Элиза Адиева: «ЭЖЕМДИ СЫРТЫНАН КӨРГӨНДӨР МИСИРЕЙГЕН, БОЙ КӨТӨРГӨН ДЕШЕТ»

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

«Кыздын сыры төркүнгө маалым» дегендей, сени бир тууганыӊдан артык эч ким колдоп, түшүнө албайт. Кандай ката кетирбе, эмне деген кыйынчылыкка кабылба, бир тууган гана сен тарапта болот эмеспи. Бүгүн ырчы Азизанын сиӊдиси эжесинин биз билбеген жактарын ачып берди.

БИР ТУУГАНДАР:

1. Азиза – 35 жашта, ырчы
2. Гүлиза – 33 жашта, Түркияда туризм боюнча иштейт
3. Мээримбек – 30 жашта, жеке ишкер
4. Элиза – 20 жашта, студент
5. Нурбек – 16 жашта, кыргыз-түрк лицейинде окуйт

«ҮЙДӨ АКЫРКЫ ЧЕЧИМДИ ЭЖЕМ ЧЫГАРАТ»
– Биз 6 бир тууган элек, байкем кайтыш болуп бешөөбүз калдык. Ата-энем айылда турушат. Учурда иним экөөбүз Азиза эжемдикиндебиз. Мен 9-классты бүткөндүн эртеси эле эжем шаарга алып баса берген. Бишкекте алгач колледжде, андан кийин азыр университетте окуп жатам. 6 жылдан бери эжемдин колунда жүргөндүктөн, жездем экөө мага экинчи ата-эне болуп калышты. Эжем үйдүн улуусу болгондуктан баары аны угушат. Жадакалса атам менен апам да көбүнчө эжемден кеӊеш сурап, ал акыркы чечимди чыгарат. Апам күнүгө чалып Азиза эжем менен сүйлөшүп турбаса башы ооруйт. Анан чогулганда да ушул эжемдин эле кылык-жоругун айтып күлө беришет.
Эжемдин тили аябай эрте чыгып, анан ширин болгон экен. «Чулдурап сүйлөгөндө ар бир сөзүнө «калак» деген сөздү кошчу» дешет. «Апа келди» дегенди «апа калак келди» дечү экен. 5 жашка чыкканда ал сөздү таштаптыр. Өтө тентек болуптур, бети-башы жарылып эле жүрчү экен. Азыр өзүнүн кызы ошондой тентек. Жаӊы жылдын астында эжем кызын бизге таштап, Ошко съёмкага кеткен эле. Эртеӊ менен жездем жумушка, мен Аселди иниме калтырып экзаменге кеткенбиз. Бир маалда иним чалып «Асел жыгылып, көзү канап жатат» десе ыйлап жездеме чалсам, ал да ыйлап жиберди. Шашып үйгө келсем чекеси жарылыптыр, жездем менен ооруканага алып барып тиктирдик. Азиза эжем баласаак, ага кантип айтабыз деп коркуп жаттык. Анткени баласы жыгылса баласынан мурда өзү ыйлай берчү. Жездем чалып «сен ушинтип жүрө бер, баланы жыгып алышыптыр» деп айткан экен, шашып учуп келип калса болобу. Келип биз менен да учурашпай, чуркап барып эле кызын кучактады.

«АЗИЗА ЭЖЕМ ТӨРӨГӨНДӨ ЖАНЫНДА БОЛДУМ»
– Азиза эжем экөөбүздүн ортобуз 15 жаш болсо да мага көнүп алган. Айылга эжем, кыздары менен 3 гана күнгө барабыз. Андан көпкө жездем «балдар менен кыйналасыӊар» деп уруксат бербейт.
Мындан 4 жыл мурун Азиза эжемдин төрөтүнө катышкам. Бир күнү эртеӊ менен туруп баштыкка кийимдерин, идиштерин салып эшиктин оозуна коюп койду. Жездем «каякка камынып?» десе, «бүгүн төрөйт окшойм» деп коёт. «Көзүӊ ачылып бараткан го, элдер күтүүсүздөн толгоосу келип, кийингенге жетишпей жөнөсө, сен кашыктарыӊдан өйдө камдап алгансыӊ го» деп тамашалап калды. Айтканындай эле бир сааттан кийин толгоосу башталып, бат эле төрөдү. Ошондо көптү билбесем да эжемди карап 3 күн жанында жаттым. Ал эми экинчи кызын төрөгөндө улуусун карап үйдө калдым, өзү төрөп келди (күлүп).
Эжемди бир жакка чакырганда эртерээк даярдан деп айтпасаӊ, жөнөп чыгышы азап. Чачы суюк болгондуктан 2 саат чачы менен алышат. Ошондуктан жездем мага «үй-бүлөӊөрдө баарынын чачы калыӊ, бир эле Азизаныкы суюк болуп калган. Кудай сеникиндей эле калыӊ чач берип койгондо кыйналбайт болчу» деп калат.

«ОӉОЮ МЕНЕН БИР НЕРСЕ ЖАКПАЙТ»
– Эжемдин көӊүлүнө бир нерсе жагышы өтө кыйын. «Кийим тандашып кой» деп ээрчитип алат, бир күн кечке шаардагы дүкөндөрдүн баарын кыдырып, «эч нерсе жаккан жок» деп келе берет. Бир кийимди көрсөтүп, «сизге сонун жарашты» десем, «элестет, ушуну кийейинби?» деп өзүнүкүн бербейт. Роза эже (ред. Шакирова) да ыр тандаганда «сага угузбай эле коюш керек, баары бир жакпайт, бир кемчилигин таап чыгасыӊ» дейт.
Эжемди сыртынан көргөндөр «мисирейген, бой көтөргөн» деп айтышат. Бирок жан дүйнөсү андай эмес, өтө ишенчээк жайы бар. «Ишенгендин чеги болот да» деп урушуп калам. Жездем экөө ушул жагынан окшош. Эжемдин машинесин жайында бирөө сүзүп кетип, «оӊдотуп беребиз» дегенине жарым жыл болду, дагы деле жасай элек. Унаасы жок кыйналып жүргөнүн көрүп, «жасап бер деп шаштырбайсызбы» десем, жездем «коё туралы, шарты болбой жатса керек да» деп коёт. Башкаларга окшоп «алтын алыш керек, күмүш тагынам» деп жулунбайт. Жездем эмне алып берсе ошону тагынып жүрө берет.

«БӨБӨКТӨРҮМДҮ АПАМ АРТЫМА БАЙЛАП БЕРЧҮ»
Маегибизге ырчы өзү да аралаша кетти:
– Бир тууганым – менин байлыгым десем болот. Кичинесинде бөбөктөрүмдү апам артыма байлап берчү. Кыздар жыргап ойноп жүрүшсө, мен аларга суктанып карап турчумун. Артымда бала байланып турса кайдан ойномок элем. Чоӊоюп калган кезимде апам «улуусу сенсиӊ, карап тур» деп балдарды таштап кетчү. Аларды «жүрүгүлө, алча теребиз» деп ээрчитип алчанын түбүндөгү отунга чыгарып жыгылтып, өзүм бактан кулап, айтор, ызы-чуу болуп жүрчү элем. Апам «бейбашсыӊ, баскан жериӊде тополоӊ кыласыӊ» деп урушуп калар эле. Классташ кыздар мектепте окуп жүргөндө уруша кетчүбүз. Ушунчалык кекчил окшойм, ошол классташ кызым менен азыркыга чейин элдешпей келем.

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Азиза: "Жолдошума көп ишенбейм..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
13.02.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер!Азиза эжеге чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт!!!
Медиа-портал
13.02.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азиза азаматсын жакшы маек болуптур
Медиа-портал
13.02.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун майек
SUPER.KG видео
13.02.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жакшы маек бериптир.Ийгилик иштерине жана уйбулолук бакыт сага!!!Синдинди кармап отурбай куйоого узатсан жакшы болот го.
Медиа-портал
13.02.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошума коп ишенбейм дебептир го, неге калп жаздынар?
Медиа-портал
13.02.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pantherka, маегин жакшылап угуп корсонор, иштер менен кеткенде балдарымды синдиме таштап кеткенге ишенем дейт.
Медиа-портал
15.02.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eli75,туура созуно 200процент кошулам кунт койуп укпай эле жаза беришет темасын окуп видиосун корбой эле
Медиа-портал
18.02.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Eli75,Бала караган жагынан ишенбейт экен да, а темада уй булоодо жубайына болгон ишенбестиктей берилиптир. Мен Азизанын ордунда болсом журналист менен суйлошуп теманы башкача койдурмакмын. журналист менен суйлошуп озгортпогондугуно караганда мумкун чындап эле ишенбейт...:)
Медиа-портал
13.02.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур,рахмат)))
Медиа-портал
13.02.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ырас эле Врач болбоптурсун. Шалпактап биздей булуп журмоксун да, квартирадан квартирага кочуп, иттерге таланып участка кыдырып.
SUPER.KG видео
13.02.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине ийгилик Азиза. Оркундоп осо бер. Сенден жакшы ырларды кутобуз.
SUPER.KG видео
13.02.2016. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун маек.
Медиа-портал
13.02.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага тиштери жакты тап таза шурудай тизилген аппак
Медиа-портал
14.02.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
14.02.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Эрине ишенбесен эмне учун жашап журосун
SUPER.KG видео
14.02.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Синдиси аябай сурдогон го,бетин кармап кызарып...
SUPER.KG видео
15.02.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты маек болуптур
15.02.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эрине ишенбесе ишенбейтда кези келгенде Азизаны таштап башкага уйлонуп алат деп жаткандыр, ошого ишенбесе керек, жашоо бумеранг!
15.02.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibi8984,балдарымды таштаганда куйомо ишенбейм деп айтып жатат жакшылап кунт койуп уксанар супер инфо теманын аты кызык болуш учун ошентип жазып койушуптур азиза алга
16.02.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
rahat97,)))) ар бирине тушундуруп чыгыпсынго зээрикпей )) тушунбосо тим коой кийин акылына киргенде тушунуп алышат ))
16.02.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Santanna,ойлонуп жазышпаса жинин келет экен ...
SUPER.KG видео
15.02.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиза эжени мен абдан жакшы тааныйм. Ичинде кири жок, ачык бапылдаган адам. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-02-15 15:24:52
15.02.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы маек бериптир классташ
уй булоолук бакыт.ийгилик каалайм
Медиа-портал
15.02.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орду мн суйлогон,ар бир суйлогон созу маанилуу,ток этер жерин гана айтып сонун маек берипсиз.Озунузда,синдинизда бактылуу болгула!
Медиа-портал
15.02.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык жонокой маек болуптур.
16.02.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жолдошу коп алдайт го Азизаны, ошондуктан ишенбейт да. Эркекке ишенгиче эки босогоно ишен дейт. Туура кыласын, ишенбе!
16.02.2016. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Бадыевадан эмнеге интервью албайсынар же иштешпей калдынарбы,Айжамал Кабыловадан да сурагылачы кабатыр болтам. Ажырашканына
16.02.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nazikbaigazy,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
Медиа-портал
16.02.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында суйот элемго))мынча боёнбосо болбойт бекен)
SUPER.KG видео
16.02.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин аялым деле балжарды мага ишенип таштай албайт,себеби телевизор көрүп отура берип унутуп койосуң дейт.
16.02.2016. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмирдин жузунон корунуп турат кандай адам экени.Азиза да бир туугандарын топтоп алса ошондой болот да.
16.02.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токмо акын Аалы Туткучевден интервью алсанар абдан жакшы болот эле админ.
17.02.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulsarat,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
17.02.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула, ыймандуу кыздар экени корунуп турат.
17.02.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ийгилик
18.02.2016. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азизанын суйлогон созу аябай жакты берилип коруп отурдум. Уй булолук бакыт каалайм. Сонун маек бериптир.
18.02.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азиза эже жана синдиси асманда учпаган эн жонокой адамдар. Бир домдо жашайбыз. Аябай кыздарын коколотуп карашат. Кыздары аппакай сулуулар, корсон козун тойбойт. Тамтандап басканычы... Ыймандуу эжесиз, ийгилик жана бакыт силердин уй-булоонузго!!! Сиздей чыныгы ырчылар коп болсо экен))) Терен урматтоо менен кошуна-келининиз.
SUPER.KG видео
20.02.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдошума игенбейм Деп мындай эле айтыптырго дагы не болуп атат экен Деп окуй калыпмын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо