Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКТЫЛУУ ЖАШООНУН СЫРЛАРЫ

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

«Арноо концерти» берүүсүнүн алмашкыс диктору Бактыбек Мамытов жубайы менен 43 жылдан бери түтүн булатып келет. 14-февраль – Махабат майрамын утурлай агай үй-бүлөдө көп жыл ынтымактуу жашоонун сырлары, өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.

«ЖУБАЙЫМ – МЕНИН ГРУППАЛАШЫМ»
– Биздин убакта махабат майрамы деген болчу эмес. Жаш кезде «белгилеп койсо не болмок, сүйүүнүн бир күн майрамын» деген саптары бар ырды созолонтуп, «махабат күнүн майрамдай турган күн бизге да келер бекен?» деп тилеп калчубуз. Азыркы жаштар бактылуу экен, бул майрамды жылда белгилеп жатышат. Махабат – бул адамдын жан дүйнөсүн аӊтар-теӊтер кылган, эрдикке, олуттуу чечимдерге жетелей турган керемет сезим. Мен бул сезимге 23 жашымда кабылып, байбичем Жамилага үйлөнгөм.
Болочоктогу жубайымды экөөбүз университетке тапшырып жатканда сыртынан көрүп жактырып калдым. Ал кезде бизди окуудан айыл чарба жумуштарына жөнөтүп турчу. Студенттер менен Чаекке чөп чабыкка баратып, жолдон автобустан Жамила менен, андан соӊ группалаштарым менен тааныштым. Жубайым экөөбүз группалашпыз, мен группанын старостасы болчумун, ал көздөрү бакырайган сулуу кыз эле. Жамила менден 5 жаш кичүү, мен окууга 5 жыл катары менен өтө албай кулап, дал ошол Жамиланы көргөн жылы өтүп кеткем. Кээде Кудай мени Жамила менен жолуктуруш үчүн эле окууга өткөргөн болуш керек деп ойлоп калам.

«МАХАБАТ КАНЧАЛЫК КҮЧТҮҮ БОЛСО, ТУРМУШ ДА БЕКЕМ БОЛОТ»
– 1973-жылы 20-октябрда жубайыма үйлөнгөм, чогуу жашаганыбызга 43 жыл болуптур, учурда 66га чыгып отурам. Турмуш – бул күрөш, анда баары сыдыргыга сала бергендей бир калыпта болбойт экен. Чогуу жашаган 43 жылда башыбыздан көп жамандык-жакшылыктар өттү. Жаӊы үйлөнгөндө студент элем, андан соӊ балалуу болуп бир топ кыйналдык. Ортобузда 5 балабыз бар, жубайымдын токсикозу абдан күчтүү болчу. Бала 9 айда төрөлсө, Жамила 9 ай бою тамчы суу да иче алчу эмес. Мен тапканымды үйгө ташып, «ушул даам сызса экен» деп эле ар нерсени көтөрүп келе берчүмүн же аны жесечи.
Көп жылдан бери экөөбүз бири-бирибизге тирек болуп, турмуштун кыйынчылыктарына майышпай, эч кимге эч нерсени билдирбей, кемчиликтерибизди жаап-жашырып жашап келе жатабыз. Махабат канчалык күчтүү болсо, турмуш да ошончолук бекем болорун түшүндүм. Улуу сезимдин алдында турмуштагы майда-чүйдө нерселер майда-чүйдө боюнча калат экен. Башкысы адам көӊүлү, түгөйлөрдүн бири-бирине жасаган сыйы калат тура.

«БАЛДАРДЫН ЖАЛАЯГЫН ДЕЛЕ ЖУУП КОЙЧУМУН»
«Чогуу жашаганда түгөйлөр бири-бирине окшошуп калат» дегенге ишенем. Кулк-мүнөзү тургай келбети да бир туугандардай окшошуп калган жубайларды көп жолуктурдум. Жубайым экөөбүздү да окшоштургандар көп. Жамила шайыр, ачык, шыр жүргөн адам. КТРКда 19 жыл режиссёр болуп эмгектенген, азыр пенсияда, үйдө неберелерин эрмектеп отурат. Жаш кезде ашыкча кызгана берчү эмес, үйгө чейин келип алган күйөрман кыздарды «ал киши сеники да, меники да эмес, ал – элдин адамы» деп жолуна салып койчу экен. Үйдө бул аялдын, бул эркектин жумушу деп бөлчү эмесмин. Кези келгенде аялыма балдарды карашып, жалаяктарын жууп койгон деле күндөр болгон.

«БИЙЛИК БААРЫ БИР АЯЛГА ӨТӨТ»
– Мен эрке өсүп-чоӊойгон баламын. Жубайым да эркек балдардын арасында өскөн жалгыз кыз. Анан жаӊы турмуш курганда бири-бирибизге баш ийүү оӊойго турган жок. Бирок бала төрөгөн сайын бийлик аял тарапка оой берет экен. Мен, балдарым, неберелерим болуп эле бийликти өткөрүп берип салганбыз. Кээде жубайым «маектериӊде мени эле мактай бересиӊ, уялсаӊ боло» деп калат.
Жубайым менин сынчым, эфирден жакшы сүйлөдүм деп өзүм кубанып, башкалар мактап жатса да жубайым бир жерден кемчилик таап чыгат. Азыркы күнгө чейин эле келинчегиме жакпай койдум. Башында анын айтканына макул болбой, сындары катуу тийчү, кийинчерээк өзүм сурай турган болуп калдым.

«Үй-бүлө түптөө табияттын мыйзамы болсо, аны сактап калуу адамдардын милдети» дешкен Ажыкан ата менен Зайна апа 50 жылдан бери бир үй
бүлөнүн туткасы болуп келишет. Алыскы Чаткал районунан борборго келишкен карыялар узак убакыт бактылуу жашашкандарын баяндап беришти.
ЖЕТИЛГЕН ЖЕТИМ ЖУБАЙЛАР
Ажыкан ата:
– Быйыл экөөбүздүн турмуш курганыбызга 50 жыл болот. Биздин тагдырыбыз окшош. Экөөбүз теӊ ата-эне мээримине тойбой чоӊойгонбуз. Жубайым апасынан 2 жашында айрылып жарым жетим болсо, мен ата-энемден 3 жашымда ажырап чоӊ энемдин колунда калдым. Балалыгым согуш жылдарына туш келип ач-жылаӊач калып, көрүнгөндүн жемесин уккан күндөрүм азыр да көз алдыма тартыла берет. Бир тиштем нанга зар болуп, иним «эне, нан жейм, курсагым ачты» деп сыздап жатып жан бергенин эстегенде көзүмдөн жашым атып кетет. «Өлбөгөн жанга жаз келет» дегендей, бирде ач, бирде ток болуп эр жеттим. 24 жашымда өмүрлүк жарым Зайна менен баш кошуп, аталаш агам менен бирге туруп калдык. Жеӊем табиятынан катуу киши эле. Анын катаал тартибине чыдаган аялыма рахмат.

«НАНДЫ АШЫКЧА ЖААП КОЙСОМ ДА ТИЛ УКЧУМУН»
Зайна апа: – 16 жашымда турмушка чыктым. Өзүм бала болсом, бирөөнүн үйүнө бүлө болуп кетүү кыйын болду. Кылган тирилигим абысынымдын купулуна толбой далай ирет тил уктум. «Күнүнө төрт нан бышыр» деп айтчу. Болжолум туура болбой 5-6 нан жаап салган күнү жемеге көмүлүп калчумун. Жеӊем өзү уруксат бермейинче уюп турган айрандан бир чыны иче алчу эмесмин. Болбосо эчкини саап, улактарды көгөнгө өзүм байлачумун. Конокко кетсе дагы бардык азыктарга белги коюп кетчү эле жарыктык киши. Абысыныма учурунда нааразы болсом, кийин анын мага жасаган мамилесин түшүндүм. Көрсө, апаат согуш, ачарчылык ал кездеги адамдардын аӊ-сезимин ошондой калыптандырып коюптур. Эртеӊ эле ачарчылык боло калчудай коркуп, үнөмдүү жашачубуз.

«ТАЛААДА ЖАШАГАН КҮНДӨРҮБҮЗ БОЛДУ»
Зайна апа: – Кайнагам кыраакы киши эле. Абысынымдын мага кылган мамилесин байкап, жолдошума «иним, өз алдыӊарча жашагыла. Зайна жеӊеӊдин кордугуна чыдабай, бир күнү ажырашып кетпегиле» дептир. Ал кишинин акылын угуп, бир короо кой кайтарып өз алдыбызча түтүн булата баштадык. Жатканыбыз талаа. Болгон дүнүйөбүз бир сыйра жууркан-төшөк, бир аяк, эки чыны. Чайнегибиз жок, чайды кесеге кайнатып иччүбүз. Кошунабыз бээ саап, бизге күнүнө бир аяк кымыз берет. Жолдошум кымызды карандай жутканды жакшы көрсө, мен нан туурап жегенди жактырчумун. Башында ал ичип койсо, унчукпай кала берчүмүн. Кийин дасторконго отурганда жолдошума көрсөтүп кымызга түкүрүмүш болуп койсом, ичпей койчу эле (күлүп). Биринчи кой баккан акыбызга коӊшу Ала-Бука районуна барып идиш-аяк, керектүү буюмдарды алып, турмушубуздун пайдубалын түптөй баштадык.

«ЖОКТОН БАР КЫЛЫП БАРДАР ТУРМУШ КЕЧИРДИК»
Ажыкан ата: – Мен талаадан тапсам, аялым үйдөн таап материалдык байлыкка да жеттик. Бирок аны менен сыймыктанбайбыз. Ортобузда 10 балабыз бар. Бир акылман «канча балаӊ болсо, ошончо калааӊ болот» деп айткан экен. Баарын үйлөп-жайлап, конушуна кондурдук. Өзүбүз окубасак дагы, балдарыбыз билимдүү болушту. Жашыбызда мээнет кылсак, азыр ошонун убайын көрүп кемпирим экөөбүз 10 шаарыбыздын сыйын көрүп келебиз. Көз тийбесин, перзенттерибиздин бардыгы бактылуу жашап, бизди 41 неберелүү, 8 чөбөрөлүү кылышты. Быйыл мен 77 жаштын суусун ичсем, жубайым 68ге чыкты. Карылык адамдын ар жеринен алат экен. Кемпирим Зайнага алкыш айтам. Ал азыр менин кулагым, көзүм. Укпаган сөзүмдү кайталап айтып, көрбөгөн нерсемди таап берет.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Диктор Бактыбек Мамытов: "Үй-бүлөлүк бийлик аялыма өтүп кеткенин байкабай калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(47)
15.02.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемет адамдар. Мен кичинемде ушундай журналист эле дагы эле ошол бойдон. Жакшы маек болуптур
15.02.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сонун маек болуптур.Уй-булолук бакыт каалайм.Жана Ажыкан ата менен Зайна апага да темирдей бекем ден-соолук бактылуу карылык тилейм.Ылайым кылым жашаныздар.
15.02.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур!
15.02.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлорлуу болунуздар!
15.02.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кичине кезде эле ушундай эленизБактыбек байке азыр деле ошондой жап жаш экенсиз,арыбаныз.
15.02.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лунара мамытова кызы эмеспи
19.02.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12katya21,Лунара болсо Улукбек Мамытов деген кишинин кызы, ал дагы диктор болгон.
15.02.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жыл мурун ата - энеме арноо концерттен куттуктоо учун Бакытбек Мамытов агай менен суйлошкон элем. биз сыймыктанган, сыйлаган диктордун ушунчалык токтоо мээримдуу мунозу мага аябагандай таасир калтырган. Тушунбой калып коп суроо берсем дагы бир калыпта жай токтоо жооп берген эле. кээ бир адамдар жасалма токтоо жасалма муноз кутот. Бирок агайдыкы табигат берген же табиятынан кошо жаралган. Омурлук жубайыныз менен бактылуу карылык кутунуз. Ишинизге ийгилик.
15.02.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажыкан ата менен Зайна апага да бактыллу карылык каалайм. Бул макала баяндаган аталарабыздын,апаларыбыздын баскан изи бизге улгу болсун.
15.02.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
макала жакшы чыгыптыр.
15.02.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ушул агайды баалайм.Арноо концертти Ч.Мырзаев алып барганда андай деле корбойм,агай алып барганда берилуу менен кором.
15.02.2016. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай гана тасирдуу, тарбиялуу мыкты маек! Озумчо жашып да алдым)) Кудайым бизге да, ушундай бактылуу карылыкты насип этсин!
15.02.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай сооонун маек болуптур,Бактыбек Мамытов дагы эле жаш бойдон.Ажыкан атанын,Зайна эненин бактылуу карылыгын,суйуусун,балдарын,неберелерин,алардын ыйманын,аллахым баарыбызга,баарыбызга насип этсин!!!
15.02.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жубайым менин козум.кулагым.корбогондун таап.укпаганды кайталап айтып берёт деген соз аябай таасирдуу
15.02.2016. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданият тармагындагы эн корунуктуу адам.Жараткан эки дуйнодо бактылуу кылсын!
16.02.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл сыймыгындв журо бериниздер. Арноо концерт башталганда атам телевизордун үнүн бийиктетип алчу. Ажыкан ата менен Зайна эжеден улгу алсак болчудай экен.
16.02.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин..
17.02.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыбек агай айтканынызга толук кошулам.мен да каалаган окуума отпой калып башка окууга отуп жолдошумду жолуктурдум.махабат кучтуу болсо турмуш бекем болот дегениниз чын.
17.02.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улгу болчу уй булолор.Кадырлуу карылык каалайм.
17.02.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх бизге дагы алла таалам бактылуу карылыкты насип кылакор! Кандай сонун бактылуу каарышыптыр,ылайм тапакан балдарыныздардын сыйын урматын коруп сый урматка болонуп журо бериниздер Ажыке ата.Зейнеп апа! Теледен Бактыбек аганын унун угуп чонойдукко,абдан жакшы адам болсо керек. Баарыныздарга бактылуу карылык каалайм.
17.02.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйбулодо ынтымак махабат болсо,туура айтасыз,уйбулонун биримдиги бекем болот. Ошондуктан алган жубайын менен сыйлашып жашаганга эмне жетсин,бирине бирин сыйлап суйуп турсан турмуштун сыноолорун бирге жененсин жубайын менен.
18.02.2016. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх... Бизге да ушундай бактылуу каарылыкты Кудайым насип этсе экен. Коруп отуруп, журогун жылыйт...
19.02.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажыкан ата,Зайна апа ден-соолукта болунуздар,Бактыбек агай дагы коп-коп жылдар теледен бизди кубантып журо бериниз,уй-булоонуз менен бактылуу болунуз!
19.02.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теленин жүзү Бактыбек байке. өрнөк болуңуз жаштарга.
19.02.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жакшы киши уй- булоонуз менен коп жашаныз оорубаныз сиздей адамдар коп болсо экен
19.02.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МаашаАллах, узун омур, бактылуу каарылык, ден соолук каалайбыз. Бизге да ушундай каарылык насип кылган болсун Аллахым.
20.02.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар болунуздар аталар энелер
20.02.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах эки дуйно бактылуулукту берсин. Аамин.
21.02.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин
21.02.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Абдан соонун маек болуптур
22.02.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ суйуу махабат деп суйлобой эле койсо болмок
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-22 09:47:34
22.02.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdulla2015,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо