Назира Кадыева, ди-джей, ырчы: «ЭРКИНДИКТИ САМАП ДИ-ДЖЕЙЛИКТЕН КЕТТИМ»

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

Өзү ди-джей, кээде ырдап, ар кандай иш-чараларды алып барып калат. Бул кыз тойлордо тамада болуп да кызмат кылат. Токтоо мүнөз, достукка бекем, маданияттуу сүйлөгөн Назира Кадыева менен болгон баарлашуу кызыктуу болду.

Туулган жылы, айы, күнү – 1983-жыл, 29-май
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тоӊ району, Кара-Талаа айылы
Билими – Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Аткарган ырлары - «Асыл жарым», «Махабат», «Менин жылдызым», «Унутпаймын» жана башкалар.

– Салам, Назира! Биз сени ди-джей катары тааныйбыз, бирок «Кыргызстан обондору» радиосунан кеткениӊ мени эле эмес, күйөрмандарыӊды да таӊ калтырууда?
– Саламатсыӊарбы? Аталган радиодо 10 жыл иштедим. Ал жерден өстүм, өндүм, аздыр-көптүр ысымым элге таанылды. Адам бир жерде эле тура бербей, өсүш керек эмеспи. Андыктан өзүмдү башка жаатта да сынап көргүм келди. Өз каалоом менен арыз жазып кеттим. Албетте, жетекчилик башында нааразы болду. Убакыттын өтүшү менен түшүнүшүп, чечишип алдык. Алар да мага ак жол каалап узатышты. Ким эле даяр кызматкеринен айрылгысы келсин? Алардын каршылыгын деле туура кабыл алдым.
– Шайлоонун астында кеткениӊе караганда партиялар көп акча сунуштаган го?
– Бир чети шайлоо үчүн кеттим десем болот. Анткени радиодон 3 жылда иштеп тапчу 15 миӊ долларды 1 айда таап койдум. Анын үстүнө «майрамдык иш-чараларды алып
барып бер, тамада болуп бер, ырдап бер»
деген сыяктуу чакыруулар көп болот. Радиодо иштегендерге андай нерселерге уруксат жок, жадакалса интервью да бере албайбыз. Ошондуктан эркин болгум келди, чыгармачылык эркиндикти сүйөт эмеспи.
– Эми өзүӊдү кайсы жаатта көрсөтөйүн деп жатасыӊ?
– Андан бери бир телевидениеде иштедим. Тилекке каршы, өзүмдүн көӊүлүмө төп келбегендей сезилди. Мен креативдүү, мени менен бирдей деӊгээлде ойлонуп, бир көз карашта бири-бирин түшүнө ала турган команда менен иш алып баргым келет. Буюрса, рейтинги жогору мамлекеттик телеканалда иштейин деп жатам.
– Алып баруучулук бала кезден дегдеп жүргөн кесибиӊ беле же чыгармачылыкка кокустан келип калдыӊбы?
– Эркек баланын кийимин кийип, чүкө атып, ат минип өскөн жаным милиция кызматкери болом деп ИИМ академиясына тапшырып өтпөй калдым. Атам «журналистикага оку» деп тапшыртып койду. Ата-энем жаӊылбаганын 1-сентябрда эле лекциядан кийин түшүндүм. Алар мени ушул чөйрөдөн көрө алышкан окшойт, өзүм бала болуп анча маани бербесем керек да.
Окуудан тышкары практика болсун деп телеканалдарда кабарчы болуп иштеп жүрдүм. Байма Сутенова «эми эфирге чыгасыӊ» деп турганда радиого кетип калдым. Анткени ал жактан 800 сом айлык алсам, радиодон 8000 сом алат экенсиӊ да. Тынчтыкбек байке (ред. Кожобеков) «радиого келбейсиӊби» деп чакырып калчу. Мен ал жакта ошол байкедей чымчып сүйлөгөн, куйкум сөздүү адам иштеши керек деп ойлоп барчу эмесмин. Бир күнү радиого чалып Эдил Эркинбаев менен сүйлөшүп калдым. Ал «үнүӊүз абдан жагымдуу экен, бизге келип көрбөйсүзбү» деп сунуштады. Барсам Лилия (ред. Абдубаитова) эже менен Назгүл (ред. Жамгырчиева) эже үнүмдү жактырып жумушка кабыл алышкан.
– «Эркек баланын кийимин кийип, чүкө атып өскөм» дегениӊе эч ишене албай турам...
– Ат такалап, сөгүнүп-сагынып эле жүрчүмүн. Бирөө «бул эркек эмес, кыз» десе, мен «кыз эмесмин» деп шымалана мушташа кеткенимчи. Чүкөнү кыйын ойнойт элем. Бир жолу Тынчтык деген кошуна баланын чүкөсүн утуп алсам, ыйлап чоӊ атасын ээрчитип келиптир. Атам чыкса «Ээ, Кадыке, сенин жанагы эркек баладай болгон кызыӊ менин баламды ыйлатып коюптур, чүкөсүн берсинчи» дейт. Мен бербейм деп үйдүн чатырына чыгып кеттим. Апам менен атам аларга чай берген соӊ мени сарайдын үстүнөн түшүрө алышпайт десеӊ. Азыр Тынчтык чоӊ киши болуп калган, кантип ыйлаттым экен деп күлөм. 1-класска барганда да үйдөгүлөр такыр юбка кийгизе албай койгондуктан мектепке эркек баланын костюм-шымын кийип баргам. Дароо эле балдардын баарын коркутуп атаман болуп алдым. Элдин баары «бул кыз, эркек бала болуп алган» деп колу менен көрсөтүшсө намыстанып ыйлай берсем, атамдар «баланын психологиясы жабыркап калбасын» деп шаарга окутушту.
– Ошондо Бишкек шаарында окуп калдыӊ да? Бул жакта ким менен турчу элеӊ?
– Бишкекте үйүбүз бар эле, эӊ улуу эжем жашап, №67-мектепте мугалим болуп иштечү. Мени да өзү иштеген мектепке окутуп койду. Айылдан жаӊы келгенде орус тилин деле билбейм. Биздин классты медициналык кароодон өткөрүп калышты. Көз доктур орус эже экен, бир көзүмдү жаап указка менен корозду көрсөтүп «что это?» десе, «ку-ка-ре-ку» десем элдин баары күлүп жиберишти. Классташтарым мени көпкө чейин «ку-ка-ре-ку» деп шылдыӊдап жүрүштү. 7-класста айылдагы ата-энемди сагынып түйүнчөгүмдү түйүп айылга кетип калдым. Ал жакка барганда билим жаатында алда канча алдыда болдум.
– Айылга шымды чечип, өзгөрүп бардыӊбы анан?
– Баягы шым кийип, чүкө аткан Надубай жок. Суйкайып сулуу болуп созолонуп калгам да анда. Барсам айылдын кыйын жигиттери кат жазып жүрүштү. Мектепте алдыӊкы кыздардан элем, анча-мынча жигиттер жаныма жолой алчу эмес.
– Эми ата-энеӊ тууралуу айтууга кезек келди окшойт. Деги эле үй-бүлөӊ жөнүндө сурайын дедим эле...
– Атам 33 жыл башкарма болуп иштеген айылдын кадыр-барктуу адамы эле. Айылыбыздын өнүгүшүнө көп салымын кошкон. Апам баатыр эне, 11 баланы төрөп, тарбиялап өстүрүп тууруна кондурду. Үйдө 10 кыз, 1 уулбуз.
Өзүмдүн эки балам бар. Кызым Акмарал 8 жашта, уулум Акназар 4кө толду. Жолдошумдун аты Улан, кесиби юрист. Экөөбүз 9 жыл чогулткан каражатыбызга 2 бөлмөлүү батир алдык. Аман болсок, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетебиз деп ойлойм.
– Маегиӊе рахмат!

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Назира Кадыева: "Чыгармачылыктан чектөө болуп, радиодон кеттим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(30)
Медиа-портал
06.02.2016. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бл айым ди джей эле болсо жакшы болмок.
Медиа-портал
06.02.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ди-джей эле болсон болмок,сага жарашмак,ырчы коп го аныс деле саны бар,сапаты жок,
Медиа-портал
06.02.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Назира орду орду менен таасирдуу суйлогон айым экен. Туура кыласын, ошол жакта пенцияга чыкканча иштей бербей, жаштарга орун бошотуп бергенинди сыйладым. Башкаларга сабак болсун. Маскаттын козунон жаш чыга кете жаздады окшойт.
Медиа-портал
06.02.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамды ыйлата турган маек болуптур го
Медиа-портал
06.02.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтасыз, ди-джейлик жаштыкты-шаттыкты талап кылат. Бир нече картан ди-джейлердей болуп креслосун бербей эле, кок беттик кыла бергендин ордуна жаны иштерди жасаганын он.
SUPER.KG видео
06.02.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур. Ишинизге ийгилик. Тилегинизге жетиниз.
Медиа-портал
06.02.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озззумдун эжем да )) Ийгилик бар болунуз!
SUPER.KG видео
06.02.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аявй конулум жылыды коруп алып настырым жок эле которуло тушту сонун маек болуптур алга дейли чыгармачылык ийгилик калайлы
Медиа-портал
07.02.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun maek boluptur,chygarmachylyk iygilik kaalaim. Oidodo suilogon adamdar sileroz jumushunardy kylgylachy bashka biroonun jashoosuna kiyligishpei.
SUPER.KG видео
07.02.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну жагымдуу экен,жагымдуу маек.Суроону орду менен,адамдын ичине кирип берген Максат азаматсын :)
SUPER.KG видео
07.02.2016. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагымдуу суйлойт экенсиз,боенуунузду(макияж)башкачаарак кылсаныз жакшы болмок оушойт.
Медиа-портал
07.02.2016. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диджей эле болсонуз болмок!!! Унунуз сонун!
Медиа-портал
07.02.2016. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур! Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
07.02.2016. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ыйлап алдымго))) Менда аябай ыйлакмын
SUPER.KG видео
07.02.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Радиодо аябай сонун суйлойт, реалда да оор басырыктуу, оз орду мн суйлогон Эже экен. Чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын.
Медиа-портал
07.02.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун эже экен. Назира эже сизге болгон урматым интерьвюнузду коруп дагы да артты. Буйруса теледен сизди кутобуз.
SUPER.KG видео
08.02.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира эжеке абдан тың суйлойт экен,уважение сизге эжеке.Чыгармачылыгыңызга чоооң ийгилик!!!
08.02.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иийгилик унунуз аябай жагымдуу.
Карай бербе деген ыры аябай жагат.
08.02.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырдабай эле койсо откондо бир клибин кордум же жарашсачы ырдаган...
08.02.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжени сыйлайм сулогон созу да орду менен, ал эми ырдаганга чындыгынды уну жетпейт.
08.02.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бугун"Замана"беруусунон чыкты го.Жакшы маек болуптур...
08.02.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат жакшы интервьюларды алып жатат суроолорду оорду менен берип,азамат маегинер жакты
08.02.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ди-джейлер деле кайсы бир ди-джей айтмакчы. күн сайын "Алло саламатсызбы" дей бергенден чарчашат да. Өзүн башка тараптан сынап көргүсү келгени жакшы көрүнүш, адам бир эле нерсеге өмүр бою байланып калбашы керек. Ийгилик каалайм! Жөнөкөйлүгүңүздөн жазбаңыз!
Mediziner түзөттү 2016-02-08 18:35:57
08.02.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соз жок карындашка
бактылуу бол
08.02.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маеги сонун болуптур, ар бир созу орду-орду менен! Азаматсыз, ийгилик каалайм!
09.02.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кукареку сун окуп кулуп алдым
09.02.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аччык айтып суйлогону жакты. "Мынча акча, бала кезде мындай кыз элем" деп жашырбаптыр))
Баардык эле Назиралар уул баладай болуп чоноет окшойт? Таенем жатка да Назира деген кошунасы, дал сиздей болгон. "Сен кыз баласын?" десе, ыйлап согунуп "ыкы мен эркекмин" деп. Биринчи класска барарда юпка кийиш жанжал м.н аяктачу. "Бантик тагынып ал" десе, жиндилик салып. Айтор уруш жанжал м.н тан атып кеч кирчу)))))
Медиа-портал
09.02.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун маек болуптур.Бир жашып алдым. Сөздү орду менен сүйлөгөн акылдуу айым экен. Бар болуңуз, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
10.02.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөз баккан эже экен. Сизди твдан көрүүгө куштарбыз.Ишинизге ийгилик!
SUPER.KG видео
10.02.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштарга орун бергенинизди,тиги ак уйдогу креслону кучактагандарга да уйротуп коюнузчу! Соонун маек болуптур,чыгармачылык ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо