Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айымжан Айылчиева: «СҮЙҮҮ КҮНҮНДӨ МАЛАЙЗИЯДАН КҮТҮЛБӨГӨН БЕЛЕК КЕЛДИ»

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Шоу-бизнесте жагымдуу ырдаган жаш кыз көпчүлүктүн купулуна толуп келет. Өзү да мектеп окуучусу экенине карабай көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Кеп Айымжан жөнүндө болуп жатканын баамдасаӊыз керек. Анда бул ырчынын дүйнөсү менен таанышалы.

«ДАГЫ ДЕЛЕ БАЛА КЫЯЛМЫН»
– Бала кезде жаным тынбаган тентек кыз элем. Элдин балдары «бала бакчага барбайм» деп ыйласа, мен эртеӊ менен 7де туруп ата-энемди ойготуп, өзүм кийинип «мени бакчага алып баргыла» деп чыр салчумун. Эс алуу күндөрү да аларды уктатпай, ушул адатымды кайталай берет элем. Мектепте окуганда да бул адатым калбай «болгула, кечигем» деп шаштырып, үйдөн ызы-чуу менен чыкчубуз. Ушинтип жүрүп эле азыр уялчаак, тартынчаак болуп өзгөрдүм. Бул кыздар үчүн жакшы мүнөз болгону менен, сахнага болбойт экен. Анткени шоу-бизнестеги адамдар шамдагай, шайыр, эч нерседен тартынбаган болушу керек турбайбы. А мен дагы эле бала кыялмын. Бизде өспүрүм курактагы ырчылар жок болгондуктан, чоӊ ырчылардын чөйрөсүндө жүргөнгө туура келип жатат.

«КЫРГЫЗЧА ТУУРА ЭМЕС СҮЙЛӨП АЛАМ ДЕП ТАРТЫНА БЕРЕМ»
– Азан чакырып койгон атым Айымжан. Үйдөгүлөр Айыма деп кайрылышчу, ошол атым менен сахнага чыккам. Мындан кийин өз атым менен Айымжан деп чыгууну туура көрдүм. Менин чыгармачылыгымды чоӊ ата-чоӊ энем, таята-таенем, ата-энем аябай колдошот. Ырды да алардын жардамы менен тандайм. Ошондуктан мен продюсердин жардамына муктаж эмесмин.
Өзүм кыргызча түшүнгөнүм менен, туура эмес сүйлөп алам деп тартына берем. Бирок кыргызча ырды жаттап, тилди бузбай так ырдаганга аракет кылам. Музыкалык билимим жок, вокалдан да сабак албайм, Кудай берген үнүм ушундай. Учурда ырга обон чыгарганга аракет кылып жатам. Жакында жакындарымдын сунушу менен Түгөлбай Казаковдун «Түнкү ыр» деген чыгармасын жаздырдым. Эми мындан кийин өзүм жаӊы ырларды жаздырып, буюрса, жеке концертимди тартууласам деген тилегим бар.

«4 ЖЫЛ БЕКЕР ОКУЙМ»
– Борбордук Азиядагы Америка университети уюштурган STREAM сынагына катышып, 4 жыл бекер окуу сертификатын утуп алдым. Бул окуу жайда көп программалар бар экен. Жакшы окуп, чет мамлекеттерде окууӊду улантсаӊ болот. Азырынча кайсы факультетке тапшырышымды тандай элекмин. Ар ким ар кандай кеӊештерди айтып башым айланып жатат. Кайсы тармакты тандабайын, музыка менин жан дүйнөмдө кала берет.

«САНЖАР БАЙКЕ АТАМДЫН РОЛУН ОЙНОП ЖҮРДҮ»
– Быйыл Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен Малайзияга барып жыргап эс алып келдим. Дил баян жазып жеӊүүчү аталган окуучулар өзүм курактуу болгондуктан жакшы тил табышып кеттим. Кичинемде бир жакка чыкканда дайыма ата-энем өзүлөрү алып барышчу. Бул жолу мени Санжар байкеге (ред. Мыкыев) табыштап жөнөтүштү. Ал жактан келгиче Санжар байке менин атамдын ролун ойноп «ай, кызым, бас. Кызым, муну же» деп мени жетелеп жүрдү.
Малайзияда ырларымды жактырып күйөрман болгон Бектур деген жигит Бишкекке кайтарда гүлдесте берген эле. 14-февраль күнү да жумшак оюнчук менен гүлдесте берип жибериптир. Азырынча мен күйөрмандарга алаксыбай, окуумду ийгиликтүү аякташым керек деп ойлойм.

«АСЕМ БУЮМДАРГА КЫЗЫКПАЙМ»
– Жашоодо жөнөкөй, ыӊгайлуу кийинген жагат. Алтын, күмүш жасалгаларга такыр кызыкпайм. Мына карасаӊыз, шакек, шуру мындай турсун жадакалса кулагымда сөйкөм жок жүрөм. Боёнгонду да жактырбайм. Башка ырчы кыздардыкындай косметикалык каражатым да жок. Кудай жараткан ушул өӊ-келбетиме ыраазымын. Сахнага чыгарда салонго барып жеӊил эле боётуп алам. Ал эми чыгармачылыкта Каныкей эже сыяктуу өзгөчө стилде чыккым келет. Ошондуктан кызыктуу образ издеп жүрөм. Карабайсызбы, кичине өзгөргөнгө аракет кылып чачымды кестирдим (күлүп).

«ӨЗҮМӨ МАШИНА БЕЛЕК КЫЛСАМ ДЕЙМ»
– Түнкү клубдарга барып көргөн эмесмин. Тасмалардан көргөнүм же бирөөлөрдөн укканым боюнча ал жак жагымсыз жыттанып, ичкен, чеккен жеӊил ойлуу кыздар жүрөт. Ичип алган кишиден аябай корком. Мага лыжа тээп тоодо эс алган аябай жагат. Анан да досторум менен тынч жерде отуруп сүйлөшкөндөн ырахат алам. Мен саякаттаганды жакшы көрөм. 8 жашымдан бери Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Америка сыяктуу көп мамлекеттерге бардым. Дагы көп өлкөлөрдү кыдырсам деп кыялданам. Учурда маршруттук такси менен же шашып баратсам таксиде эле жүрөм. Элдер таанып «Айыма» деп сүйлөшүп калса бир чети кубанам, бир чети уялам. Буюрса, эмки жылы жакшы иштеп, өзүмө темир тулпар белек кылсам дейм.

«КИЧИНЕКЕЙ БАЛДАРГА ЖАКЫНМЫН»
– Ашыктык сезими жөнүндө азыр эч нерсе айта албайм. Мындай жигит жагат, андай жакпайт дегендерден эмесмин. Менимче, кези келгенде жылдызыӊ келишип, мамилеӊе жараша жүрөгүӊ тандайт болушу керек. Акчасына карап мамиле кылгандарды түшүнбөйм. Акча мен үчүн маанилүү эмес, ага караганда адамдын ички дүйнөсү маанилүү. Анан да аялзаты үчүн ашкана маанилүү болуш керек деп кулинардык ийримде окуп жатам. Келечекте балдарыма даамдуу тамактарды жасап бергим келет. Кичинекей балдарга өтө жакынмын. Атам досторунун арасында эрте үйлөнгөндүктөн балдардын арасында мен улуумун. Алар менен чогулганыбызда мен бала баккыч болуп калам. Өзүм да көп балалуу болгум келет.

"Апам "ырчы болом" деген тилегине жетпей калгандыктан, менин чыгармачылыгымды аябай колдойт".

"Малайзияда кал, окууга өткөрөбүз, жардам беребиз" деген күйөрмандар, мекендештер көп болду".

"14-февралда Малайзиядан келген гүлдесте жагымдуу сюрприз болду".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Айыма Айылчиеванын апасы: "Кызым кичинекейинде аябай шок кыз болчу"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(65)
SUPER.KG видео
21.02.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул интервьюдан кийин мурункудан да жакшы коруп калдым эх кандай жылдыздуу кыз.
SUPER.KG видео
21.02.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кичине эле жылдыз болсо мактанып чыгышаттар эч жакпайт
22.02.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасы сулуу экен
22.02.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Айымка,оставайся всегда такой простой и умной! Еще больше творческих успехов тебе!
22.02.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жигити Баястан деген ушул кыз беле?
22.02.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tavanova.sarah,жок ал Аяна
22.02.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уну жакшы, бирок кыргызча уйронуш керек али жашсын баары алдыда!
22.02.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун кыз! Чачын бекер кестириптир да...жаль
22.02.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аянага караганда аябай оор басык токтоо жонокой татынакай тушунуктуу кыз, азаматсын ушунундан жазбасан мынданда коп ийгиликтерге жетесин,коптогон мактоолорго ээ болосун демекчимин!Озуну кыйын сезип озунчо бээкылыктанып жылдыз оорусу мн ооругандар канча,андайлар эчкимге жакпайт ошондуктан мындай терс сапаттардан алыс бол!
22.02.2016. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам алайдан деп айтты эле,атасы да суйлосо болмок. Баары эле кыргызча эле суйлошот экен, а озу неге бир да соз билбейт. Чон энесин кантип тушунот экен. Бирок азамат кыз ушул бойдон кетсе жакшы, анан озгоруп кетсе билбейм анда......
22.02.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апасы абдан эле жаш экен. Айыма озу 8-класстын окуучусундай эле корунот экен апарык кичинекей болуп. Азаматсын, АУЦАны ийгиликтуу аякташына тилектешмин.
22.02.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Айымжан,жакшы маек берипсин.
22.02.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боенбойм дейт бети тональка кашы боелгон козу чийилгенго
22.02.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик .кыргызча билбегенин чатак экен.уйрон эми уят
22.02.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кыз экен анан минте элекмин бара эоекмин депсин сен али секелексин аман ьолсон боенуп да тунку клубта сайрандап да коросун анын да доору келет азыр эле ьаштасан кайда ьарасын 25-28жаштарында
22.02.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай таза бойдон кал!!!
SUPER.KG видео
22.02.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми орусча суйлосо суйлойт да.элин суйуп жарытпайт анан кыйратпайт не журу кыргызстанда деп эле киресинер как будто Айыма эле орусча суйлоп жаткансып.уйронуп жатам кыргызча деди эле куто тургула.бир куну кыргызча интервью берип чыга калаар
23.02.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын дайым ушундай жонокой жана ыймандуу кыздардан болуп кесибинди уланта бер. эки дуйнодо бактылуу бол.
23.02.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кыласың азыр оку, талантыңды көрсөт, эл сүймөнчүгүнө айланып жүрө бер, сүйүү өз убагында келет.
23.02.2016. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чоон чиновник.депутаттар орусча суйлоп жанынды кейитет
ага караганда бул карындашыбыз аракети жакшы кыргызча уйронуп алса болду азамат ийгилик каалайм карындашым менен тен экен атан апандын д соолу болсун
23.02.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага интервью жакпады коп эле мактанып коюптур....
23.02.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Еч жакпайт ушул кыз
23.02.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул маегиңден кийин сени сүйүп калдым.
Себеби жөнөкөй кыз экенсиң.
Баракелде, алга Айымжан!
23.02.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасын коруп кызын ал дейт.
SUPER.KG видео
23.02.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда кыргыз тилин билбей калса, эч нерсе эмес. Кайра кыргыз тилин билбегендер авторитет. А эгер орус тилин билбей калсан, баары мыскылдуу коздору менен карашат. Кайра орус тилин билбеген уят корунуш болуп калды. Баардык окуу жайларда, мектеп, бала бакча, банк, больница, кафе баардык жерде орус тилин суйлошот. Кыргыздар эмнеге оз тилибизди катуу кармабайбыз, оз тилдеринде суйлошпойт. Ушинтип эле оной, женил сатылып кете беребизби? Кыргыздар манкурт болуп ...
23.02.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч бир айып таба албай орусча суйлогонуно асылып жатасынарбы?! Ким интервью берсе созсуз айып табыштын не кереги бар?!
24.02.2016. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiym handy maegi,ech kasalmasy jok,orus tilinde suilogonun menen,kyzgyzcha suiloso andan da soonun bolmok,chyn ele kupuluma tolot,ushu jash kyz.Abdan tatynashka,apasy suluu,tushunuktuu jana oor basyryktuu eken.Chon enesi jakshy banish kalykovich kylat eken,men chyn dilden tilekteshmin,koop iygilik jaratyshyna,oso ber Aiymchik;)
24.02.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тиги аянага караганда алда канча акылдуу окшойт деп калдым. ал маектин башында эле мага тигиндей балдар жагат мындай дечу эле бул азыр кандай болсо эмнени ой жугуртсо ошону айтыптыр азамат.
24.02.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизгиси мыкты ырдайт ал Али жаш айыма кыргызча суйлогонго аракет кылчы
26.02.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ патриоттор!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-26 10:25:10
26.02.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulzat86,
Эскертүү! Бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүү жазууга тыюу салынат!
27.02.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ei kyrgyzqa suylo song
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо