ЖАРАЙТ CITY

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Коомдогу терс көрүнүштөрдү юмор аркылуу жеткирип көрүүчү тапкан «Жарайт сити» долбоору кантип жаралган? Андагы кызыктар тууралуу кеп кылабыз.

1 сезондо 12 серия
2015-жылы
тартылган
Продюсери – Асхат Табалдиев
Режиссёру – Данияр Болотбеков

Асхат Табалдиев: «АКТЁРЛОР ГОНОРАР АЛЫШПАЙТ»
– Биздин мамлекетке позитив тартуулаган, заманбап жаӊы долбоор керек болчу. Данияр Болотбеков экөөбүз КВНден ийгилик жаратып келаткан балдарды чакырып «келгиле, жаӊы долбоор түзөлү, элди юмор менен сугаралы» деп «Жарайт сity» долбоорун жараттык. Бул ойдон чыгарылган шаарда ар түрдүү адамдар жашайт. Албетте, алардын ар биринин өзүнө жараша көйгөйлөрү да бар. Командадагы балдар бир гана роль жаратпастан, өзүлөрү сценарий жазып, свет коёт, оператор болушат. Баарын өзүбүз жасап үйрөнүп, күчтүү команда болуп, мындан да жакшы долбоор жасайлы деп иштеп жатабыз.
Башында биздин долбоорго ишенбегендер болгон. Бирок 3-4 көрсөтүүдөн кийин кызыккандар көбөйүп, миллиондогон көрүүчү топтодук. Бул долбоорду көрсөтүп коюусун суранып телеканалдарга барсам, айрымы «акча төлөгүлө» деп таӊ калтырышты. Актёрлор гонорар албай иштеп жатышса, аларга кайдагы акча? Негизи андай кылбаш керек, жаӊы таланттарды колдоп, чогуу иш алып барууга үйрөнүшүбүз зарыл.

Нурсултан Курсанали уулу: «МЕНИ 40 ЖАШТАГЫ КИШИ ДЕП ОЙЛОШОТ»
– Юмор жаатына университетте КВНде ойноп жүрүп аралаштым. Орусиянын «Comedy Баттл» добооруна барып жарым финалына чейин жеткем. Бир күнү Асхат менен Данияр «жаӊы долбоор түзүп жатабыз, силер тамаша жаза турган балдарсыӊар, жакшы да ойнойсуӊар, чогуу иштешели» деп сунушташканда биз макул болдук.
Мен аткарган милиция кызматкеринин образы тартуу аянтчасында жаралган. Мурут чаптап алып отурсам «кел, сен аткарып көрчү» деп калышты. Каткырып ойногонум баарына жагып, бул роль мага бекитилди. Кыргыздын харизмасын көрсөтүп, күлкү тартуулаган мындай байке көпчүлүк үй-бүлөдө бар деп ойлойм. Мени бул образда көргөндөрдүн көбү 40 жаштагы киши деп ойлошот экен. Бирок 22 жашта элемин.
Долбоордо роль жаратканыбыз үчүн гонорар албайбыз. Бирок «Жарайт сity» долбоорунун балдары» деп тойлорго чакырып калышат, ошол аркылуу акча табабыз.

Алинур Абдыкалыков: «МАИ КЫЗМАТКЕРИ МЕНЕН АЙТЫША КЕТКЕМ»
– Мен 6 жыл КВНде тамашаларды ойноп жүрүп бул долбоорго кошулуп калдым. Долбоордо милиция кызматкерин, баӊги, айылдык балдардын ролун аткарам. Асхат «буларды сенден башка эч ким аткара албайт» деп мага берип салган. Бул долбоордо агайдын ролун ойлоп тапканыбыз эӊ жакшы жаратмандыгыбыз болду окшойт. Ал баарыбызга күлкүлүү, элге да жагат. Тартуу аянтчасында көптөгөн кызыктарга туш болобуз. Бир жолу депутат менен мушташып жатканымды тартып жүргөнбүз. Экөөбүз жулкулдашып согушуп, кулап түшүп жатканыбызды көргөндөр аябай күлүшкөн эле, ошол эсимде калыптыр.
Көчөдө эл мени таанып калышты, айрымдары кол тамга сурап, сүрөткө түшүшөт. Кээде МАИ кызматкерлери менен аткарган ролум үчүн түшүнбөстүктөр болуп турат, алардын бири менен айтыша кеткемин.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Жарайт сити" аркылуу өзүбүздү пиарлап, тойлорго чыгабыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
20.02.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул мырзанын кашына не болгон я?
Медиа-портал
20.02.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алинур такой красавчик.Аябай жакшы коруп калдым, мен сенин девушкан болгум келип атат. Кантип табам сени....
SUPER.KG видео
21.02.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты тамашаларды жаратат чем башкаларга Караганда , юмор денгеели детский эмес, муну айтканымдын себеби кеебир кинолорду коруп жатып ойлонуп кетесин 7-10 жаштагы курактагылар коро тургандай кылып роль жаратышат мисалы до+фа таппптакыр жарабаган кино. Аны 10-жашка чейинкилерге ылайыктуу дейин десен кеебир жери жакшыраак короче да. Силердин тамашанар терен мааниде фишкасы ошондо!
SUPER.KG видео
21.02.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакпайт бекерчилер
Медиа-портал
21.02.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага баардык октёрлор жагат азаматсынар талантуусунар ишинерге ийгилик дагы коп кулкулуу сериалдарды кутобуз
Медиа-портал
21.02.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеке менин оюмча бул проектин жылдыздары Каныбек, Нурсултан, Айпери жана Илгиз. Ушул балдар аткарган эпизоддор абдан мыкты. Жакшы аткарышат оз ролдорун. Эмнегедир Мыкынын ролдору анча эмес. Баардыгынарга ийгилик!
22.02.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле жакшы долбоор. Мага жагат.
22.02.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча суйлошсо жакшы болот эле мага Айперинин аткаргандары жагат!
22.02.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айпери мурда корбопмун кыйын аткарат экен.айкол анча эмес
22.02.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы азаматсынар мындан да жакшы долбоорлорду кутобуз силерден.
22.02.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар,силер менен сыймыктанам!
23.02.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Материалды даярдаган журналист акыркы созго келгенде ачка болуп кеткен окшойт))))
23.02.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкы раздражает меня!!! (
вообще жакпайт
24.02.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныш молодец! Удачи тебе!
SUPER.KG видео
24.02.2016. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде мындай суроо туулат эмнеге Орусча???
25.02.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул долбоорду тарткан режиссер бала Данияр Болотбековдун омуру кыргызча суйлогонун коргон эмесмин. Балким кыргызчаны жакшы билбейттир. Ошол себептен дагы орусча тарттыбы деген ой кетет
26.02.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныш орусча оскон бала. Бул долбоорду тарткан балдар и тартылган балдар орус чалыштар)))
28.02.2016. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча кобуроок суйлоп тартылгылачы сураныч.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо