Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

14 ЖАШЫНДА ТӨРӨГӨН СЕКЕЛЕК УУЛУНУН АТАСЫН КАМАТУУГА МАКУЛ ЭМЕС

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

29-январда Нарын шаарынын облустук төрөтканасында 14 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды. Ымыркай 7 айлык болуп төрөлсө, өспүрүм эне акыл-эсинин өсүүсү жагынан артта калган. Куурчакка кызыгы тарай элек кыздын эне болушун акылга сыйдыра албай, эсибиз эки болуп турган чак. Жаш кыздын кийинки тагдыры кандай болору сизди да тынчсыздандырып жатса керек.

«ШЕКТҮҮ КАМАКТА, СУРАК БЕРИП ЖАТАТ»
Нарын облустук ИИБинин башчысы Ороз Молдосариев окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– «Жашы жете элек кыз менен сексуалдык байланышта болгон» деген шек менен 30-январда 24 жаштагы Умар аттуу жаран кармалды. Ал Ат-Башы районунун Баш
Кайыӊды айылынын тургуну. Ал Нарын шаарында батирде жашап, кызды ылайыгы келгенде батирине алып келип жыныстык катнашта болуп келгени аныкталды. Бул көрүнүш экөөнүн ортосунда бир жылга жакын созулган. Ал арада шектүү кызды «мен сени алам, экөөбүз үйлөнөбүз» деп алдап жүргөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда кармалууда. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 132 (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) жана 129-беренелер (зордуктоо) менен кылмыш иши козголду.

«КЕЛИН КЫЛЫП АЛЫШСА КАРШЫ ЭМЕСПИЗ»
Өспүрүмдүн апасы Бактыгүл айымга байланышсак, ал «ымыркай төрөт үйүнүн патология бөлүмүндө жатат» деп билдирди. Алардын үй-бүлөсүнө жардам берип, бул иш көз жаздымда калбашы үчүн чуркап жүргөн кошунасы Айнагүл Исмаилова мындай дейт:
– Он гүлүнүн бири ачыла элек бала жаштык кылып жаӊылып калды. Келечегине балта чабылып калышын биз деле каалаган жокпуз, түрмө адамды кандай кылып чыгарарын көрүп эле жүрбөйбүзбү. Өмүр бою кылмышкер деген аты калат. Эми болору болду, боёсу канды. Кыз төрөп койду, Кудай ырыскысын берсе бала багыла берет дечи. Эгер жигиттин ата-энеси макул десе, кызга нике кыйдырып келин кылып киргизип алышса болмок. Баласы экени жалганбы? Анын үстүнө апасы кыз менен сүйлөшсө, ал Умарды каматып салышын каалабасын айтты.
Төрөгөн кыз үйдүн улуусу, андан кийин дагы мектеп жашындагы иниси жана сиӊдиси бар. Ата-энесинин туруктуу иши жок. Ал эми кызы акыл-эси кем деген тыянак менен
майыптыкка чыга албай жүрөт. Социалдык коргоо башкармалыгы ушул кезге чейин аны майыптыкка чыгарган эмес. Барышса эле документтери толук эмес болуп чыгат экен. Жүрөгү да оорукчан болгондуктан өзү толмоч кыз. Ошол толуктугунан улам кыздын кош бойлуу экени да билинбептир. Өзү деле билбесе керек же апасына айткандан корктубу, ким билет. Бул окуяны ата-энеси мурдараак билгенде башкача болмок.

«РЕАБИЛИТАЦИЯЛЫК ТАЙПАДА ОКУЙТ»
Өспүрүм кыз билим алган №87-кесиптик лицейдин башчысынын орун басары Зарыл Кулмамбетова «окуя тууралуу комментарий берүүгө укугум чектелүү» дейт:
– Кыз №87-кесиптик лицейде окуган. Ооруканадан акыл-эсинин өсүүсү кеч өөрчүгөн өспүрүм экендигин аныктаган маалым кат менен келип, реабилитациялык тайпада билим алчу. Ата-энеси бул иш боюнча маалымат бербөөбүздү суранып, алдын ала эскертишкендиктен башка комментарий бере албайм.
Аталган окуу жайдын реабилитациялык тайпасында мектептин окуу программасына жетише албаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышып, алаксып же убактысын пайдалуу өткөрүш үчүн кол өнөрчүлүк иштерин үйрөнүшөт. Тайпада алардын баарынын жаш өзгөчөлүктөрү бирдей болбойт.

«ЭКӨӨ СҮЙЛӨШҮП ЖҮРҮШЧҮ ЭКЕН»
Ал эми кылмышка шектелген Умар аттуу жарандын апасы Атыркүл айым уулунун иши боюнча мындай ойдо:
– Уулум үйдүн улуусу. Нарында иштеп, батирде жашачу. Бул иш тууралуу айткан эмес. Экөөбүз сүйлөшсөк «биз сүйлөшүп жүргөнбүз, ал өзү макул болуп эле келип жүрчү. Мен аны зордуктаган эмесмин» деди. Мындан улам уулумду зордуктоо беренеси менен күнөөлөөгө каршымын. Кыздын ата-энеси менен сүйлөштүк. Балдар баш кошсо каршы эмеспиз. Кызга да барып жолугуп жатам. Ал «бири-бирибизди жакшы көрөбүз» деди.

«БАЛАНЫ ТАЕНЕСИ БАГАТ»
Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Кымбат Кадыралиева окуя боюнча буларга токтолду:
– Кызды гинекологго алып барып, 30 жумалык кош бойлуу экенин билишкен. Өспүрүм кыз кесарево жолу менен уул төрөдү. Салмагы 2 килограмм 184 грамм, бою 48 сантиметр. Төрөтканадан ымыркайды апасынын наамына жаздырып чыгарып кетүү үчүн жашы да туура келбейт. Ошондуктан ымыркайды таенеси багууга жоопкерчилик алып, чыгарып кетишмекчи. Учурда бул үй-бүлөгө социалдык жактан камсыздоо башкармалыгынын жергиликтүү өкүлдөрү атайын кызматкер бекитип, көзөмөлдөп жатышат. Кыздын апасы 4000 сом айлык алып иштегендиктен үй-бүлөнүн бюджетин эсептеп, жобо боюнча жөлөкпул чегергенде, алар аз камсыз болгон үй-бүлөнүн категориясына кирбей калган. Азыр бул үйдө ымыркай төрөлгөндүгүнө байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү социалдык жардам көрсөтүүнүн үстүнөн иштеп жатышат. Төрөгөн кыз майыптыкка чыгарылган эмес, анын акыл-эсинин өсүүсү артта калган (жеӊил түрү) деген гана медициналык маалым каты бар.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(23)
15.02.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кызык го эптеп алып алып анан акылы кем деп ажырашып кетпесе болду(((
16.02.2016. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Pantherka, турмого отурбаш учун уйлонот да анан кидать этет.
15.02.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
кыздын акылы кем экендигин билип ушул ишке барса керек жигит сорой,колу мн кылганды моюну мн тартсын эми.Таенеси эмес,чон энеси бакса болбойт бекен?
15.02.2016. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Баласын каматпоо учун уйлошу мумкун,бирок аягы ажырашуу менен аяктайт деп ойлойм.Эхххх турмуш кандай татааал.......Кудайым ар бир баланын акыл эси менен берсин.
15.02.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
14 jash ozu nariste go. Emne deshti da bilbei kaldym myndan arky jashoosu kanter eken
15.02.2016. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта
15.02.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки тагдыры не болот эми?
15.02.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Баланын апасы албетте оз баласына жан тартат да. Тим эле кыз озу келип жургон дептир го. Бул жерде баланын да куноосу бар. Мин жолу кыз озу барса да. Куйоо болумуш 24ко чыгыптырго. Бул жагы менен кылган ишин мойну менен тартсын. Баланы баксын!
aiturgasha түзөттү 2016-02-15 12:55:36
15.02.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйман берсин баарына!
15.02.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жашы жетелек кыз менен жаткан деген статья бар да,неге жашы жетелек жатып берген деген статья жок.
15.02.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соц сеттердин биринен окуганым боюнча, төрөгөн кыздын апасынын бала бакканга шарты жок деп баланы берүү же бербөө тууралуу текшерүү жүргүзүп жатышыптыр. 4000 сом маянасы бар экен деп, жөлөк бербей койгон маалда ойлонушпадыбы, дагы балалуу болуп калса бага алабы деп. Жөлөк пул чегерерде 4000 маянасы жетет деген тыянак чыгарышса, эми баланы беришсин да таенесине.
15.02.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр акыл эси соо, тыпылдаган келиндер кайын энеге жакпайт. Анан кантип ушул секелек кызды келин кылып батырат??? Кыз озу мындай болсо, ага да озунчо козомол, мамиле керек! Баласын камактан алып калган сон "эшек ылайдан отту" дебесе болду?…
15.02.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
4000сом зарплата менен аз камсыз уйбулонун категориясына кирбейт деген жерин кара ушу да элди ойлогон мамлекетпи
16.02.2016. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nasyrkg,4 мин сом, 3 бала, бироосу оорукчан бизде бай аталат окшойт. Тфу мындай бийликке...
15.02.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элге кереги тийген арстистерге асылган депутатывыз, ушундай маселелерди каравайбы?! Каяктагы бир тамашага жавышып албай!
15.02.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы убакта 4000 сом эч нерсеге жетпейт да. Жон эле акча болуп койсо не болушат. Баланы багыш кыйын го. Кийими,тамагы,памперси... Балага пособие беришсин уяттары болсо!!!
16.02.2016. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын ушундайда болобу?
16.02.2016. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болоору болуптур уйлонуп тынч жашай бергиле
16.02.2016. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4000мин сом алып жакыр уй булоолордун катарына кирбейт дегени кандай.3баласы тен окуучу болсо азыр 4000 сом эмнеге жетет баары кымбат заманда ошол акча озулору жашап корушсо.Ушулрга тушунбойсун пособие алыш учун эч нерсен жок болуш керекби
17.02.2016. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо бир келет жаңылбай жашоо керек,
Жарык дүнүйө кудайдан берген белек.
18.02.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Donni92, уйуно келип болгон оокатынды да карайт дешет если уйдо чон чон оокат болсо анда чектелбейт экен пасобия
18.02.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын акылы кем экенин билип туруп жазады да мындайлар оз жазасын алсын да
18.02.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлонгондон кийин,эгер ажырашса же таштап кетсе,камалат деген чечим менен гана уйлондуруш керек.Болбосо арты кандай болот кудай билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо