Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАМЛЕКЕТТИК ИПОТЕКАНЫ КИМДЕР АЛА АЛАТ?

№692 5-февраль-11-февраль, 2016-ж

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компания түптөп, жарандарга узак мөөнөткө жеӊилдетилген насыя берип турак жай менен камсыз кылмакчы. Мамлекеттик кызматтарда иштеген жарандар үчүн каралган бул мүмкүнчүлүктөн кимдер жана кантип пайдалана алышат? Жооптор төмөндө.

Мамлекеттик ипотекалык насыя биринчи болуп кимдерге берилет?
Ипотекалык насыя жашы 21ден ашкан жана кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иштеген, турак жайы жок же турак жайын кеӊейтүүгө муктаж мугалимдерге, медицина жана социалдык кызматкерлерге берилет. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) максаты – мамлекеттеги турак жайга муктаж болгон адамдардын суроо-талабын канааттандыруу.

Мамлекеттик мекемелерде иштебеген кызматкерлер мамлекеттик ипотекалык насыя ала алышабы?
Алгачкы этапта бул программага мугалимдер, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлердин катмары кирмекчи. Бул биринчи кадам, кийинки кадамдан баштап программанын катышуучуларын кеӊейткенге аракеттер жасалууда.

Ипотекалык насыяны алуу үчүн эмне кылуу керек?
Адегенде «Жеткиликтүү турак жай-2015-2020» программасынын алкагында үй алууга ниетиӊиз бардыгын билдирген арыз жазып, жашаган жериӊиз боюнча айыл өкмөтүнө, райондук же шаардык администрацияга бересиз. Буга катар өздүгүӊүздү тактоочу документтерди берүү менен тиешелүү анкета толтурасыз.
Ведомстволор аралык комиссия тарабынан ипотека алуу боюнча талаптарга туура келген талапкерлер аныкталат. Талапкерлердин тизмеси Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сайтына жарыяланат. Эгер бул этаптан өтүп, ипотека алуу боюнча талапкерлердин катарына кошулсаӊыз, анда «РСК», «Айыл-Банк» банктарына барып, насыяны төлөп бере ала турганыӊызды тастыктайсыз.

Насыя алган адам өзү каалаган үйдү ала алабы?
Насыянын эӊ чоӊ суммасы 3 миллион сомго барып такалат. Насыя алган адам акчасына карап өзүнө жаккан, өзү тандаган үйдү ала алат. Алына турган үйдүн көлөмү көп кабаттуу үйлөрдө 70 чарчы метрден, жер үйдө 150 чарчы метрден ашпоосу керек. Алынган үй банкка күрөө катары коюлат.

Үйдү Бишкектен эмес, райондун, облустун борборлорунан же айылдардан алса болобу?
Насыя алуучу кайсы аймакта каттоодо болсо, турак жай ошол аймактан алынат. Эгер жумуш орду башка аймакта болсо, маселен, Бишкекте мамлекеттик кызматта иштеп, бирок каттоосу башка аймакта дейли, анда жаран Бишкектеги мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес иштеп келе жаткандыгы тууралуу маалым кат алып барып, борбордон ипотекалык насыя менен үй ала алат.

Ипотекалык насыя берүүчү банкка кандай документтерди даярдап баруу керек?

1. Насыя алуу боюнча арыз (банктын формасы менен).
2. Насыя алуучунун, күрөө коюучунун, кепилдик берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (текшерүүдөн өткөрүү үчүн документтердин түп нускасы да талап кылынат).
3. Насыя алуучунун, күрөө коюучунун нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы керек).
4. Балдардын паспортторунун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү.
5. Насыя алуучунун, кепилдик берүүчү адамдын үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу жашаган жеринен маалым кат.
6. Эмгек тажрыйбасы, ээлеген кызмат орду жана акыркы 12 айдагы айлыгынын жалпы суммасы камтылган насыя алуучунун, кепилдик берүүчү адамдын иштеген жеринен маалым кат.
7. Насыя алуучунун акыркы үч жылдагы кыймылсыз мүлк боюнча сатуу-сатып алуу келишими жок экенин тастыктаган Мамлекеттик каттоо кызматынан маалым кат.
8. Кошумча кирешелер бар экенин тастыктаган документ.

Баштапкы төлөм канча болот?
Баштапкы төлөм үйдүн баасынын 10 пайызынан башталат. Бирок бул учурда насыянын үстөк пайызы 14 пайыз болот. Эгер баштапкы төлөм 20 пайызды түзсө, үстөк пайыз 13 пайыз, ал эми баштапкы төлөм 30 пайыз болсо, үстөк пайыз 12 пайыз болуп кыскарат.

Насыяны төлөп бүтүү убактысы канчага созулушу мүмкүн?
Насыяны төлөп бүтүү убактысы ар бир насыя алуучу үчүн ар кандай болот. Ар бирине индивидуалдуу график каралат. Насыянын максималдуу көлөмү 3 миллион сом. Максималдуу төлөө мөөнөтү 15 жыл.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
08.02.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйду кенейтуу учун акча алсак 30% кайра беребизби
08.02.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин эжем 20 дан ашуун китепканада иштейт.Эки баласы м-н уйу жок квартирада жашайт .Эжеме да берилеби ипотека
08.02.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ипотека боюнча азыркы учурда бардык айыл окмоттордон маалымат алсак болот бекен
09.02.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроо жооп менен жакшы тушундуруп сунор.
11.02.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй сатып албай эле, участогу болсо уй курууга да ипотекага акча берилеби тактап коюнуздарчы Супер инфо.
11.02.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,супер инфо! Темадан алыс кеткеним учун кечирим сурайм. Жалгыз бой энелер балдарына мамлекеттен кантип жолок акча (пособия) алалат? Же болбосо кимге кайрылышыбыз керек жана башка. Ушул сууролорума, атайын адистерден кененирэк маалымат алып бере аласыздарбы? Алдын ала чон рахмат!
12.02.2016. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо,сиздерден сураныч 1 болмолуу квартиранын мисалында кандай толойт,алгачкы,айлык толонуучу суммалар кандай болот,жарым-жартылай тологондо чамасы жетпей калса кандай болот,ушулар жонундо кенири маалымат алып берсениздер жакшы болот эле, уйду кенейтууго канча берет ж.б.
12.02.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
juraeva, isa-80-80,
Саламатсыздарбы! Сунушуңуздарды эске алабыз!
23.02.2016. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,бул программа ишке кирдиби азыр же жокпу?
23.02.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PerishkaSS,
Саламатсызбы! Ооба, ишке кирген.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо