болосунарбы деги биз кыргыздар пейлибизди качан ондойбуз эч кимди коро албайыз качан козу откондо анан ии байкуш жакшы адам эле деп койобуз ага чейин барктамай жок озубуз ошондой боло албаган сон жон эле ийгилик каалап койолуда ким болсо деле
01.02.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шантелл тобунда жургондо аябай жакчу. Озунчо ырчы болгондо негедир жакшы чыгармаларын укпай калдык. Бирок Гулзинат, Жанетта, Асема эжелер азамат. Убагында турмуш курушуп, карьерасын да улантып келатышат.
01.02.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы соз оозунардан чыкпай калды го.Ушундай жаман ой, жаман соз, тар пейилдерден улам онолбой атабыз.Аллах кечир былык ооздууларды
01.02.2016. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы б0лсо керектир да.ким билет.,
02.02.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул еже абдан жагат негизи гулнур еже тура айткан сатибеков Каримова ото еле мааниси жок ырдашат
03.02.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Sava87,сатыбековду кошпой деле койсон болмок экен.
02.02.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосунун сулуулугуна суктанып айтып бутпой койду го.Дагы бир интервьюда окуп калдым эле "сулуу эле сулуу"деп айтканын.
02.02.2016. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулзинаттын кызы мн уулум чогуу окуучу...ото саран какса чонтогунон беш тыйын тушпогон аял экендигин байкагам.Ага караганда жонокой адамдар эсептешчу эмес.
02.02.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бар нерсесин мактанып ататда жок жерден эле айтпай, кордунорбу эл журт арабызда жактырбагандар толтура чыгат, уялса болоо, бизге эмес башка мамлекетке барып жагымдуу, суйкумдуу болуп атса озубуз жамандасак туура эмесго, уну жакшы. талантуу. жаштарга улгу боло турган айым катары айта алам.
02.02.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ушу Гулзинатты корсом эле жиним келе берет, бир да хит ыры жок, ХХХ ХХХ ХХХ Куноого батпагыла.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-02 12:33:13
02.02.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
beka1979,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынат!
2 күн БАНга!
02.02.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыкты айым!
02.02.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жакшы деле ырдабайт,бирок аракет жакшы,корсо музыкалык билими бар экен да,эми тороп алсын дагы бир кыз менен журбой
03.02.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошу азербайжандык го анан бул жакта иштейби ? Местный азерби анда кандай болуп калат ?
03.02.2016. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат ушул ырчы, азыр кылган иши жок мактанган ырчылар коп. Шоу дуйнодо жургондордун жарымынды уну билими жок АКЧА менен журушот , Суранчиевада мактаарлык ун бар. Чыгармачылык ийгилик ..
03.02.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар кимдин оз суйгон ырчысы бар. Ошондой эле жактырбаганы да болот го., Демек ар кимдин оз ойу бар. Бир адам жакшы десе бироосу анча эмес дейт.А бул талкуу ошонучунго урушкандын эмне кереги бар. Жон эле ар ким оз ойун жаза берсин.
03.02.2016. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзинат эжеге дагы да болсо ийгилик каалайм Жана кыргыз элине кылган кызматына ыраазычылык билдирем.Бирок элдик Ырларды дагы суйуп уккандар БАР экенин эсине сала кетейин.
meri.kg түзөттү 2016-02-03 02:04:09
03.02.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанчаак экен
03.02.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Профессионалдуу музыкант озу татынакай Мага жагат Сизге ийгилик каалайм. Ылайым кудай тилегинизди берип уулдуу болунуз!
03.02.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну жакшы эле ырлары отоо жакпаса да телелен берип калса озу айткандай которуп салбай угуп койом, баса Гулзинат эже койнокторунуз анча жарашпай калатда сизге. ..
03.02.2016. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
комментарий лерди коруп эле бир жыргап аламда бири бириьменен талашып алгандарды коруп окуп олтуруп ыкшып каламда.@
04.02.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айтбагылачы ушуну,Кыргыз тугонуп калгансып башка улутка турмушка чыгат.Мага баары бир го бирок.
04.02.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ким озун жамандасын анан, таланты бар екен мактанып атат да.
04.02.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы ырчы мага жагат канчанчы жылкы ушул кыз билбейсинерби достор
05.02.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзинат эжее мен сизди сыйлайм жана урматтайм, алгаааа
05.02.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мумкун музыкант катары грамотный бирок уну жок чынын айтыш керек
06.02.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактана бергендерденго
06.02.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул бизге мактанган жок.сахнадагы конкуренттерине айтып жатат.бирок азерге тийгендейин жакпай калды.
06.02.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичине кезимде "Кош жылдыз"-деген ырын жакшы коруп укчумун. Ал гана эмес жазып алып жаттагам. Ошондо жакчу. Азыр таккыр жакпайт, телевизордо же радиодо ырдап калса сразу башка каналга котором. Негедир баары жамалмадай мактанчаак
08.02.2016. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдик ырлар элдин калын катмарына синип буткон. Ошол ырлардай бир ыры бар бекен? Бирок таланты болгону менен ун деген жок...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо