ЖЫЛДЫЗДАР АРАСЫНДА КАЙСЫ УНАА ҮЛГҮСҮ ПОПУЛЯРДУУ?

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Атактуу болуш оӊой эмес экенин атактуулар жакшы билишет. Сүйүктүү ырчысынын ар бир баскан кадамы, колдонгон буюму, жеке жашоосу, айдаган машинасы күйөрмандарына кызык. Көптөгөн күйөрмандардын суранычы менен популярдуу ырчылар кандай машина айдаарын билип бергенге аракет кылдык.

Нурлан Насип: «ЫРЧЫ БОЛУП МАРШРУТТУК ТАКСИДЕ ЖҮРСӨМ УЯТ ГО»

Үлгүсү – Subaru Tribeca
Чыккан жылы – 2006-жыл
Чыккан өлкөсү – АКШ
Түсү – Кара
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3000 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 15 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 17 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 10-13 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2015-жыл

– Машина мага жумушту тез бүтүрүү үчүн керек. Түндө калганда, алыска жол жүргөндө кыйналбайсыӊ жана кээде адамдын статусунан да кабар берет. Мисалы, мен ырчы болуп маршруттук таксиде жүрсөм уят го. Көп маркадагы машиналарды айдадым, аягында ушул Subaru үлгүсүнө токтолдум. Кичинемде Мерседес үлгүсүндөгү машина айдоону кыялданчумун, аны да айдап көрдүм. Мурунку машинам көп бузула берчү, бензин да көп иччү. Бул машинамды алгандан бери машина оӊдоочу жайга азыраак барып калдым.

Гүлжигит Калыков: «КЫЗДАРГА ЭМЕС, МАШИНАМА КӨП АКЧА КОРОТОМ»

Үлгүсү – Mercedes-Benz E-550
Чыккан жылы – 2004-жыл
Чыккан өлкөсү – Германия
Түсү – Ак
Кыймылдаткычтын көлөмү – 5500 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 20-25 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 18-20 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 10-12 миӊ доллар
2015-жылдан бери айдап жүрөт. Машинаны ишкер байкеси Шаршенбек Абдыкеримов белек кылган.

– Мен машинасын тыкан, таза алып жүргөн айдоочулардын катарына кирем. Бир жери чийилип калса, дароо оӊдотом. Бут кийими кир кишилерге «бутуӊарды сүртүп киргиле» деп эле айтам. Анан абдан аяп айдайм, таштак жолдордон буйтап, бирөөлөрдөн ашам деп жарыша бербейм. Дөөтүмө 1 айда бир топ эле акча коротом. Айрымдар кыздарга көп акча коротушса, менин тапканымдын теӊи эле машинама коройт.

Асел Кадырбекова: «МАШИНАМ – МЕНИН ХАНБИЙКЕМ»

Үлгүсү – Nissan Skyline
Чыккан жылы – 2003-жыл
Чыккан өлкөсү – Япония
Түсү – Күӊүрт боз (мокрый асфальт)
Кыймылдаткычтын көлөмү – 2500 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 12-13 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 6 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 2500-3500 доллар
Сатып алган жылы – 2014-жыл

– Машинам бензинди көп ичет. Кээде жиним келгенде «качан тоёсуӊ?» деп урушуп салмайым бар. Айрымдар жини келгенде рулду койгулап эмоциясын чыгарышат эмеспи, мен антпейм. Апам «машинанын ичинде отурганда сатам, алмаштырам деп айтпа, аны сезет» деп калат. Ошондо рулду сылап «ханбийкем» деп эркелетип коём. Алмаштырам деп эле келе жатам, бирок «однолюб» болгонго эч эле башкага алмаштыра албай жүрөм.

Данияр Эрматов: «1 АЙДА 30 МИӉ СОМГО БЕНЗИН КУЯМ»

Үлгүсү – Lexus RX 330
Чыккан жылы – 2006-жыл
Чыккан өлкөсү – АКШ
Түсү – Ак
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3300 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 16-17 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 17 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 11-15 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2015-жыл

– Негизи, машинадан жолдуумун, мен алган машиналар чыдамкай, оӊою менен бузулбайт. Азыркы Лексус үлгүсүндөгү машинамдын Кыргызстандагы алгачкы кожоюнумун, жапжаӊы абалында сатып алгам. Азырынча бузулуп, мени ара жолго калтырып таарынта элек, зуулдап эле кызмат кылып жүрөт. Машинам экинчи үйүм десем болот, кээде анда түнөп да калам. Күнүнө жок дегенде 1000 сомго бензин куям, ошондо 30 күндө 30 миӊ сомум бензинге короп кетет.

Айгерим Расул кызы: «МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН МАМИЛЕМ «БЕШ»

Үлгүсү – Lexus GX 470
Чыккан жылы – 2008-жыл
Чыккан өлкөсү – АКШ
Түсү – Ак
Кыймылдаткычтын көлөмү – 4700 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – Билбейт
Баасы (өзүнүн айтымында) – Тааныштарынан 25 миӊ долларга алган
Учурдагы базар баасы – 22-28 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2015-жыл

– Мен иштеген жерде МАИ кызматкерлери көп турушат, аларды күндө көрөм. Баары менен мамилем «беш». Бул машинамды алгандан бери эреже буза элекмин. Негизи, өзүм машина менен оорубайм, сатып алгандан бери айдалбай үйдө турду. Алыс жолго айдап көп кыйнай элекмин, азырынча эркелеп жатат. Бир жери чийилип же майын алмаштырыш керек болсо, ал жумуштун баарын жолдошум кылат.

Съездбек Искеналиев: «МАШИНАМДЫ АРЧАЛАП ТУРАМ»

Үлгүсү – Toyota Highlander
Чыккан жылы – 2004-жыл
Чыккан өлкөсү – Япония
Түсү – Кара
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3300 см3
Май чыгымдоосу (100 чакырым) – 15-17 литр
Баасы (өзүнүн айтымында) – 15 миӊ доллар
Учурдагы базар баасы – 8-10 миӊ доллар
Сатып алган жылы – 2014-жыл

– Бул менин төртүнчү машинам. Аябай ыӊгайлуу, тоо-ташка чыксаӊ да болот, тактап айтканда, айылга да, шаарга да ылайыктуу. Унаамды эркелетип «кара жоргом» деп коём. Негизи, машинаӊды кандай карасаӊ, ошондой жүрөт. Менин машинамда эч ким тамеки чекпейт, арак ичпейт. Жумасына бир жолу арчалап турам.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Айбек Карымов – Lexus LX 470, Урмат Усенов – Lexus GX 470, Анжелика – Lexus GS 350, Өктөм Сапар уулу, Мурат Жалиев – Lexus RX 330, Борончу Кудайбергенов – Toyota Land Cruiser 100, Бактияр Токторов – Toyota Prado, Замир Арыкбаев – Toyota Highlander, Аваз Акимов – Toyota Windom, Автандил, Бегимай Бекбоева, Нурзат Токтосунова, Байыш Момунов – Toyota Harrier, Гүлзинат Суранчиева, Нурзат Садыкова – Toyota Camry, Асел Турдалиева – Mercedes-Benz 320 Elegance, Нурмат Садыров – Honda Accord, Дайыр Исмадияров – Mercedes-Benz С-класс 200, Гүланда, Назира Жетигенова – Honda CR-V,
Арсен – BMW X5 үлгүсүндөгү унааларды айдашат.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Миллиардердикинен да баалуу унаа минген жылдыздар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(79)
Медиа-портал
15.02.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Данияр азамат,ар дайым жонокой ушунундан жазба,куйормандарын ар дайым сени менен болот.Асель кыз да жакшы жооп бериптир.ийгилик баарына.
Медиа-портал
15.02.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamka74, rusana,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
Медиа-портал
15.02.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
даниярдын машинасы чындап эле кымбат экен калганынар аман болгула
SUPER.KG видео
15.02.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан азаматсын озундун мээнетин менен баарына жетишип келе жатасын.
15.02.2016. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдер 1 авто машинасына мактанса боло берет экенда
менин 3 автомашинам бар
1 мерс ешка. той-тамашага барып турам
2 срв 1 выйпуск. жайлоого барам мал-салга
3. фортер бул машинага иш кооп левыйдын
адабин берем
16.02.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akubeku, сенин машинанды ким сурап атат??
16.02.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек Борбиевдин машинасында сурап койбопсунарда супер инфо.
16.02.2016. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данияр Эрматов азаматсыз ырларыныз да манилуу,мунозунуз да жагымдуу..Аллах таалам эки дуйнонун бактылуулугун берсин сизге
16.02.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр азаматсыз!!ырларыныз да создорунуз да манилууу бар болунуз.Аллах таалам эки дуйнонун бактылуулугун берсин
SUPER.KG видео
16.02.2016. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан ылдый тууш паска кичине. Озунон кетпе анчалык. Учуп алыптыр го а. Бирде жигит тоо минет бирде жигит жоо журот. Азыр тоготпогон маршурутуна да акча таппай пешком журуп калба балакай. Эл адамысынар суйлоор созунорду кичине ойлонуп суйлосонор. Асель кыз болсо да жигиттердин кээбирлеринен тузук суйлоптур мактанбай. Жонокойроок болгула. Даниярдан сабак алгыла жонокойлук боюнча.
Медиа-портал
16.02.2016. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип бир сонун эле жооп бериптир.кыргыздар ушу коро албастыкты азайталычы .Асел айым аябай суйкумдуу жагымдууу назик аял .Бар болгула
16.02.2016. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Очень приятный парень Данияр. Ведущий данного интервью тоже очень грамотный, професионал своего дела, но открывать чужой кошелек и считать чужие деньги-это очень не красиво и не прилично.
16.02.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип коп мактанган жигит экен....Маршруткада журсом уят го деп....Асманга башын жетсе да,жонокой болгон жакшы....
SUPER.KG видео
16.02.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар кыйынбыз да э машинанын да эн жакшы Ак тусун тандашып мингени
16.02.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм... машинанардын донгологунон ар дайым шамал отсун
17.02.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зорго машиналары эн соонун
17.02.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан озунун ким экендигин унуткан сыягы, кэчээ эле айылдан келип , малдын тубун тазалап,эшек минип жургонун
эсинен чыкканго.Корбогондун коргону курусун деген ушуда.Уну Кыргызстан эле гатурган темпте, чет мамлекеттерге конкурсттарга бара албайт,анан маршруткада журбойм,мен звездамын дегенине олойун.
Медиа-портал
17.02.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан озу коп мактанат
18.02.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айгеримден башкасы калпычылар экен машиналарын 2 эсе кымбат баалашатго тим эле)
18.02.2016. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык ырчылардын машинасы кут болуп,дооту колдосун.
18.02.2016. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дютифринин главный директору миллиадери батирде жашап метродо журотго, , фейсбуктун директору миллиадер фит минип еле журотго, а биздин ырчылар маршуртта журуштон уялат,аман эле болгула.
18.02.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр айына 30 минге бензин куйса башка чыгашасы канча болотда. Айына кирешеси канча, баарынарда еле лехсуз екен шайлоодо Жакшы еле баккан окшойт депутаттар
SUPER.KG видео
18.02.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмгекти кылып иштеп таап алган машина арзанбы кымбатбы суйкумдуу болот,кара жорго боз жоргонор жакшылыка журо берсин
SUPER.KG видео
19.02.2016. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда нурлан насиптен башкасын тааныбайт экенмин.
19.02.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Государство ырчыларга айлык толоп бербегенден кийин ак эмгеги менен алып жатышат да. Депутат элден жегенин хотябы элдин ырчыларына толоп берсин!Азаматсынар.Жакшылыка айдагыла!
19.02.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол эрежесин так сакташса эле болот
19.02.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хм....нурлан чын эле звезда го озунчо,каяктагы статусту айтып,а Данияр молодец опко эмес
Медиа-портал
19.02.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр красавчик машинан жакты
Медиа-портал
20.02.2016. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниярды суйом
20.02.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да машина айдагым келет отто жакшы кором. Кудай магада машина айдаганды насип кылсын. Батанарды берип койгулачы.
21.02.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Правам бар машинам жокта машина айдагым келет
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо