ГҮЛЖИГИТТИН 6 КҮНГӨ СОЗУЛГАН КОНЦЕРТИ

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Аталышы – «Кусалык жана төрт мезгил»
Өткөн жери – Улуттук филармония
Өткөн күнү – 4-5-6-7-8-9-февраль
Башталышы – 7-февраль күнү 19:00 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Мыкты номер – «Мезгил барактары», «Санат ыры»
Билет баасы – 500-600 сом

Гүлжигит Сатыбеков филармонияда 5 күн катары менен концерт берип жатканын угуп барбай коё албадым. Концерт адатка айлангандай элди күтүп жарым саат кеч башталды. Аӊгыча эле көшөгө ачылып, көзгө дароо үч чоӊ экран жана оркестр коштогон музыканттар дирижёру менен даяр турганы урунду. Сахна кооздолуп жасалбаса да, концертке ырчы көп акча коротконун экрандарды карап эле түшүндүм. «Беш тапандын» бир тапаны Союзбек Сейитказиев чыгып, «быйылкы тарых жана маданият жылына кичине болсо да салым кошолу» деп кыргыз элинин тарыхынан бир-эки ооз сөз айтып элди күлдүрүмүш болуп, Гүлжигитти сахнага чакырды. Ырчы шашпай кадам таштап чыга келип, жандуу үн менен «Фрунзе» оркестринин коштоосунда 3 ыр ырдап кирип кетти.
Адатта ырчылар популярдуу болгон ырынын атын коюп алып эле концерт өткөрө беришет. Гүлжигит иним бул жактан изденип, концерттин сценарийин жакшы иштеп чыккан экен. Сахнадагы 3 экранда кезек-кезеги менен 4 мезгил алмашып чыгып жатты. Ага ылайыкташып Гүлжигит да кийимдерин өзгөртүп муӊдуу да, шаӊдуу да ырларын аткарганын жактырдым. Ырчынын аккордеон менен аткарган ырларын эл коштоп ырдап, сахнадан кетирбей кол чаап жатышты. «Лейлектик кызга» деген ырын оркестрге салып ырдаганы мага өөн учурады чынында. А бирок араӊ эле өздөрүн басып отурушканбы, айрымдар тойдо жүргөндөй эле бийлеп киришти. Филармониянын кызматкерлери шаша-буша аларды тыйып, ордуларына отургузуп коюшту. Ошентип, шылдыракчы Кадырбек Мураталиев сахнага секирип түшүп элди бийге тартканы, сахнада ырдап жатып «бийлегенге уруксат» деп Гүлжигиттин элди бийге үндөгөнү ишке ашпай калды. Гүлжигит ырдап бүтүп «концертте бирөө бийлеп эс алат, башкасы отуруп көрөт, айрымдары жатып көрөт. Бийлей бериӊиздер, качанкыга чейин кысылып жашайбыз? Концерт деген ушундай болот, суроолор боюнча концерт улансын деп жатышат. Концерт улансынбы?» деп элге кайрылганда «улансын» деп шатырата кол чаап колдоп жиберишти.
Концерттин жүрүшүндө Гүлжигиттин 5 жаштагы Алмамбет аттуу күйөрманы гүл көтөрүп келип, ырчы менен «Москва» деген ырын бирге созду. «Алмамбетти «Москваны» ырдатып WhatsApp аркылуу мага жиберишиптир, угуп алып аябай күлдүм. Бул бала күндө концертиме келип жатат» деп ырчы кичинекей күйөрманына батасын берип узатты. Бул концертке конок катары Манас Алыкулов, Бактарбек Абдразаков келиптир.
Ошентип, Гүлжигит инимдин концерти 6 күнгө созулуп, күйөрмандарынын моокумун кандырды да койду. Анын баштан-аяк жандуу ырдаганына «5» деген баа берип үйгө кайттым.

Толик сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(20)
15.02.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат дагы да коп ырларды жарата бериниз
15.02.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдагы толик сынчыны сагыцндым.
18.02.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boss1991,бул башка Толикпи?
15.02.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары жакшы бирок стилист менен иштешсе андан да сонун болмок
15.02.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтсыз ээн сонун жана ар дайым мазмундуу ырдайсыз ++++5555
15.02.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
16.02.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Гулжигит мырза, олкобуздо буга чейин мындай концерт болгон эмес, аябай соонун жана жогорку денгеээлде коюлган.
16.02.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит байке онорунуз оркундой берсин чыгармачылык ийгилик каалайм концертке соз жок аябай соонун отту ардайым ийгиликтердин устундо журоберин .Мага озгочо мезгил барактары деген ыр аябай жакты уксам дагы эч жадабайам....
16.02.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сизге концертке соз жок 5555555555 ...
17.02.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигит концерт койгондо Гулнур эжебиз одыхает болуп калдыго.
17.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец 555555555 коём ырларына соз жок
18.02.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошко качан келес биз да барып эс алып келели. Аябай суйуп угам ырларыны.
18.02.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz el artisti naamyn beriw kerek
19.02.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит мырза ар дайым жонокойлугу менен куйормандарды озуно тартат. Жасалма суйлобойт, чыгармачылыгынза ийгилик.
19.02.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз,чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм!Гулнур эженин интервьюсун кайдан корсом болот?
19.02.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
el9nora,
Кайсы Гулнур эженин, Сатылганова, Асанова дегендер бар да
19.02.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meili,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
19.02.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулнур сатылганова комментарий берген экенго
20.02.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ырлары аябай жагат. концертине бара элекмин.
10.05.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо