Арсен: «КЕРСЕЙИП СҮЙЛӨГӨНДӨР МЕНЕН МУШТАША КЕТЧҮМҮН»

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

Учурда спорт менен машыгып, келбетине кам көрүп жаткан Арсен менен маек машыгуу залда болду. «Спорт зал үйүмдөй болуп калды» деген ырчы машыгып жатып спортко болгон кызыгуусу, спорт азыктары, жаӊы сүйүүсү тууралуу айтып берди.

– Арсен, бизди спорт залга чакырганыӊа караганда спортко катуу киришкен окшойсуӊ?
– Спорт менен машыгып баштаганыма 4 ай болду. 10 жылдан бери машыкпай жүргөнүмдөн курсагым чыгып, жалкоо болуп калгам. Азыр аптасына 3 күн 4 сааттан машыгам. Бул жакта жөн гана булчуӊдарды чыӊдабастан атайын көнүгүүлөрдү жасайм. Негизи булчуӊдарды эле чыӊалта берсеӊ денеӊ катып калат. Ошондуктан кроссфит, грепплинг, тай боксу жана күрөш өӊдүү спорт түрлөрү менен машыгып жатам.
– Спорт менен машыкканыӊ өзүӊдү коргоодо жардамын тийгизди беле?
– Спорт менен машыга электе эле коргонгонду билчүмүн. Өткөөл куракта көп эле мушташып калдым, бирок өзүм барып тийишчү эмесмин, тийишкендерди ордуларына койчумун. Негизи мушташтан алыс эле болуш керек. Жашоодо конфликттерден алыс болууга, кичүү болсо да теӊелбегенге аракет кылам. Келечекте машыгуумдун сөзсүз пайдасы тиет деп ишенем. Балким, кийин кинодо спортчунун ролун жаратып калаттырмын.
– Бала кезде кайсы спортко кызыкчу элеӊ?
– 4-класстан 9-класска чейин күрөш менен машыгып, спорт мектепте окуйм деген максаттарым бар болчу. Бирок, чынын айтсам, күрөш меники эмес эле, үйдөгүлөр мажбурлап берип салышкан. Өзүм боксту жактырчумун. Тилекке каршы, Таласта боксту үйрөткөн жай болбогондуктан күрөшкө эле катыштыра беришчү.
– Ырчысыӊ деп тийишкендерге кол көтөргөн учур болгонбу?
– Жаӊыдан сахнага чыгып баштаганда андайлар болгон. Айрымдар «могу ырчыбы, карасаӊ?» деп керсейип сүйлөгөндө, жаштык кезде кан кайнап турат эмеспи, «эмне болду?» деп чыга калып мушташа кетчүмүн. Бирок азыр андай тийишкендер жок, анткени жанымда жалаӊ спортчулар жүрөт да, эч ким унчукпайт (күлүп).
– Көбүнчө булчуӊдарын чыгарыш үчүн протеин өӊдүү азыктарды ичишет, сенчи?
– Билбегендерге бул нерсе коркунучтуу көрүнө берет. Мисалы, «мен протеин ичип жатам» десем, кээ бирөөлөр «эмнеге ичип жатасыӊ, бул зыян» дешет. Бирок ал витамин да. Аны башында ичип, денени калыбына келтиргенден кийин ичпей койсоӊ болот. Мен азыр протеинди ичпей калдым.
– Чымыр денелүү болуунун оӊ жана терс жактары...
– Эркек болгондон кийин спорт менен машыгыш керек деп ойлойм. Спорт менен машыкпаган эркек назик болуп баштайт. Келбетиӊдин зыӊкыйып турганы өзүӊө, элге да жагымдуу көрүнөт. Андыктан терс жактары жок.
– Спорт менен машыккан айрым ырчы мырзалар дене түзүлүшүн тартып интернетке жүктөшөт. Мындан улам өзү үчүн эмес, мактануу үчүн машыгып жатабы деген ойдо каласыӊ. Сен кандай максатты көздөдүӊ?
– Мен өзүмдү бир калыпта кармап жүрүү үчүн машыгам. Анан эл көзүндөгү адам болгондон кийин жаштарды спортко үндөөнү максат кылдым.
– «24 сааттын 20 саатын чыгармачылыгыма арнап жатам» деген элеӊ. Бул аракетиӊдин жыйынтыгы кандай болууда?
– 2014-жылдан тарта чыгармачылыкта берилүү менен иштеп баштадым. Ай сайын жаӊы ыр чыгарып, көп клип тарттырдым. Бирок алардын элге көрүнбөй жатканын баамдап ичимден таарынып калам. Жумушуӊдун жыйынтыгын тапкан акчаӊ көрсөтөт. Мен болсо каражатты, Кудайга шүгүр, жакшы эле табам. Кээ бирлер «эмнеге жөнөкөй ырларды жазбайсыӊ?» дешет. Антип жаза берсеӊ чыгармачылыкты ким өстүрөт? Бирөө поп музыкада ырдаса, бирөө фольклордо ырдашы керек дегендей. Буюрса, жазында гастролдук тур менен Кыргызстанды кыдырып чыгам. 7 дубандын борборлоруна шоу программа менен барып, эл ырларымды түшүнсө да, түшүнбөсө да концерт коюп келем.
– Чыгармачылыктын пайдубалын тургузуп алдым деп ойлойсуӊбу?
– Чынын айтсам, чыгармачылыкта эми гана өзүмдү таап келе жатам. Кыргыз ырларын европалык стилде ырдагым келгени менен, конкреттүү кайсы багытта аткарышты билчү эмесмин. Азыр джаз, поп музыка жанры меники экенин түшүндүм. Ушул багыттагы жаӊы ырларды жаздырып, элди таӊ калтыргым келип жатат. Буюрса, жазында «Голос», «Х-фактор» сыяктуу чет өлкөлүк сынактарга катышууну пландап турам.
– Кайсы белгилүү ырчынын ийгилигин кайталагыӊ келет?
– Бейонсе багынткан ийгиликке жетким келет. Кыз болсо да анын эл менен иштегени, ырдаган деӊгээли жагат. Аны карап суктанып коём.
– Маекти жеке жашоого буралы. Жакында сүйгөн кызыӊа Москвага чейин барганыӊды уктук...
(Күлүп) Ким айтып жатат? Бишкек аябай кичинекей да... Кудай буюрса, сүйүктүүмдү таптым окшойт. Баарын убакыт көрсөтөт, бул жактан айтып алып, тигил жактан ал түшүнбөй калбасын. Биз жаӊыдан сүйлөшүп баштадык, азыр элге жар салуу менен аны чочутуп алгым келбейт. Анткени абдан жакшы көрөм. Ал кыз Москвада чоӊойгон, ошол жакта жашайт. Интернеттен сүрөтүн көрүп дароо жактырып калып, издеп тапкам. Экөөбүздүн дүйнөгө болгон көз карашыбыз, келбетибизден бери окшош, анын эркектик сапатымды баалаганы да жагат. Калган маалыматты убактысы келгенде айтайынчы. Сөйкө салчу учур келгенде сөзсүз кабарлайм (күлүп).
– Маегиӊе рахмат, тилегиӊ орундалсын!

Москвага барган Арсен кучак толо гүлү менен сүйүктүүсүн күтүп турган кези.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Арсен: "Өзүңө окшош адамды тапсаң, бул сүйүү окшойт..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(68)
Медиа-портал
08.02.2016. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унунуз соонун азаматсыз
Медиа-портал
08.02.2016. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
”ээ бул баладагы ырчы экенда а” деген адамдар кобойду,себеби ото коп.
08.02.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жакшы
08.02.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иийгилик 7дубан ырларымды тушунсода тушунбосода концерт берем дегени жакты.
08.02.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги сүрөт аеропорт эмес эле Гум го)))
08.02.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86,))ыы деп коё берсениз:-) бизге окшоп барбагандар "аэропорт экен деп кала беревиз")))))
08.02.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,))) Кыргызстандагылар аэропорт м.н ГУМду каяктан билмек эле деген окшойт чын эле))
09.02.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sabyr86,))))) буйурса эки-учкундон кийин кетим атамын "Маскθгθ". Ошондо тактап аламын ГУМу каякта?, аэропортту каякта))
10.02.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
sabyr86,аэропортто кутуп турам деп айыптырбы же
ошол жактан жолугушмак беле???
11.02.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86, Аэропорт деген создун кайдан алдын? Аэропортто турат кызын кутуп деген жер жокго?!
08.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
спортчу болсо болчудай экен
08.02.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсен азаматсын. Сен кылган эмгегим бааланбайт деп капаланба. Сенин жаны чыгарган ырларынды кутуп угам. Сени мен тун уулума окшоштурам. Ар бир жараткан ийгилигин балама мотвация болот. Балам сага карап туздолуп, осуп келе жатат.
08.02.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчы эмес,спортчу болсо болгудай!
08.02.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
спорт менен машыккан жигиттерди созсуз кыздар жактыраарын билем мага да аябай жагат
08.02.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар керсейбейби арсен аке
08.02.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5-6 кун мурда Окт.РОВД жакта турсак,ары жакта эки бала суйлошуп турган анын бири Арсен экен,синдим таанып калып суротко тушкусу келип уялып айта албады эле мен айттым ошондо байкадым аябай ыймандуу,жонокой бала экенин,мурда укпайт деле экенмин ырларын эми угуп баштадым
08.02.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул жонокойлук сапатын менен коптогон ийгиликтерге жетерине ишенем,суйуктууно жетип бактылуу бол,сендей уулду тарбиялап остургон ата энене рахмат!Кыргыздын желегин желбиретип,талантын м-н башка олколорду багынтып журо бер!
08.02.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Магада абдан жагат жонокой ырларыда абдан жагат Азаматттсыз
08.02.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жакчу эмес.Жонокойлук адамдын жылдызы дегендей,ушул сапаты жакты.
08.02.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
От души интервью бериптир молодец (хотя мурда жакчу эмес гордый сезилчуу) Арсен бактылуу бол, ийгилик. Кыз менен суйлошкон жерин эстеп кулгон жери жакты, менда кулуп алдым
08.02.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Үнүнүн тембри аябай жакшы. Көп ийгиликтерди багынта турчу жигит. Болгону кандай ыр жаздыруу керектигин, башкача айтканда элдин табитин жакшы таба албай жатат. Европалык жанрларга эле басым жасоону сунуштабайм, колдон келсе улуу муун да уга турган жөнөкөй эстрада жанрындагы шаңдуу ырлардан да чыгарып туруу керек.
Билишимче мурда сүйлөшкөн кызы бар эмес беле, бул жаңысы окшойт ээ? Бул ырчыларды үйлөнгөндө эле "сүйүктүүсүн" тапты дебесек, башка учурда куттуктоого эртерээк болуп калат экен.Ийгилик!
08.02.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сурот аэропорт эмес чындап эле,кремлдеги ГУМ.
08.02.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсееен сиз мага жагасыз коруп аябай кызгандым сиздиии
08.02.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Menin en jakwy korgon jana siylagan jalgyz irchim. Biz sizden jagymduu chigarmalardy kutobuz. Iwinizge iygilik!!!!
08.02.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун маек болуптур. Ийгилик!
09.02.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун маек курупсунар! ишинерге ийгилик!
09.02.2016. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын иничек ушунунан жазба.сени баарыбыз колдойбуз эртерек уйлон ...
озгондук акаларин
SUPER.KG видео
09.02.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен сизди аябай керсейген кишиго деп ойлочумун корсо жанылыпмын,аябай жонокой сонун адам экенсиз,омурунуз узун болсун
09.02.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каерде аэропортто кутуп турган кези деп турат? Жон эле суйуктуусун кутуп турган кези деп турат гоо. Гумдан жолугушкандыр да экоо. Жон эле ызылдап жибересинер да.
SUPER.KG видео
09.02.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сахнаны сыйлайт.Дайыма костюм Шым кийгени жагат.Кызыл,Ак,кок ,жылтырак кийбейт.
SUPER.KG видео
10.02.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур.ачык жонокой.Ийгилик сага!!!
Медиа-портал
10.02.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башында мага да жакчу эмес арсендин жанында жургон балдар макташат кийин Озум интервью сыну корсом жакшы кыргыздын келечегине жараган балакен ийгилик Арсен
Медиа-портал
10.02.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсын Арсен
Медиа-портал
12.02.2016. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ушул бала мага такыр жакпайт корсом эле кыжырым келет
13.02.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Протеин витамин эмес ал сухой смесь же аркандай белоктун талканы , аны ичип кийин таштап Салман ичин дагы чыгып булчундарыг бошой ьушот протеин булчундарды гана чыгарганы жардам берет вес или башка нерсе кошбойт , рекламасын да бир айда 12-20 кг кошосун деп жазып койгон экен Досум алып тчти эле эки же уч кг кошту и то ал тренировке кылганын аппетит ти ачылдыбы , булчундары протеиндин жардам менен чыкты деп айта албайм просто тренировке кылганы учун чыкты деп айтканы козум жетет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо