Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Уланбек уулу Элназар, дил баяндар сынагынын Нарын облусу боюнча жеӊүүчүсү: «МАЛАЙЗИЯДА ӨТКӨРГӨН 7 КҮН ЖАШООГО БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫМДЫ ӨЗГӨРТТҮ»

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

– Менин кышкы каникулум эӊ сонун өттү! 7-классымда география сабагына болгон кызыгуум Океания архипелагдарына (Сингапур, Малайзия, Индонезия жана башка өлкөлөргө) баруу кыялымды жараткан. Мына ошентип Сингапурдун аэропортунда аз убакыт болуп, Малайзияда 7 күн жүрүп кыялым орундалды.
Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурдун кооздугу, жашылдыгы, тазалыгы жана заманбап стилдеги курулуштары, өзгөчө мечити эсимде калды. Көчөлөрүндө бир да таштанды жок. Себеби аларга ушинтип башынан тарбия беришет жана мыйзамды өз кызыкчылыктарынан биринчи койгонго көндүрөт экен. Ичим ачышканы – бизге деле үйрөтүшөт, бирок эмнеге шаарларыбыз таза эмес? Аэропорттон келе жатып ар бир метр сайын бак-дарактарды, гүлдөрдү жана пальма плантацияларын көрдүм. Жадакалса аэропорттун ичинде да кичи токой өстүрүлгөн. Пальма майын көп өндүргөндүктөн плантацияларды кемирүүчүлөрдөн сактоо жолун жакшы ойлоп табышыптыр. Токойдон үкүлөрдү алып келип, плантацияларга уя салып беришет. Ушундай табигый жол менен үкүлөр кемирүүчүлөрдү жок кылышат экен.
Лангкави аралынан асма аркан жолу аркылуу бийик тоого чыктык. Тоонун башынан арал толук көрүндү, атүгүл Таиланддын аралдарын да көрө алдык. Тоолордо жана ачык деӊизде саякаттап бир башкача сезимге туш болдум! Ал аралдагы үӊкүргө кирдик, ичинде көптөгөн жарганаттар жана сталактиттер бар экен. Мага жаӊылык болгону, жарганаттар ал жерде аарылардын ролун ойношот. Алар бак-дарактардагы мөмө-жемиштерди чаӊдаштырышат экен. Өмүрүмдө биринчи жолу маймылдарды көрдүм. Биз аларга тамашалап кыйкырып жаттык, алар болсо бизге жооп кайтарып кыйкырышты, керек болсо агрессиясын да көрсөтүштү. Балдар болуп деӊизге түшүп аябай жыргадык.
Кийинки күнү Малайзиянын атактуу мектебине бардык. Бизди президенттердей салтанаттуу, музыкалык хор менен тосуп алышты. Жаш болсок да чоӊ жоопкерчилик жүктөлгөн балдар экенибизди сезип кубандык. Мектептин билим берүү тармагы биздикинен айырмаланып, жакшы жана орто окугандарды өзүнчө класстарга бөлүп окутуп, жакшы окугандарга кошумча сабактарды жана көбүрөөк тапшырмаларды берип, алардын потенциалын өстүрүшөт экен. Балким, бул дагы алар үчүн кандайдыр бир өнүгүүнүн жолудур.
Жети күндүн ичинде сейил бактарга, ачык деӊизге, океанариумга, концертке бардык, дүкөндөрүнөн шоппинг кылып, акча жоготконго да үлгүрдүм. Бирок малай элинин маданияттуулугунан, тартиптүүлүгүнөн акчам кайра табылды. Дүкөнчү артымдан келип унутуп калган баштыгымды, капчыгымды кайтарып берди. Мен рахмат айттым. Эртеси ошол дүкөнгө кайра барып, үйдөгүлөргө, туугандарыма, мугалимдериме сувенирлерди сатып алдым.
Малайзияда өткөргөн жети күн менин жашоого болгон көз карашымды өзгөрттү. Англис тилине маани бербей жүрдүм эле, эми болгон кызыгуум менен окуй баштадым. Келечекте Малайзияга барып жогорку билим алууну максат кылдым. Канчалык кичи пейил, сылык сүйлөп жана ачык маанайда болсом, мага да айлана-чөйрө ачык жана жакшы маанайда жооп берерин түшүндүм. Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султановго, мени татыктуу деп тандап алган «Супер-Инфо» гезитинин жамаатына, Шайиста эжеге дагы бир жолу тереӊ ыраазычылык билдирем жана Кылычбек байкенин үмүтүн актоого колумдан келишинче аракет кылам.

"Кылычбек Султанов агайыбызга өзгөчө ыраазымын. Ал бизге ноутбук сыяктуу буюмду белекке берсе деле болмок. Бирок ал андан да кымбат нерсени белек кылды. Мен үчүн эл көрүү, жер көрүү, башка өлкөнү таанып-билүү абдан маанилүү".




koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
08.02.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Молодец иничек! ийгилик келечекте жакшы иштерди жаса элин учун!
08.02.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул бала абдан билимдуу,тушунуктуу бала корунор ийгилик сага
08.02.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынакай бала экен.Ийгилик!!!
08.02.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
азаматсынар, ийгилик каалаймын!!!!
09.02.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сынака коптор катыша албады го. Мен да катышайын дегем бирок келбединер.
09.02.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жарайсын иничек!Келечекте сен кыргызымдын керегине жараган жигиттерден бол.
09.02.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
башка олколордогу элчилер да иштешсе болмок. кээ бир олкодогу элчиликтен суроо берип жооп ала албайсын.
11.02.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага ушул кызык болуп жатат, Кыргызстандын канча олкодо элчиси бар?Мен Кылычбек Султановдон башкасын коп тааныбайт экенмин, алар эмне кызмат аткарышат?Аларды ким шайлайт,шайлайбы же президент дайындайбы? Анан Москвадагы элчиликке нааразычылыктарды коп угабыз, азыр Маскоодогу элчи ким? Ушул тууралуу кыскача кызыктуу макала жазбайсыздарбы?
12.02.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат азыркы жаштардын илимге болгон умтулуусуна комок корсоттунор буюрса дагы жакшы ийгиликтерди жаратып журо бер!
12.02.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москва элчи ким экенин билбейм бирок аябай кайдыгер карашат негизи кунун тушпой эле койсун аларга менимче президент шайлайт ж/а азыркы Турциянын элчиси менимче Ибрагим Жунусов элчилерден эн мыктысы Кылычбек Султанов сизге терен ыраазычылык бар болунуз ж/а ишинизге ийгилик чынында элчилер ж/о жазгылачы мен да кызыгып калдым рахмат!
13.02.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылычбек байке мурда супер инфонун директору болчу.Орусча айтканда создатель газета супер инфо
13.02.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Малайзия менен Сингапурга жана Таиландга саякаттап келсемби деп пландап жатам. Кышта жакшы болсо керек абасы жайда нымдуу жана ысык дешет Кыздар ким барат чогуу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо