Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ХИТ ЫРЛАРГА ПАРОДИЯ

№693 12-февраль-18-февраль, 2016-ж

Кыргызда «бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы» деген кеп бар эмеспи. Анын сыӊарындай биз бул ирет кыргыз эстрадасында хит болгон ырларга пародия жазып көрдүк.

Ильяз Андаш, «ДҮЙНӨДӨ СЕНИ СҮЙГӨН БИР АДАМ БАР»

Жоодурап сага карар бир адам бар,
Жалбарып жүрөгүӊдү сураган бар.
Жамалыӊ жашка толуп турса дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.

Муӊкансаӊ муӊду жазар миӊ амал бар,
Моюбай кылыгыӊа чыдаган бар.
Мүнөзүӊ мөндүр сымал төксө дагы,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.

Күз келип, жалбырактар куураганда,
Көӊүлдүн кетиктерин сураган бар.
Кыш өтүп, махабаттуу жаз да келет,
Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар.

«ДЕПУТАТТЫН АРМАНЫ»

Жоодурап мага келген бир адам бар,
Жалбарып карызга акча сураган ал.
Банктарда акчам толуп турса дагы,
Дүйнөдө мен издеген бир адам бар.

Андан көп акча табар миӊ амал бар,
«Кыӊк» дебей кылыгыӊа чыдаган бар.
А бирок мынча менин пейилим тар,
Анткени мага карыз бир адам бар.

Жаз келип талаа иштери башталганда,
Жалдырап жардам сурайт шайлоочулар.
Экинчи өлсөм дагы карыз бербейм,
Дүйнөдө мени алдаган бир адам бар.

Назира Токонова, «САГА»

Сыздасын дегениӊби,
Сырымды билбей койдуӊ.
Сыйкырлуу жомогумдун,
Ичине кирбей койдуӊ.

Унутсун дегениӊби,
Уйкумду бузбай калдыӊ.
Жайнаган көӊүлүмдү,
Жылытпай музга айландыӊ.

Түӊүлсүн дегениӊби,
Түшүмө кирбей койдуӊ.
Тымызын сүйөрүмдү,
Негедир билбей койдуӊ.

Аялуу жүрөгүмдүн,
Эшигин чертпей калдыӊ.
А бирок унутулбай,
Оюмдан кетпей калдыӊ.

«ДЕМӨӨРЧҮ БАЙКЕГЕ КАТ»

Сыздасын дегениӊби,
Сырымды укпай койдуӊ.
Сыйкырлуу чоӊ үйүӊдүн,
Сыртына чыкпай койдуӊ.

Унутсун дегениӊби,
СМС жазбай калдыӊ.
Убадаӊ аткарылбай,
Өзүӊдү таппай калдым.

Түӊүлсүн дегениӊби,
Түшүмө кирбей койдуӊ.
Акчаӊды сүйөрүмдү,
«Алтыным», билбей койдуӊ.

Ишиӊдин мындан ары,
Эшигин чертпей калдым.
Анткени баштагыдай,
Акчаӊдан бербей калдыӊ.

Нурмат Садыров, «МЕН СҮЙГӨН МЕНЕН ПАЙДА ЖОК»

Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок.
Көнбөдүӊ сүйүүӊ барчудай,
Көӊүлүм болду калчудай.

Кайырма:
Балбылдап көздөрүӊ кара-кара,
Айта албайм сүйүүмдү сага гана.
Айтайын, башканын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.

Сүйдүрдүӊ мени, сүйүктүүм,
Сүйүп мен үзбөйм үмүтүм.
Өзүӊсүз өтсөм өмүрдөн,
Арманым айтчы, ким үчүн?

«МИГРАНТТЫН АЯЛЫНА ЖАЗГАН КАТЫ»

Мен жүргөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, паспорт жок.
Мазамды алба калчудай,
Москвада үйүм барчудай.

Кайырма:
Калгын деп чаласыӊ кайра-кайра,
Калалбайм жумушум болсо кана?
Болду эми Москванын кереги жок,
Жылмайып жылуулук берчи мага.

Күйдүрдүӊ мени, сүйүктүүм,
Жүрдүм го иштеп күнү-түн,
Акчаны салдым жакшы эле,
Анымдын баары ким үчүн?

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(11)
15.02.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nazira Tokonovanyn yry soonun boluptur...
Nazira ejeden intervyu alinizdarchy korunboi ketti
Symbaaatik түзөттү 2016-02-15 10:36:53
15.02.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун экен
15.02.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
класс
15.02.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хе хе мигранттын ыры менин куйоомдун созуно эле окшош болуптур
15.02.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардыгы соонун болуптур
15.02.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн соонун
15.02.2016. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жылмайдым
18.02.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чарчап тургам окуп сергип калдым. Жакшы пародиялар болуптур.
18.02.2016. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
депутаттарга карата жазылган ырды окуп ойлонуп калдым. Эми кайсы депутат чыгып "сотко" берем дейт экен деп. Пародиялардын 3но тен 555555 эн сонун болуптур)))))))))))))
19.02.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурмат Садыровтун ыры Жакшы пародия болуптур
20.02.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан сонун чыгыптыр, баарысы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо