Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

5 МИЛЛИОН КӨРҮҮЧҮНҮ ЧОГУЛТКАН ЖАШ КИКБОКСЧУЛАР

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Жакында жаш кикбоксчулардын машыгуусу тартылган видео интернетке тарап, алгач Казакстанда популярдуу болуп кеткен. Көрсө, бул кыска видеодогу балакай спортчулар казактар эмес эле кыргыздар болуп чыкты. Өзгөн районунда жашаган Бакытбек Атаканов менен байланышып, спортко жакын үй-бүлө менен тааныштык.

«ҮЙГӨ СПОРТ КЛУБ КУРГАМ»
– Бакытбек, учурда сиздин уулдарыӊыз тартылган видео популярдуу болууда. Ал видеону кантип тартып калдыӊыз?
– Менин 4 уулум жана 1 кызым бар. Улуу баламдан кийинкилери кичинесинен тарта спорт менен машыгышат. Алардын машыгууларын видеого тартып, дайыма интернет булактарына жүктөп койчумун. Анда кимдин видеосу көп көрүүчү же «лайк» чогултса, ошого белек катары мээлей же башка нерсе берип койчумун. Мындай видеолор бери дегенде эле 100-200 миӊ көрүүчүлөрдү чогултчу. Популярдуу болуп кеткен бул видео ошолордун бири. Анда балдарым 6 жаштагы Азирет менен 8 жаштагы Элбрустун тээп-чаап иштеп, кызуу машыгып жатышканы тартылган. Видеону «6 жаштагы машыктыруучу» деп атап, жүктөп койгом. Башында катардагы видеодой эле каралып жаткан, бирок Facebook баракчасына илгенден кийин бат тарап кетти. Аз убакытта 5 миллионго чукул көрүүчүлөрдү чогултту. Бул видеонун каармандары казакстандыктар деп тарап кетиптир, бирок анда тартылгандар – биз, Өзгөндүн Прогресс айылынын тургундарыбыз.
– Балдарыӊыз үйдө машыгабы?
– Арлет 15 жашта, Элбрус 8де жана кичүүсү Азирет 6 жашта. Алар күнүнө эки маал машыгышат. Үйдүн сарай жагына кичинекей спорт клуб жасап алганбыз. Ал жакка айылдын спорт сүйүүчүлөрү да келип машыгып турушат. Балдарым күндүзү спорт клубда, кечинде үйдө машыгышат. Албетте, окууларынан тышкары. Бош убактысын спортко жумшашат.
– Өзүӊүз жаш кезиӊизде спортчу белеӊиз?
– Өзүм 14 жашымдан эле спортко жакын болдум. Бокс менен машыктым, анан күрөшкө өттүм. Ал кезде заман башка эле. Шартка байланыштуу профессионалдык спортко өтө алган жокмун. Майрамдарда, өздүк спорттук иш-чараларда гана күрөшкө түшүп жүрдүм. Мен жете албай калган максаттарга балдарым жетишсе экен деп тилейм.
– Учурда уулдарыӊыздын кандай жетишкендиктери бар?
– Арлет кикбоксинг боюнча Кыргызстандын 4 жолку жана Азиянын бир жолку чемпиону. Ал карьерасында 200дөн ашуун беттеш өткөрдү. Элбрус болсо Өзбекстандын чемпиону болуп келди. Анткени мунун жаш курагы боюнча өлкөбүздө чемпиондуктар өткөрүлбөйт. Азирет да райондук жана шаардык мелдештерге байма-бай катышып келүүдө. Анын келечеги али алдыда.
– Аталган видеонун популярдуулугунун артынан көпчүлүк адамдар кайрылып жатышса керек?
– Бул видео бүткүл дүйнө жүзүнө тараганын эми билип отурам. Дүйнөнүн ар тарабынан каттар келип жатат. АКШ, Кытай, КМШ өлкөлөрүнөн билдирүүлөр келүүдө. «Таанышалы, үйрөтүӊүз» дешүүдө. «Менин 6 жаштагы балам спорт эмес, мээлейин кие албайт» деген сыяктуу түрдүү суроолорду берип жатышат. Алардын ар бирине жооп бергенге аракет кылып жатам. Социалдык тармактарда достордун саны күндөн күнгө өсүүдө. Жардам беребиз дегендер да четтен чыгууда. «Балдарыӊызга жаӊы мээлей алып берип коюӊуз» деп биздин спорт клубга жардамын бергендер да жок эмес.

«ЧОӉОЙГОНДО АГАМДАРДАЙ ЧЕМПИОН БОЛОМ»
Бул учурда маегибизге жеткинчек кикбоксчулар Элбрус менен Азирет кошулду.
– Элбрус, сага спорт менен машыккан жагабы?
– Ооба, мен агаларымды көрүп, аларды туурагым келчү. Анан алар менен чогуу машыгып калдым. Үйдөн бутту чоюп, ар кандай соккуларды жасап машыгам. Жеӊиштерге жетишип, медаль, дипломдорду чогулта баштадым.
– Келечекте ким болгуӊ келет?
–  Прокурор болгум келет. Анткени ал жаман кишилерди камайт. Бирок спортту таштабайм.
– Азирет, сен мектепке барбай, кикбокс деп эле жүрөсүӊбү?
– Жо-ок, мен 1-класста окуйм. Кикбокс менен 3 жашымдан баштап машыга баштагам. Атам мага жардам берип, машыктырат. Чоӊойгондо агамдар сыяктуу чемпион болом.
– Маегиӊерге рахмат! Ийгилик коштосун!

Дал ушул видео интернетте миллиондогон көрүүчүлөрдү чогултууда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(26)
15.02.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Учонун биринен келечектеги дуйнону банындарган чемпион чыгат буйруса
15.02.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
dasta,Баары чыгат буйурса
15.02.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо, мына ушу видео да Казакстанда чон талкууга алынып, 5 млн коруучу топтогон. Сыймыктанабыз! азаматтар!
http://www.super.kg/media/uservideo/159631/
15.02.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар
15.02.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убагы келгенде кыргыздын желеги дуйнолук аренада желбирейт.
15.02.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атасына рахмат тарбияныда жакшы берет экен балдарына!
15.02.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тарбия берген атасына балли
15.02.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Келечектеги дүйнө чемпиондору алга!!!
Ден - соолуктары чың болсун! Азаматтар!!!
15.02.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматтар! Ийгилигинер онуп осуп эр журок жигитерден болгула.
15.02.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматтар.
15.02.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматтар ийгилик силерге
16.02.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин сыймыктарыбыз, коз тийбесин. Аллахым ар дайым жолунардын ачсын. Суук коздордон, жаман создордон сактасын.
16.02.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдардын келечеги али алдыда Жараткан Аллах коптогон ийгиликтерди берсин инилериме , кыргыздар кик бокс боюнча дуйнодо 1инчи десе болот.
16.02.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-17 10:33:42
17.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ussr7,
Эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
17.02.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онору оркундой берсин Биздин Мээрбек Мискенбаев байкебизда куудулдарды чукубай ушундай спортчуларды колдойлу деп чыкканда аброю ашмак дагы билбедим бул менин жеке оюм
17.02.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар. Бакыт байкенин ырдаганы абдан жагат. Ар бир ырдын майын чыгара ырдайт экен. Ырларыныздан кобуроок интернет булактарына жуктоп койсонуз жакшы болмок.
17.02.2016. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 уулу кайда? Же али кичинекей бекен?
19.02.2016. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы;келечек алдыда балдарга ыйманы менен кошо берсин.
19.02.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
алга кыргыз
19.02.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат балдар, келечеги алды да бул балдардын кудай буюрса дагы да көптөгөн жетишкендиктерге жетишет
20.02.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул балдардан Александр Эмиленкого окшогон чемпиондор чыгат алга кыргызым.
24.04.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kudainazar98, Эмельяненко
20.02.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсынар келечек али алдыда кыргызстандын желегин желбиреткен спортчуладын катарын толуктшынарды менда каалайм
21.02.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Балдар тартылган видеону кантип көрсөм болот? Кайсыл жерден?
21.02.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Вай буй нанды нана канты кака дейтко бул балдар али жашко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо