ДЖИ (сериал)

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Сөөк Бишкекке алынып келинди. Көп кабаттуу үйлөрдүн жанына тургузулган боз үйдүн айланасына Аруукеге жакын кишилер өкүрүк салып кошок айтып турушту. Көпчүлүктүн арасында ызага муунуп турган Малика «Жанар келди бекен?» деп ойлоду. Анын сүрөтүн бир-эки жолу Аруукенин телефонунан көргөн. Тааныш жүздү издеп таба албай койду. Демек, келбептир. Билбей калдыбы? Малика «сөзсүз ага кабарлаш керек» деп ойлоду.

***

Жанар окуу жайда болчу. Группалаштарынын бири аны сыртта бейтааныш кыз издеп келгенин айтты. «Арууке болуп жүрбөсүн?» дароо ушундай ойлоп жиберип, бул ойго чын ниети менен ишенгиси келди. Ансыз да көргүсү келип, сагынып жүргөн. Бирок Арууке эмес экен. Көздөрү шишик тарткан орто бойлуу кыз Жанарды көрөрү менен:
– Сиз Жанарсызбы?- деген суроо узатты.
– Ооба.
– Мен Маликамын. Аруукенин курбусу болом. «Ал келген экен. Кечирим сураш үчүн курбусун жөнөткөн тура. Арууке, сени кечирем. Кайда бармак элем?» Жанардын башына
толгон-токой ойлор келе калды.
– Угуп жатам,- деди сыр алдырбай. Көкүрөгүн белгисиз кубаныч кытыгылап жиберди.
– Мен кабарлап коёюн дедим...- кыз мукактанды.
– Түшүнбөдүм.
– Арууке каза болуп калды. Анын сөөгүн жаӊы эле алып келишти,- Малика ыйлап жиберди. Азыр эле Аруукесин көрөрүнө, анын кечирим сурап кайтып келгенине ишене баштаган Жанар нес болду. Эч нерсе сураган жок. Башына да эч ой келбеди. Аз-аздап кадам шилтеп барды да, анан чуркап жөнөдү. Малика ыйлап кала берди. Окуу жайдан чыгып, Аруукенин үйүн көздөй чуркап баратты. Кантип жеткенин билбейт. Короодо боз үй тигилип туруптур. Аруукенин сулуу сүрөтү анда илинип турат. «Жок! Аруш!» көкүрөгүнөн кыйкырык чыгып, бирок алы кетип буттары шилтенбей калды. Тизеси бүгүлүп жерге урунду. «Аа-а!» ачуу кыйкырык баарынын көӊүлүн бурду. Көп кабаттуу үйдүн короосунун кире беришинде ак көйнөкчөн жигит тизелеп отуруп алып башын муштагылап бакырып жатты. «Ким болду экен?» деген шыбыраган үндөр угулду. Жигит өксүп ыйлай берди. Эки адам аны жөлөп-таяп тургузушту. Баары өкүрүп келип Кадырдын моюнунан кучактап, аялдар Калиянын ызасын теӊ бөлүшмөккө ага кайрат айтып жатышкан. А бул жигит эч кимге көӊүл бурган жок. Кыязы, анын күйүтү башкалардыкынан алда канча күчтүү, алда канча армандуу окшойт. «Эми мен кантем? Эми мен кантем?» Аруукесине миӊ таарынып, миӊ көӊүлү калгандай болгону менен кыздын тирүү жүргөнүнө жүрөгү канааттанып, аны күтүп жүргөн экен. Ал муну бүгүн билди. Боз үйдүн жанына келип «Арушум! Аруутайым! Берекем» деп ызага муунган Жанар эч кимди көзгө илбей эле кирип барды. Эч ким кармаган жок. Көбү «тууганы же байкеси» деп ойлошту. Ичкериде отурган Калия Жанарды дароо тааныды. Көзүнөн он талаа жаш кеткен жигит жүзү жабылып турган кыздын жансыз денесине жакындап, чыркырап ыйлап жатты. Кимдир бирөөлөр колунан тартып, сыртка сүйрөштү. «Байкебай, бир көрүп алайын! Бир көрүп алайын, байкебай!» Жанар ый аралаш жалдырап жиберди. Көзүнүн нуру өчүп, акыл-эстен азып калгандай. Калия Жанарды бошотуп алды. Жөн койгула дегендей ишарат кылды. Кийин үч бүктөлүп жер сабап ыйлап жаткан жигитти бооруна кысып, өзү да көпкө ыйлады. «Шордуу кызым, ай! Шордууларым, ай!» күйүтүн ката албай жаткан Калия акыры өзүн колго алды. «Өйдө бол! Келегой, өйдө бол, балам!» Жанар башын көтөрдү. «Көрүп ал, балам. Көрүп ал» эне шуу үшкүрдү. Колдорун калтырак баскан Жанар саамга көз жашын токтотуп, чечкиндүү түрдө сөөктүн жанына барды. Ага Аруукесин көрсөтпөй коюшабы деген ойдон ушунчалык коркуп жаткан. Жабууну ачты. «Арууке... Арушум! Берекем!» өзүнө ээ боло албай калды. Акыр-аягына чейин ишенгиси келген эмес, азыр да ишенбей турду. Бирок бул түш эмес болчу. Кыздын жүзүнөн, эрдинен сүйдү. Көз жашы токточудай эмес. Кимдир бирөөлөр сыртка алып чыгып кетишти.

***

Сөөктү жерге бере турган күн келди. Калия арманын, азабын көкүрөгүнө сыйдыра албай ызага муунуп, өксүп ыйлап кала берди. Жанар кетпей жүрөт. Эч нерсе ичпей-жебей эле боз үйдү айланып, эшикте түнөп калган. Көпчүлүк менен кошулуп мүрзөгө барды. Үнүн чыгарбай кемшеӊдеп ыйлап жатты. Боз топурактуу кичине дөбө пайда болду. Арууке кайткыс сапарына кетти.
Мүрзөдөн келе жатканда Жанардын жанындагы эки адам сүйлөшө кетишти.
– Эмнеден каза болуптур дешти?
– Ооручу экен. Атасы «мээсинде шишик бар болчу» деп айтыптыр.
– Анан эмне ал байкуш оорулуу кызды Москвага кетирип жиберишкен?
– Өзү кетип калыптыр. Эч кимге айтпай-дебей, «дарыланып жатам» деп айтышкан дейт. Бирок «баары бир каза болот» деп врачтар айтышкан экен.
– Айыккыс дарт го, ээ?
Жанар эми баарын түшүндү. Кыз оорусун андан жашырып, аны азапка салгысы келбей качкан тура...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(42)
08.02.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне мынча аз
08.02.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхее мен 13чу болдум
08.02.2016. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ызаланып турган жаным окуп алып ыйладым.Аран турган коз эле,чыгып кетти озу эле деп...
08.02.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
И десе адамды ыйлаттыго эххх.
08.02.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ото эле аз го бир станцияжурбойокуп бутуруп салдым.
08.02.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ыйлавайын десем да козумдон жаштар озунон озу эле агып кетти ата энесине эле кыйын болдуу
08.02.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оорусу мн олду деп еле кала беришет окшойт а,балдардын олтургонун билбей калышат окшойт
08.02.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арууке олбосо керек.сериал бутуп калатта Арууке олсо.
08.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
((((
08.02.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да ыйлап жибердим.
08.02.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп-коптон жазыныздарчы,,,
08.02.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйдан козум тунарып тамгалар корунбой калды.
08.02.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окунучтуу го бул жагы
08.02.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанар Аруукенин сөөгүн көрөм десе жанагы "j" татуажды карайт болуш керек деген ой келди((( менимче аягы жакшы менен бүтөт го...
08.02.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арууке тируу
08.02.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туш коруп жатат
08.02.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче Арууке тируу болсо керек себеби башталышында Жанар метродон Аруукени корот го.
08.02.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мумкун ал Аруукеге окшош кызды короттур.
08.02.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арууке тируу.
08.02.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оа арууке тируу болсо керек себеби J деген тамгадан тааныса керек деп ойлодум эле жанарды
08.02.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ оой адмиин джи чыгармасы кантип аяктайт Арууке тируу калабы?тируу калтырып койгула ден-соолугу чынданып кооп жашасын бактылуу кыз болсун аягын айтып койунуздарчы эчкимге айтпайбыз
Svoboda83 түзөттү 2016-02-08 20:35:28
08.02.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тируу эле болсо экен...;(((
Мен аны , Жанарды жакшы коруп кеттим эле...
08.02.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эх кандай оор эн жакын адамынды жоготуу муздак жузуно колунду коюп ошондо да ишенбейсин анын олгонуно...кара жерге комуп да ишенбейсин анын олгонуно....кундо кутсон келбесе да ишенбейсин анын олгонуно ...эч качан ишенбейсин анын олгонуно...олум чындык экенин билсен да бир кун келип озун олор кунунду билсен да ишенбейсин анын олгонуно . ..(((((((
08.02.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арууке олбогон болуш керек..
09.02.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче Арууке тируу жерге берерде денесине карабаптырда Жанар экоо денесине бирин биринин баш тамгаларын жаздырган элего ананда окуя башында метролон коргонун жазган болчу тируу эле болсунчу
09.02.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тируу еле куткуло Сабр кылып
09.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
автор ушул серияларында зээригип койгон го негедир окшошпой жатат кийинкилери жакшыраак болсо экен...
09.02.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арууке чынында эле олбош керек Эгер ал олсо чыгарма аякталмак.Бул жерде баары тушунуксуз болуп бар атат,жамгыр киши эми кантееет
09.02.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо силерге чон рахмат,кандай жакшы чыгармаларды алып чыгасынар,жазгандарынарга алымсынбай китеп саткандардан издеп да кордум бул чыгармаларды,бирок таппадым,эми бир сураныч,ушул чыгармаларды кооп коптон эле жаза бергилечи кишини зарыктырбай бир жума бойу.
14.02.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чыгарма жазган таланттарды колдоп ошолордун чыгырмаларын ушинтип окурмандарга жеткирип турган Супер инфого чон ракмат ишинерге ийгилик каалайм азаматсынар!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо