Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭӉ АБРОЙЛУУ МЕЛДЕШТЕР

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Олимпиада оюндары жана дүйнөлүк, континенттик чемпиондуктар спорттогу эӊ ири мелдештер болуп эсептелинет. Бирок ар түрдүү спортто тарыхы бай, кирешелүү жана дүйнө жүзү боюнча популярдуулугу менен айырмаланган абройлуу мелдештер жок эмес. Бул оюндар жүздөгөн өлкөнүн спортчуларын бириктирип, көрүүчүлөргө эстен кеткис таасир калтырат.

Футбол
«УЕФА ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ»

Дүйнө жүзүндөгү спорттогу эӊ популярдуу Дүйнөлүк чемпиондук көрүүчүлөр боюнча Олимпиаданы ашып түшкөнү белгилүү. Ал эми клубдар арасында «Чемпиондор Лигасы» аталыштагы жыл сайын өтчү континенттик мелдеш эӊ абройлуу болуп эсептелинет.
Келип чыгышы – 1955-жылы француз журналисти Габриэль Ано тарабынан негизделген.
Өткөрүлчү жери – Европа континенти.
1991-жылдан тарта «Чемпиондор Лигасы» атала баштаган. Жеӊүүчү команда 15 миллион евро менен сыйланат.

Теннис
«УИМБЛДОН» «ЧОӉ ШЛЕМДЕРДИН» АТАКТУУСУ

Теннисте «Чоӊ шлем» аталган 4 ири мелдеш дүйнөнүн 4 тарабында өткөрүлөт. Австралия жана АКШдагы Ачык Биринчиликтер, Франциядагы «Ролан Гаррос» жана Англияда өтчү «Уимблдон». Булардын арасынан Лондондо өткөн мелдеш өзгөчөлөнөт.
Келип чыгышы – 1877-жылы теннисти патенттеген англиялык Уолтер Уингфилд уюштура баштаган.
Өткөрүлчү жери – Англия, Уимблдон шаары
Салттары – «Уимблдон» корттору чөп менен төшөлгөн, андыктан теннисчилер бул мелдешке ак түстөгү кийим менен чыгышы зарыл. Оюн учурунда спортчу айымдарды
«мисс» же «миссис» деп, ал эми эркектерди фамилиясынан гана чакыруу керек.
Сыйлык фонду – 37 миллион еврону чапчып, жеӊүүчүлөргө 2 миллионго жакын евро ыйгарылат.

Америкалык футбол
МАЙРАМГА АЙЛАНГАН «СУПЕР БОУЛ»
Америкалыктардын телевизиондук рекорддорду жыл сайын жаӊылап турган мелдеши – бул «Супер Боул». Тактап айтсак, америка футболунун финалдык беттеши ушундай аталат.
Келип чыгышы – 1966-жылы америкалык футбол конфедерациясы жана Улуттук Лиганын биригишинен улам келип чыккан.
Өткөрүлчү жери – АКШ
Аталган беттеш өлкөдөгү эӊ белгилүү телевизиондук иш-чара. Анда жарнама үчүн көпчүлүк компаниялар миллиондоп акчасын чачышат. Ал эми эл үчүн «Супер Боул» өтчү күн улуттук майрам катары кабыл алынат.

Киберспорт
«THE INTERNATIONAL»

Технологиялардын өнүгүшү менен түптөлгөн киберспорт жылдан жылга популярдуулугун арттырууда. Киберспорт – компьютер оюндарындагы мелдеш. Анда жыл сайын «Dota 2» оюнунун алкагында өтчү «The International» мелдеши эӊ беделдүү деп саналат.
Келип чыгышы – 1997-жылы алгачкы «Doom 2» тармактык оюнунун чыгышы менен дүйнөгө тараган.
Жалпы байге фонду – 20 миллион АКШ долларын чапчыса, жеӊүүчү команда 6 миллион доллардан ашык каражат утат.

Гольф
САЛТТАРГА БАЙ «МАСТЕРС»
Чыныгы ак сөөктөрдүн оюнунун беделдүү мелдеши катары «Мастерс» аталып келет. Бул оюндарга катышуу эмес, көрүүчү катары кирүү да оӊой эмес.
Келип чыгышы – 1939-жылы америкалык ак сөөктөр Боб Жонс менен Клиффорд Робертс тарабынан негизделген.
Өткөрүлчү жери – АКШ, Жоржия штаты
Салттары – Чемпиондор үчүн жашыл пиджак кийгизилип, ар жылдары чемпион аталган спортчулар үчүн «түшкү тамактануу» уюштурулуп келет. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү муундан-муунга өтчү абонемент аркылуу киришет.

Эрежесиз уруш
ЖАРНАМА АРКЫЛУУ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКЕН UFC
Байыркы Римдеги Колизейдеги гладиаторлордун беттештеринен айырмасы анчалык деле эмес. Сегиз бурчтук. Эки мушкер. Эч кандай эреже жок. Ооба, бул биздин заманда эле өткөрүлүп келген UFC алкагындагы беттештер. Мында дүйнөнүн ар бурчунан чогулган мушкерлердин беттештери учурда абдан популярдуу.
Келип чыгышы – 1993-жы­лы америкалык Арт Дэйви түптөп, алгач телевизиондук шоу катары гана чыга баштаган.
Өткөрүлчү жери – АКШ
Дүйнө жүзүнүн атактуу мушкерлерин өз карамагына чогултуп, мыкты жарнама менен коомчулукка бат эле тараган. Учурда бул уюмдун беттештери телевизиондук трансляциясы миллиондоп сатылып, көрүүчүлөрдүн купулуна толчу беттештерди тартуулайт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
22.02.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyzyktuu maalymat eken. Maga footbal mn ufc jagat.
22.02.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чемпиондор лигасы м н теннисти кызыгып коробуз
22.02.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
UFC Арт Дэйви негиздегенин билдик.
22.02.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
chupachups-89,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
22.02.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер адашпасам победитель ЛЧ 108млн евро алат а проигравшая команда 38млн евро. А Супер бул жерде только финалга чейинки зарабатывать эткен акчаны жазганго дейм.
23.02.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен адаштымго точна кайра
23.02.2016. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maratbek88.88,Каеринен адаштым?
23.02.2016. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борьбаны жазбапсынарго?
24.02.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админдер,Яна Ляшко жөнүндө жазыңыздарчы,суранам!Бир жыл мурун да сурандым эле болбой калган.
24.02.2016. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ggvatua,
Саламатсызбы! Яна Ляшко тууралуу жазылган. Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/article/show/27967
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо