Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Субанкул Жуманалиев, «Бөтөн жердин буудайы» чыгармасынын автору: «ЭРМЕК ЭКӨӨБҮЗДҮН ОКШОШТУГУБУЗ – КЫРГЫЗСТАНДЫ САГЫНГАНЫБЫЗ»

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

Гезитибизге «Бөтөн жердин буудайы» аттуу чыгарма жарыялангандан тарта аны сандан санга кууп окуган окурмандардын саны артты. Анын автору Субанкул Жуманалиев аттуу мекендешибиз учурда Москва шаарында иштеп жүрөт. Жазуучулук таланты бар Субанкул мырза менен байланышып, чыгарма тууралуу, өзү тууралуу маек курдук.

Каарман тууралуу...

Субанкул Жуманалиев 1978-жылы Аксы районунун Кербен шаарында туулган.
1996-2000-жылдары Ишенбай Абдраимов атындагы авиациялык колледжде билим алган.
2002-2005-жылдары Ош эл аралык аэропортунда авиатехник болуп иштеген.
2005-2013-жылдары Кербен аэропортунун жетекчиси болуп эмгектенген.
Учурда Москва шаарында электрик. Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы.

– Субанкул мырза, көпчүлүк окурмандардын тил учунда турган суроону берейин, «Бөтөн жердин буудайы» чыгармасы болгон окуянын негизинде жазылганбы?
– Чындыгында, көбү болгон окуянын негизинде жазылган экен деп ойлоп калышыптыр. Бирок автор катары айтып коёюн, окуя баштан-аяк ойдон чыгарылган. Элдин бул чыгармама болгон кызыгуусу мени абдан кубандырды. Силер телефон чалып маек курабыз дегенде, чынын айтайын, таӊ калдым, бир чети жагымдуу болду.
– Чыгарманы жазууга эмне түрткү болду?
– 2015-жылдын жай айларында Москвада 1 жумадай бош жүрүп калдым. Үй-бүлөм да башка жакка кетип, жалгыз жүрдүм. Өзүм мурунтан эле детектив жанрындагы чыгарма жазсам деп ойлонуп койчумун. Ошондой курч сюжеттүү чыгармаларды көп окуйм. Анан жалгыз калганда дептерге калем менен жаза баштадым. Башкача эргүү келген экен, чыгарманы бир жумада жазып бүтүрдүм. Өзүм бир сыйра окуп койгом. Аз өтпөй түш көрүп жатпаймынбы, түшүмдө Алыкул Осмонов менен Түгөлбай Сыдыкбеков колума бир нерсе беришти. Эмне экенин билбейм, эстей албай койдум. Ошондон кийин кээ бир интернет сайттарга жарыялап койдум. Окурмандар жакшы кабыл алышты. Акыры силердин гезитке да жетти.
SUPER.KG порталына жума сайын жарыяланганын көрүп, окурмандардын комментарийлерин окуп жаттым.
– Негизи, жазуучунун ар бир чыгармасында автордун биографиясынын үзүндүлөрү камтылат деп коюшат го...
– Балким, «Бөтөн жердин буудайынын» айрым бир жерлеринде менин башымдан өткөргөн окуялар бардыр. Бирок окуянын негизги өзөгүндө мага байланыштуу эч нерсе жок. Каарманым Эрмекти өтө эле акылдуу кылып койгом. Мен анчалык акылдуу эмесмин (күлүп). Эрмек экөөбүздүн негизги окшоштугубуз – Кыргызстанды сагынганыбыз.
– Кесибиӊиз эмне?
– Мен авиатехникмин. Кесибим менен көп жыл иштедим. Кезинде Кербенде учактар учпай калганда ар кайсы жакка чуркап жүрүп авиакаттам да ачтыргам. Ушул жерден дагы кошумчалай кетейинчи, чыгармадагы учакка баӊгизат катып койгонго ыӊгайлуу жер бар деп айтылат го. Чынында андай жер жок. Менин ойдон чыгарган кошумчам болгон. Негизи, учактын саатына 1200 чакырымга жеткен ылдамдыгында анын бир жерине бир нерсе катып, кайра белгилүү жерден түшүрүп калуу таптакыр мүмкүн эмес.
– Бирок Эрмектин учуучу аппарат, жөнөкөй уюлдук телефондон тыӊшоочу аппарат жасагандыгы абдан ишенимдүү жазылган...
– Калп айтпай эле коёюн, өзүм кол телефондон жанагындай тыӊшоочу аппарат жасап көргөм. Аны эмне максатта пайдаланганым сыр бойдон эле калсын. Ошентип жасаса болот.
– Учурда Москвада эмне иш менен алексиз?
– Эл катары Москванын акчасына кызыгып келгем. Азыр электрик болуп иштейм. Үй-бүлөм, бала-чакам менен бул жактабыз.
– Мындан башка дагы чыгармаларды жазып жатасызбы?
– Бирин-экин чыгармалар бар, дептерге жазып койгом. Компьютерге көчүрүш керек. Бирок жумуштан таптакыр бошой албай жатам. Учурда памирлик кыргыздар тууралуу фантастикалуу чыгарманы башымда бышырып жүрөм. Бирок «Бөтөн жердин буудайы» сериалын жазгандагыдай эргүү келбей жатат.
Ойлоп көрсөм, үй-бүлөбүздө, жакындарыбызда жазуучулукка ыктаган эч ким жок экен. Болгону чоӊ аталарыбыздын арасында жөө жомокчулар болгонун айтып калышат. А мен эмнегедир эле бир нерсе жазгым келе берет.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат. Чыгармачылыгыӊыз өркүндөй берсин!

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(45)
08.02.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чыгарманы супер инфодон кантип тапса болот?
08.02.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ! Ботон жердин буудайы - деген чыгарманы кантип тапсам болот? Жардам берип коюнузчу. Рахмат
08.02.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholpontolgongylyn,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
http://www.super.kg/article/show/33859
Макаланын аягында көрсөтүлгөн сандар аркылуу кийинки бөлүктөрүнө өтөсүз.
13.02.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,макаланын аягынан сандарды таппай атам же жакшы тушунбой атамбы билбейм. Айтор эмки болукторуно ото албай атам.
08.02.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун чыгарма аябай кутуп окуган,калеминиз курчуй берсин дагы жакшы чыгармаларынызды кутобуз☺
08.02.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калеминиз курчуй берсин
08.02.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
оииии мен ишенип алгам да. азаматсыз калеминиз мындан дагы курчуй берсин. Жаны чыгарманыздан кутобуз
08.02.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз! !! Сонун.
08.02.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир чыгармаларга караганда абдан кызыктуу жазылган,аягы да сонун буткон.Калемин курчуй берсин,киносун да чыгарса болчудай же жаштар башкача кабыл алабыа
08.02.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тыншоочу телефонду чын эле озунуз жасасаныз,анда акылдуу Адам экенсиз.
08.02.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда ишенип окуган экенмин суперстандан.Ошко келип,Акжар деген айыл жактарга барып деген жерлерин элестетип,озум ошол жактардан болом да
08.02.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик.
08.02.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсызбы автор чыгарманыз жакшы жазылган,элге жакты, менда ушундай чыгармаларды жазганга арекет жазайм,жазам ар жерде калып кетет,ойлогон ойду кыстаган турмуш женет демекчи заманга жараша убакыт жок кор оокаттын айынан иштеп ата-эне бала чаканы багыш керек, багам деп милдет кылбайм! Ата-Эне бала чака бир тууган мен учун биринчи орунда турат,эгер жазсам жаза алам кобунчо турмуштан алып сиздин чыгарманыз мага таасир берди менин ойумда коп баштан откон дагын башка чыгармалар бар ошолорду кагаз бетине калем менен тушуруп жазыш керек Мен да ушундай жакшы чыгармаларды жазып колдон келсе китеп чыгарып Кыргыз элиме супер-инфо гезити аркылуу жеткирсем деген жакшы ойлор бар Кудай буйруса жакын арада аракет кылам жазганга рахмат
Svoboda83 түзөттү 2016-02-08 14:02:38
08.02.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен чын болушун кааладым эле. Бирок абдан соонун. Чыгармаларыныз мындан да мыкты боло берсин байкеси.
08.02.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен башында такыр окубадым эле,бир куну кичине узунду окусам кызыктуу экен.Ошондон баштап,кууп журуп окудум го.
Эрмекке суктандым эле)))

Чыныгы жашоодо болсо,сонум болмок...
Medina.. түзөттү 2016-02-08 15:42:48
08.02.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayabay jakshy jazylgan dagy kutup kalabyz
08.02.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көпчүлүк эле жазуучулар чындыка таянып эле жазышат болуш керек,анан эле аягында ойдон чыгарылган деп коюшат,демек ага да бир негиз барго.Кантсе да аябай сонун жазылган,мындан арыда ушундай эргүү мн көөөп чыгармаларды жаратыңыз.
08.02.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темаңыз эле жарды да,ага.Кандай башыңызга келди экее ушул тема?Сөз тандап,көркөмдүүрөөк иштеп чыксаңыз"зыңк"болот эле.
08.02.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен аябай ошол кишилерди элестетип окучум эле ,кино коруп жаткандай)))
09.02.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперстандан экинчи болугун окугандай болдум эле, бир чет жерге барып бир нерсе тигипби ошентип иштеп калат. Админ экинчи болугун да чыгарыныздарчы.
09.02.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
UsenovaAizada,
Саламатсызбы! Гезитке чыгарма толук жарыяланган.
09.02.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баштан откон окуя эмей эмне кесиби,кызматы кыздуу да болушкан анан коркомдоо созсуз болот да ар бир баянда
09.02.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун чыгарма
09.02.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болгон окуя го, мени менен детдомдо бирге чонойгон бала окшойт. Ошол эле. Окуган, иштеген жерлери. Россияда иштеген, кайра келип Ошто иштеген , сегиз жылдан бери корэлекмин, жуз% ошол, болгон окуя бул балдар
Baichik17 түзөттү 2016-02-09 01:43:03
09.02.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да аябай берилип окугам.Постон чыгып тигилерди колго тушуруп берип пахта аралап качканы коз астыман кетпейт журогумдун соккону башкача болгон эле
09.02.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калеминиз курчуй берсин. Уй булонуз менен ден соолукта болунуз!
09.02.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдер мен кылганды туурап кылбасын деп ойдон чыгарылган деп койду окшойт да эми баары бангизатты самолеттко ошентип жонотуп калбасын деп
09.02.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон окуя экен милициялар сурака Ала беришкендиктен ойдон чыгарылган деп коюптур
09.02.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрмек ушул кишинин озу эле б.со к.к жашырып аткандай. Ар бир адрестерди так дал келет. Ошончо мансапта жургон инсан Москвада жон жай журбогон чыгаар. Эмнеси б.со да Азамат экен,там бердим
10.02.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kerbendik bolso menin tentushum bolot eken, SUBAN degen Ilich mentepten okugan balany taanyit elem aa familiyasyn bilbei atam.
12.02.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кербенден болсо,Ош областынын,Кара-Суу районуна караштуу..Акжар айылын кайдан билет,озунун башынан откон эле окуя..Же биро жарымдан уккан..
14.02.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уландысын таппай атамго
15.02.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба чыгарманы таптакыр ойдон чыгарып фантазия менен жазууга мумкун эмес. Бирок антип жашырып ойдон чыкты дегени да туура. антпесе бу кишиге кыйын да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо