АЛКАНОВГО КОЛ САЛУУ БОЮНЧА ИШ ЖОГОРКУ СОТКО ЖЕТТИ

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

ОБЛУСТУК СОТТУН ЧЕЧИМИНЕ ТАРАПТАР ЫРААЗЫ ЭМЕС
2015-жылдын 24-ноябрында Талас облустук соту ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча ишти жабык эшик артында карап, өкүм чыгарган. Анда ишкерге кол салган деп айыпталып жаткандардын бири Гүлнара 8 жылга эркинен ажыратылып, мунапыска ылайык бул мөөнөт төрттөн бирине кыскарган. Айыпталуучулардын дагы экөөсү – Динара менен Бегайым 6 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, мунапыска ылайык бул мөөнөт жарымына кыскарган. Ага чейинки инстанция Талас шаардык соту Гүлнараны 14 жылга эркинен ажыратса, Динара менен Бегайымды 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан эле. Бул өкүмгө тараптардын бардыгы макул болбой, Жогорку Сотко кайрылдык деп билдиришти.

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Эске салсак, 2014-жылдын 26-октябрында бычактан бир нече ирет жаракат алган ишкер Райкан Алканов Талас шаардык ооруканасына жеткирилген. Ооруканада ишкерге 17 жолу бычак сайылганы аныкталган. Бул факт боюнча Талас ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй кылмышка шектелип 15, 16 жана 24 жаштагы 3 кыз кармалган. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип кармалган кыздар ишкерди бычактап, анын 150 миӊ сом акчасын, 4 миӊ долларлык кол саатын жана кымбат баалуу шакектерин алып кетишкени маалымдалган.

МААНИ БЕРИЛБЕЙ КАЛГАН КӨРСӨТМӨЛӨР
Бул кылмыш иши боюнча облустук соттун өкүмү менен таанышып чыктык. Анда айыпталуучулар «ишкерден акча алып, аны менен жыныстык катнашта болуп келгенбиз» деп көрсөтмө беришкен. Мисалы, Динара: «Алканов мени 13 жашымда эле зордуктап салган. Андан кийин да Таласка келген сайын мени чакырып алып, экөөбүз жыныстык катнашта болуп жүргөнбүз»,- деп көрсөтмө берген.
Ал эми Бегайым болсо «Алкановдун үйүнө барып, Алканов, Гүлнара, Динара төртөөбүз виски, анын артынан шампан ичкенбиз. Алканов менен анын уктоочу бөлмөсүндө жалгыз калып, жыныстык катнашта болгондо каршылык көрсөткөн жокмун»,- деп көрсөтмө берген.
Ошондой эле Динаранын Элиза аттуу курбусу да күбө катары сотто Райкан Алкановду жакшы тааный турганын, Динара экөө жыныстык катнашта болуп жүргөндүгүн билерин жана Алканов аны менен да жыныстык катнашта болуп жүргөнүн айткан. Ал эми Райкан Алканов кыздардын айткандарын жалаа дейт.
Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) боюнча эрезеге жете элек адам менен жыныстык катнашка баруу кылмыш болуп саналат. Эмне үчүн кыздардын көрсөтмөлөрү көз жаздымда калып кеткен?..

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
22.02.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бир нерсе деп айтуу кыйын бул иштин чоо жайын оздору анан бир кудай билет. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт балким кыздардын айтканында чындык бардыр.
22.02.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо
22.02.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чириген чал жон жургон эмесда кыздарды азгырып.
22.02.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт, бул чалдын жоругун коптор билет го, акчасы бар болуп жатат да ошон учун соттор коз жумуп жатат да.
22.02.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тегеле бутподу да ушул чалдын иши, сотторубуз да тегеле чукуп карашат мындайларды. А карапайым калкты болсо акчасы жок болсо карамак тугул угуп да койушпайт. Канча адамдар журушот адилеттик издеп, чырылдашып
22.02.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эчкинин жашындай омуру калганда тынч эле барк баасы менен олсо болмок.Жаш кыздардын убалы кимге.Кайран акчанын кучу акты кара караны ак кылган.
22.02.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бети жок да бул кишиде кайсы бет калды дейсинер бул акчасына бейиштен базар сатып алса керек
22.02.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бирибизге ыйман берсин
24.02.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен биздин сотторго аябай капамын, аларды сот укук коргоочу деп эсептебеймн, укук коргоо нары турсун укугунду тебелешет, жалган иштешет, акчасы барды карап, акчан жокбу карапда коюшпайт, мындан бир жарым жыл мурун жолдошумду олтуруп кетишкен, телосун милиция кызматкерлери оздору каза болгон жеринен таап моркко жеткиришкен. Тигилер акчага матырып коюптур, кийин сотто корбодук билбедик деп танып чыгышты, ушунчалык акчага сатылган пас адамдар укук коргоочулар, айта берсе соз коп буларга,
26.02.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх
26.02.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бу чалга торунуздон корунуз жакын калганын унутпасаныз.жаш кыздардын тагдырына балта чапканыныз аз келгенсип эми буларды темтр тор артына каматканга кантип дитиниз барды экен а ? бул жалган дуйно акча менен бутсо бутоор, о дуйнону кантеер экенсиз...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо