Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эльвира Жумалиева, актёр Азиз Мурадиллаевдин жубайы: «АЯЛДАР ЧАЛЫП ЖАНЫН КОЮШПАЙТ»

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Кесиби – актриса, режиссёр
Жашы – 39 жашта
Чогуу жашагандарына – 20 жыл болду

«АЗИЗДЕН БИР ЖАШ УЛУУМУН»
-Азиз экөөбүз театралдык училищеде бир группада окуганбыз. Группалаш катары сүйлөшүп жүрүп эле жылдызыбыз келишип, кыз-жигит болуп кеттик. Өзү да аябай романтик болчу, күнүгө үйгө узатып барып, ар кандай белек, таттууларды берип жүрүп эле сүйдүрүп алды окшойт. Экөөбүз бир жыл сүйлөшүп, 1996-жылы баш коштук. Ал менден бир жаш кичүү болгондуктан, «жаш баланын башын айландырып тийип алды» дегендер чыкты. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин жолдошум Москвага Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тапшырып кетти. Артынан мени жиберебиз деп жатканда кайнатам кайтыш болуп, кайненемдин жанында 4 жыл жүрдүм. Өзүм башка үйгө көнө элекмин, анан таштап кетсе сагынам, сарсанаа болом. Жаш болгом да, кээде жаздыкты кучактап алып түнү менен ыйлап чыкчумун. Азыр ойлосом кайран гана көз жаш деп өзүмө жиним келет.
Улуу балабыз Шаа 19 жашта, учурда Медициналык академияда окуп жатат. Экинчибиз Саадини 10 жылдан кийин төрөгөм, 2-класс болуп калды. Өзүм учурда кыргыз драма театрында режиссёрдун жардамчысы болуп иштейм. Акыркы күндөрү Азиз «кыз төрөп бер» деп көп айтчу болду. Балким, Кудай 40 жашымда кыз берип калар деп жүрөм.

«ЖУМУШКА ТАМАГЫН БАШТЫГЫМА САЛЫП КЕЛЕМ»
-
Азиз үйдө жалгыз бала болгондуктан аябай эрке өскөн. Тамакты да тандап жейт. Тамак даамдуу эле болбостон, кооз да болушу керек. Жумушка түшкү тамагын баштыгыма салып келем. Баарыбыздын караганыбыз эле Азиз. Өзү ак көӊүл, жумшак адам. Мага да, балдарына да такыр катуу айтып кыйкырбайт. Ошондуктан балдары ага жакын. Балдары «атабыз ким болбосун, кандай болбосун, канчалык туура эмес иш кылбасын, дүйнөдөгү эӊ жакшы ата биздики» дешет. Учурда кайненем менен чогуу турабыз. Кээде Азиз чектен чыгып баратса, кайненем экөөбүз ордуна коюп коёбуз. Жолдошум белгилүү актёр болгону менен, байып кеткен деле жокпуз.

«БАШКАНЫ СҮЙСӨ КЕТЕР, БАЙЛАП КОЙМОК БЕЛЕМ»
-Чынын айтсам, атактуунун аялы болуштун ырахатынан да азабы көп. Азиз жумуш менен болуп үй-бүлөсүнө көӊүл бурганга убактысы жок. Жадакалса майрамдарда чогуу болбой калабыз. 20 жылда биринчи жолу быйыл жаӊы жылды биз менен тосту. Кээде чогуу конокко баратсак, элдер колдору менен көрсөтүп ыӊгайсыз абалда калтырышат.
Жаш кезде деле, азыр деле күйөрман кыздар, жадакалса аялдар жанын койбой телефон чалышат. Мурун кызганчумун, азыр өтө деле кызганбайм. Башканы сүйүп калса кетип калар, аны байлап коё албайм да. Бирок дайыма айтам, «бирөөнү сүйүп калсаӊ, алгач мага айт. Өз оозуӊдан угайын, бирөөдөн угузуп уят кылба» дейм. Өткөндө бир таанышыбыз «звездага» турмушка чыгып болбойсуӊ» дейт. Мен турмушка чыкканымда Азиз жөнөкөй эле студент болчу. Жолдошумду менчелик эч ким түшүнүп, колдой албайт. Ал жаш кызды сүйүп кеткен чакта деле жаш кыз муну карамак турсун өзүн каратат. А Азиз андай кыла албайт. Азыр жаш кездегидей нерв коротпойм, анткени мага ден соолук керек деп калат турбайбызбы. Кээде тажап кеткенде өзүнө айтып бугумду чыгарып алам. Таарынганда 2 күнгө чейин сүйлөбөй коём. Анда жолдошум келип кечирим сурап, белек берип калат. «Өзүӊ күнөөлүү болсоӊ да кечирим суратып жаман көндүӊ» дей берет. Жашоо ушунусу менен кызык турбайбы.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Атактуунун аялы болуу сыймыкпы же түйшүкпү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(30)
01.02.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бактылуу болунуздар, жубайы деле татынакай экен. Эми кыздуу болушунарга Алла насип этсин
01.02.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болгула дагы да.
01.02.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш кызды суйуп калса кете берет дегени укмушко, андан коро тушундуруу иштерин жургузсо жакшы болот
01.02.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
asad345 Акыл уйроткон оной да, тушундуруу иштерин жургузгону учун 20 жыл жашашты окшойт, артисттин аялдарына орден тагыш керек, орден!
01.02.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Балдарынын аттары озгочо экен. Шаа Саади. Буйурса кыздуу болсо Жаади коюшсун
jike түзөттү 2016-02-01 12:30:16
02.02.2016. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jike, жардынго
01.02.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азиз акени чогу иштеп жургон кезде байкагам жакшы адам экенин женебизчи андан отот экен бакыт каалайм.
01.02.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз эжее уй булоолук бакыт каалайм Азиз байке мн омур бою бактылуу жашаныздар чындыгында мыкты актер мыкты жолдо мыкты ата
01.02.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан ары да бактылуу болунуздар!
01.02.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир жаш-тен жаш.
Уй булоолук бакыт каалайм.
01.02.2016. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Экоонун кесиби бир турбайбы менимче бул уй булодо бири бирин тушунот
01.02.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азиз мага жагат. эрте уйлонуптур
01.02.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акылдуу эже экен да
01.02.2016. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздуу болуп алыңыздар эми Кудай буйруп. Алтындан медаль такса аздык кылат артистин аялдарына!
01.02.2016. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maek boluptur, azamatsyz! Kyzduu bolgula In Sha Allah!
01.02.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шаа "Бриллиант жылан" чыгармасындагы башкы каармандын аты болсо керек эле. Саади деген кандай маанини тушундурот экен, аа? Ушул актер "Жараланган турналар" деген кинодогу ролунан кийин жакпай калган такыр.
03.02.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asyl.jazi, Анда кандай роль жаратты эле?
02.02.2016. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
03.02.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоо тен жакшы аял,жакшы адам корунот экен.
SUPER.KG видео
04.02.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял болуу кыйын...с.и. рахмат жакшы маек болуптур.
SUPER.KG видео
04.02.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info silerden suranych 5 6 tilde tokkon akyn Idris Ayitbaevden dagy interviyu alyp korboysunorbu? 5 6 tilde toguw bir top ele kyiyn bolso kerek..
Медиа-портал
04.02.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльвира Жумадалиева ото токтоо адам экен, Азаматсыз, менин куом Азиз Мурудалиев болсо ревновать этип жатып, кырылып жашоо болмок эмес болуш керек, мурун ойлой берчумун Азиз байкенин аялына алтын статуя коюш керек чыдамкайына деп, он же такой симпотичный ) но вы тоже хорошенькая, молодец, храните вашу семью-Счастья Вам!!!
Медиа-портал
05.02.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мухтар Атаналиевтин аялы ото жакты,уйгур кызы экенине карабай кыпкыргыза суйлойт экен,бир созун да орусча суйлободу азамат.Жонокой жана акылдуу
05.02.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындай красавчик актер эмес жон эле красавчик куйоону кызганып болбой жатабыз анан бул эже Маладес экен Анда ))))
06.02.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай соонун актерда
06.02.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле айтыптыр кетсе кетет деп.
07.02.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу кундору узара берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо