Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭРТЕҢ МЕНЕН ТАМАКТАНУУНУ УНУТПАҢЫЗ!

№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж

Таӊкы тамак – бир күндүк энергия. Иш күнүӊүздүн оор же жеӊил болуусу, жумушту бат жана сапаттуу кылууӊуз эртеӊ мененки тамактан көз каранды. Андыктан эртеӊ мененки тамакты саат 9-10го чейин ичкениӊиз жакшы.

ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТАМАКТЫН ПАЙДАСЫ
Маанайды көтөрөт, эс-тутумду жакшыртат. Эртеӊ мененки дасторкондо тынч абалда отуруп тамактануу – оюӊузду топтоп, ошол күнү кыла турчу иштерге шыктандырат. Ошондой эле маалыматты топтоого жана аны эстеп калууга жардам берет.

Ашыкча салмактан сактайт. Эртеӊ менен организм ойгоно элек болот жана тамак сиӊирүү жай иштейт. Бул процессти тездетүү үчүн тамактануу керек. Тамактанбаган адам түштөнүү учурунда өлчөмүнөн көп жеп, ашыкча калория топтойт.

Жүрөк-кан тамырларынын иштешин жакшыртып, стресстен сактайт. Дарыгерлер эртеӊ мененки тамак кандагы холестеринди түшүрөрүн, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын далилдешкен.

Иммунитетти көтөрөт. Иммунитет бекем болуусу үчүн ичегинин микрофлорасы маанилүү, андыктан таӊкы тамакта курамында жетишерлик өлчөмдөгү клетчатка, иммунитетти көтөрүүчү бактериялар болушу шарт.

Сулуулук менен жаштыкты сактайт. Амин кычкылдары, витамин, минерал, клетчатка, антиоксиданттан турган таӊкы тамак организмди жетишпеген заттар менен толуктайт. Алар терини жашартып, бырыштын эрте түшүүсүнүн алдын алат.

ЭРТЕҢ МЕНЕН КАЙСЫ АЗЫКТАРДЫ ЖЕГЕН ПАЙДАЛУУ?
Сүт азыктары, ботколор. Курамында кальций, В витаминдеринин тобу, пайдалуу лактобактерия бар. Мунун баары тамак сиӊирүүнү жакшыртып, иммундук системди бекемдейт.
Тоок эти, балык. Сууга бышкан тоок эти, балык көп өлчөмдөгү углеводду камтыйт.
Кара нан. Курамында көптөгөн углеводдор, клетчатка жана элементтер бар.
Бал. Балдын курамындагы ацетилхолин стресстен арылууга жардам берет.
Жумуртка. Организмди жетиштүү өлчөмдө белок менен камсыздайт. Сулу боткосу менен мыкты айкалышат, углеводдун булагы.

ЖУМУРТКА КУЙМАГЫ

Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 4 даана
Помидор – 1 даана
Пияз – 1 баш
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач помидор менен пиязды тегерек же жарым шакекче түрүндө туурап алабыз.
2. Эми жумуртканы идишке чагып, татымына жараша туз, кара мурч кошуп жакшылап чалабыз.
3. Табада кызып турган майга тууралган жашылчаларды салып, үстүнө жумуртканы куябыз. Райкандын жалбырактарынан себелеп, табанын капкагын жаап 5 мүнөт демдейбиз. Куймагыбыз даяр.
Бул куймакка табитиӊизге жараша болгар калемпирин, брокколи, гүлдүү капуста же колбаса, сыр кошуп жасасаӊыз да болот.

СЫР СЕБЕТИ

Керектелүүчү азыктар:
Сыр – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Консерваланган буурчак – 4 аш кашык
Кооздоо үчүн көк чөптөр

Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы чагып, жакшылап чалып, майда тиштүү сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана буурчакты кошобуз.
2. Даяр болгон аралашманы кекс бышыруучу атайын табага куюп, 200 градуста ысып турган электр мешине 10-15 мүнөткө салабыз. Сыр себети даяр. Көк чөптөр менен кооздоп дасторконго коё берсек болот.

ФАРШТАЛГАН АЛМА

Керектелүүчү азыктар:
Алма – 4 даана
Тоок эти – 150 грамм
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 1 тишче
Грек жаӊгагы – 2 аш кашык
Мейиз – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 2 аш кашык
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин, пияз, сарымсакты майда туурап, татымына жараша туз, кара мурч кошуп өсүмдүк майына 1-2 мүнөттөй кууруп алабыз.
2. Андан соӊ алманын үстү жагын капкак сыяктуу кылып кесип, бычак же кашыктын жардамы менен ортосун оюп чыгабыз. Муну ыргытпаӊыз. Данектерин тазалап майда туурап, тоок этине кошуп койсоӊуз болот.
3. Майдаланган грек жаӊгагын жана мейизди туурамжыга аралаштырабыз. Эми алмаларды бул туурамжы менен толтуруп, табага салабыз. Табага 1 стакан жылуу суу куюп, 200 градус температурада ысып турган электр мешине 30-35 мүнөт бышырып алабыз. Көк чөп, анардын ашы менен кооздоп коёбуз. Бул даамды жасоо үчүн болгар калемпирин, баклажан, помидорду колдонсоӊуз да болот.

Эскертүү!
Ачкарын ачуу, туздалган, таттуу кондитердик азыктарды, цитрус жемиштерин, банан, чийки жашылчаларды, малдын этин жегенге жана спирт ичимдиктерин, муздак, газдалган суусундуктарды, кофе ичүүгө болбойт.

Дамира Арстанова 
 
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(20)
01.02.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы экен... Бирок мага эрте менен эч нерсе өтпөйт да негедир.
04.02.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jiku_83,ozundu astan astan uyrotushun kerek men da murun saga okshop jebeyt elem,bashtoo uchun 1 stakan sut jetet
01.02.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо мен баарын коюуп эртен менен созсуз тамактанам.
01.02.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мен тескерисинче тамактанат окшойм,тушко чейин эч нерсе жечу эмесмин
01.02.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ням-ням
01.02.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен түнү иштейм анан эрте мн тура албай 12де араң турам.Анан тамак өтбөйт.
01.02.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенешинерге чон рахмат. Жакшы маалымат экен.
01.02.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен конуп калгам эртен мененки тамака, созсуз ичем...
02.02.2016. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч нерсе отпойт,100гр суу ичип коём.Мен эле десем кобунун аппетити жок болот экен .
Админ; эмне себептен тушку, кечки тамака караганда,эртен мененки тамака аппетит тартпайт.Себеби оору же уйку канбай калгандыктан эмеспи? Ушул жонундо да кененирээк жазсанар.Кандай кылганда табитти ачууга болот ???
02.02.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulkar,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!
02.02.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мендагы саат 12ки 1ге чейин эчтеке жегим келбейт саар мн такыр чай иче албайм. Чынында эле аппетит ача турган пайдалуу бир нерселер болсо жазыныздарчы ..
02.02.2016. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nargiz-94kg,эрте менен эрте туруп баамдат намазын окуп андан кийин 15 мунот чуркап келип душ кабыл алып 5 мунот эс алсаныз аппетиниз ачылат ачылбаса мага келгиле
02.02.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде да мурун эртен менен тамак отпойт эле, ата энем урушчу же ачкарын кетпей деп, ошол создон безийт элем азыр не болсо деле жей берем озумду жеш керек деп настрой кылгам, анан биз кобунчо эртен менен кофе ичебиз почти кундо, болбойт экенда ээ.
02.02.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сууга бышырылган жумуртка жеп, анан бал менен лимон кошулган жылуу суу иче баштадым. Кыскасы фигура гитарага окшошуп баратат

02.02.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун кенештер. Мен да эрте мененки тамака омлет жасап жейм кобунчо. Ото женил завтрак.
02.02.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эрте мененки тамакты ичпейм... обедти 2.3тордо ичем....анан кечки тамакты ичпейм.... ошондо суткасына 1 эле жолу тамактанат экенмин...эрте менен тамак ичсем ашказаным ооруйт...
03.02.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биз эрте менен кечтен калган тамакты жылытып жейбиз, бул туурабы?
04.02.2016. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинда эрте курсагым ачпайт суу ичсем ичип алам бираз кыймылдаган сон курсак ачып баштайт
06.02.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинебизде эрте менен турганда эле зордоп тамак ичирип журуп организм ошого конуп калганбы,турганда эле курсагым ачып турат. Сонун кенештер экен рахмат.
06.02.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенешиниздерге чоон рахмат СУПЕР-ИНФО.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо