№691 29-январь-4-февраль, 2016-ж
Рысбек кызы Зейнеп 15 жашта. Ал 3 жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келет. Акыркы 3 айда анын денеси саргарып, оорусу күчөп кеткен. Мындан улам кыймылы начарлап, мектепке бара албай үйдө отуруп калган. Дарыгерлер Зейнептин боору альвеококкоз менен жабыркаарын, аны тез арада алмаштыруу керектигин айтышкан. Бирок операция чет өлкөдө гана жасалгандыктан кыздын ата-энеси каражаты жок экенин айтып, кайрымдуу атуулдарыбыздан жардам сурашат. Өлкөдөгү дарыгерлер «операция жасай албайбыз» деп ичин ачышып, ириӊ, бузулган кан-жин чыгып турсун деп боордон сыртка түтүк чыгарып коюшкан. Чет өлкөдөн операция жасатуу үчүн Зейнептин ата-энеси элден каражат топтоого аргасыз. 
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |