Баяман Өмүрбек уулу, «Тумар КР» тобунун бийчиси: «БИЙЧИ БОЛБОСОМ, АЗЫР МАЛ БАГЫП ЖҮРМӨКМҮН»

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Жакында Атай Өмүрзаков шакирттери, «Тумар КР» тобунун бийчилери менен бирге Францияда өткөн «Du Cirque de Demain» сынагында 3-орунду багындырып келишти. Бул сынактан кийин Лондондо өткөн сынакка сапар алып, өнөрүн көрсөткөнгө жетишти. Айылда мал багып, талаада жүгөрү терип чоӊойгон боз улан кийин бий өнөрү менен дүйнө кезип, өлкөнүн сүймөнчүк уулуна айланарын ошол кезде эч ким ойлобосо керек. Сөз топтогу удаа-удаа ийгилик жаратып, Кыргызстандын атагын чыгарууга салымын кошуп келе жаткан Баяман Өмүрбек уулу тууралуу болуп жатат.

– Баяман, саламатсыӊбы? Оштун Кара-Суу шаарынан чыккан карапайым бала бий дүйнөсүнө кантип аралашып калган? Кепти ушундан баштасак...
– Саламатчылык! Ош шаарындагы клубдардын бирине Атай байке шакирттери менен келерин уккам. Айылда талаада жүгөрү терип жүргөн жеримден жумушту таштап, бети-колумду жууп алып дароо шаарга жөнөдүм. Алар өнөрүн көрсөткөндөн кийин бийлеп чыксам, Атай байке көрүп калып мени чакырткан. Өзү, жанындагы окуучулары да таптаза экен, жүдөгөн кебетемден уялып жанына бара албай көпкө турдум. Таанышканда ал «Талантыӊ бар экен, келечекте сенден жакшы бийчи чыгат. Биз менен иштеп, чогуу болгуӊ келеби?» деп сунуштаганда дароо макул болдум. Ошол күнү уктабай чыккам. Эгер Атай байкеге жолукпаганда азыр мал багып жүрмөкмүн (күлүп).
– Жакында Францияда өткөн сынакта биринчи орунду ээлебесеӊер да, 3-орунду алып келдиӊер...
– 1-орунду багынтууну көздөп баргандыктан жеӊбей калганыбызга көӊүлүбүз чөгүп калды. Жаӊы номер менен барганбыз. Алар башында «булар жөнөкөй эле бийчилер болуш керек» деп ойлошкон. Музыка башталары менен өнөрүбүздү көрсөтүп залды жарып салдык, элдер таӊ калып жакшы кабыл алышты.
Ал жактан келип 5 жылдан бери даярданып жүргөн «Britain's Got Talent» деген сынакка катышуу үчүн Лондонго барып келдик. Буюрса, анын жыйынтыгына жакында күбө болосуздар.
– Топтогу балдар менен батирде жашап, бир туугандай болуп калдыӊар болуш керек. Үйдө ким эмне кылат?
– Биздин жашообуз аябай кызыктуу. Үйдө чоӊ күзгү бар, анын алдында машыгабыз. Азамат, Саламат деген эгиз балдар компьютерден күнү-түнү музыка издеп таап аны кескилеп, чаптап жасашат. Алардын майда жумушту тажабай жасагандарын көрүп таӊ кала берем. Номерлерди да ошолор түзүшөт. Биздин башчыбыз Атай байке. Анын айтканын угушубуз керек. Сахнада бийлеп жатканда катачылык кетирсеӊ урушат. Ага таарынып сүйлөшпөй калганда телефонду тиктеп отуруп беребиз. Акча калбай калганда «братан, курсак ачты, бир нерсе кылбайлыбы» дейм. Ал баарын түшүнүп, азык-түлүк алып келип чогуу тамак жасайбыз. Балмуздакты жакшы көрөт, кечке эле «балмуздак барбы?» деп сурай берет.
– Бийлеп жатып денеӊди кокустатып алган учурлар болду беле?
– Ооба, бир жолу сахнада татаал кыймылды көрсөтүп жатып оӊ колумду чыгарып алып шалактап калган. Колумду кайра-кайра артка кайрып жатып ордуна салгам. Дарыгерге кайрылган жокмун, бир чыгарып алсаӊ ойноок болуп калат экен, ага көнүп деле калдым.
– Атайдын жанына бара албай уялган Баяман азыр кандай болуп өзгөрдү?
– Мурунку Баяман жадакалса дүкөнгө бара алчу эмес. Уялчаак, капкара, эч нерсени көрө элек бала болчу. Бишкекке биринчи жолу келгенде элдерди карасам апапак, кийимдери таптаза, өзүмдү карасам жүдөө көрүндүм. Кийин Атай байке кийингенди үйрөтүп, туура жолго салды. Орус тилди жакшы түшүнчү эмесмин, аны да үйрөндүм. Мурда үйдөгүлөр «Бишкекке барып эмне кыласыӊ?» дешчү. Эми бул жактан кетким келбейт, мен үчүн эӊ сонун жер – Бишкек.
– Германиядагы сынакта көзүӊө жаш алып, эмоционалдуу номер тартуулап эсибизде калгансыӊ. Азыр бийлеп жатканда ыйлабай калдыӊбы?
– Ошондо апамдын кыйналып жашап жатканын, башымдан кечирген оор күндөрдү элестетип алып ыйлаган элем. Азыр өзүмдү кармаганга көндүм.
– Бий өнөрүн дагы канча жыл аркалайм деп ойлойсуӊ?
– Азыр 20 жаштамын. Дагы 5 жыл бийлеп, ой-максаттарыма жеткенден кийин бийди таштайм. Өзүӊдү эле ойлой бербей, башкаларга жол бошотуш керек да. Биздин шакирттерибиз бизден да күчтүү.
– Жогорку окуу жайга тапшырам деген тилегиӊ орундалдыбы?
– Азыр КМКТАУнун көркөм искусство факультетинде 1-курста окуп жатам. Чет жактарга көп чыгып окуумдан калып, жетишпей жүрөм. Буларды түшүнгөн, түшүнбөгөн да эжейлер бар. Тарых сабагынан лекция жазып жатканда жетишпей калып кыйналам. Мугалимге «кайталап коюӊузчу» десем, өчөшкөнсүп бат-бат окуп салат (күлүп). Буюрса, келечекте кийимдердин дизайнери болом.
– Бала кезди эстегенде эмнелер эсиӊе келет?
– Ата-энем ажырашып кеткенде апам турмуштан кыйналып мени таенемдин колуна берген. 5-6 жыл апамды көрбөй, 9-класста көрүп «апа» деп айта албай кыйналгам. Бара-бара апам эӊ жакын адамыма айланды. Учурда Москвада иштеп жатат. Эл адамы болуп, чет өлкөгө чыкканда «мен көрбөгөн жерди сен көрүп жатасыӊ» деп кубанат. Алдыга койгон максаттарым чоӊ, алар ишке ашса, апамды жаныма алып чогуу жашайм деген тилегим бар. Мурда берген интервьюмда баарын ачык айтып, апамдын көӊүлүн оорутуп алгам. Бул маегимди сөзсүз окуйт. Ошондуктан андан гезит аркылуу кечирим сурайм.
– Жеке жашооӊдо абал кандай? Бир кыз менен сүйлөшүп жатканыӊды айткан элеӊ...
– Сүйүү оор экенин ошол кыз менен жүргөндө сездим окшойт. Чыгармачылыкта кызгануу көп болот экен. Күйөрман кыздар жазышат, аны көрүп кызганчу. Бири-бирибизди түшүнбөй жатып азыр сүйлөшпөй калдык. Урушуп кетсеӊ көӊүлүӊ жок, иштегиӊ келбей жата бересиӊ. Ошондуктан мага мамиле куруу эрте деп ойлоп калдым.
– Маегиӊе рахмат!

"Бутума турсам, апамды жаныма алып келем".

"Чет өлкөгө чыгарда таенем батасын берет".

"Атай байке топтогу балдар менен батирде чогуу жашагандыктан күндөрүбүз дайыма кызыктуу өтөт".

"Бийлеп жатканда колум чыгып кетет, аны кайра өзүм эле салып алам".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Курсагыбыз ачканда Атай байкеден акча сурайбыз" дейт бийчи Баяман Өмүрбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(45)
SUPER.KG видео
13.02.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишинерге ийгилик. Олколорду кыдырып, байгелуу болуп журо бергиле.
SUPER.KG видео
13.02.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
еркек киши уялбашы керек
Медиа-портал
13.02.2016. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушунчалык жонокой, кичипейил, акылдуу бала экен. Ушунундан жазба. Ойлогон максатына жет. Атай жалан мунозу жактан озуно окшош балдарды тандаган го.
SUPER.KG видео
14.02.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Алыскы мамлекеттерге барып болуп корбогондой сахнадагы сезимдерди башынан откоруп шаарларды кыдырып келсе да бир кичине болсо да мактанганын байкаган жокмун , Бул бала баардык нерсенин баркын билген бала экен мындай адам затка кандайдыр бир жардам кыла турган болсон озун дагы кубануу менен кыласын .Атай тоже молодец
SUPER.KG видео
14.02.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мынча жакшына бала ))
SUPER.KG видео
14.02.2016. 06:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баяман ишине ийгигилик жон эле лампочкасын го жанып
Медиа-портал
14.02.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Bayaman kantip okuit boldu eken e?
Медиа-портал
15.02.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аябай жакты, сонун бала экен. Маегин оозумдагы жылмаюуну жыя албай көрдүм))) Эң негизгиси жөнөкөй. Ушунуңдан жазба, эл адамы бойдон кал. Ийгиликтин туу чокусуна жеткен адам - ал жөнөкөй адам деп коет го. Айрым "лампочка жылдыздардын" катарын толуктабасаң эле мындан да чоң бийиктиктерге жетесиң. Атайга да рахмат, туура жол көрсөтүп тарбиялап жатканына.
15.02.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мал баккан деле сонун омур бою бийлемек белен
15.02.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгиз балдардан да маек алгылачы.
15.02.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikol87,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
http://www.super.kg/article/show/29755
15.02.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атай дагы жонокой бала, Бул бала Атайдын тарбиясын алганда эмнеси болсо дагы. А бирок озу деле жакшы тарбиялуу балага оешойт. Алга!
15.02.2016. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец апамы жаныма алам деген тилегин орундалсын оомин!
15.02.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карап отуруп мал багып, талаада жургонун эч эле элестете албай койдум))
Ийгилик силердин жегишинер, биздин сыймык азаматтар!
15.02.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!Кара-Суунун кайсыл жеринен болот экен?
16.02.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elzida87,Ждановтон болот.
Медиа-портал
15.02.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атай азамат! Ото жакшы тарбия берет экен.Озуда ичинде кири жок,жонокой жигит экен. Келечегинер кен болсун!
16.02.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасына аяр мамиле жасап ото жонокой бала экен.Ушунундан жазба!
16.02.2016. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барды жокту коргон жашоодо ойдо томонду коргон балдар ушундай акылдуу болушат кээ бир жылдыздарга окшоп мактанбай
16.02.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик
16.02.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурунку интервюсун кайсыл жерден окуса болот
17.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.
http://www.super.kg/article/show/29755
16.02.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ойлогон макстатына жет
16.02.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баяман мен сени мурда айылдан корчу элем(((,окуп алып аябай суйундум. Сага ийгилик каалайм!
16.02.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самый,самый позитивный и душевный маек болуптур,жан дуйнону козгоп.Маегин окуп баштаганда эле коз жашым кетти куюлуп,эч бир токтобой жузумду жууп.Башыбыздан откон балалык тагдырыбыз окшош экен.Бар бол,бактылуу бол,тилегине жет,омурун узун болсун Баяман!Интервью алган Динара Абдыкадыровага терен ыраазычылык!
SUPER.KG видео
17.02.2016. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оллло соонун бала экен ушундай уулдар кобойсо экен кыргызстаныбызда
SUPER.KG видео
17.02.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да жакты. Ачык айрым жакшы маек болуптур. Сендей жонокой, ичип чекбеген адамдарыбыз кобойо берсин.
18.02.2016. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокойлугуно соз жок.Аллахым ниетине жеткирсин
18.02.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик! Апанды ар дайым сыйлап жур. Акылдуу бала экенсин.
18.02.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан жонокой,жакшы жигит экен,азаматсын,онорун оркундой берсин!Атайга да рахмат таланттууларды элден сууруп алып чыкканга.
19.02.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылда мал баккан эмне жаман бекенби?
Таза аба, таза суу баардыгы таза,
Чыныгы кыргыздын кымыз жыттуу балдары айылдан кеткиси келбей эле жашап журот. Айылдагы жашоого, эч жердин жашоосу жетпейт!
19.02.2016. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой жигит экен,чон ийгиликтерди, жеништерди каалайбыз.
Медиа-портал
09.04.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баяман азаматсын! Ош шаарында жургондо чынында жоош уялчаак эле.Мага Расул байке бийчи болгум келет деп айтканда, Атайга бар деп кенеш айткам.Атай Ошко келээрин айтсам аябай кубанган эле.Мен кубанычтамын! ийгилик болсун.Сенин мыкты бийчи болооруна козум жеткени учун Атайга жолуктурууга аракет кылган экем.Бар бол иним.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо