(Башталышы өткөн сандарда)
– Ар бир жазган чыгармаларым хит болуп, ыр, клиптерим радио-телевидениеден байма-бай жаӊырып жатты. Журналисттерге интервью берип, гезит аркылуу күйөрмандарымдын суроолоруна жооп берип баштадым.
– «Азап» аттуу чыгармам элге кеӊири тарап, ырды аткарып жатканымда көзүнөн жашын агызып ыйлаган кыздарды көрчүмүн.
– Атактуулукка жеткенден кийин жанымда жандаган достор да көбөйдү.
– 2010-жылы «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Супер ырчы мырза» наамын алдым. Бул наамды алыш үчүн үч жолу ат салышкам. Чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөнү үчүн «Супер-Инфо» гезитине ыраазычылык билдирем.
– Чыгармачылыгымды жөнгө салып туруу үчүн продюсер менен иштешип баштадым. Продюсерим Баяке Чааров концерттеримди уюштуруп, туулган күндөрүмдү эсте каларлык кылып өткөрүп берчү.
– Кыргыз шоу чөйрөсүнө таанылгандан кийин коӊшу өлкөлөрдүн ырчылары менен кызматташа баштадым. Казак ырчысы Кайрат Нуртас менен таанышып, чыгармачылыктагы жакын достордон болдук. Азыр да саламыбыз түз. Жакшы мамиледебиз.
– Казак ырчыларынын ырларына музыка жазып, аранжировка жасап кызматташып келем. «All Давай» тобу жана досум Кайрат жеке концерттериме катышып жүрүштү.
– Ата-энем менин ар бир ийгилигиме кубанып, апам батасын берип, үйлөн деп кулак кагыш кыла баштады.
– Карындашым аркылуу сүйүктүүм Медина менен тааныштым. Сырткы сулуулугуна ички сулуулугу дал келгени менен өзүнө арбап алды. Медина үчүн далай концерт, тойлордон калдым. «Келип кал» дегенде кайда жүрбөйүн такси менен болсо да жетип барчумун.
Ильяз сүйүктүүсүнө жолукту. Ырчыны үйүнө чейин издеп келген күйөрман кыздарына жубайы кандай мамиле кылат?
Бул суроонун жообун гезитибиздин кийинки санынан таба аласыз.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
lira@super.kg