ДААРАТКАНАГА ТАШТАЛГАН ЫМЫРКАЙДЫ ЭНЕСИНЕ КАЙТАРЫШТЫ

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Токтогул шаарында үрөй учурган окуя катталды. Тагыраак айтканда, аталган шаардагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жалпы дааратканасына «күкүк эне» жаӊы төрөлгөн ымыркайын таштап салган.

«ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГУНДАР БИЛДИРИШТИ»
Биз жогорудагы окуя тууралуу маалымат алуу үчүн алгач Токтогул райондук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт куткаруу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Шайлоо Раев менен байланышып, төмөнкүдөй маалымат алдык:
– Жергиликтүү тургундар бул тууралуу 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына телефон аркылуу маалымдашкан. Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер барышып, жергиликтүү тургундардын көмөгү менен ымыркайды куткарып, «Тез жардам» кызматынын дарыгерлерине тапшырып бердик. Ошондой эле Токтогул РИИБинин кызматкерлери да барып, өздөрүнө тиешелүү иштерин аткарышты.

«БАЛАНЫН ҮНҮН УГУП КОРКУП КЕТТИМ»
Андан соӊ окуяга алгачкылардан болуп күбө болгон 21 жаштагы Майрам Эргешованын оозунан окуянын чоо-жайын уктук:
– Ошол күнү биздин үйгө коноктор келишкен. Кечинде конок кыздар жана сиӊдилерим менен кичинекей балдарды ойноткону сыртка чыкканбыз. Эшикте кар жаап жаткан. Болжол менен кечки саат 9:30дар чамасында биз жашаган көп кабаттуу үйдүн сыртта жайгашкан жалпы дааратканасына бардым. Даараткананын ичине киргенде эле бир үн угулду. Ичи караӊгы болчу, коркуп кеттим. Алгач мышыкпы деп ойлосом мышыктын үнүнө окшобойт, башкача угулду. Жакшылап тыӊшасам баланын үнү экен. Эшикке чыксам Мамыр деген коӊшу байке бир жактан келип машинасын токтотуп жаткан экен. Ага айтсам, ал чуркап келип көрдү да, мага «Тез жардамга» чал» деди. Мен «Тез жардамга» жана куткаруу кызматына телефон чалып окуя тууралуу кабарладым. Алар көп узабай келип калышты. Милиция кызматкерлерине да чалганбыз, алар башында албай коюшкан. Акыры кечигип келишти.
Даараткананын тешиги кичинекей жана темирден экен. Куткаруучулар түшөйүн дешсе, батпай коюшту. Темирди жыгач кесүүчү араа менен кесүүгө аракет кылышты, бирок болгон жок. Анан Асанкул Жапар уулу деген 25 жаштагы арык бир коӊшубуз даараткананын ичине түшүп ымыркайды алып чыкты.
Баланын жашай турган күнү бар экен. Аны куткарып калганыма сүйүнүп отурам. Баланы бизге жакын жерде жашаган Айпери деген кыз таштап кеткенин айтып жатышат. Айперини сыртынан таанычумун, апасы менен батирде турат. Буга чейин да күйөөгө тийбей төрөп алган, ал баласы 1 жаштан ашып калды.

«ЫМЫРКАЙДЫ ТӨРӨГӨН АЯЛ ЖАШЫРЫНЫП ЖАТКАН ЖЕРИНЕН КАРМАЛДЫ»
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын кызматкери Мыктыбек Турдубеков окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Токтогул РИИБинин милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, наристени төрөп, таштап кеткен аялдын ким экендиги аныкталды. Ал Токтогул шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашырынып жаткан жеринен колго түштү. Кармалган учурда шектүүнүн абалы начар болгондуктан «Тез жардам» чакырылып, Токтогул аймактык ооруканасына жеткирилген. Ал 1992-жылы туулган Токтогул районунун тургуну. Мурда соттолгон эмес, билими орто, эч жерде иштебейт. Турмушка чыгып ажырашкан экен. Алгач «дааратканага барган учурда толгоом келип төрөп салдым» деп көрсөтмө берген, бирок иликтөө учурунда баласын атайылап таштаганы белгилүү болду. Анын таштап кеткен ымыркайдан тышкары 1 жаштагы баласы бар экендиги аныкталды. Наристенин салмагы 2 килограмм 535 грамм, бою 47 сантиметр болуп төрөлгөн. Учурда абалы канааттандырарлык. Ага Марс деген ысым коюлуп, күбөлүк берилгенин дарыгерлер айтышты. Токтогул РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «жаӊы төрөлгөн баланын өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

«ЫМЫРКАЙ КОМИССИЯНЫН ЧЕЧИМИ МЕНЕН АПАСЫНДА КАЛАТ»
Учурда бул окуяга байланыштуу коомчулукта «ымыркайды таштаган энени энелик укуктан ажыратуу керек» деген пикирлер басымдуу. Биз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаӊыл Жумабаевага кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:
– Ымыркайдын энеси дарылануу үчүн төрөт үйүнө жаткырылган жана ал баласын 3-4 күндөн бери эмизип жатат. Баланын абалы жакшы болгондуктан дарыгерлер аны үйгө алып чыгууга болорун билдиришкен. Жогорудагы окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, алар баланы энесинде калтыруу чечимин чыгарышты. Бирок эне-бала ар дайым социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө болот. Биз ымыркай балдар үйүндө эмес, өз энесинин жанында болуусун каалайбыз. Бул окуяда кылмыш иши барбы же жокпу аны тергөөчү тергеп, сот чечимин чыгарат. Эгерде сот энесин күнөөлүү деп таап, камакка алса, анда биз баланы туугандарына калтыруунун аракетин кылабыз.
Чынында, эне менен бала бири-биринен ажырабастан, бирге жашаганы оӊ. Бирок эне болуу үчүн баланы төрөп эле коюу жетиштүү эмес. Ага мээримин төгүп, ак сүтү менен тарбиясын берген аялзаты гана «эне» деген ыйык сөзгө татыктуу. Ал эми өз канынан жаралган баласына ажал тилеп дааратканага таштап кеткен «күкүк эне» оӊолобу же мындан да үрөй учурган кадамдарга барабы, айтыш оор...

Фото Ымыркай ушул даараткананын ичине ташталган.

Асхат Субанбекев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
08.02.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ымыркайдын жашоосу дагы деле кооптуу бойдон калууда. Анткени, алардын жанында ар дайым козомолдоп турган болбогондон кийин балага энеси дагы кыянаттык кылуусу ыктымал.
08.02.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер багалбашына торогондон кийин козун жетсе, жакшынай болуп, которуп барып балдар уйуно тапшырып кой же торот уйундо баш тарт баладан. Жакамы кармадым, туалеттин ичи кургак бекен эмне
leonar түзөттү 2016-02-08 17:44:32
08.02.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого кар бироого зар деген ушу да биз балага жетпей кандай болуп жатабыз :(((
08.02.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ар бир наристеге ыймандуу,эстуу эне насип кылсын!
08.02.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бербеш керек болчу неге беришет ал энесинен дагы башканы кутсо болот
08.02.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз жок адам эмес ,журок жок,озун олуп калбайт белен баланды таштап салбай...андай жолго барсан бир жеринди кысып эле журсон болмок акмак!!!
09.02.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу туура жолго салсын
09.02.2016. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оо кудай озун сакта. жаны кыйналып тороп таштаганга кантип чыдады экен? эне болуп багыш колундан келбесе кысып эле журбойбу. байкуш бала эчнерседен кабары жок жылуу сутту эмгенине кубанып.
09.02.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балага зар болуп журом, эшигимдин алдына таштап кетсе бополоп багып алмакмын,
12.02.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zeinepa,Алла таала сизгеда эне болуу бактын насип эткен болсун.
09.02.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudayim ozun sakta! Tualetke tawtagandan koro bironun ewigine kaltyryp ketse bolmok. Eh adamdar bul ketiwte aibandan aiyrmabyz kalbait go,emnesi bolso da kukuk enege yiman ber.
09.02.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба,Кудайым ар бир пендеге ыйман берсин.Бул окуядан кийин менде ой пайда болду,баланын унун угуп сактап калышты,ким билет дагы канчалаган куноосу жок периштелерибиздин уну чыкпай сактап кала албадык...
09.02.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай нысап берсин кыздарыбызга жана да эркектерге. Ошол кызды боюнда кылган эркектин карындашы эжеси кызы болсо керек. Ошолорду ойлобойбу
09.02.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул бала Кыргызстандын керегине жараган чыгаан курч Путиндей кучтуу президент болуп калса эмне кылаар экен кукук эне. Эмне деп жооп берээр экен . Болор бала богунан дейт ынаалап белги бербегенде эмне болоор эле ойгон кыргызым
09.02.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылар ишти кылыптыр наристеде эмне куноо,канча деген инсандар наристе жытына зар болуп журушот го
09.02.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппак суттон ак наристе эх канчалаган аялдар бала жытына зар.кудайм бергин ошол жалдыраган коздорго.
10.02.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ими акмак кантип колу барды!Канчалаган адамдар баланс зар!Жаткандан уялбай баласын баккандан уялыптырбы?
10.02.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар экен а?
10.02.2016. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tualetke jan kutkargani tuwkon bayagi balada aiabai soopko batsa kerek buyursa.
10.02.2016. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура ал адашты эми ынсап берип адашпасын.Анан ар киминер ар кандай соз айтып ал кызды абийирин токпогуло. Ага дуба кылгыла Аллах мээримин ачып озу багып чонойтсун деп. Ал тобо кылса энелик мээримин токсо азырда кеч эмес Аллах албетте кечирет
10.02.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не нам её судить на все воля Аллаха
10.02.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар бала,бироого кор бала деген ушу да.....Кудай сактасын..
10.02.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асанкулга кудай чон сооп берсин,кыздарыбызга ыйман берсин!
11.02.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфирулла, кантип колун барды экен э...
11.02.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamdar roddomdo eki uch vrach m.n aran toroitko bul molodes uido torop tawtaganga .....jurokton dagy bar ekenda
11.02.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайтарып бергенда болбойт,бир жолу ушуга бардыбы кийин дагы кайталайт.Бизге жаны закон керек болуп калды.Зына,зордуктоо,уурулук,адам олтуруу кучоюп баратат.Олум жазасын киргизиш керек.
12.02.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ымыркайдын атасын таап аныда соттоо керек,себеби анында кылмышка туздон туз жана негизги тийиштуу адам ошол.
12.02.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-15 11:25:55
15.02.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kgtalgat,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
12.02.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафирлах, астафирлах. Баланы бекер энесине калтырышыптыр, андай адамдан жакшы эне чыкпайт баарибир .Деги адамдар эмне болуп баратат.
12.02.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ымыркайды куткаргандардан , Алла разы болсун !
13.02.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристени куткарган адамдарга аллаа ыразы болсун. Эми энесине кудай ынсап ыйман берсин мындан кийинки жашоосуна, ошол баласына жакшы талим тарбия берсин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо