Ар бир адамдын басып өткөн жолу – тарых. Аны баяндап китеп кылып жазып, тасмага түшүрсөӊ болот. Ильяз Абдыразаковдун ырчы болуп элге таанылганга чейинки көмүскөдө калган жылдарын сүрөт менен баяндайбыз.
– Бала кезимде эле ырчы болууну кыялданчумун. Максатыма жетүү үчүн түрдүү аракет жумшап, белгилүү адамдар менен жаш кезимден баштап иштештим. Көп адамдар алга сүрөп, акыл-кеӊешин айтып ийгиликке жетүүмө жардам беришти. Алардын сап башында апам турарын баса белгилеп айтпасам болбос. Чыгармачылык мени тандап элге аздыр-көптүр таанылдым. Ырымды уккан күйөрман күтүп, дос арттырдым. Үй-бүлө түптөп, ата болдум. Мындай бактылуу жашоонун пайдубалы түптөлгөнгө чейинки көшөгө артындагы чыйыр жол сүрөттөрдө сүйлөсүн.
– Апам «Кичинеӊде колуӊду көкүрөгүӊө коюп кыӊылдап ырдап, кыялданып жүрчүсүӊ. Башка балдардай болуп оюнчукка кызыккандын ордуна радио, магнитофондон музыка угууга куштар болчусуӊ» деп көп айтат.
– Улам эс тарткан сайын чыгармачылыкка болгон кызыгуум артып баштады. Кээде кошуна балдар менен чогулуп, чака-челектерди барабан кылып ойноп концерт койчубуз.
– Апам музыка мугалими болчу. Мектептеги «Ямаханы» үйгө алып келип шкафтын үстүнө койгонун көргөм. Чака-челектерди музыкалык аспап кылып ойногондон тажап, «Ямаханы» эрмектей баштадым.
– Шкафтын үстүнөн «Ямаханы» алып, балдарга мактанып ойноп жаттым. Кичине эле ойнойм деп берилип кетипмин. Апамдын келгенин да байкабай калыптырбыз.
– Апамды көрө калып «эми токмок жейм» деп коркуп кеттим.
– Апам мени урушабы десем, тескерисинче «жакшы ойнойт турбайсыӊбы» деп дем берди.
– Ошентип бара-бара «Ямаханы» өздөштүрүп кеттим. Айылда той болсо ырдап, «Ямаханы» айланчыктап музыкант байкелерден «бир жолу ойноп берейинчи» деп көп суранчу болдум.
– 6-класста окуп жүргөндө айылга Абдумалик Шерматов концерт коюп келди. Апам «менин балам ырдайт, музыкалык аспаптарда да ойнойт» деп ырчыга жетелеп барды. Ошентип ырчынын тобуна кошулуп гастролго кеттим. Ал жерден Мирлан Ниязов менен таанышып калдым. Бул таанышуу чыгармачылыгымдын бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүшүнө себепчи болду.
– Гастролдо жүрсөм апам айылдаш байкеден «Ильяз Москвага кетип жатыптыр» деп угуп, мени айылдан-айыл аралап издегени эсимде.
Ильяз ырчылар менен Москвага кетип калабы? Ал мындан ары кандай окуяларды башынан кечирет?
Бул суроолордун жоопторун гезитибиздин кийинки санынан таба аласыз.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg
Саламатсызбы! Жок, бүткөн жок. Кийинки санда уланат.