Кадырбек Мураталиев, шылдыракчы: «ДОЛЛАР КЫМБАТТАГАНДАН БЕРИ ЭЛ ДОЛЛАР КЫСТАРБАЙ КАЛДЫ»

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Шылдыракчы Кадырбек Мураталиев сахнада улактай секирип, бийлечү жерден бийлеп шылдыракты берилүү менен ойнойт. Маектеше келгенде токтоо, сөзгө сараӊ киши экен. «Сахнанын өзүнүн стили бар, жашоодо сүйлөгөнгө сүйлөйм, оор басырыктуумун» деген шылдыракчы суроомо жооп берип жатып да шылдырагын ойноп отурду.

Туулган жери – Токтогул району
Туулган жылы, күнү –1961-жыл, 5-май
Үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы

«ХИМИЯНЫ ОКУБАЙМ, АНДАН КӨРӨ ЫРДАЙЫН ДЕЧҮМҮН»
– Өзүм теӊдүү балдарга караганда менин оюнум башкача болчу. Алар күрөшүп, кубалашып, чыбыкты ат кылып минишсе, мен жүгөрүнүн сотосу менен ар нерсени ургулап барабан кылып ойночумун. Мектепте окуй баштагандан тартып бий ийримине катышып, Ошто өткөн бал бийи боюнча сынактан баш байгени жеӊип алгам. Мугалимдердин сабагына караганда мени музыка, ыр, бий көбүрөөк кызыктырчу. Химия, биология, физика сабактары башталганда эжейлерге «мен баары бир бул сабакты окубайм. «2» койсоӊуз да макулмун. Андан көрө хорго барып ырдап келейин» деп чыгып кетчүмүн. Алар да «Мураталиев окубайт. Барса бара берсин» деп коюшар эле.

«МЕНИ ШЫЛДЫРАКЧЫ АКЕ ДЕШЕТ»
– Өнөр көрөӊгөсү атамдан өткөн. Ал киши Токтогул элдик театрынын түптөөчүлөрүнүн бири. Комузду мыкты ойночу. Бир туугандарымдын баары атамдан комуз үйрөнө баштаганда мен урма аспапты үйрөнүүгө ынтызар болдум. Атам жарыктык «бул бир болсо элге таанымал болот, болбосо челек, чылапчынын көтөрүп жүрүп өтөт» дечү эле. Анын «комузду үйрөнүп ал» дегенине карабай күндө театрга барып урма аспаптарды өз алдымча ойночумун.
Бир күнү театрдын жетекчиси «гастролго чыгасыӊар, аспапта ойногонду үйрөн» деп бир бөлмөгө камап кетип калды. Таӊ атканча бир ырдын обонуна карата барабанды ургулап жатып үйрөнүп алдым. Ошентип эл аралап концерт бере баштадык. Кийин аскерге чакырылдым. Ал жактан милдетимди өтөп келсем, кесиптештеримдин көпчүлүгү аккордеон, гитараларын таштап «Ямаха» ойногонго өтүп кетишиптир. Мен аларды ээрчибестен шылдырак ойногонду үйрөндүм. 1981-жылы Чубак Сатаев менен таанышып, аны менен 6 жылдай иштешип калдым. Ал 1 ай концерт койсо дагы аншлаг менен өтчү эле. Кайсы жыл экени эсимде жок, Чубак борборго 24 күн концерт берген. Күн сайын эл агылып келет. Бизди мейманканага жаткырып койгон. Күнүгө 5-6 ирет тамактанып жатып аябай семиргенбиз (күлүп).
Канча жылдан бери кармаганым жалгыз шылдырак. Ушул өнөр менен үй-бүлөмдү багып, элге ырахат тартуулап келем. Аз да болсо элге таанылдым. Мени айылдагылар эле Кадырбек дешпесе, шаарга келгенде «шылдыракчы аке» дешет.

«ШЫЛДЫРАКТЫ ОЙНОГОНУМДУ ТҮШҮНБӨГӨНДӨР ДА БАР»
– Шылдыракты ойноп жатканда бүт денеӊ кыймылдап турушу керек. Шаӊдуу музыка болсо бийлеп, берилип жатып калам. Алдыӊкы орундукта отургандардын жыргап жатканын көргөндө ого бетер эргүү менен ойнойм. Кээ бирөөлөр «бул эмне эле элирип жатат?» деп жаман көрүшөт экен. Билип турса да түшүнгүсү келбегендер бар.
Бир жолу филармонияда концерт болуп, шылдыракты берилип ойноп жаткам. Анда жашмын. Шуулдап бир орунда турбайм. Мени көргөн филармониянын жетекчиси «Жинди улактай секирген бул ким? Сахнадан чыгарып салгыла, ичип алса керек» дептир. Сахнанын артында турсам өзү келип «ичип алдыӊбы?» деп оозумду жыттап көрүп, «соо туруп ушинтип ойнойсуӊбу?» деген эле. Көрсө, ал концертке жогорку кызматта иштегендер келген экен. Алардын көзүнө жаман көрүнгөн окшойм.

«ТОЙДОН ТАПКАН АКЧАМА УУЛ ҮЙЛӨП, ТОЙ БЕРДИМ»
– Күз келип тойлор башталганда Бишкекке да, Ошко да чакыруулар болот. Чакырган жерден калбай, элдин кызматын кылып келе жатабыз. Мурун мага доллар кыстаргандар бар болчу. Курс көтөрүлгөндөн бери кыстарбай калышты. Азыр ашып кетсе эки кулакка 2 миӊ сом кыстарышат. Кыстаргандар көп болгон учурда той ээси менен келишкен акчадан эки эсе көп таап кетем.
Өнөрүм менен тапкан акчага балдарымды окуттум, үйлөнттүм. Эки уулум теӊ жогорку билимдүү. Төрт неберем бар. Жубайым Токтогул элдик театрында иштейт. Балдарыӊ чоӊойгондо классташ болуп калат экенсиӊ. Эртеӊ менен турсаӊ байпагыӊды кийип кеткен болот. Анан сен анын кийимин кийип аласыӊ. Неберелерим мени телевизордон көрүп «атам Жалал-Абад менин күнүм деп ырдайт» деп мени туурашса, жубайым «баары бир кандагы нерсе калбайт тура» деп калат.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
22.02.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кризис болуптур да бул кишиге
22.02.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кадырбек аке, аябай сонун киши. Беттерибизди да чымчыганын айтса болмок, кичинебизде кошуна жаш балдардын баары, коркуп, качып кетишчи. Сыйлайм!!!!
22.02.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кетмен Тобо таланттардын мекени!!!
22.02.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аша чабат өтө эле.
22.02.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сонун адам)))
22.02.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгилик сизге ардайым алга жыла беринтз коро албагандар суйлоп суйлоп кала берет.Сиз алдыга кете берин, жонокой жакшы ачык айрым экенсин.Сыйлайм сизди ийгилик.
22.02.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул дагы талант,корунгондун колунан келе бербейт,ишинизге ийгилик!!!
tursunbaev78 түзөттү 2016-02-22 21:52:40
23.02.2016. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул байке аябай жагат. Шылдыракчы аке деп видеосун издеп,коруп алып кадимкидей жузуно жылмаю келет. Ишинизге ийгилик!
23.02.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сизге.онорунуз оркундой берсин
25.02.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видеосу болсо кошуп койгулачы
25.02.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karalina,
Саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз
http://www.super.kg/media/stv/120345/
26.02.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз. Сизге таазим.
27.02.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага балдарым менен классташ болуп калдым деген жери жакты. Хи хи
28.02.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баардык нерсе эби менен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо