Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ситора Фармонова, «Азия Микс» командасынын оюнчусу: «ЭЛДИН КӨӉҮЛ ЧОРДОНУНДА БОЛГОНДУ ЖАКТЫРАМ»

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Алгач бул актрисаны биз «Общага» телесериалындагы Мэка аттуу кыздын образында көргөнбүз. Көп өтпөй ал «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү катары эл алдына чыга баштады. Каарманым Ситора Фармонова өзбек элинин актриса жана ырчысы. Ал бир кезде Мирбек Атабеков менен «Эгиз жүрөк» деген ырды дуэт менен да ырдаган эле.

Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 20-август
Туулган жери – Өзбекстан, Бухара шаары
Билими – Жогорку, Ташкент мамлекеттик театр институтун аяктаган
Тартылган тасмалары – «Байконур» (Казакстан, Орусия, Германия), «Общага» (Кыргызстан), «Сарвиноз», «Маржона» (Өзбекстан) жана башка.

– Ситора айым, Кыргызстанга алгачкы жолу качан келген элеӊиз?
– Мындан 3 жыл мурун «Общага» телесериалына тартылуу үчүн келгем. Биринчи Бишкекке келип, дароо эле Ысык-Көлгө кетип калдык. Себеби сериалдын алгачкы тартуу иштери ошол жакта башталмак. Көл, анын сулуулугу мага ушунчалык жакты. Түндө көлдүн жээгине келип көпкө карап турганды адат кылып алган элем. Ай чыгып, көлгө чагылышып турат го, ошол учур көз алдымдан кетпейт.
– Сериалда «стерва» кыздын ролуна капыстан алынган экенсиз...
– Ооба, ал да өзүнчө кызык окуя. «Азия Микс» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров менен жубайы Камила Абдил Ташкентке кастинг өткөрүү үчүн келишип, алгач Тахмина аттуу жаш кыздын образына актриса тандап жатышкан. Мен болсо кастингге чейин эмнегедир жиним келип (азыр себеби эсимде деле жок), аябай негативдүү эмоция менен баргам. Мага бир нерсени аткарып көр деп тапшырма беришти. Бирок мен маанайыма жараша такыр башка, терс образды жаратып салдым. Жыйынтыгында мени дароо «стерва» кыз Мээримдин образын жаратууга чакырышты.
– «Азия Микс» КВН командасына кандайча келип калдыӊыз?
– Сериалга тартылып жүргөндө Камила менен жакындан тааныш болуп калганбыз. Кийин да мамилебизди үзбөй, жакын курбулардай катышып жүрдүк. Ал Эльдиярга мени командага алалы деп сунуштаган экен. Бир күнү мага Эльдияр чалып «КВН эмне экенин билесиӊби?» деп жатпайбы, мен камырабай «ооба» дедим. «Анда кел, биздин команда менен чогуу ойно» деди, анан кантип жок демек элем. Ошентип эки досумдун жардамы менен КВНде ойноп жүрөм.
– Мекендештериӊиз бул тууралуу кандай ойдо?
– «Азия Микс» командасы аты айтып тургандай эле Азия элдеринин биримдигин билдирет. Андагы ар бир улуттун өкүлү өз өлкөсүнүн жүзү катары кабыл алынат. Мен Өзбекстандын атынан чыгам.
– КВН, ырчылык, актрисалык... Мунун баарын теӊ алып кетиш оӊой эместир, мындай темпте сөзсүз бир тарап аксап калчудай сезилет.
– Ооба, кыйын, бирок мен бардык жакка бирдей жетишип жатам. Кээде өзүм да таӊ калып кетем.
– Байкашымча, КВНде көрүнүктүү оюн көрсөтө элексиз. Сүйлөчү сөздөрүӊүз дагы көп эмес. Бул сизди жогорку билимдүү актриса катары капалантпайбы?
– Чындыгында капалантат. Бирок тасмага тартылуу менен сахнада тамашалоо эки башка нерсе экен. Көптөр «актриса да, демек, бүт нерсени аткарыш керек» деп түшүнүшөт, чындыгында андай эмес. Мен КВНге жаӊы кадам таштап, эми гана таанышып баштадым, даамын татып жатам дегендей. Буюрса, баары алдыда.
– Сизге көбүнчө кайсы тарап жакын?
– Кыскасы, мен элдин көӊүл чордонунда болгонду жакшы көрөм. Тасмага тартылып жатсам деле айланамдагылардын көзү менде, сахнада турсам деле баары мага карашат. Ошондуктан бул нерсе мага жагат (күлүп).
– Мирбек Атабеков менен «Эгиз жүрөк» аттуу ырды дуэт аткарганыӊызды билебиз. Бирок көпчүлүк аны өзбек элинин башка ырчысы Шахзоданын аткаруусунда деп билишет...
– Башында Мирбек менен Шахзода аткарат деп пландалган экен. Бирок Мирбек экөөбүз ырдап калдык. Мага да бул тууралуу көптөр айтышты, аларды угуп, адилеттүүлүк үчүн күрөшкүм келип жүргөн. Менин үнүмдү тааныган күйөрмандарым дароо Шахзода эмес экенин билишти. Дуэт ким менен аткарылса, ошол бойдон элге тараса жакшы болмок.
– Жеке жашооӊузга келсек. Социалдык түйүндөрдөгү баракчаӊызга сүйүктүү мырзаӊыз тарабынан белекке берилген гүлдөрдүн, ал уюштурган сюрприздердин сүрөтүн байма-бай жүктөп турасыз...
– Жеке жашоом тууралуу ооз ачпоону туура көрөм. Бирок туугандарымдын көп жылдан бери «турмушка чык, убакыт келди» деген кептерин угуп эле жүрөм. Менин оюмча, бардык нерсенин өзүнүн кези келет. Ошондо ойлор ишке ашат, буюрса.
– Маегиӊизге рахмат.

"КВНге жаӊыдан аралашканым үчүн анча көрүнүктүү оюн көрсөтө элекмин. Бирок али баары алдыда деп ишенем".

"Бул сериалга тартылып жүрүп Камила менен Эльдияр жакын досторума айланышты".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(44)
22.02.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
азия микс бишкек болуп чыгат го КВНден бул кандай озбекстандын атынан чыгат
22.02.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эмне учун сериалда кыргыз улутундагы кызды тартышпаган? Эмне кыргызда баардык жагынан топ келген кыз жокпу? Бироосун озубуздон алса болмок.
22.02.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
nazgul.elhan,озбек эле аткарганы жакшы болгон сериалда
22.02.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aizada15, Эмнеге андай ойлойсуз?
22.02.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazgul.elhan,Эльдиар Кененсаров и Камила Абдил туура кылышкан элдин достугун корсотушкон жанылышпасам ошол убакта улуттук жанжал аяктаган сон сериял Общага тартылса керек туура эле болгон деп ойлойм
Svoboda83 түзөттү 2016-02-22 18:52:36
22.02.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Svoboda83,3кыздын бироо озбек,бироо орус,бироо кыргыз кылыш керек эле да жок дегенде. Эки озбек кылып койбой гл рольдо.
25.02.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgul.elhan,Азия микс ди корсон тушунмок Элен ошол жерде узбечка из Узбекистана деп айтылат
26.02.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asadulla, мен кинону айтып атам. Общага сериалындагы кыздарга.
26.02.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asadulla,эмени тушунмок элем. Мен эч нерсени сураган жокмун сенден.
22.02.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тасмада оз рольдорун жеткизе аткарат азамат!
22.02.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ммм... баары эле мени карайт дегени жакпады маегинде, бирок сулуу экен.
22.02.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздарды алгысы келбесе керек да.
22.02.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Инста есть у нее,можно ссылку?
22.02.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сулуулугун ажайып!
22.02.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Озбекстандын Бегимай Бекбоевасы экен да кыскасы...Озбекстандын атынан чыкканы жакпады...Азия Миксти Кыргызстандын командасы деп билишет эгер билсен сулуу.Кыйратып корсоткон оюнун жок,ойсоктоп койсом эле КВНчимин деватасынбы.
22.02.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
элдиярга ушул суроону берип коруу керек экен неге озбектер?же алар мн туугандык жайы барбы.тем более атайын ташкентке барып кастинг откоруп
22.02.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дааа .мен бул кыз метиска го деп ойлогом.ошентсе да Общаганын бардык сериясын коргомун..ал атам арган актриса деп эч ойлобоптурмун.чындыгында КВН .Кыргызстан Бишкектин атынан чыгат..
22.02.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kanykey125,ал атам арган актрисадеген эмне
22.02.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эльдияр Кененсаровго тушунбодум,эмнеге бул актриса Кыргызстандын командасынын составында болуп туруп,Озбекстандын атынан чыгышы керек?Кыргыздан сулуу,акылдуу,билимдуу тогорогу топ келген кыздар табылбай калдыбы?Аталышы "Азия Микс"болсо эмне экен,Кыргызстандан эле кыргыз жарандыгы бар атуулдардын арасынан тандаса болбойт беле?
22.02.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озбектер эч эле Кыргыздын ырчы,актрисаларын оздоруно жакындатышпайтко,булар дуэт ырдап,Кыргызстандын атынан КВНде журушот,уялбай Узбекстандан атынан дейт
22.02.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Урматтуу Админсупер,Кененсаров Эльдиярдын да оюн угуп королучу,макул болсонор.Жубайы тууралу да билсениздер.
23.02.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Drongo,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/article/show/32365
22.02.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aisanur_89kg соктурдун эле дал озуно тийди
22.02.2016. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага да Эльдиярдын командадагы балдардын улутун айта бергени жакпайт,казак тажик деп эле,Кыргызстандын атынан чыгып атышабы значит эл кыргыз деп кабыл алат,баса топтогу Бахтиярды представитель Казахстана деп эле тааныштыра берет,казакпы ошондо?билгендер айтып койгулачы.
23.02.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атай Омурзаков дагы тобуна бир казакты кошуп алып Кыргызстан Казахстан деп чыгып журот,корот элем биздин бир кыргыз озбектин же казактын тобуна кошулса Кыргызстан деп чыгараарын,токтоткула мунунарды,мындай кен пейилдигинерлди булар башкача тушунуп журушот билсенер!намыс барбы!
23.02.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оооо этият болгула "АЗИЯ МИКС" тобу эртен озубектердики болуп калып журбосун. Озубек кыз тузгон туптогон болуп
23.02.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде кыргыздарда деле ушундай эле ажарлуу сулуу баардыгынан топ келген кыздар толтура эгер издештирсе.Озбектор олсо тилин динин сатпайт .Кыргыздар менен КВНде ойноп Озбекстандын атынан чыгам дейт.Мага жаккан жок !!!
23.02.2016. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбектерде кыздарыда балдарыда эрте уйлонуп,эрте турмушка чыгатго,22-23 жашты булар кара далы деп эсептейт,1984 жылкы болсо уйлонбогон бул тендуу жигит калыптырбы?Кандай ырларды ырдайт? Озбекстандын эмес эла Кыргызстандын атынан чыгып жатасыын
23.02.2016. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдияр Кененсаров озу Кыргыз болбосо жана аялыда казашка болсо анан кыргыздын кыздарын тартмак беле сериялга))) кантсе да ийгилик каалайм Азия микс алгааа
23.02.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Niyazbek Torobekov,аялы казашка,озу кыргыз.
23.02.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Общага" цитком сериалындагы Тахминанын ролун аткарган Шахзода Матчанова кыргыз жигитине турмушка чыкты деген макала гезит беттерине чыгып, бирок жолдошу тууралуу маалымат жазылган эмес болчу. Урматтуу супер инфо жамааты ,билип жазып чыксаныздар сонун болмок! Мага кызык!
23.02.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza.janybekova,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
23.02.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КВНге кыргыз кыздарды эле албайт беле.озбек кызынын атын чыгарбай
23.02.2016. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азия Микс чыгып жургон чон сахнага озу чыга алмак эмес,эптеп илешип,команданын артынан чон сахнага чыгып атактуу болуп алайын деп журсо керек да.Тем более КВН коргону аттуу,баштуулар келет.Жок дегенде талант болбосо да эптеп козго илинсе,ар кандай сунуш тушот да.
24.02.2016. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен бул кызды,Кыргызстандын атынан чыгат деп журсом.
24.02.2016. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Люблю эту актрису!!!!!!!!
24.02.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай мыкты жигиттерди аялдары башкарат.ажобуз акаевди унуттунарбы окунучтуу Кыргызстан болуп эле чыкса болмок ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-24 15:26:08
24.02.2016. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atyra01,
Эскертүү! Бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
24.02.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sitora, Vy vsego lish ispolnyaete ROL' predstavitel' nizy Uzbekistana!!! Hotite predstavlyat' svoyu stranu, tak sozdaite KVN komandu v Uzbekistane i svoim trudom doitite hotyaby do polufinala. Prishli na vse gotovoe, i ne stydno Vam ??? Intersno bylo by uznat' mnenie komandy "Asia-Mix"(Kyrgyzstan-Bishkek).
FSB түзөттү 2016-02-24 16:28:56
24.02.2016. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мындайча айтканда "гордая стерва" экенда))
25.02.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдиарга коп суроолор пайда болду
15.04.2016. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Общага сериалы озунчо еле шедевр ушул кыздар анан Саламат байке ролдорун мыкты аткарган ачып берген ошол кинодогу таксисти бачагын чыгарып салгым келет еле жашоодо ошондой Адам жолукса онбой калмак))) Ушундай кызды убал кылып атканына
BRATELLO түзөттү 2016-04-15 05:43:58
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо