№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж
Бешик кыргыздын канына, жанына сиӊип, жети атабыздан бери бешикте чоӊойгон десек куп жарашат. Эӊ алгачкы бешик биздин замандын биринчи жүз жылдыгына таандык.
Сокулук районундагы Шопоков шаарынын тургуну Жаннатай Султанованы айылдын жашоочулары Умай эне дешет.Анткени Жаннатай апа кыргыздын салт-санаасы менен баланы бешикке бөлөп, жаштарга үйрөтүп келет. Ал бешиктин пайдасы, ага бала кандай бөлөнөт, бешиктин жабдуулары, ырым-жырымдар тууралуу бизге да айтып берди.
«БЕШИККЕ БӨЛӨӨ ТУУРА ЭМЕС»
Баланы бешикке бөлөө боюнча №9-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-педиатры Бүайым Жолдубаева буларга токтолду:
– Бешикти кыргыз эли байыртадан колдонуп келишкенин танбайбыз, ошентсе да аны медициналык жаатта карай турган болсок, балага зыян жактары бар.
1. Көкүрөгүнөн таӊылгандыктан баланын көкүрөк сөөктөрү өспөй, сөөктүн формасы өзгөрөт.
2. Бала чоӊойгон сайын ички органдар өсөт. Таӊылып тургандыктан өпкө, жүрөгүнүн өсүүсүнө кыйынчылык туулат.
3. Тынч, жылуу уктасын деп үстүн калыӊдап жаап салышат. Бул учурда кычкылтек жетпей калышы мүмкүн.
4. Кыймылсыз жаткандыктан денеси талып, кан айлануусу жайлайт.
5. Кичинекей бала көп кусат. Айрым энелер баланы бешикке бөлөп, уктап калсын деп эмизишет. Бул туура эмес. Бөлөөрдүн алдынан жарым саат мурун эмизип, 2 саат гана
уктатыш керек.
Эмип жатканда же кусканда сүт же кусунду өпкөсүнө кирип кетсе, бала дем ала албай чарчап калышы мүмкүн. Өпкөгө тамак-аш калдыгы эмес, аба кирип турушу керек. Тилекке каршы, бешиктеги баланын жогорудагыдай себептерден улам чарчап калышы бир нече жолу катталган. Ошондуктан медицина кызматкерлери бешикке бөлөөнү туура эмес деп түшүндүрөбүз, эгер бөлөсөӊүз, бат-баттан карап туруӊуз дейбиз.
«Супердин» сурак бурчу
Небереӊизге бешик бердиӊиз беле?Шайыр Касымалиева, актриса:
– Кызым балалуу болгондо бешик берген эмесмин. Анткени турмушка чыкканда эле неберемди бешикке бөлөбөйт экени белгилүү болгон. Ошондон улам мен деле «бешикке бөлө, бешик берем» деп таӊуулаган жокмун.Саламат Садыкова, ырчы:
– Азыр бешиктин ролун заманбап манеждер ээлеп алды. Тун неберем Сайкал төрөлгөндө бешик алып барып, өзүм бөлөгөнүмө, ырым-жырымдарды колдонгонума сүйүнөм. Мен бешикти кыргыздын ыйык буюму катары баалайм. Калича Сейдалиева, актриса:
– Бир кызым бар, анан кантип бешик бербейин?! Неберем азыр он алтыда. Бешик алып барып, кыргыздын каада-салты, ырымы менен неберемди өзүм бөлөгөм. Кызым «бешик таза, тынч болот турбайбы» деп аябай сүйүнгөн.Гүлжан Кулмамбетова, телеалпаруучу:
– Кыздарым турмушка чыга элек. Бирок өздөрү бешикке жатышты. Балдарымдын улуусу төрөлгөндө таенеси бешик алып келип, кыргыздын жөрөлгөсү менен бөлөп берген. Кичүү балдарымды бөлөсөм көнбөй коюшту, андыктан кыйнаган жокмун.Райхан Абдувалиева, ырчы:
– Уулум жок деп жүрчү элем, кызым эркек төрөп, уулдуу кылды. Бешик бердим, курбум Алина Жетигенованын энеси келип Илимди бешикке бөлөдү. Бөлөөрү менен уктап калса, «карабайсыӊбы, кыргыздын баласы» деп аябай сүйүнгөм.Назира Жетигенова, куудул:
– Күйөө балам кыргыз эмес, алты улуттун каны бар. Ошого карабай кыргыздын салты менен үйдөн алып кетти. Жеӊе төшөгүн бердим, бирок бешик берген жокмун. Азыр неберелеримди өзүм багам, бешикке бөлөбөйм.
Cүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бешикте кургак, тынч, жылуу уктайт.
Мен кыздарымды бешике болоп эле бактым, кызым 1 жарым жаш болду, улуусу жатпай койду.
Мен электроннуй качелеге багып кыйналып эле журдум анан бешикке салып баламда озумда жыргап эле калдым.
Эскертүү! Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!