НАРЫНДА 2 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ТААЖЕҢЕСИ САБАП ӨЛТҮРСӨ, ОШТО 1 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ӨЗ АПАСЫ МУУНТУП ӨЛТҮРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

«Мен террорчуларга жана педофилдерге карата өлүм жазасынын киргизилишин колдойм. Президент катары өз баласын зордуктаган аталарды, педофилдерди таш бараӊга алган адамдарды кечирүүгө колумдан келгенин кылмакмын. Варвардык ыкмага чакырганым үчүн кечирим сурайм. Мындай окуяда гумандуу болуштун кереги жок, баланын укугу баарынан жогору турат». 2015-жылды жыйынтыктап жатып ажобуз жылдык маалымат жыйынын өткөргөндө так ушундай оюн билдирген эле. Акыркы учурларда жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүп жатышынан улам бул маселе көтөрүлгөн.

КАТААЛ ЖАЗА КАЧАН ИШКЕ АШАТ?
Бул тууралуу ажобуздан тышкары көптөгөн депутаттар, бейөкмөт уюмдар маселе көтөрүшүп, балдарга зомбулук көрсөткөндөргө катаал жаза берилсе мындай көрүнүш азаярын айтып чыгышкан. Эскерте кетсек, 2015-жылдын 20-ноябрында Жогорку Кеӊештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында өлкөдөгү өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук боюнча укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин, өкмөттүк, бейөкмөт уюмдардын маалыматтары угулган. Жыйынтыгында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу, токтотуу жаатындагы тараптардын сунуш-пикирлерин топтоп, алардын негизинде депутат Тынчтык Шайназаров ар кайсы уюмдар менен биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алынган. Биз ал иштин жыйынтыгын билүү максатында эл өкүлүнө кайрылганыбызда, жардамчысы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын маалымдады. Кыскасын айтканда, азырынча эч кандай майнап чыга элек, балдарга болгон кордук дагы деле уланууда...

«2 ЖАШТАГЫ БАЛА УР-ТОКМОКТОН УЛАМ КАЗА ТАПКАН»
Өткөн аптада кайын сиӊдисинин 2 жаштагы уулун сабап өлтүрүүгө шектелип 4 баланын энеси кармалды. Бул окуя жергиликтүү тургундардын жүрөгүнүн үшүн алып, жакасын карматып турган кез. Жогорудагы кандуу окуя тууралуу Нарын ОИИБинин тергөөчүсү Азат
Белеков
айтып берди:
– 11-февраль күнү кечки саат 8:30 чамасында Нарын облусунун Учкун айылында 2 жаштагы бала ур-токмоктон улам каза болгондугу тууралуу маалыматты аталган айылдын үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн дарыгери Замира Базарбаева милиция кызматкерлерине билдирген. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, иликтөө иштеринин натыйжасында наристе киши колдуу болуп каза тапкандыгы билинген. Жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 33 жаштагы Эрмек аттуу аял кармалган. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ал тергөө иштери бүткүчө 2 айга камакка алынды. Бүгүнкү күндө баланын апасы жеӊесинин үстүнөн арыз жазган. Мындан тышкары соттук-медициналык экспертиза дайындалган, ошонун жыйынтыгын күтүүдөбүз.

«БАЛАНЫ СИЙИП-ЧЫЧКАНЫ, ТЫНБАЙ ЫЙЛАГАНЫ ҮЧҮН САБАДЫМ»
Ал эми кылмышка шектүү Эрмек сурак учурунда бул ишке эмне себептен баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Өзүмдүн 1, 3, 6 жана 8 жаштагы 4 балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Кайын сиӊдим Нургүл 2016-жылдын 5-январында 2 жаштагы баласын убактылуу мага калтырып
кеткен. Баласы сийип-чычып, токтобой ызылдап ыйлай бергенинен жиним келип, 8-9-февраль күндөрү сабап койгом. Ачуум менен аны күл чыгарган көсөө менен чаап, башы менен пол сүздүргөн элем. Алган жаракаттарынан улам каза болуп калды. Аны айылдык дарыгерге билдирдим. Кылган күнөөмдү толугу менен моюнума алам.

«ЭМЧЕКТЕН ЧЫГАРЫП БЕРИӉИЗ» ДЕП БАЛАМДЫ ЖЕӉЕМЕ ТАШТАГАМ»
Ал эми кара чечекей уулун жоготкон 37 жаштагы Нургүл төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Күйөөм менен таарыныша кетип, 2 жаштагы уулумду алып Ак-Талаа районундагы Баетов айылына ата-энемдин үйүнө келгем. Балам эмчекте болгондугуна байланыштуу «эмчектен чыгарып бериӊиз» деп жеӊемдикине убактылуу таштап, өзүм Бишкек шаарына жумуш издеп кеткен болчумун. Жеӊем жана балам менен телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун. Көп узабай туугандарым бул суук кабарды угузушту.

«1 ЖАШ 2 АЙЛЫК БАЛАСЫН ӨЗ ЭНЕСИ МУУНТУП ӨЛТҮРГҮСҮ КЕЛГЕН»
Андан көп узабай, тагыраагы, 14-февраль күнү саат 9:00 чамасында Ош шаарынын Бөрүбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан кичинекей бала тынбай ыйлап жатканын байкашкан жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Көчөдө кароосуз калган наристенин энеси табылбай, аны саат 10:00 чамасында милиция кызматкерлери алып кетишкен. Ошол эле күнү ал тиешелүү кызматтын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Наристенин кийими жука жана каралбаган абалда болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков буларды билдирди:
– 1 жаш 2 айлык наристени дарыгерлер медициналык кароодон өткөрүшүп, моюнунда муунтуудан калган көк ала тактар жана денесинде ар түрдүү жаракаттар бар экенин аныкташкан. Бир күндөн кийин милицияга баланын энеси «баламды кайра алайын» деп кайрылган. Сурак учурунда 22 жаштагы келин баласын көчөгө атайын таштаганын айткан, андан сырткары ал уулун муунтуп өлтүрүүгө аракеттенгенин моюнуна алган. Ал жокчулуктун айынан уулун бага албай, өлтүрүүгө аракеттенип, өлбөй калганда боору ооруп кайра көчөгө таштаганын айтууда.
Белгилүү болгондой, үй-бүлө буга чейин Кара-Сууда жашап келген. Наристенин атасы бир ай мурун Бишкекке иштейм деп кеткен бойдон байланышка чыккан эмес. Кылмышка шектүү күйөөсүнө «иште» деп айтканы үчүн ур-токмокко алынып, тамак-ашка жетпей ачка калгандарын кошумчалаган. Айласы кеткенде ал өзү картошка эгип, аны саталы деп жолдошуна айтканында дагы укпай койгон экен. Аргасыздан келин энесинин үйүнө кайтып келип, бирок ал жакта батына албай, баласын «ачка калгыча жашабай эле кой!» деген ой менен өлтүрүүгө аракеттенгенин айтты. Бул факт боюнча «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Балдарга болгон зомбулукту азайтууну эӊ биринчи ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүү менен баштасак. Ал үчүн мамлекет «гумандуулугун» токтотуп, кордукка кабылган балдардын ата-энесине жана башкаларга катаал жаза берилиши керек. Ал эми өкмөт тез аранын ичинде балдарды коргоонун эффективдүү жолун табууга милдеттүү.

Маалымат үчүн
КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин маалыматына ылайык, 2012-жылы жаш балдарга карата кордук көрсөтүүнүн саны 1345ти түзсө, 2013-жылы 1045, 2014-жылы 909, 2015-жылы 700дү түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү өз ата-энеси же туугандары тарабынан жапа чеккендер.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(44)
22.02.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
полду кантап суздурду даана айбан турбайбы айбан да мынчалыкка барбас
22.02.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшысы олум жазасын киргизиши керек антпесе мындай корунуш жоголбойт. Олумго олум менен жооп бериши керек.
24.02.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mister_bond,олум жазасы кирсе сен олтуросунбу. О дуйнодо сурагы болот.
22.02.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
неге эркектер дайыма жоопкерчилити албай аял байкуштар азап чегип калышат.ушундай эркектер учун жазааны катуулатыш керек. эне байкуш бала учун же жумушта иштей абаса,же баласын кыйбайт. туугандарына таштаганда деле айла жок байкуштар сагынаарын баласына заарыгаарын билип айла жоктон таштап кетишет. олкобуздо дагы балдары учун жолдошунун,кайын журттун кордугуна чыдап жашап жаткан кыз келиндерибиз комускодо калып жатат.олкону саясий экон-к жактан эмес соц-к,руханий жактан остуруу керек туугандар
22.02.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарды коргого мамлекет чаара коро албай жатышат.Ошол маселе менен бир тегерек стол уюштуруп чечип коюшса болмок.
26.02.2016. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумушсуздукчу ?
Жакырчылыкчы ?
Айлык маянанын азыдыгчы ?
22.02.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окмот айтыкан созуно туруп аткарбайбы олум жазасын берип калп эле айта бербей
22.02.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жизнь бумеранг.эми озунун торт баласы кимдин колунда калып кандай шорго малынат болду экен
22.02.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башканы билбейм биз кыргыздарды өлүм жазасы эмес жан алгачтын өзү келсе да коркушубуз күмөн.Бирок ошентсе да эң катаал жазаларды колдонуш керек.Сингапур же кытай сыяктуу.Гумандуу болсок эле ким сыйлап төргө өткөзө коёт экен.Азабын өзүбүз эле тартып жатабыз.
22.02.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде жубайлар жакшы жашаса мындай окуялар болмок эмес,булардын айынан бекуноо наристелер кордолуп жатат,окмот аз камсыз болгондорду аныктап,пособие чыгарып,абалдан чыгарыш керек.
23.02.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chika78,адам жакшы жашайбы же жаман жашайбы,чолдо калабы талаада калабы кандай калган кундо да адам бойдон калыш керек айбандан ошонусу менен айырмаланабыз,
22.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
4 баланы жалгыз озу бакчу экен да. азыркы заманда бул ото эле оор материалдык жактан да моралдык жактан да .озунун кичинекей балдары бар экен буроонун баласын алып калбай эле койбоптур. эн кичинекей баласы 1 жашта болсо куйоосу жакында эле кайтыш болгон окшойт. мумкун депрессияда жургондур ошо кезде. мен ал келинди актагандан алысмын.бирок ойлойм да анын нерви чыдабай калды деп.
22.02.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун баласын муунтканы журокту ооруттуго
22.02.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта акыр замадын келгени ушуго
22.02.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Психикалык жактан ооруп калгандар кобойгонбу дейм,жааш баланы каантип олтургучо сабап же олтуруп койот каантип?Андайга барган адам значит ооруйт соо адам эмес,акыл эси жайындагы адам андай ишке колу барбайт журогуда чыдабайт,заман кайда бара жатат ((
22.02.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмчектен озу деле чыгарса болотго, созсуз эле бироого таштап чыгарыш керекби. Агасы жакында эле кайтыш болгонго кичинекейи бир жашта экен. Апасына таштабайбы иштегиси келсе, азыркы заманда бироо-бироого боор бербейт, озунун баласын олтургонго чейин барып жатышат
22.02.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр депрессияга тушуп психикасы бузулган адамдар кобоюп баратат,жанылыктарды карагандан да коркуп калдым. озунун кичинекей балдары болсо кантип таштап кеттин эмчектен чыгарам деп же куйоосу жок экен балдары да кичинекей экен, а баласын олтургонго аракет кылган деген келин [moderated]сте жазылып жургон куйоосуно жини келип ошол жолго бардым дегени! боорукерлик,мээрим деген азайып кеткен окшойт такыр! балага зар болуп атышкандар коп аябай ошолорго насип этсе Кудайым баланы
22.02.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх наристе бироого кор бироого зар деген ушу да.Эмне оздору сийип чычпай чонойгонбу бала деген ыйлайт гулот сийет чычат баарыбыз эле ушинтип чонойгонбуз да
22.02.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аял озу куноолу!!!! Балдарыбызды соп сонун эле эмчектен озубуз эле, эч кимге таштабай эле чыгарып журобуз. Шылтоосу!!!! Ичерге суун жок болсо да, баланы тородунбу,жоопкерчиликти сезиш керек!!!! Эркектердин да женилдиги ушундай корунушторго алып келет. Бул коомдун жатасы. Мамлекет бир концепция ойлоп табуу керек. Баланы туугандарга таштагандарга да,жаза колдоно башташ керек.
22.02.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала бул эн куноосуз журогу таза жарык дуйнонун кичинекей адамы. Ата эненин бул дуйнодо бирден бир байланыштырып жашоого карай умтулткан уй булонун бекем болушуна чон куч кубат болгон жан эмеспи. Кичинекей наристелерсиз жашоонун манызын элестетуу кыйын.
Ар бир наристеге жаркын жашоо каалайм! Ылайм наристелердин коз жашы тогулбосун! Мундуу жан кейиткен уну эч качан угулбасын! Алар ата энесинин ортосунда балалык кыялдары орундалып шынгыр кулкусу тыйылбасын!
Эхх ал эми жогорудагы жан кейитке
23.02.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыйман берсе экен баарыбызга айланайын жаратканым
23.02.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үй бүлөсүн багуу атасынын милдети. Эгер ажырашкан болсо деле, баласын камсыздоо атасынын моюнунда экенин эмнеге кээбир эркектер түшүнүшпөйт?
23.02.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаай кантип оозу барды?! косо менен чаап, пол Суздурдум деп... окуп атып журогум чыдабай аялды ушунчалык жек кордум!!! кичинекей балада эмне куноо?!
23.02.2016. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туугандар,ии кантип кылды, кантип айтты дей бербегиле,мумкун ошолордун турмуш жолун басып отсонор, силер да дал ошондой кылмаксынар, бироону сынаш оной.
А ачка калганы учун наристе ыйлап,апасынын алсыз нерви которо албай калган, балдар уйуно берип койсо болмок, сабатсыздык го бул болсо да. Каттуу жаза колдонушун мен да колдойм
leonar түзөттү 2016-02-23 21:43:40
23.02.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз бой торт баланын энесине таштап анан дагы бир ай жоголуп журуп алганы эмнеси? Тородунбу таштай качпай бак да! Эмчектен бала уч кундо эле чыгат ашып кетсе бир жума.
24.02.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай журогум ооруп кетти, кантип ушул нерсе колунардан келди, мен балалуу боло албай жатсам...
24.02.2016. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ч .Айтматов атабыздын Кыямат романы окусанар.по жакта мындай деп жазылып турат
Баланы асып Койгон жерден карышкыр келип
Эээ адамдар силер бизди жырткыч деп ойлойсунар ! Биз адамдарга караганда жырткыч эмеспиз ,силер адад адамды өлтүрөсүңөр .биз качан карышкырга кол салдык эле.деп жооп берген экен
24.02.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы кайтарып бербесе экен, турмуштун ойдо- ылдыйы коп. Дагы ачка калган куну муунтуп журбосун. Тобо баласын багалбаса озун олтурбойбу, баласын олтуруп кантип эне болуп жер бетинде журот.
24.02.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы энесине кайтарып бербесе экен. Дагы ачка калса муунтуп журбосун.
24.02.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-24 16:25:04
24.02.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guli91,
Коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынат!
3 күн БАНга!
26.02.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок, адамдан откон жырткыч жок.
27.02.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga berse bolot ele balama egiz kylyp bagyp almakmyn
29.02.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арык киши,
Эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо