(Башталышы өткөн санда)
Апам «Ильяз Москвага барып чоӊ шаарда жоголуп кетсе кайдан табам? Бул жакта эле болсо экен» деп санаа тартып, элден сураштырат. Балыкчыда экенимди угуп, афишалар аркылуу мени издеп тапканы эсимде.
– Айылга баргандан кийин оюмду кайра эле чыгармачылыкка болгон көксөө бийлеп алды. Суу ташып, короо жыйнап жүрсөм да кыӊылдап ырдаганымды койбодум.
– Бир күнү Мирлан Ниязов менен кокусунан жолугуп калдым. Ал «Кыз-Бурак» тобунда иштеп жатканын айтты. Мирлан байке аркылуу аталган топто мен да иштеп калдым.
– Убакыттын өтүшү менен чыгармачылыкка болгон мамилем олуттуу болуп, борборго келдим. Кафелерде музыкант болуп иштеп жүрүп Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен таанышып, «Санат» деген топ түздүк. 1-2 ырыбыз чыккандан кийин эле ар бирибиз өз алдыбызча кеттик.
– Элге бир аз таанылып, ырларым алына баштагандан кийин концерт берүүнү чечтим. Тушоо кесүү концертимди Гүлшайыр Садыбакасова уюштурду. Спорт Ордосунда бош орундук калбай, концертим эки күн теӊ аншлаг менен өткөн.
– Батирде жашаган күндөрүм жашоодогу унутулгус мезгил экен. Күйөрман кыздардан келген каттарды чогуу жашаган досторум, иним болуп талашып окушчу.
– Концерт бергенден кийин күйөрмандарым эселеп көбөйдү. Чыгармачылыктагы досторумдун саны артты. Ансайын эргүүм күчөп, жаӊы обон, ырларды байма-бай жарата баштадым.
– «Ал бийкечтер оттой болот, Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй...» деген саптар радиолордон жаӊырып турган учур чыгармачылыгымдын гүлдөгөн мезгили экен. Көчөдө кенен басып жүрө албай, кафе-ресторандардан тамактана албай калгам.
– Үйгө чейин издеп келип, сүрөтүм чапталган кулач-кулач каттарды эшикке таштап кетишчү. Жадакалса машинада бара жатканымды көрүшсө артымдан кубалаган учурлар көп болду.
Ошентип Ильяз элге таанылды. Аны алдыда дагы кандай бурулуштар күтүп турат?
Бул суроонун жообун гезитибиздин кийинки санынан окуй аласыз.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg