КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫНА, АНДАН СОӉ ӨЗҮНӨ БЕНЗИН ЧАЧЫП ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕН

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

5-февраль күнү Нарын шаарындагы үйлөнүү-үлпөт салонунда өрт чыгып, анын ичинен оор абалда жашы отуздар чамасындагы эркек менен жаш келин табылып, ооруканага жеткирилген. Окуяга күбө болгондор тилсиз жоо кокустуктан улам келип чыккан деген ойдо болушкан. Бирок иликтөө иштеринин жыйынтыгында күйөөсү аялына жана өзүнө атайлап бензин чачып өрттөп жибергендиги аныкталды.

«КҮЙӨӨСҮ 3 ЛИТРГЕ ЖАКЫН БЕНЗИНДИ КОЮНУНА КАТЫП КЕЛГЕН»
Биз бул окуя тууралуу кененирээк маалымат алуу максатында алгач Нарын ОИИБинин жетекчиси Ороз Молдосариевге байланыштык:
– 5-февраль күнү саат 17:30 чамасында Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Стиль» деген үйлөнүү-үлпөт салону өрттөнүп жатканын жергиликтүү тургундардын бири көчөдө кайгуулда жүргөн милиция кызматкерлерине кабарлаптыр. Биздин кызматкерлер ал дарекке чуркап барышса, эшик жабык экен. Эшикти талкалап киришсе ичинде бир кыз күйүп жатыптыр. Аны сыртка алып чыгып, экөө өчүрүп жатканда, бирөөсү кайра ичине кирип дагы бир жигит куйкаланып жатканын көрөт. Аны да алып чыгышып үчөөлөп кызматтык күрмөлөрү, костюмдары менен өрттү өчүрүшүп, «Тез жардам» менен өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышкан. Алар келгиче күйүп жаткан үйдүн ичине кирип бардыгын кылдат карап чыгышат. Өрт өчүрүүчүлөр келип ичине кире албай жатышканда биздин кызматкерлер ичинен терезени сындырышып, түтүн сыртка чыккан соӊ гана өрт өчүргүчтөр кирип өрттү өчүрүшкөн. Окуя болгон жер 2 кабаттуу жыгачтан салынган имарат. Эгер биздин кызматкерлер убагында барышпаганда жанындагы дүкөндөр, кеӊселер, үйлөр да күйүп кетмек.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында күйүп кеткен 2 жаран ажырашып жүрүшкөн жубайлар экендиги аныкталды. Күйөөсү Ат-Башы районунун 26 жаштагы тургуну, ал эми келинчеги Нарын шаарынын 21 жаштагы тургуну. Жабырлануучулардын жакындарынын айтымында, экөө ажырашкан соӊ күйөөсү Бишкек шаарында жашап, келинчеги Нарында «Лина-Тур» деген туристтик фирмада иштеп жаткан. Күбөлөрдөн сураштырсак, ошол күнү күйөөсү келинчеги иштеген жерге келип, ичинде иштеген кишилерден «эшикке чыга турасыӊарбы, келинчегим менен сүйлөшүп алайын» деп сураныптыр. Алар эшикке чыгып кетишкенде күйөөсү эшикти ичинен илип, коюнуна катып ала барган 1 жарым литрлик 2 баклажкадагы бензинди келинчегине жана өзүнө чачып өрттөп салган. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 104 (ден соолукка атайлап оор залал келтирүү) жана 174-беренелери (мүлктү атайлап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

«СИӉДИМ КҮЙӨӨСҮ САБАЙ БЕРГЕНИНЕН АЖЫРАШКАН»
Каргашалуу окуядан жабыркашкан 1989-жылы Ат-Башы районунун Талды-Суу айылында туулган Райымбек Жумакунов менен 1994-жылы Нарын шаарында төрөлгөн Нургүл Руслан кызы эс-учун жоготкон абалда облустук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, күйөөсүнүн денесинин 20-30, ал эми келинчегинин денесинин 80-90 пайызы күйүктөн жабыркаган. Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаевдин айтымында, 8-февраль күнү кечки саат 6 чамасында 21 жаштагы Нургүл эсине келбей каза тапкан. Маркумдун бир тууган эжеси Жумагүл буларга токтолду:
– Нургүл менен Райымбек 5 гана күн сүйлөшүп баш кошушкан. Жаӊы үйлөнүшкөндө айылда Райымбектин ата-энеси менен чогуу турушчу. Кийин Нарынга көчүп келишкен, андан соӊ Бишкекте жашашты. Сиӊдимди эки күндүн биринде сабап, кээде кызганычтын айынан үйгө камап кетип калган күндөрү да болгон. Акыркы ирет Бишкекте жашап жүргөндө сиӊдимди күйөө балам аябай катуу сабап салганынан ата-энем ажыраштырып, Райымбектин үстүнөн милицияга арыз жазып, сиӊдимди Нарынга алып келишкен болчу. Бирок милиция кызматкерлери күйөө балага чара колдонгон эмес. Сот аркылуу ажырашмакчы болушуп, күйөө бала 2-3 жолу сот отурумуна келбей койгон. Акыры сиӊдим Нарында жакшынакай иштеп жүргөндө Райымбек анын иштеген жеринин дарегин таап алып, минтип бензин чачып өрттөп жиберип, ал каза болду. Азыр күйөө баланын ата-энесине да эч нерсе дей албай турабыз. Ал өзү да оор абалда ооруканада жатат. Эгер тирүү калса мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.

«БИЗДИН БАЛА КЕЛИНДИ АЯБАЙ ЖАКШЫ КӨРЧҮ ЭКЕН»
Райымбек Жумакуновдун да абалы оор экендигин, дарыгерлер анын үстүнө киши киргизбей жаткандыгын бир тууган агасы Чыӊгыз билдирди. Ал эми таежеси Нурбүбү Жусубалиева окуя тууралуу буларды кошумчалап өттү:
– Райымбек менен Нургүл 2014-жылы июнь айында баш кошушуп, 2015-жылдын август айында таарыныша кетишкен эле. Ортолорунда бала жок. Экөө теӊ ыйман жолунда жүрүшчү. Биздин бала ичип-чекчү эмес, келиндин деле жаман жактарын көргөн жокмун, экөө эмне себептен таарынышканын деле билбейбиз. Акыркы кезде Райымбек Бишкекте, келин болсо Нарынга келип иштеп жаткан. Анан эле мындай каргашалуу окуя болуп кетти. Баарыбыз Райымбек эмне себептен мындай ишке барганын түшүнө албай отурабыз. Азыр баланын абалы аябай эле оор. Эс-учун жоготуп, сүйлөй албай өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатат. Өпкөсү жарылып, кызыл өӊгөчү бүт күйүптүр. Апасы да нес болуп, аябай кыйналууда.
Райымбектин уюлдук телефону азыр жаныбызда. СМС каттарын окусак биздин бала келинди аябай жакшы көрчү экен. Жарашалы деп жакшы эле аракет кылса да келин бала жолотпоптур. 4-февраль Нургүлдүн туулган күнү болуп, Райымбек белектерин алып Бишкектен атайын келсе келин кабыл албай коюптур. Кайра «сени менен жашабайм, мындайсыӊ-тигиндейсиӊ» деп намысына тийген жаман сөздөрдү айтыптыр, ошого арданган окшойт.

«ИМАРАТТЫ ИЖАРАГА АЛЫШКАН ЭЛЕ»
Өрт чыккан имараттын ээси Чынара Токталиева окуя тууралуу буларга токтолду:
– Менин имаратымды бир туристтик фирма ижарага алып иштетип жаткан. Күтүлбөгөн жерден мындай окуя болуп кетип, эки ортодо мен да зыян тартып калдым. Фирманын жетекчиси, баланын ата-энеси менен жолугуп сүйлөшсөм, «чыгымдарды төлөп беребиз» дешүүдө. Өрттөлгөн кыз ошол фирмада иштеп жаткан эле. Окуя болгондо ал жерде жок болчумун. Барсам келин менен күйөөсүн ооруканага алып кетишти. Мен милиция кызматкерлерине, өрт өчүрүүчүлөргө ыраазычылыгымды билдирем. Алар убагында келип жардам бербегенде имарат толугу менен күйүп кетмек, күйөөсү менен аялы экөө да ошол жерден эле чыкпай калышмак.
Кызганычпы же түшүнбөстүкпү?.. Райымбек эс-учун жоготуп, оор абалда жаткандыктан анын бул кадамга эмне себептен баргандыгы азырынча табышмак. Кейиштүүсү кырчындай бир өмүр кыйылды, дагы бир өмүр кылдын учунда. Ортодо көз жашы төгүлгөн аталар, апалар...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(34)
15.02.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Емне деген заман е. Келиндин жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Райымбекке болсо алла озу шыпасын берсин бир жолу адашыптыр
15.02.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ит экен го озу, аялы аз келгенсип башкаларга да зыян келтирип(((
15.02.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka,Зыянын го толотуп алат, бул жерде омур кыйылып атпайбы, ушунчалык суйсо башка жол менен билдибейби.
15.02.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тоба кылдым ей кантип колу бар экен дейм да, орттогону?
15.02.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акыл-эси жакшы эмес го сыягы. мындай кадамга барганына караганда психикасы жабыркаган адам окшойт. Эмне болгонун бир гана Алла билет эми.
15.02.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динден тушунугу бар балагоо неге мындай кылдыкен.
16.02.2016. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
dinar-87, как раз динге башкача берилгендерден окшойт да.
15.02.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Линатур биздин фирма да.
15.02.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бири каза болуп, бири өлүм төшөгүндө жатса, имараттын чыгымын эсептеп жаны кейип жүрөтго бирөөлөр.))
Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы.
15.02.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Kg.lady,.ар кимдин оз тиргилиги барда. Имараты орттонгонуно жаны кейибей анан эмне? Аларды бироо оздоруно бензин чачып орттонуп алгыла дептирби? Сабырсыздыктын кесепетинен, шайтандын ишин жасап, озу олум тошогундо жатат.
aiturgasha түзөттү 2016-02-15 12:31:14
16.02.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Отрттонуп кеткен имаратта суллулук салон жана тур.фирма жайгашкан бекен,тушунуксуз болуп жатат
15.02.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ортонгусу келсе озу еле орттоно бербейби аялын да орттобой оздорунун еле шору
15.02.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Динге жамынып оронуп алса эле жакшы дейбиз, бирок андай эмес экенда. Күнөөлөгөн туура эмес. Жанында ким болуптур териштире тургандай. Турмушта бир адамды күнөөлөгөн болбойт, бир алакандан үн чыкпайт дечи беле.
15.02.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туугандар экоонун жанында жургон жокбуз да, ит экен аркы берки деп ар нерсени жаза бербейлик, олгон адамдын артынан жаман соз айткан болбойт го, Иним кэчээ каза болуп калды озуно келбей, баарын бир кудай билет
15.02.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дин жолунда журсо неге мындай ишке барды.Ашыкча кызганыч да болбойт да.
15.02.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Бала жарашалы деп аракет кылса аялы такыр жанына жакындатпай койсо. Жини келип олсок да бир олобуз бул дуйнодо бир болбосок наркы дуйнодо бир болобуз десе керек да. Бир кызышып калганда козуно эч нерсе корунбой калат го. Аял кишибиз го оозубузга келгенди суйлой беребиз. Баланы да кемсинткен да ошон учун ушул акыбал болуп атат
15.02.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанылбаган адам барбы? Жакындарына эле кыйын болду.
15.02.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динге жакын болгон болсо,кызганган суннот деп аша чаап жатышпайбы,анын сынары ушинтип кызганса чоон суннот болот десе керек да,,,,кудай сактасын,кандай адам болбосун,ынсап,ыйман берсин!!!
15.02.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун куйоосу дагы олуптур.
16.02.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо эсен бололучу кокуй кун эмне эле болуп атат
16.02.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерлери жайлуу болуп Аллахым куноолорун кечирген болсун, жаш омурлор кыйылып эн жаман окуя болуптур
16.02.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман иш болуптур. Дин жолундагы адам десе эле тим эле периште деп ойлобогулачы.Дин жолунда журбой деле канча адам таптаза жолдо журот. Дин бул ар бир адамдын жон гана жашоо образы да. Туура,таза жашоо учун созссуз эле дин жолуна тушуу керекпи. Чачым кыркылуу болуп,шым,футболка кийсем да кайын-журтумду,жолдошумду озумдордукунон артыкча сыйласам сыйлайм,кем койбойм. Арам журбойм,ушак айтпайм,уурулук же алдамчылык кылбайм.Таза жашоо ар бир адамдын озунон, дин жолунда жургондон эмес....
20.02.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,вот ак соз
16.02.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу бала менин айылдашым эле.
17.02.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bereke10go 100% koshulam.
17.02.2016. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашыкча кызганыч -бул оору. Менин башымда бар. Чыдаш кыйын. Аргам жок,сабр сабр деп чыдап келем .
17.02.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроттору болгондо жакшы болмок
18.02.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дин жолунда журсо тулган кун белгилебеш керек элего чала молдо один. Бузарлар окшойт
eldiyarmacho түзөттү 2016-02-18 22:29:48
18.02.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жо мен тан калып атам да бала бенза чачып атса кыз карап тура бергенби? Кыйкырбайт беле.
20.02.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama9210,эл аз окшойт сыртта, дагы бир божомол:аялга чачканда каршылык кылган, ошого озуно да чачылып кеткен 20-30% эле куйуптур го, анан да чачып сразу орттогон
19.02.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыз ошого жеткирсе керекда
20.02.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир таанышым бар, динге каттуу берилген, аялы ыйлайт,тажадым, урат деп. Эми, ар бир адам ар турлуу болот,конулундогудой болбойт, аял жакпаса, ажыраш, неге урасын. Же, ушунчалык суйсон, жакканга аракет кыл, уруп жакпайсын да
leonar түзөттү 2016-02-20 21:04:16
21.02.2016. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
05.06.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонгула ойгонгула кыз келиндер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо