ОРУСИЯ ӨЗҮН ИШЕНИМСИЗ ӨНӨКТӨШ КАТАРЫ КӨРСӨТТҮ

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Жогорку Кеӊеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну денонсациялоо боюнча мыйзамды 20-январда 3 окууда теӊ жактырган. 22-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамга кол койду.

ОРУСИЯ СӨЗҮНӨ ТУРГАН ЖОК
Аталган келишимге 2012-жылы кол коюлуп, өлкөбүздүн президентинин катышуусунда капсула коюлуп, иш башталган. Бирок 3 жарым жылдын ичинде иш натыйжалуу алга жылган жок. Убакыттын өтүшү менен Орусия бул макулдашууга кол коюуда экономикалык эмес, геосаясий максатты көздөгөнү байкалды. Ал максаты кайсы бир деӊгээлде жүзөгө ашты. Анткени бул келишим Орусияга сыртын салып АКШ менен активдүү алака түзө баштаган Өзбекстандын тынчын алды. Ислам Каримов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы энергетикалык келишим орун алгандан тарта бул иштин аягы Казакстан менен Өзбекстанда суу тартыштыгын жаратат, согушка чейин алып келет дей баштады.
Учурдагы абалга реалдуу баа берсек, нефтинин баасынын түшүшүнөн, чет элдик санкциялардан экономикасы кыйын күнгө туш болгон Орусия жакынкы арада ГЭСти, каскадды куруу ишин ылдамдатмак эмес. Денонсациянын демилгечиси болгон президент Алмазбек Атамбаев бул абал тууралуу пикирин 2015-жылдын аягында журналисттер менен жолугушуусунда: «Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун ишке ашыра албайт. Андыктан бизге бул макулдашуулардан чыгып, долбоорлорго башка инвесторлорду издөөгө туура келет. Эки долбоорду токтотууга акыбыз жок, аларды аягына чыгарышыбыз керек»,- деген.

37 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ЧЫН ЭЛЕ КОРОТУЛДУБУ?
Канткен күндө да Кыргызстан келишимден бир тараптуу чыгып, саясий эркин көрсөтө алды. Алдыда инвестор табуу машакаты турат. Потенциалдуу инвесторлор катары араб өлкөлөрү жана Кытай көрсөтүлүүдө. Келишимден бир тараптуу чыккан Кыргызстан жакынкы 6 ай ичинде Орусиянын долбоорго жумшаган 37 миллион доллар каражатын кайтарып берүүсү зарыл. Бул каражат максаттуу пайдаланылдыбы, баары долбоор үчүн кородубу же чөнтөктөргө бурулуп кеттиби? Жогорку Кеӊеште түзүлгөн атайын комиссия ушул суроолордун жообун тапмакчы. Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов: «Мен ГЭС курула турган жерден дайыма эле өтөм, ал жерде 37 миллион эмес, 5 миллион долларлык да иш жасалган эмес»,- деп кетирилген чыгым кандай сарпталганын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеген. 21-январь күнү комиссия түзүлүп, 26-январда комиссияны жетектей турган Алмамбет Шыкмаматов
37 миллион долларга коротулду деген жумушчулар айылына барды. «Азырынча так баа берүү кыйын. Депутаттык комиссия адистерди тартуу менен бардыгын эсептеп чыгат. Бирок менин божомолума караганда, 37 миллион доллар жумшалды дегендери 2 эсеге көбөйтүлүп айтылган»,- деди. Комиссиянын жыйынтыгы апрель айында чыгат.
Албетте, Кыргызстан өз демилгеси менен келишимден бир тараптуу чыгып, башка инвестор издей баштаганы Орусияга аброй алып келген жок. Бул окуя Орусияны эл аралык аренада ишенимсиз өнөктөш катары көрсөттү. Андыктан Кыргызстандагы орусиячыл маалымат булактары кыргыз өлкөсүн ар кандай жол менен жамандоого аракет кылууда. Алардын айрымдары «экономикалык жактан пайдасыз бул долбоорлорго кайсы инвестор келмек эле?» деп да жазып чыгышты. Алардын объективдүү эместигин мындан эле билиӊиз: 2012-жылы Орусия менен Кыргызстандын ортосунда ушул эле долбоорлор боюнча келишимге кол коюлганда алар «экономикалык жактан пайдасыз» деп аташкан эмес.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
01.02.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орусия биздин атабыз беле ар кимге ишенбей өзү аракет кылыш керек
01.02.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев Туркторго жабыша берсе Орусия кечкен карыздарын да сурай баштайт!Озунун байлыгын коргойм деп Кыргызстанды жок кылат бул А.Атамбаев!
01.02.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazarkyl,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
01.02.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саясий эрктууулук корсоткону мага жакты
02.02.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
37Милион оной акчабы
02.02.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз озубуз учун куйбосок бизге эч ким куйбойт!
03.02.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой эле болгону дурус. Баарын эле орустун колуна карматып, козун тиктеп отуруп калгандан коро жок дегенде энергетика тармагын башка инвесторлор колго алганы жакшы. Ансыз деле орустан коз каранды болуп буттук.
03.02.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий ушу бизге качан мекен учун куйгон адам келет экен?
04.02.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
37 милион дейби оххооо чондордун чонтогуноле кеткен бул акча комиссияга да кичине жедирет анан ушунча акча кетиптир деп чыгышат же бироого шылтап ал ооруп калат анан олкодон чыгып кетип жок болот
05.02.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы жегендер чекеден чыгат,анан сен жедин мен аз эле алгам деп сотошуп башташат экенда
05.02.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия уже бизди коргой албайт,андан коро Америкага кошулуп кетиш керекго,антпесе Озбекистан кошулуп анан бизди коз каранды кылганы калды.
05.02.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев туурале политика жургузуп аткан экен. Биз тушунбой эрте кууп жиберген экенбиз. Биз геоплитически эн мыкты жерде жайгашкандыгыбыздан жакшылап пайдаланып давно онугуп кетсек болот еле.
07.02.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияга ишеним калбады ушунча кылымдар бою чогуу кошуна оноктош болуп жашадык жалан гана алдап коркутуп келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо